п»ї
  Киностан

Сүйүү, достук, жашоо үчүн күрөш, төрөлүү - өлүм темаларын камтыган "Уурунун махабаты" тасмасы борбордогу кинотеатрларда коюлуп, көрөрмандардын купулуна толду десек болот. Кинону көрүшкөнү менен кадр артында калган кызыктуу фактылар, актёрлордун жашоосу баарына эле кызык болсо керек. Бүгүн биз "Киностан" рубрикабызда дал ушул тасма тууралуу сөз кылабыз.

"Уурунун махабаты"
Кыскача мазмуну
Тасма жоокерчилик заманында сулуу кызга ашык болгон каракчы кыз-жигиттин артынан кууп жөнөгөнүнөн башталат. Кыздын жүрөгү бош эмесине моюн сунгусу келбеген каракчы бийкечтин жигитин өлтүрөт. Кыз өзүнө канжар уруп, ошол эле маалда жоокерлер аткан жаа каракчы жигитке тийип шейит кетет. Тиги дүйнөдө өлүм менен жашоонун дарбазасында шейит кеткен каракчы жигитти олуя кемпир тосуп алып, бөөдө өлгөн кыз-жигит кийинки жашоосунда анын ата-энеси болоорун билдирет. Кемпирдин кызы энесине жигитке дагы бир өмүр берүүсүн суранат. Ошентип каракчыга жашоого дагы бир мүмкүнчүлүк берилет.
Каракчы жигиттин жаны азыркы жашоого туура келип, Дамир аттуу "мыйзамдагы ууру" болуп төрөлүп, 18 жаштагы Барчын аттуу бийкечке ашык болуп калат. Бирок, Барчындын жүрөгү бир гана сүрөтчү Адилетке арналган. Тубаса жүрөк оорусу бар Адилеттин аз гана өмүрү калганын билген Барчын жардам бере албай айласы кетет. Эгер Адилет көз жумса Барчын да өз өмүрүн кыюуга даяр.
Балдар үйүндө тарбияланган Диля аттуу кыз чакан банданы башкарып, өзү билгендей жан багып жүрөт. Дамирдин бергиси келген жардамынан баш тартып аны өзүнө өчөштүрүп алганын да байкабайт. Дамир Диляны өлүмгө буюрат. Жаңылыштык менен Дилянын ордуна башка кыз өлүп, Диля Дамирден өч алууну көксөйт. Сүйүүдөн башкага тизе бүкпөгөн Дамир Барчындын жигитине донордук жүрөк салдырып берет. Сооп иш кылып, сүйүшкөндөрдү аэропортто узатып жаткан жеринен Диля Дамирди атып өлтүрөт.
Дилянын огунан каза болгон Дамирди өлүм менен жашоонун дарбазасынан баягы олуя кемпир жылуу тосуп алат. Көрсөтүлгөн ишенимин актаганы үчүн ичи жылып Дамирге дагы бир өмүр берет. Бул жолу "каракчы жигит", "мыйзамдагы ууру" үчүнчү жашоосунда Барчын менен Адилеттин уулу болуп төрөлөт.

Канат менен
Заринанын башаты
2004-жылы Канат менен Заринанын сүйүү окуясына таасирленген Эрнест Абдыжапаров Сооронбай Жусуевдин поэмасы менен Жыпар Исабаеванын повестинен улам сценарий жараткан. Өткөн жылы декабрь айында тартмак болуп, каражаттын жоктугунан токтото турганга туура келген. Ага чейин өзү кыялданып жүргөн тасма башка режиссерлор тарабынан тартылган.
Кайрадан кайталагысы келбеген режиссер Канат менен Заринанын окуясынын өзөгүн алып, сценарийди түп-орду менен өзгөртүп жазып чыккан. Тасмада кыз-жигит эле аман калып, режиссер айткандай калган каармандардын баарын "жайлап" салган. Сүйүү, кайгы, кубаныч, жашоо үчүн болгон күрөш, адилеттүүлүк, карөзгөйлүк кинодо чоң чеберчилик менен сүрөттөлөт.

Ашар сапар
Эң биринчи кинону тартууга Эрнест Абдыжапаров өзү чыгынып, буга чейин сактап келген акчасын сарптаган. Андан соң Кыргызфильм студиясы техникаларын жана 1,5 миллион сом бөлүп берген.
Актерлордун тарыхый костюмдарын, башка да кийимдерин бүт "Александра" кийим тигүү фабрикасы мойнуна алган. Ал тургай айрым костюмдарды өздөрү сатып беришиптир.
"Газпром Нефть Азия" фирмасы кино тартуучулардын тобун 2 тонна май менен камсыз кылышкан. Андан тышкары "Арбен" компаниясы да акчалай жардам кылган.
Кинонун тартылышына ИИМдин салымы да чоң, себеби башкы каармандар колдонгон курал-жарактар, октор менен камсыз кылышып, бир топ көмөк көрсөтүшкөн.
Ошентип, "көп түкүрсө көл болот" дегендей дос-туугандар, жакшы санаалаштар колунан келген жардамын берип "Уурунун махабаты" ашар жолу менен тартылыптыр. Азыр киного катышкан актерлор гонорарларын алыша элек. Баш-аягы кинону тартканга орто эсеп менен 200 000 доллар акча кеткен.

Кездешкен кыйынчылыктар
Барчын Адилет менен уруша кетип сууга машинасы менен түшө турган эпизодду аткарууда кыйынчылыктар жаралган. Анткени, ошол машинаны сууга түшүрүш үчүн аны 4 долларга сатып алыш керектелген. Каражаттын тартыштыгынан улам режиссер кичине куулукка барып, көрүүчүлөрдү алдаганга туура келген. Кийин бул трюктарды белгилүү каскадерлор көрүп таң калышкан. Бул эпизодду кантип тартышканынын сырын режиссер айтуудан баш тартты. Болгону аны тартууга бир тыйын кетпегенин баса белгиледи.
Ушул эле эпизод негизи сентябрь айында тартылмак, орто жолдон режиссер сокур ичеги болуп, декабрдын башына жылдырганга аргасыз болушкан. Кыштын күнү көлдө чабак урган актерлорду сьемка бүткөндөн кийин аракка жуунтуп, оорудан алып калышкан.
Кинодогу трюктардын баарын Үсөн Кудайбергенов атындагы каскадерлор федерациясынын жигиттери аткарган. Алар Эрнест Абдыжапаровго жардам кылып, трюктарды бекер аткарып беришкен. А башкы каарман Кубаныч Адылов өмүрүндө атка минип көрбөптүр.
Кубанычбек Адыловду режиссер сүрөттөн бир көрүп эле ылайыктаган. Башында Казакстандан келген актер ири суммадагы гонорар сурайт деп алгач чочулаганын жашырган жок. Бирок, Кубанычбек Адылов өзү Казакстанда жашаганы менен түбү Караколдук кыргыз экен. Кыргыз киносуна тартылсам дегенде эки көзү төрт болгон актер жан-дили менен макул болуп, гонорарын соодалашкан деле эмес.
Алгач "мыйзамдагы уурунун" ролуна Азиз Бейшеналиевди сунушташкан. Бирок, мурда актер Талгат Асанакуновдун "Райские птички" (Бейиштин канаттуулары) тасмасына тартылгандыктан, Эрнест Абдыжапаров жаңы жүздү табууну ылайык көргөн.
Кичинекей кыздарды сатып күн көргөн баш кесердин ролун аткарган Айбек Дамуров чыныгы жашоосунда касапчы. Эрнест Абдыжапаров Бакуда жүргөндө "чоң суммадагы гонорар төлөсөм да кавказ улутундагы актерду тартылууга чакырам" деп ойлоп жүргөндө режиссердун ассистенти кокусунан Айбек Дамуровду көчөдөн жолуктуруп, режиссерго ээрчитип келет. Режиссердун багына ал да киного тартылууну дегдеп жүрүптүр. Дароо макулдугун берип, тасмада өз ордун бат эле тапкан.
Кубанычбек Адыловдун сырткы келбети сүрдүү болгону менен үнү өтө жумшак экен. Эрнест Абдыжапаров "өзүңдүн үнүң болбойт, каардуу кылып жаса" деген талабынан улам актер кайра-кайра машыгып сүйлөп жатып жоон, сүрдүү, корулдаган үндү жарата алган. Көпчүлүк көрүүчүлөр "үнү өтө жоон болуп калыптыр" деген да пикирлерин билдиришкен.
Кыйынчылыктардын катарына Барчындын сүйүүсүнө татый турган жигит издөө да кирет. Кастингден өткөн жигиттердин улам бир жери жакпай отуруп, "Правила игры" (Оюндун эрежеси) деген тасмадан Жошау Мырзакметовду кезиктирген. Актердук чеберчилигине баа берип, кинодон башкы ролдордун бирин сунуштаган.
Кинонун сценарийи жазылып жатканда Асема Токтобекова жаңыдан турмушка чыгып жаткан. Ал эми "Уурунун махабатына" тартылаарда актрисанын үч айлык боюнда бар болчу. Чуркап, атыша турган эпизоддордо, сууктун күнүндө чечинип жеңил кийим кийип жүрүүдө башкаларга караганда өзгөчө кыйналган.
Күнүгө дос-туугандардын бош болгон машиналарын сурап тартышкандыктан, тасманын башынан аягына чейин бирдей темир тулпарларды алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошон үчүн ар түрдүү эпизоддордон улам башка үлгүдөгү унааларды көрүүгө болот.
"Ары-бери чуркап акча издеп жүрүп, чыгармачылык жагына көп көңүл бура албай калдым. Боевик кинодогулардай эффектерди оюмдагыдай кылып кошо алган жокмун" дейт режиссер. Кандай болгон күндө да "Уурунун махабаты" сапаттуу, мыкты тартылган кыргыз кинолорунун катарын толуктады. Өз ишин мыкты билип, майын чыгара жасаган режиссер Эрнест Абдыжапаров мындан ары кино жаатында көптөгөн бийиктиктерди багындыра беришине тилектешпиз.
Анара Дүйшеналиева




Кыргыз кинолору
Щвецариядагы конкурста каралат
Щвецариянын Локарно шаарында өтө турган "Открытые двери" (Ачык эшик) сынагында үч кыргыз режиссерлордун эмгеги да каралат. "Открытые двери" Европадагы жогорку сапаттагы өткөрүлүүчү сынактардын бири катары каралып келет. Сынак үстүбүздөгү жылдын 4-августунан баштап 14-августка чейин уланат. Биздин режиссерлор берген жыйырма беш тасманын ичинен он экиси өткөнүн Гүлбара Төлөмүшова маалымдады. Жеңүүчүгө баш байгеге 50 000 доллар ыйгарылат, сынак жакындаганда катышуучулар Локарного чакырылышат.


Улуттук музейде көргөзмө ачылды
Улуу Ата Мекендик согуштун 65 жылдыгына арналган көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Улуттук музейде болуп өттү. Ата-бабаларыбыздын согуш мезгилинде басып өткөн жолун дал ушул көргөзмөдөн көрүүгө болот. Көргөзмөдө согуш учурундагы колдонулган буюмдардан сырткары согуш-тынчтык, мекен темасы чагылдырылган сүрөтчүлөрдүн эмгеги да элге тартууланды.


Амалкөй режиссер
Режиссерду ийгиликтүү иши менен достору куттуктап, каалоо-тилектерин айтышат. Арасынан бирөөсү озунуп:
- Жанагы элдердин көтөрүлүшкө чыккан жери мыкты, образдуу тартылыптыр, кантип окшоштурдуң ал жерин?

Режиссер:
- Эртең менен актерлор жумушка келгенде баарын залга чогулттум да, бүгүнтөн баштап гонорарларын эки эсе кыскартаарымды билдирдим…




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??