Ак көйнөк кийген бийкеч
Жаш ырчы Бегимай Карабаева мындан төрт ай мурда Ош шаарындагы белгилүү медиктердин эң улуу баласы Кубанычбекке турмушка чыккан эле. 29-апрель күнү эки жаштын үйлөнүү үлпөт тоюна беш жүздөн ашык мейман чогулуп, Бегимайдын чыгармачыл чөйрөдөгү байке-эжелери: продюсер Назгүл Насиева, ырчылар Замир Мырза, Темир Назаров, "60 К" тобу, Жанель, Асел Касымова ж.б бий топтору тойдун көркүн чыгарышты. "Обон" гезитинин кабарчылары да мындай жакшылыкка ортоктош болуп, түгөйлөргө бакыт каалашты.


Бегимайдын апасы, Чынара:
"Ыр менен эч нерсе чечилбейт, турмушка чык"дечүмүн
- Чынара эже, кызыңызды күйөөгө берип, ичиңиз ачышып турган экен да?
- Ооба, эне болгондон кийин кантип ичиң ачышпасын. Төрт айдын ичинде кыргыздын каада-салтын жасап, сеп берип өз милдеттерибизди аткардык. Эми минтип чоң тойдун күбөсү болуп отурабыз.
- Куда-кудагыйыңыз купулуңузга толдубу?
Өзүмдүн оюмдагыдай куда-кудагыйга, күйөө балага туш болуп кубанып отурам. Эки жаш бактылуу болсо, ата-энелер кантип сүйүнүшпөсүн. Мен Бегимайга "Убакыт өтүп жатат, ыр менен эч нерсе чечилбейт, турмушка чык" деп айтып келгем. Жалгыз кыз болгондон кийин өзүмө жакын жерге турмушка чыкса экен дечүмүн, минтип Ошко келин болду. "Мен ырдасын" деп кыстабайм. Кайын-журту кандай дешсе мен ошого макулмун. Биринчи орунга үй-бүлөнү коюп, Бегимай дагы эртерээк эне болсо экен дечүмүн.

Багимайдын иниси, Төлөгөн:
- Бегимай турмушка чыгып кеткенде аябай жаман болдум. Экөөбүз тез-тез уруша берчүбүз. Жезделүү болгондон кийин урушубуз токтоду.

Бегимай:
"Чыгармачылыгымды токтотом"
- Бегимай, куш бооң бек болсун! Жаңы үй-бүлөгө көнүп калдыңбы?
- Рахмат. Ооба, мен турмушка чыкканга даяр эле болчумун. Оокат жасагандан кыйналам деп ойлочу эмесмин. Буйрук экен, 9-класста окуп жүргөндө сүйлөшкөн жигитим Кубанычбекке алты жылдан кийин жолугуп, баш коштук. Өзүңүздөр билгендей биз салтты жакшы кармайбыз, кайын-журтум айтпаса деле эртең менен таңкы беш жарымда туруп, жетиге чейин эшиктин алдын шыпырып, кайнатам менен кайненеме ысык чайымды берип, жумуштарына узатам. Бул менин бала кезимдеги кыялдарымдын биринчиси. Ал эми экинчиси деп балалуу болуу тилегимди айтат элем. Кудай буюрса алты айдан кийин наристелүү болобуз.
- Чыгармачылыгың улана береби?
- Жок. Мен чыгармачылыгымды азырынча токтотуп, сахнага чыкпайм. Мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда. Балалуу болгондон кийин үй-бүлөмдү чагылдырган клип тартып күйөрмандарымдын алдына чыгам. Бирок, муну да убакыт көрсөтөт.

Айнура КАСЫМОВА