Шоу дүйнө

Туулган күнүң кут болсун!
"Куттуктайм туулган күнүңдү!" деп ырдап жүргөн ырчы жигит Азат Болотбектин 7-май туулган күнү. Азат 23 жашын өзгөчө өткөрөйүн деп, шоу-бизнестен тышкаркы, бала кезиндеги кан достору менен Кашка-Сууга барып, табияттын койнунда шишкебек жеп келүүнү пландап жатат.


Дайыр гастролдон жемиштүү кайтты
Ош,Баткенди түрө кыдырып гастролдогон Дайыр Исмадияровдун сапары жемиштүү болду. 7-апрелдеги ыңкылапка карабай күйөрмандары Дайырдын концерт коюусун суранышкан. Сахнага Дайырдын апасы чыгып уулуна чепкен жаап, калпак кийгизгени көпчүлүккө жагыптыр. Кайдаркен шаарынан сахнага Дайырдын күйөрманы чыгып, Чыңгыз Айтматовдун китебин белекке берди. Андан да кызыгы, Дайыр борборго аттанаарда ай-күнүнө жетип турган жеңеси көз жарып, Дайыр инисине Альберт деген ысым ыйгарды. Продюсери Канат Кадыржан жана чогуу коштоп барган топ менен Сулайман тоого чыгып, зыярат кылганга да убакыт табышкан.


Алтын Мырза үйлөндү
Белгилүү телеалыпбаруучу, ди-джей Алтын Мырза үйлөндү. "Келинчегимдин аты Нургүл. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кара-Дарыя айылынан болот. Кесиби "Дин боюнча методист". Окуусун Турциядан жаңы эле бүтүп келди.
Интернет аркылуу таанышып калып, байланышып турчубуз. Келинчегим Кыргыз-Түрк Манас Университетине семинарга келип калып, жолукканбыз. Экөөбүз бир жылдан ашык убакыт сүйлөшүп жүрүп, 9-декабрда үйүнө барып сөйкө салып келгем" - дейт Алтын Мырза. 29-апрелде никеси кыйылып, 30-апрелде Алтын-Төр деген кафеде үйлөнүү тою болду. Күйөө жолдоштук милдетти Алтын Мырзанын шоу-бизнестеги жакын досу Акбар Сүйүнбаев аткарып, калган достору тойду шаңга бөлөштү. Жеңебиздин кесиби "дин боюнча методист" болгондуктан, беш маал намазды үзбөй окуйт экен.


Бакыт Букаев мырзалар сынагын өткөрөт
Кыздардын сулуулар конкурсун өткөрүп жүргөн белгилүү шоумен Бакыт Букаев Улуу жеңиштин 65 жылдыгына карата "КУУнун мырзасы - 2010" деген аталыштагы мырзалар конкурсун өткөргөнү жатат. Бою 175 сантиметрден жогору, чымыр денелүү анан харизмасы бар балдарды тандап алды. Жигиттердин сырткы сымбаты, спорт, мамлекеттик тил, заманбап стилине карап баа коюлат. Байге фонду тарабынан 5 орунга баалуу сыйлыктар берилет. Гран-приге "Мырза жигит" Персоналдык компьютер менен кыргыздын кементайы, кемер куру жана бакай калпагын кийгизебиз. 1-орун - "Эр жигитке" санариптик фотоаппарат, 2-орун - "Шер жигитке" Ысык-Көлгө жолдомо, 3-орун - "Нур жигит", 4-орун "Гүл жигитке" акчалай сыйлыктар тапшырылат. Андан сырткары, катышуучулардын баарына дипломдор берилип, моюндарына шарф тагылат. Концерт 4-май күнү Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлөт.


Аваз Акимов темир тулпарлуу болду
Жаңыдан жылдызы жанып келе жаткан Аваз Акимов темир тулпардын ээси болду. Сыймык Бейшекеев уулунун Муратаалы Күреңкеев атындагы окуу жайынын "Кыргыз улуттук аспаптар" факультетин жакшы бүтүрүп жаткандыгы үчүн "Ниссан-Цефиро" үлгүсүндөгү машина белек кылды. Атасы алып берген машинасынан кызыгы тарай элек Аваз учурда "Ардагым" деген ырына клип тартып жатат.


Сапарың арыбасын Жаш Талант!
Жакында, "Жаш Талант - 2010" кароо сынагы Нарын жергесинде өз ишин аяктады. Аталган кароо-сынак 2000- жылдан бери үзгүлтүксүз салттуу түрдө өткөрүлүп келе жатат. Манасчы-дастанчылар, элдик аспаптарда чебер ойногондор, кол өнөрчүлөр, жаш кыл калемчилер, бийчилер, ырчылар катышышты. Ошол жаш бүчүрлөрдөй болгон жаш таланттар көккө карай канат сермешип жаңы ысымдар аталды. "Булак көрсөң көзүн ач" дегендей, саясат таануу илимдеринин доктору Гүлмира Сулаймановна Мамбеталиева жаш үмүттөргө жакшылыктын үрөнүн сээп, алардын жылдыздарынын жарык жанышына жеке салымын, убактысын аябай жумшап келе жатат. Сынактын номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Иш-чаранын коногу жана калыстар тобунун мүчөсү болушкан КР эл артисттери С.Токтакунова, У. Мамбеталиев, белгилүү сүрөтчү С.Осмоналиев, КР эмгек сиңирген артисти К.Абылов, эстрада ырчылары: С.Искеналиев, З.Арыкбаев, А.Кулуева, жаш төкмө акын А. Маратовдор да өз өнөрлөрүн тартуулашып, сынактын гала-концертин шаңга бөлөштү. Сапарың арыбасын Жаш Талант!


Чоң энесинин жардамы менен табышмак тапкан Шахиза
Өткөн саныбызда "Таанымалдан табышмак" рубрикабыздан табышмакты ырчы Ислам Акматов каткан эле. Ырчыбыздын табышмагынын жандырмагын "туман" деп жалгыз гана Шахиза аттуу 16 жаштагы кыз туура тапты. Шахизанын айтуусунда, табышмакты табууга чоң энеси жардам бериптир. Гезиттин талабы боюнча табышмак каткан ырчы жандырмагын тапкан окурманга өзүнүн белегин бериши керек эле. Бирок, Ислам Акматовдун продюсери Мурат Жолукеев ырчынын өзү менен сүйлөштүрбөстөн "Бүгүн барабыз, эртең барабыз" деп ар шылтоону айтып келишкен жок. Жоопкерчилиги жок продюсер менен ырчынын өз уятына койдук да окурманыбызга өзүбүз белек берип, таарынтпай узатып койдук.




7-апрелдеги талап-тоноочулуктан жабыр тарткандар:
Назик көйнөктөрүн уурдатты
"Назик" бийчилер тобунун студиясы Ала-Тоо аянтынын маңдайындагы Агропромдо жайгашкандыктан, 7-апрелдеги болгон талап-тоноочулукта мородерлор "конокко" кирип кетишиптир. Мородерлор бийчи кыздардын көйнөктөрүн алып кетишкени аз келгенсип, албагандарын жерге тебелеп-тепсеп кетишкен. Андан сырткары музыкалык аппаратты алышканы аз келгенсип, студиянын үстүнөн суу агызып кетишкен. "Чыгымдар 60 миң сомдон жогору болду. Эми гана ремонттоп киргени жатабыз" - дейт, ызаланган бийчи кыз Назик.


Бактияр Токторов 366 миң сомго чыгым болду
"Биз" тобунун солисти Бактияр Токторов да 7-апрелдеги "мородерлордун" курмандыгы болду. "Мородерлор" ырчынын Агропромдун ичиндеги үн жаздыруучу студиясын толугу менен тоноп кетишкен. Ырчы үн жаздыруучу аппарат, 4,5 миң долларлык сенсордук клавиатура, санариптик фотоаппарат, принтер, микрофон, студияга ылайыкташкан акыркы үлгүдөгү персоналдык компьютер, микрофон, гитара ж.б. буюмдарынан айрылды. "366 миң сомдон ашык акчага чыгым болду. Кимде-ким аппаратураны алып кеткен болсо, кайра ордуна кайтарып берсе, сүйүнчүсү чоң болот" - дейт ырчы мырза Б. Токторов.


Төлөбүбү Касымалиева