Сырмаек

"Мага Айкенин ролун бербей коюшкан"
Гүлнара Кадыралиева Москвадагы Бүткүл союздук кинематографисттер институтун легендарлуу киножылдыз Алексей Баталовдун актердук классынан бүтүргөн. Гүлнара эже элибизге режиссер Т. Океев тарткан "Ак илбирстин тукуму" ("Кожожаш" деп да аталып жүрөт) фильминде Кожожаштын сулуу, акылдуу аялы Зулайканын образы менен таанымал. Эже ошол учурду толкундануу менен айтып отурду. Андан тышкары кино, жеке турмушу жөнүндө да сүйлөштүк.


- "Ак илбирстин тукумуна"1982-жылы тартылдым. Зулайканын ролуна мени тандап алышы өзүмө абдан күтүүсүз болду. Негизи бул ролго Гүлсара Ажыбекова бекиген эле. Анан эмне болуп кайра мени тандап алышты билбейм. А Кожожаштын ролуна Сүймөнкул Чокморов бекиген. Ал кезде анын оорусу күчөп, башкы ролдон баш тартты. Ошентип бирге окуган Доктурбек Кыдыралиев экөөбүз башкы ролду ойнодук.
- Доктурбек байкенин "Гүлнара азыр да "Мен Доханын биринчи аялымын" деп тамашалап калат" деп айткан бир интервьюсун окуган элем…
- Доханын фамилиясы Кыдыралиев, меники Кадыралиева, биздин уулубуздун ролун аткарган баланын фамилиясы да Кыдыралиев экен. Көпчүлүгү экөөбүздү "Бул экөө аял-күйөөбү?" деп түшүнбөй калгандар да болду, азыр деле ошондой. Мен да огобетер тамашалап "Мен Доханын биринчи аялымын" деп коем. Киного тартылып жатканда да Доха чыныгы жашоодо аялынын көзүнө чөп салып жаткансып, өзүн ыңгайсыз сезип жүрдү. Тамашалап "Ии эй, жаман турбайбы, адашып калдым, бул жакта өзүмдүн аялым, кинодо эки аялым…" деп.
- Өзүңүз ролго дароо эле кирдиңизби?
- Кыйын эле болду. Себеби мен анда 21 эле жаштагы кыз болчумун. А мен турмушка кагылып-согулган, турмуштан чарчаган десек да болот, бир уулдун энеси, күйөөсүн кызганып турса да ошондогу абалга моюн сунган Зулайканын ролун ачып беришим керек эле. Мага ал кезде үй-бүлөдөгү сүйүү, кызганыч, карама-каршылык, эне болуу деген нерсе тааныш эмес болчу. Зулайканын дарыянын жээгине келип сууга өзүн таштайм деп ыйлап аткан эпизоду бар го, ошол жерден режиссер мени образга киргизе албай кыйналып: "Сен кандай түшүнбөйсүң, эркек сени башкага алмаштырып кетти… Сүйүү деген нерсени түшүнбөгөн кандай жансың" деп урушуп атат. Мен "Мен эмнеге эркек үчүн ыйлашым керек" деп турам. Анан бир сөз айтып, катуу бир кыйкырды дейсиң, айла жок ыйладым. Анүстүнө бутум сууга малынып тура берип тоңуп калдым. Кожожаш аялын көтөрүп алып кетет го, ошол жеринен Доха мени колуна көтөрүп, "Гүлнарка эмне болду?" деп жатпайбы, Мен "Мне холодно" деп ыйлап жатам. Режиссер мени арыктата албай да кыйналды. "Гүлнарага тамак бербегиле болду, элечекке батпай баратат" деп тамашалап калчу. Уулумдун ролун аткарган Айбек "апа" деп ээрчип алып аркаман калчу эмес, анда да жаман болом, жашмын да. Бирок бара-бара ынак болуп кеттик, анан кино тартылып бүтөөр-бүткүчө экөөбүз чогуу жүрдүк. Ал мага кыргызча бир ыр үйрөткөн, мен орус мектепте окугандыктан, кыргызча ырдамак тургай араң сүйлөчүмүн.
- Ошол ыр эсиңиздеби?
- Асанкалый Керимбаевдин ыры болчу. Текстин унутуп калдым, бирок мага жаккан "Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды, жер чийген чачтарыңа байладың да…" деген сабын такыр унутпайм.
- Андан бери бир топ убакыт өтүптүр. Азыр ал кинону көргөндө кандай сезимге кабыласыз?
- Ошол кез менен кошо кинонун "алтын доору" кеткендей туюлат. Мен ошол "алтын доорго" аралашып калганыма кубанам. Ошол кезде азыркыдай укмуш техника жок болчу, баары жөнөкөй эле. Техника өнүккөн азыркы заманда биз ошол жөнөкөйлүктү тарта албай кыйналуудабыз. Ойлосом азыр бизде ошондогудай "Мектеп" жок экен. Т. Океев, М. Убукеев сыяктуу тамырдан сууруган адам жок, кыргыз киносу аксап жатат. Азыр "Каалайм, ошондуктан тартам" деген болуп калды. Режиссер болуш үчүн Т. Океев, Б. Шамшиевдей "ким жарайт, ким жарабайтты" сезе билген "жыт" болуш керегин, ал эми актердо түпкүлүгүндө талант, ага кошумча билим керек экенин түшүнбөй жатабыз же түшүнгүбүз келбейт. Эмне үчүн биз С. Жумадыловдун манап болуп аткарганын көрүп аны кандай жек көрөбүз, болбосо атасын сабаган Орозкулду. Актер өзүнүн ролу менен көрүп жаткан адамды арбап алыш керек туурабы? Азыр ошондогудай укмуш тартылган кино көргүм келип жүрөт
- "Күндөшүңүз" Айке менен мамилеңиз кандай эле?
- Айкенин ролун ойногон Гүлнара да менин курсташым. А. Баталовдун актердук классында бирге окуганбыз. Мамилебиз жакшы болчу. Азыр ал Кыргызстанда эмес болгондуктан, көптөн бери сүйлөшө элекпиз. Башында мен Айкенин ролун аткаргым келген. Бирок кинонун сценарийинин авторлошу М. Байжиев "У тебя глаза слишком взрослые, такими глазами любовницу не сыграешь" деп болбой койгон.
- Буга чейин дагы кандай ролдорду жараттыңыз?
- К. Акматалиевдин "Бешик" тасмасында башкы ролдогу келиндин ролун аткаргам. Ж. Сейдакматованын "Запкысында" аялдын, Н. Абдыкадыровдун "Петрарканы окуганда" тасмасында тергөөчү аялдын ролун жараткам. Бирок, акыркы тартылган эки тасманы көп көрсөткөнгө уруксат бербей келишет. "Запкыда" азап тарткан аялдын образы чагылдырылса, "Петраркада" түрмөдөгү турмуш көрсөтүлгөн. Ушул кино эфирге чыгаарда депутат Т. Акматбаевди түрмөдөн атып кетишип, көрсөтүлбөй калган. Бирок, Кыргызстандагы биринчи эл аралык кинофестивалда "Аялдын образын эң мыкты жаратканы үчүн" деп мага сыйлык беришти. Ойлоп көрсөм ушул убакка чейин дайыма азап тарткан аялдардын образын жаратыпмын.
- Калп айтпасам, "Петрарканы окуганданы" тарткан режиссер Н. Абдыкадыров сиздин мурунку жолдошуңуз беле?
- Ооба. Чындыгында башында режиссер ал экенин билген эмесмин. Мен ал учурда Москвадан жаңы келгем. Киностудиядан чалып "Ушундай киного кастинг жүрүп жатат" деп айтып чакырышты. Барсам талапкерледин арасында Г.Төлөмүшова, Шайыр Касымалиева дагы 3-4 актриса жүрүшөт. Алардын арасынан мени тандап алышы мага эле эмес, баарына кызык болду. Негизи күйөөм экөөбүз жашап жүргөн кезде да мени эч жакка ээрчитип барган эмес, бир да жолу анын киносуна түшкөн эмесмин. Анда да мени алмак эмес болсо керек. Кинонун көркөм жетекчиси Б. Шамшиев эле, ошондон улам мени ал сунуштаганын сездим. Нурлан экөөбүздүн мүнөзүбүз чындыгында эки башка. Келише албайбыз. Башында "кантээр экенбиз" деп корктум. Мени менен жанымда дагы бир тергөөчүнүн ролун Б. Тентимишов ойноп,үчөөбүз иштегендиктен көп билинген жок. Бирок, мени жалгыз тарткан кадрлардан карама-каршылык болуп жатты. Экөөбүз 12 жыл бирге жашап ажырашканбыз.
- Кайдан таанышып, баш коштуңуздар эле?
- Мени Пржевальскийге биринчи күйөөм ала качып кеткен. Ал жакта театрда иштеп жүргөнүмдө Нурлан да режиссер болуп театрга ишке кирип калды. Экөөбүз тең шаардык болгондуктан шаарда өткөн балачагыбыз, чыгармачыл үй-бүлөдөн чыкканыбыз, көз-карашыбыз, сүйлөшкөн темабыз бир болуп жакын болуп кеттик. Ошол учурда борбордо актерлорго штат ачылып калып, келдим да Нурланды чакыртып алдым. Ошентип бирге жашап калдык. Биринчи күйөөмдөн бир кыз, Нурландан эки кыз, бир уулум бар.
- Ошондо биринчи күйөөңүздү "таштап" кеткен болосузбу?
- Ошол учурда ал Россияда окуп жаткан. Мен Нурлан үчүн, кино үчүн ушундай курмандыкка баргам. Азыр өкүнөм… Ал да ал жакта калып калды. Учурда ири бизнесмендердин бири. Бирок, жашоону карасаң кызыктай: менин мурунку күйөөлөрүм экөө тең азыркыга чейин үйлөнүшкөн жок, мен да турмушка чыккан жокмун.
- Азыр эмне менен алексиз?
- Москвада жүрдүм. Үч кызым тең Москвада жашашат. Уулум мени менен азыр бул жакта турат. Жакында ГИКтин 90 жылдыгы, менин устатым А. Баталовдун 80 жылдыгына барып катышып келсем, Россиянын режиссерлору келишип Киностудиядан сериалга тартабыз сүрөттөрүмдү алып кетишиптир. Үйүмдү ремонт кылып, аларды күтүп отурам.