Классташ

"Шыйкымбай" атка конгон Садык Шер-Нияз
Талас областынын "Пушкин" атындагы орто мектебинин эң тентек окуучуларынын катарына кирген Кадырбек, Сейдакмат жана Кудурет аттуу мырзалар биздин мейманда болушту. Тактап айтсак, бул тентектер "Классташ" рубрикасынын каарманы "Айтыш" коомунун, "Калемгер" адабий клубунун жана "Айтыш Фильм" киностудиясынын негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз агабыздын "биртууган" классташтары. Садык аганын мектепте окуп жүргөндө "Шыйкымбай" атка конгонун, уюштуруучу, сөзгө чечен тамада болгонун айтышып, бала кездериндеги кызыктуу окуяларын эстеп беришти.


Садык Шер-Нияз:
"Мени мектепке араң алышкан"
Менден эки жаш улуу Айгүл эжемдин аркасы менен мен дагы алты жашымда китепти шыр окуп калдым. Атам мага Байдылда Сарногоевдин "Көк-Арык менин мектебим, көп жылдар эстен кетпедиң" деген көлөмдүү чыгармасын жаттатып койгон. Анан
1-сентябрда атам мени мектепке жетелеп барды. Дароо эле завучтун кабинетине кирдик. "Баламды мектепке кабыл алгыла, жашы алтыда"десе, агайлар: "Жок болбойт, эмки жылы келсин"деп, кичинекей көлөмүмдү көрүп коркушту окшойт. "Балам силерге бир ыр айтып берет. Анан кабыл алышты чечесиңер" деп атам болбой туруп алды. Анан баягы атам үйрөткөн Байдылданын ырын башынан аягына чейин айтып берсем отургандар мага таң калып, ошол жерден эле "1-класска кире берсин, окуп кетчүдөй"деп кабыл алышкан эле. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мени окуткан бардык мугалимдериме ыраазычылык, ден-соолук каалап кетем.

"Атам менен апамды уруштургам"
Жети жашыбыздан баштап жайкысын талаага барып тамекиде, кечинде үйгө келип огородду отоп иштечүбүз. Эсимде, бир күнү бутума тикенек киргизип алып, ал жерим ириңдеп, шишип кеткен эле. Ал кезде дары деле жок да. "Синтомициновая мазь" бардык ооруга жарачу. Апам бутумду таза жууп, мазьдан сүйкөп, бутумду таңып бир күн кечке жаткырып койду. Жыргаганды сураба, ичимден кудуңдап, эч нерсе кылбаганыма, талаага барбаганыма сүйүнөм. Эртеси эртең менен апам: "Балам, тур жумушка" деди эле, бутумду шылтоолоп жаткым келди. Бирок, ал оюм ишке ашкан жок. Кичинемде бир нерсе болсо эле тултуңдап таарынып кеткенди жакшы көрчүмүн. Бир жолу кыштын суугуна карабай апама таарынып, "Тумагыңды кий" дегенин укпай, атайын кетип калдым. Мен сыртка чыгып кеткенден кийин атам экөө кыжыңдашып урушуп кетишиптир. Апам менин аркамдан 1 чакырымдай аралыкка чейин кубалап барып, ошондо да урушпай, тумагымды башыма кийгизип, мени алдап-соолап чөнтөгүмө конфет салып берип, мектепке узаткан эле. Ошондо гана таарынычым жазылып, чоң эрдик кылгансып сабакка баргам. "Балам балалуу болгондо түшүнөсүң" дегендей, анын баарын эми түшүнүп отурбайбызбы.

Кадырбек Жакыпбеков, учурда Чүй областындагы областык МАИнин бөлүм башчысы, майор:
"Садыктын чачы эмес, башы кыркылып…"
Садык классташыбыздын мүнөзү өтө жөнөкөй, бирок, эмоционалдуу эле. Бир окуясы таптакыр эсибизден кетпейт. (Күлүп) Тарых сабагынан берген Кеңешбек деген агайыбыз бизге класс жетекчи болуп калды. Ал кезде тазалыкты аябай текшеришчү. Агайыбыз жакабыздын кирин, тырмактарыбыздын өскөн-өспөгөнүн карап келатып эле, Садыктын үлпүлдөп турган узун чачын көрүп, "Эмнеге чачыңды тегиздебейсиң?" деп, кайчы менен Садыктын чачын кыркып жатып, терисин кошо кесип алса болобу… Мына анан ызы-чуу түшүп жатып калдык. Агайдын өзүнүн жүрөгү түшүп кетти окшойт, күнөөсүн сезип, унчукпай калса, Садык ыйлап, агай менен айтышып, өзүнүн өжөрлүгүн көрсөткөн.

"Мурдун тоңдуруп, шилекейин куюлтуп сабакка келчү"
Садыктын үйү айылдын ылдый жагында болгондуктан көбүнчө биринчи сабактарга кечигип келчү. Өзгөчө кышында мурдун кып-кызыл кылып тоңдуруп, шилекейин куюлтуп, сумкасын сүйрөп келчү. Аны көрүп шылдыңдап калчубуз. Бирок, классташыбыз мугалимди кунт коюп угуп, тапшырманы укканы боюнча кайра айтып берген жагынан эч кимди алдыга салдырчу эмес. Чынын айтыш керек, жетинчи класста Садык жарытылуу дептер көтөргөн жок. Мугалимдерден коркпостон бир дептердин ичине бардык сабактарды жаза берчү. Өзгөчө тарых, математика, адабият сабактарын жакшы көрчү. Сөзгө тапан болгондуктан дилбаяндарды катыра жазчу. Химия, немис тил сабактарын эң жаман көргөнү менен кызыл тилине салып жатып алардан да жакшы бааларды алганын карабайсыңарбы. Анан сегизди бүтүп Фрунзе машина куруу техникумуна окуду.

Сейдакмат Маматов, жеке ишкер:
"Ырга жок, сырга бай Садык Шер-Нияз"
Бизде мушташтын башы атаман талашмай болчу. Садык мушташ жагына жок эле. Мени карылуу, Кадырбекти бойлуу деп бизден коркуп, өзүнүн бою менен тең балдарга гана кыйын болуп, өзүн анча-мынча атаман сезип калды. "Балдар менен мушташканда күчүм жетпесе, ырга-бийге жок болсом, анан сөз менен жок дегенде силерден ашайын да" деп, дайыма тамада болчу. Азыр деле классташтарыбыз менен үй-бүлөлүк катышыбыз бар. "Мен ырдап баштаганда эле элдер тарай баштайт. Ошон үчүн бала кезден бери эле режиссер болом дечүмүн" деп бизди күлдүрүп калат.

"Шыйкымбай атка конгон"
Садыктын каймана аты "Шыйкымбай" эле. Экөөбүз интермедияларды көп аткарып калдык. Алтынчы классыбыз болсо керек, мен байманаптын ,ал көчө шыпырган Шыйкымбайдын ролун ойноп, ошондон кийин классташтардын арасында Шыйкымбай деген атка конгон. Тартынбаган мүнөзүнөн улам кылам дегенин кылып, кечелерде мас кишинин да, соо кишинин да образын жаратчу. Бир жолу сахнага чыгып Манас айтып калды. Бир топтон кийин токтойбу десек, токточудай түрү жок, анан "Болду, токтот" деп жатып токтоткон элек. Кийин муну айтып күлүп калганыбызда, "Силер токтотпосоңор деле айтып бүтмөкмүн. Ансыз деле аз эле калган" деп кайра бизди тамашалап жатпайбы.

Кудурет Турсалиев, маркетолог:
"Кыздарга кат жазган жок"
Мен ушунча жүрүп Садыктын кыздарга кат жазганын көргөн жокмун. Ал бизден бир жаш кичүү болгондуктан батына деле алчу эмес окшойт. Бирок, адам менен болгон мамилеси, активист катары жөнөкөй сапаты менен азыркы күнгө чейин биз менен катышта. Элге таанылып калса дагы, бой көтөрүү эмне экенин билбейт. Жолугуп сүйлөшүп калганда, "Турмушта атамдын акыл айткан сөздөрүн көп эстейм. "Кара жанын кайырчы деле багат", "Кандай гана убакыт болбосун адамдык сапатыңды кетирбе" ж.б ушул сыяктуу сөздөрү азыркыга чейин насаат болуп калды"деп атасын эскерип турат.

"Садыкты балдардан коруп, үйүнө узатчубуз"
Жетинчи класска чейин биздин класста он беш бала, үч кыз окучубуз.
23-февралда шагыраган балдарга үч кызыбыз белек бералбай кыйналышчу. "Белектин баарын Сейдакмат алат, мага белек деле тийбейт. Албагандан кийин мен дагы 8-мартта белек бербейм"деп, белек берүү биз үчүн оор маселе болчу. Чынын айтсак, биз кыздарыбыз менен сый мамиледе болгон жокпуз. Кичирээк кезибизде кыздардан бөлүнүп отуруш уюштуруп, кыздарыбызды жакшы эле ыйлаттык. Биздин балдар "А" класстын балдары менен өч болчубуз. Алардын көбү Садыктын көчөсүндө жашашкандыктан, сабактан чыкканда алар Садыкты уруп коюшпасын деп алардан коруп Садыкты үйүнө чейин жеткирип койчубуз. Ал эми ичимдик жагынан айтсам, азыркы күнгө чейин бир да жолу мас болгонун көргөн жокмун.
Айнура Касымова