Кат куржун

Редакциябыздын
"Кат куржунуна" көп каттар келип түшөт. "Уккан кулакта жазык жок" дегендей, окурмандарыбыздын кулагы чалып калган "ударный ушактарына" жооп алуу максатында керектүү адамдарга кайрылдык.


"Жаныш Бакиевдин жаш аялы Орозгүл
Токторбаева каякта?"
- Саламатсыздарбы "Обон" гезити! Мен биздин мурунку президентибиз Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевдин экинчи аялы ырчы Орозгүл Токторбаева экенин билем. Ж. Бакиев качып кеткенде Орозгүл Токторбаеваны да ала кеттиби же бул жакка эле таштап кеттиби? - ошол кызык болуп жатат. 05558007хх.

Орозгүл Токторбаеванын курбусу
Гүлзат Байзакова: "8-апрелде Ошто экенин билгенбиз"
- Орозгүлдүн ата-энеси дагы биздин кыздарга кайрылып: - Орозгүлдүн кайсы жакта экенин билип бергилечи? - деп ыйлап издешкен. Ошондон улам Орозгүлдүн өзүнө чалсак: - Бизде баары жакшы, кайтаруудабыз - деген жооп айткан. 8-апрелде Ошто экенин билгем. Андан бери бир да маалыматым жок. Азыр каякта экенин биз да так биле албай жатабыз.


"Тумардын" ээси Шахзодабы?"
- Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин жамааты! "Кат куржун" аркылуу "Тумар" радиосунун чыныгы кожойкеси өзбек ырчысы Шахзода айымдыкы экенин билгим келет. Себеби, "Тумар" радиосунан көпчүлүк убакытта эле Шахзоданын ырлары кетет, анан ал айым да Кыргызстанга көп келип, аталган радио менен биргеликте концерт коёт. А эмнеге башка радио менен бирге концерт койбойт. Ушул боюнча маалымат алып бериңиздерчи, өтүнүч? 07050412хх.

Тумар радиосунун директору
Алексей Сидоров: "Ээси эмес"
- Эфирден жалаң гана Шахзоданын ырлары кетип жатат дегенге кошулбайм. Биздин ободо бардык чыгыш ырчыларынын ырлары жаңырып турат. Ар бир угарман өзүнүн табитине жараша ыр сурашат. Бизде Шахзоданын рейтинги күчтүү, ошондуктан аны эки жыл катары менен өткөн концертибизге чакырганбыз. Ошондо бизге ал эки эле жолу келип кетти. А анын биздин радионун ээси дегени жалган кеп.


"Гүлиза Талипова деген ким?"
- "13-14-апрелде Гүлиза Талипова концерт тартуулайт" деп көчөлөрдө афишасы илинип турганын көргөм. Ошол концерт болбой калыптыр. Эми ошол концертке кеткен чыгымды Гүлиза кантип жапты экен? Ал кызды мен мурда ырдаганын деле укпаптырмын. Анын ырчы эжебиз Шахра Талипованын сиңдиси экени чынбы? Эгерде чын эле ошондой болсо буга чейин каякта жүрдү эле, эмеле чыга калды го?

Шахра Талипованын кызы Гүлзат Батырканова:
"Ал апамдын атын пайдаланганга акысы жок!"
- Гүлиза апамдын инисинин кызы экени чын, бирок ортобузда эч кандай катнашыбыз жок. Бул кыз шаарга жаңы келгенде менин колума эле келген. Кийин эле өзү үйгө келмек турсун саламга да келбей калган. Азыркы жаштар ушундай "тентек" чыгышпадыбы. Эмнеге эле эч ким тааный электе өзүн "жылдыз" сезип калды десек, мурунку Өкмөттө иштеген жогору жактан бирөөлөрдү таап алыптыр.
Гүлизаны буга чейин апамдын фамилиясын пайдаланып, өзүнүн иштерин бүтүрүп жүргөнүн уксам да унчуккан эмесмин. Эми ушунча болду айтууга туура келип жатат. Ал апамдын фамилиясын пайдаланганга акысы жок, а апам Талипова деген фамилияны элге сиңириш үчүн канча эмгек кылды дейсиз. Ошону эси жок билбей, жеңил оокатка качырып… Өгүнү НБТ телеканалы мени түз эфирге чакырып калды. Жакшы маанайдагы СМСтердин арасында "Гүлзат сиңдиң Гүлизанын оң-тетири баскан жолдорун карап койбойсуңбу" деген жазууну көрүп уялганымды айтпа. Ошол кое турган концертин деле бирөөнүн аркасы менен уюштуруп жаткан деп уккам. Бир күнү эч нерсе болбогондой "Концертке келип ырдап бербейсизби?" деп телефон чалыптыр А мурда кайда жүрдү эле. Эми болбой калган соң "бирөөсү" чыгымын мойнуна алып, жаап берсе керек.




30 сом менен конок тоскондо
Азыркы заманда конок тосуш үчүн көп суммадагы акча керек. Үзүмчүл маалда азык-түлүк да кымбат болот эмеспи.
А биз болсо ырчылардын капчыгына 30 сом гана калтырып, жакын досун ошол акчага эмне кылып коноктоорун сынадык.


Сиздин чөнтөктө болгону 30 сом бар. Үйүңүзгө бир досуңуз
конокко келмей болду. Аны эмне кылып коноктойт элеңиз?


Айпери Кубик кызы:
"Бир нан жана дюшес менен коноктойм"
- 30 сомгобу? Мен анда бир нан менен "дюшес" алып келип коноктойм да айла жок. Биз студентпиз да, курбум да студет болгондуктан бири-бирибизди эң жакшы түшүнүшүп, чогуу ичип-жемекпиз.


Эрмек Нурбаев:
"Дос, Ишим чыгып калды деп…"
- Эгер чайым бар болсо досума мурдараак чалып, анын курсагы ачпы, же токпу билип алам. Эгер курсагы ток болсо, "Проблема жок, келе бер!" демекмин.Эгер ач болуп калган болсо, өзүнө эле: - Досум 5 килограмм картошка, эт, тигини-муну, - деп ар кайсыны айтмакмын. Досум мунун баарын алып келет, же болбосо калп эле чалып туруп: "Блин, дос ишим чыгып калды" деп таптакыр келбей коёт да. (күлүп) Андай дагы болбой калса, чыгып туруп, 30 сомго нан, майонез, кетчуп алып, калган акчасын павильондогу эжеге акырын айтып жаздырып коём.


Байыш Момунов:
"Пиво куруту менен"
- Үйүмдө жегенге эч нерсе жок болуп, чөнтөктө 30 сомум гана болсо, досума пиво эле алып бермекмин. Эркек бала пивону сөзсүз ичет да. Ага кошуп курутун да алып бермекмин.


Назира Айтбекова:
"Токоч алмакмын"
- Эң башкысы үстөлдүн үстүндө токоч болсун деп, токоч алам. Курбума чалып туруп: - Чөнтөгүм жука, эптеп, өзүң жечүлөрүңдү ала кел. Же кафеге киргизесиңби? - деп эле бетимди табактай кылып айтып, 30 сомго эмне келсе ошону алып коноктойм. Мен ачык сүйлөгөн адаммын. Эч нерсени ичиме катпайм. Чөнтөк жука болсо жука деп эле айтмакмын.


Сапар Эркебаев: "Жумуртка кууруп берем"
- 30 сомум гана болсо жумуртка алып кууруп бермекмин. Беш жумурткага досум тоёт да туурабы? Азыр азык-түлүктүн баары кымбат. Андан башка эч нерсе келбейт да.


Фарида Карбозова:
"2 кукси, бир нан менен курсагын тойгузам"
- Антип какшып калгандан кудай сактасын. 30 сомго анын да, менин да курсагым тойбойт да. 30 сомго мисалы 2 кукси, бир нан келет. Айла жок кукси алып келип кайнак сууга чылап, курбумдун курсагын тойгузам.

Төлөбүбү Касымалиева