Келме кезек…
Жетинчи кабатта отуруп алып ММКны каалагандай калчаган О. Малеваная учурда өзү калчанып туру. Башында СИЗОго отургузулган Оксана айымга "таш боордук" кылбай ал жактан чыгарышып "үй камагына " алышкан. Эми ал келип-кетип сурак берээрин Өмүрбек Текебаев ЭлТР каналынан айткан.

Конституция боюнча
Кечээ Өмүрбек Текебаев Конституциянын жаңы редакцияланган долбоору боюнча ММК өкүлдөрүнө маалымат берди. Анын айтымында Конституциянын жаңы редакциясы Кыргызстандагы жаңы саясий системанын Концепциясын өзүнө камтыйт. "Биз мына ошол бир жарым жыл илгери бекиткен саясий концепциянын негизинде долбоор даярдап жатабыз. Бул парламенттик республика. Негизинен азыркы шайлоо системасы сакталат. Анткени парламенттик республика күчтүү партиялардын бар болушуна негизделет. Эгер күчтүү партиялар болбосо, анда парламенттик бийлик, парламенттик өкмөт бекем болбойт" дейт Өмүрбек Чиркешович. Жаңы долбоор боюнча өлкөдө парламенттик бийлик системасын орнотуу каралып, анда жөнөкөй тил менен айтканда "мамлекет бир кишинин колунда болбойт. Президенттин жакындары мамлекеттин бюджетинен курсагын тойгузбай, айлык менен жашайт. Биздин өлкө коррупцияга жана "үй-бүлөлүк" режимге каршы" деген ж.б. мыйзамдар камтылган. "Эгерде шайлоочулар бул долбоорду колдошсо анда биз Борбор Азиядагы биринчи парламенттик республика болобуз. Азыр башка өлкөнүн оппозиция өкүлдөрү эркиндик үчүн эки диктаторду кулаткан биздин өлкөнү суктануу менен карап турушат. Ошондуктан биз башка өлкөлөргө дагы бир жолу туруктуу, демократиялуу өлкө болуп кете алаарыбызды далилдешибиз керек" деп кошумчалады.

Маевкадагы тополоң
Кечээ Маевка жаңы конушунун жергиликтүү жашоочулары менен жер басып алуучулардын тобу ортосунда жер талаштан улам чыр чыгып, кырдаал курчуп отуруп Маевка айылында түрк улутундагылар жашаган бөлүмүндө ондон ашык үйлөр өрттөлүп, бир топ машиналарга зыян келтирилген. Эки адамдын өмүрү кыйылып, алты адам ооруканага жеткирилген. Кечиндеси 40тан ашык тополоңчулар кармалып, кырдаалды күч органдары жөнгө салышты.


Шайлашты
Кечээ "Быржыбайды там басты…" болуп жатса эч нерсе болбогонсуп Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жыйналыш кылып, Исхак Масалиевди спикер кылып шайлап алышыптыр. Ал үчүн 49 депутат колун көтөргөн. Ошондой эле "депутаттар" Роза Отунбаев башында турган Убактылуу Өкмөттү легитимдештирүү чечимин кабыл алышкан.


Алмашты
Кечээ Жалал-Абадда К. Бакиевдин тарапташтары чыгышып, губернатордун креслосуна Пайзулла Рахмановду отургузуп коюшкан. Буга эч ким каршылык деле көрсөткөн эмес. Келип, кетип… "кызмат колдун кири" эмей эле, жаш баланын оюнчугу болуп калдыбы? Эмнеге эч ким унчукпайт же мында бир мандем барбы?


Дымагын...
К. Бакиевдин дагы бир иниси Ахмат Бакиев "Кыргызстан мыйзам талаасына кирсин десеңер, анда Курманбек Бакиев кайрадан өз постуна келип, өзүнүн указы менен президенттик шайлоо күнүн жарыялашы керек. Ошондо гана эл каалаган адамына добушун берип татыктуу президентти шайлап алышы керек" деген оюн айтып, огобетер оозду ачырды. Эми канча айтса деле анын сөзүн укчу киши табылаар бекен өзү?


Болот шерниязов бошоду
Ошто милиция кызматкерлери эки-үч күндөн бери тынбай митингге чыгып жатышкан. Алар мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин саламаттыгына тынчсызданып, анын абалы кандай экенин телекөрсөтүү аркылуу көрсөтүүнү, ошондой эле социалдык маселелерин чечип, маянасын көбөйтүү талабын да коюп жатышканы айтылды. Ал эле экен десек, жаңы министр Б. Шерниязовдун кызматтан кетишин талап кылышыптыр. "Минтип тартип сактаган милициялар өздөрү толкуй берсе, айласы кеткен жаңы бийлик аларды тынчытууга М. Конгантиевди кайрадан кызматка алып келип эле жаны калбаса..." деп айткандар антип-минтип оозун жыйгыча жаңы министр болуп Бакыт Алымбеков деген мырза шайланыптыр.


Комитет демитет…
Тиякта К. Бакиевди коргоо комитети түзүлсө, биякта алардын "шуту" аталган Н. Мотуевди коргоо комитети түзүлүп, иши кылып бизде "боорукерлер" четтен чыгып жатат. "Учур" гезитинин редакциясына барып, алардын таш-талканын чыгарган Мотуев азыр ишенген кожолору жок, камалгандан коркуп жатса керек. Болбосо ага чейин ортого киши салбай эле өзү эле өкүрүп чыгып жатты эле.


Убактылуу өкмөткө келгендер кайсы партиядан?
А. Бекназаров Бажы кызматынын төрагалыгына эртең менен бирөөнү ээрчитип барып, ал жактагы кызматкерлерге "силердин шефиңер ушул болот" деп тааныштырып кетсе, түштө Т. Сариев келип "Ал эмес мына шефиңер" деп башкасын тааныштырып кетет. Анан эле кечинде А. Атамбаев кирип "Бул эмес мына бул болот, силерин шефиңер" деп бирөөнү калтырып кеткен имиш. Ошондо бир кызматтык орунга бир күндө үч адам отуруп, кызматкерлер түшүнбөй бири-бирин карашып аң-таң дейт. Ушундан улам "Азыркы убактылуу бийликтеги адамдар кычыкка болсо дагы өз адамын койгонго кызыктар болуп, бири-бири менен өздөрүнчө кырылып жатышат"-деген "билермандардын" айткандарына ишенип кетет экенсиң. Болбосо "бул айтты, тиги айтты" деп отурбай, Убактылуу өкмөткө келгендердин тизмесин окуп эле кызматка кимдин кишиси көбүрөөк келгенин көрсөк болот.


Убактылуу өкмөттүн төрайымы- Роза Отунбаева. СДПК
Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары - Алмаз Атамбаев СДПК
Убактылуу өкмөттүн орун басары, финансы министри - Темир Сариев "Ак Шумкар"
Убактылуу өкмөттүн орун басары - Өмүрбек Текебаев "Ата-Мекен"
Коргоо министринин милдетин аткаруучу - Исмаил Исаков "БЭК" мүчөсү
Ички Иштер Министринин милдетин аткаруучу - Бакыт Алымбеков
Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу - Кеңешбек Дүйшебаев "БЭК" мүчөсү
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү - Эмилбек Каптагаев "Улуу Кыргызстан"
Сот, прокуратура тармагы боюнча координат - Азимбек Бекназаров "БЭК" мүчөсү
Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу - Дүйшөнкул Чотонов "Ата-Мекен"
Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу - Иса Өмуркулов СДПК
Социалдык тармак, коомчулук менен байланышуу жана ММКлар боюнча координатор - Эльмира Ибраимова "Ак Жол"
Саламаттыкты Сактоо министринин милдетин аткаруучу- Дамира Ниязалиева СДПК
Энергетика министринин милдетин аткаруучу - Осмонбек Артыкбаев СДПК
Башкы Прокурордун милдеттин аткаруучу - Байтемир Ибраев.
Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу - Эдил Байсалов СДПК
Маданият министринин милдетин аткаруучу. - Рыскелди Момбеков "Ак Шумкар"
Коргоо министринин милдетин аткаруучу - Исмаил Исаков
Финансы полиция кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу - Эркин Булекбаев "Жашылдар"
Бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу - Кубан Кулматов СДПК
Кадрлар боюнча иш алып баруу кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу - Чолпонкул Арабаев
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу - Алмамбет Шыкмаматов "Ата-Мекен"
Аскер прокурорунун милдетин аткаруучу - Айбек Турганбаев
Жазаны ишке ашыруу кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу- Таалайбек Нуралиев
Салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу. - Адылбек Касымалиев
Жогорку Соттун төрагасынын милдетин аткаруучу - Кубанычбек Момбеков
Социалдык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу - Мукан Абылгазиев СДПК
Мамлекеттик материалдык камсыздандыруу Фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу - Темиркан Береналиев
Атайын медициналык камсыздандыруу Фондусунун төрагасынын милдетин аткаруучу - Болот Элебесов
Билим берүү министринин милдетин аткаруучу- Асия Сасыкбаева "Ата Мекен"
Билим берүү министринин орун басарынын милдетин аткаруучу -Ирина Карамушкина СДПК
Президенттин иш башкармалыгынын милдетин аткаруучу- Турусбек Коеналиев "Ар намыс"
Ысык Көл областынын губернаторунун милдетин аткаруучу - Мирбек Асанакунов СДПК
Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу-Сооронбай Жээнбеков СДПК
Чүй областынын губернаторунун милдетин аткаруучу - Сагынбек Абдрахманов СДПК
Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу -Бектур Асанов "Эрк"
Нарын облусунун губеранаторунун милдетин аткаруучу -Адылбек Эсенбеков "Ата Мекен"
Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу -Бакирдин Субанбеков
Ысык-Көл облусунун губеранаторунун милдетин аткаруучу- Мирбек Асанакунов СДПК
"Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору -Абдувахаб Мониев "Ата Мекен"
"Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун орун басары- Таалайбек Темиров партияда жок
"Кабар" улуттук маалымат агенттигинин директору- Жыргалбек Турдукожоев СДПК
Дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу -Алмазбек Касенов
"Кыргыз темир жолу" компаниясынын директорунун милдетин аткаруучу -Аргынбек Малабаев СДПК
Эсеп палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу -Бактыбек Аширов
СЭЗ "Бишкектин" директорунун милдетин аткаруучу -Албек Ибраимов
Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун директорунун милдетин аткаруучу-Бактыбек Сүйүнбаев СДПК
P.S. "Ак Шумкар" партиясынан эки эле ысымды байкап, штаб менен байланышканыбызда алар "Кызматты "захват" кылуу, кызмат талашуу Ак Шумкар партиясынын позициясына туура келбеген көрүнүш. Биз өзүбүз да "папке талашпайбыз" деген чечимди кабыл алып койгонбуз. Азыр "бийликте" биздин лидерибиз Темир Сариев гана жүрөт" деп жооп беришти.