Артисттердин архивине саякат

Исанын итин
ким уурдады?
Жаш болсо да көптөгөн ийгиликтерди багындырып, шоу чөйрөсүндөгү эже-байкелеринен кем калышпай жүгүрүп, улуу-кичүү муундардын сүймөнчүгү Исанын архивине баш бактык. Башкалардан айырмаланып Иса "жандуу" белектерге басым жасап, жаныбарларды жактырат экен.

Бул чоң оюнчук арстанды "Волшебная страна" (Сыйкырлар дүйнөсү) сынагына катышканда Гран-прини жеңип, күйөрманынан ушул белекти алган. Ал эми жолборсту болсо сахнада ырдап жатканда күйөрман кызы белек кылган. Негизи эле Исага күйөрмандарынын көпчүлүгү жумшак оючуктарды белек кылышат. Бирок, Иса алардын көпчүлүгүн жээндерине, карындаштарына белекке берип салмай адаты бар. "Күйөрмандарым мен берген белекти таратып салат деп таарынбасын, үйдөгү кичинекей балдарды көргөндө көңүлүм кыйбай берип салам. Албетте баарын эмес, күйөрмандардан алган жумшак оюнчуктардын көпчүлүгү атайын бөлмөмдүн бурчунда сакталуу" дейт ырчы жигит.
Майда оюнчуктар менен открыткаларды 14-февраль Махабат майрамынан пайдаланып мектепте окуган кыздар белек кылып, арзуусун билдиришкен. Жылуу сөздөр, жакшы каалоолор жазылган открыткаларды атайын кутучага катып койгон.
Исанын 12 жашында жеке концерт бергени көпчүлүккө маалым. Ошол концертте сахнага күйөрман кызы чыгып кичинекей күчүк берген. Башында оюнчук күчүк го деп маани бербеген Иса, сахнанын артынан гана тирүү күчүк экенин көрүп таң калган. Башка белектерден жүрөгүнө эң жакыны болуп калган Учураны (итинин аты) беш айлык кезинде уурдап кетишкенин билдирди. "Кичинесинен өзүм багып өстүргөн итимди уурдатканда жаман болдум. Кайдан издээримди билбей томсоруп отуруп калдым. Ошондон көп өтпөй классташым Нурдан бир айлык овчарка пародасындагы күчүк белек кылган. Азыр ага он ай болду. Ошол итимди эрмектеп жүргөн кезим" деген Иса сөзүнүн аягында күйөрмандарынан алган ар бир белек жүрөгүнө жакын экенин, талантын сыйлаган күйөрмандарынын бар экенине кубанаарын кошумчалады.