күнсүрөт

Эл адамдары эмне дейт?
7- апрелдеги кан төгүлүү жана өлкөнүн келечеги жөнүндө эмне дейсиз?

Жумакадыр Акенеев, экономист:
"Бакиев президентти коргоо комитетин түзүп атыптыр"
Ушу экинчи революцияны жаштар жасады. Ошондуктан бийликке түздөн-түз жаштар келиши керек. Болочоктогу президентибиздин курагы 35-45 болсо андан жакшы. Бизде шайланган президентти такыр кетире албайсың. Азыр парламенттик жол менен шайлашыбыз керек. Падыша элдин оюндагыдай болбой калса, убакыт өткөрбөстөн алмаштыруу керек. Бакиев түштүктө жатып алып, президентти коргоо комитетин түзүп атыптыр. Убактылуу өкмөттүн да тымтырс жатканы жакшы эмес. Ленин айткан: "Революция убагында 1 мүнөттү текке кетирбеш керек" деп. А бизде күндөр өтүп кетип атат. Эл менен эл кырылып кетсе эмне болот? Кечээ күнкү талап-тоноочулук дагы өлкөбүздүн экономикалык өсүүсүн бир-эки жыл артка ыргытып койду.


Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр:
"Сабырдуу болсок"
- Мен негизи саясаттан алыс жүргөн адаммын. Бирок, азыркы саясый кырдаал тууралуу өз оюмду айткым келип турат. Себеби, жүргөн-турган жеримде өтө эле коркунучтуу ушак-ураандар таркатылып жатат. Ошолордун арасында, "азыркы убактылуу бийлик портфель талашып жатат", "бири менен бири келишпей ыркы кетип жатат", "бийликти жаштарга алыш керек, революцияны биз жасасак, анан булар барып отуруп алышса…" деген сөздөр ансыз да араң турган элди огобетер дүрбөлөңгө салышы мүмкүн. Бүгүн ушактарга кулак түрбөй, сабырдуулук кылып, акыл калчап иш кылуубуз керек. Анан бир "кылт" этсе эле көчөгө кыйкырып чыкканыбыз болбойт. "Жаштар келсин" дегенге мен деле кошулам, бирок, арабыздан чыныгы лидер издөөгө убакыт керек. Азырынча убактылуу өкмөткө иштөөгө мүмкүнчүлүк берип, арабыздан чыныгы лидерди келээрки президенттик шайлоого даярдашыбыз керек. Андай жигиттерибиз жок эмес.


Илимбек Калмуратов, "Учур" теле театрынын актёру:
"Эсиңди жый! Элим айбан болбогун"
Кыргызымдын намысына жараган,
Энелердин ак сүтүнөн тараган,
Окко учту канча эриң азамат,
Эркиндикти, чынчылдыкты самаган.

Кан берди го, жан берди го аябай,
Мөлтүрөгөн жаштыгына карабай.
Окко учкандар баатырдыгын көрсөттү,
Эшектерче элдин мүлкүн талабай!

Энелердин эт жүрөгү зыркырап,
Элге берди эр азамат баласын.
Бул кайгыны эне менен бөлүшпөй,
Адам кантип элдин мүлкүн таласын?!

Эсиңди жый! Элим айбан болбогун,
Манасымдын урпагысың ойлонгун.
Энелердин бөлүшкүлө кайгысын,
Баатырлардын каны уруп койбосун.

Оо, Энелер, көңүл айтам туткула!
Баатыр балдар аз жашоочу куш тура!
Эсин жыйып, элиң актайт сүтүңдү,
Энелердин уулу баатыр. Уккула!




Кыргыз эли Алымбектей уулу менен сыймыктанат
7-АПРЕЛЬ КҮНҮ кыргыз жигиттеринин каны чачылып, бүгүнкү күндүн Чолпонбайлары али да бар экенин, алар эч качан түгөнбөй турганын далилдеди. Алардын арасында кимдир бирөөнүн атасы, агасы, досу, таанышы бар. Тизмени карап отуруп биздин да көзүбүзгө таанышыбыз урунду. Аракеев Алымбек көзүнүн тирүүсүндө ырларын көтөрүп алып биздин редакцияга баш бакты эле. Эми минтип "Ка-ап жарыялап койбой" деп өкүнүп отурабыз. Ырларды жарыялаганга сааты чыкпай жүрүп, эми минтип өлгөндө чыкканын карасаң… Кайран жигит. Аны "Ата Мекен"партиясынын желегин кучактаган боюнча өлгөнүн көргөндөр айтышты. Тааныгандар да "иштеген ишинин майын чыгарган мыкты жигит эле" дешти бир ооздон. Алымбек кыргыз элинин келечеги үчүн жанын берди. Жүрөгү ар дайым кыргыз деп согоору, патриот экени ырларынан да билинип турат. Биз Алымбектин атасы Токуш агайга, апасы Бурма эжекеге жана бир туугандарына,үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

"Чычырканак суусу"
Төрөлүпмүн мен ноябрь айында,
Жөрмөлөпмүн мен саратан жайында.
Балалыгым бай турмушта өткөрдүм,
Алайкуумдун Чычырканак сайында.

Чычырканак сайы укмуш керемет,
Чоң дайрага өзү эле теңелет.
Себеби, ал буркан-шаркан түшкөндө,
Сайга батпай жээктерин жемелейт.

Бул сай өзү суунун болот башаты,
Тар дайранын оң тарапкы канаты.
Жээгинде чычырканак бой тиреп,
Жемишине эрдемсинет баласы.

Ошол жердин кулуну мен аталып,
Турган элем чоң атамдан бата алып.
Чоң түп терек суу боюна көрк берип,
Турат азыр үй алдында кайкайып.

Эчен эрен басып өткөн бул жерди,
Багынта албай келген экен бул элди.
Азыр мына Алайкуудай асыл жер,
Жаратканым жасагандай бул жерди.

"Акты кан АЛАЙКУУда"
Акты кан Алайкууда,
Элимди салды чууга.
Укканда бул кабарды,
Эсим ооп турдум кыйла.

Аска-зоо аралаган,
Жүрөктү жаралаган.
Өрт тарткан Алайкууну,
Өткөрөм таразадан.

Максаты бийик элим,
Магдырап билинбедиң.
Өрттөп бир жүрөгүмдү,
Сай-сайда бириндедиң.

Каттамы кыйла алыс,
Чыкпады эч ким калыс.
Кең өрөөн Алайкууда,
Кыйрады жаратылыш.

Машина жүрөт тоодо,
Кээ бирде кирет коого.
Ток мүнөз жигиттери,
Туруштук берет жоого.

Ушул эл арасынан,
Чуу чыкты жүрөк сыккан.
Тоо койну толуп ыйга,
Топтолду элдер ыкчам.

Автобус аңтарылган,
Өлүктөр бырчаланган.
Өкүрүк улам күчөп,
Көздөргө жаш чыланган.

Каза болду 21 адам,
Кайгырсам кайдан табам?
Бейкүнөө кеткендерге,
Ыр арнап катты жазам.

Бейкүнөө кеткендерге,
Ыр арнап катты жазам!..

Даярдагандар
Эльмира Мадиева,
Асмат Жалдыз




  Азаматтардан айрылып, Ала-Тоо батты санаага

Ыңкылаптан каза болгондордун тизмеси:
1.Керимов Элдияр Маратбекович, 1990, Баш мээсине ок тийген
2. Абдылдаев Кудаш Турдукалиевич, 1963, Башына ок тийген
3. Иманбек уулу Акылбек, 1966, Көкүрөгүнө ок тийген
4. Бекмамбетов Рашит Сайдинович, 1966, Көкүрөгүнө ок тийген
5. Айылчиев Азиз Турсунбекович, 1980, Ок көкүрөгүн тешип кеткен
6. Итыкеев Алтынбек Доктурбекович, 1985, Ок көкүрөгүн тешип кеткен
7. Үсөн уулу Дастан, 1990, Ок омурткасын тешип өткөн
8. Ахмедов Пархат Аблажанович, Көкүрөгүнө ок тийген
9. Эргешов Мирланбек Халилович, 1982, Башына ок тийген
10. Сапитов Заирбек Эрекулович, 1988, Курсагына ок тийген
11. Сатыбалдиев Бекбосун Мадинович, 1961, Көкүрөгүнө ок тийген
12. Нургазиев Жалил Бейшеевич, 1962, Көкүрөгүнө ок тийген
13. Кожобеков Рахатбек Маликович, 1965, Көкүрөгүнө ок тийген
14. Сагындыков Талант Арыстанбекович, 1979, Башына ок тийген
15. Акматов Тимур Шерадилович, 1978, Курсагына ок тийген
16. Сейдасанов Күмүшбек Сүйүнбекович, 1964, Ээгине жана моюнуна ок тийген
17. Жээналиев Максат Таалайбекович, 1982, Көкүрөгүнө ок тийген
18. Сагыналиев Айтбек Турусбекович, 1982, Көкүрөгүнө ок тийген
19. Кудайбергенов Жолдошбек Таалайбекович, 1974, Башына ок тийген
20. Мусаев Чолпонбек Бекбаатырович, 1959, Башына ок тийген
21. Огонбаев Жылдызбек Мадалбекович, 1958, Көкүрөгүнө ок тийген
22. Бекбоев Канат Кубанычбекович, 1882, Башына ок тийген
23. Казиев Марат Замирович, 1980, Башына ок тийген
24. Аширалиев Саламат Абдиевич, 1962,
25. Айпидинов, Санынан жарадар болгон
26. Ажыманбетов Акылбек Жаныбекович, 1984, Жамбашынан жарадар болгон
27. Дубанаев Акылбек Камалович, 1975, Көкүрөгүнө ок тийген
28. Айылчиев Эмил Турдубекович, 1983,
29. Алдаяров Саламат Мырзалиевич, 1980, Көкүрөгүнө ок тийген
30. Дооталиев Баястан Арылбекович, 1972, Санынан жарадар болгон
31. Кыдыралиев Чубак Сардалбаевич, 1985, Көкүрөгүнө ок тийген
32. Шиян Илья Владимирович, 1994, Ийинине ок тийген
33. Кущ Никита Владимирович, 1988, Ийинине ок тийген
34. Турсуналиев Акылбек Толенович, 1963, Моюнуна ок тийген
35. Жамансариев Мирлан Султанбекович, 1985, Көкүрөгүнө ок тийген
36. Мамбеталиев Сыргак Зарлыкович,
37. Мамбеталиев Адилет Төлөнович, 1988, Ичине ок тийген
38. Жамангазиев,
39. Аракеев Алымбек Токтобекович, 1983, Көкүрөгүнө ок тийген
40. Замир уулу Рустам,
41. Исаев Эсен Бейшебаевич, 1972, Ичине ок тийген
42. Дурусбеков Бердибек Тургуналиевич, 1978, Көкүрөгүнө октун майда сыныктары кирип кеткен
43. Такырбашев Эдил Дамирович, 1978, Бетине ок тийген
44. Жантаев, Бетине ок тийген
45. Султаналиев Эмил Орозбаевич, 1965, Жарылуудан жаракат алган
46. Каримов Асылбек Султаналиевич, 1981, Көкүрөгүнө ок тийген
47. Джумашев Данияр Суеркулович, 1986, Жарылуудан жарадар болгон
48. Камбаров Акжол Абдуракулович, 1955, Көкүрөгүнө ок тийген
49. Максутов Эдил Акматович, 1981, Көкүрөгүнө ок тийген
50. Бостонбаев Максат Өзгөрүшевич, 1981, Көкүрөгүнө ок тийген
51. Карасартов Адилет Сүйүндүкович, 1985, Бетине ок тийген
52. Эликбаев Төлөбек Уркунбекович, 1964, Бетине ок тийген
53.Садабаев Рысбек Канатбекович, 1986, Көкүрөгүнө ок тийген.
54. Эсенбай уулу Адыл, 1990, Башына ок тийген
55. Табалдиев Нурсултан, 1992, Баш мээси чачырап кеткен.
56. Актанов Чынгыз Шаршеналиевич, 1987, Көкүрөгүнө ок тийген
57. Базарбеков Урмат Жолчубекович, 1978, Көкүрөгүнө ок тийген
58. Бейшеев Нурланбек Жумашович, 1976, Боорунан жарадар болгон
59. АлтынбековТеңизбек Табалдиевич, 1981, Башына ок тийген
60. Кубатбек уулу Мисирбек, 1989, Көкүрөгүнө ок тийген
61. Жанышбаев Абсамат Абдраимович, 1963, Көкүрөгүнө ок тийген
62. Ниязалиев Эмилбек Кыдырбекович, 1972, Көкүрөгүнө ок тийген
63. Камчиев Махамаджан Абдрасулович, 1969, Көкүрөгүнө ок тийген
64. Минбаев Эрнис Түнгатарович, 1974, Баш мээсине ок тийип, баш сөөгү чачырап кеткен
65. Камалов Усенбек Өмүрбекович, 1957, Көкүрөгүнө ок тийген
66. Кадыралиев Мирлан Апсаматович, 1984, Көкүрөгүнө ок тийген
67. Насыров Аскат Мурзабаевич, 1977, Моюнуна ок тийген
68. Турдалиев Мирланбек Орокмаматович, 1981, Моюнуна ок тийген
69. Абдразаков Алмазбек Асанбекович, 1971, Башына ок тийген
70. Белгисиз киши, Бооруна ок атылган
71. Белгисиз киши, Башына ок тийген
72. Белгисиз киши, Башына ок тийген
73. Кулубаев Жыргалбек Советович, 1974, Жамбашына ок тийген
74. Өмүралиев Эрланбек Жаныгулович, 1983, Башына ок атылган
75. Тойбаев Кайрат, 1988, Көкүрөгүнө ок тийген
76. Шабданбек уулу Алтынбек, 1992, Башына ок тийген
77. Чыңгышев Канатбек Жыргалбекович, 1984, Сол ийнине ок тийген
78.Жумаев Мырзабек Үсөнович, 1956, Баш мээси чачырап кеткен
79.Ысыев Беккул Рахманович, 1956, Ичине ок тийген
80.Сарыбаев Таалайбек Кадырович, 1966, Баш мээсине ок тийген
81.Абыджанов Алишер, 1994, Бооруна ок тийген
82.Өмүралы уулу Адыл, 1964, Бооруна ок тийген

Негедир тизменин арасынан бир да кыздын ысымын көрө алган жокпуз. Такталбаган маалыматтар боюнча элдин арасынан 3-4 кыз да ок жеген.
Биз шейит кеткендердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.