күнсүрөт

Ак үй деген чоң ордо, Айланды кечээ карага
9-апрель күнү канга чыланган Ала-тоо аянтына чыгып, кесиптик байкоо салып жүрдүк

Ошондойбу?
Аза күтүү күнү 9-10-апрелге белгиленгендиктен эл аянтка батпай чогулуптур. Ар кайсы жерге чогулуп отура калып, курман болгондорго атап куран окуп атышты. 10-15тен чогулта калышып, провакация жүргүзгөндөр да болуп атты: "Силер эмнеге мынчалык кан-жаныңарды бересиңер, ушу өкмөт жыргатат деп турасыңарбы? Алар кырдаалды кантип түзөп кетишти ойлонмок тургай, бийлик талашып өлүп атышат" деп бир аял ортого тура калып кыйкырды эле, тегеректеп турган кызуу кандуу жигиттер "Ошондойбу эже?" деп, муштумдары түйүлүп, тиштери кычырады…

Нааразычылык
Аза күтүү музыкасы жаңырып, микрофондордо улам куран окулуп, жанын берген азаматтардын аты аталып, тизмеси аянтка илинбегенине элдин кыжыры кайнап атты. Ушунча элдин чогулганын тоготпой, өкмөт мүчөлөрүнөн бири дагы эл алдына чыгып, жагдайды түшүндүрүп койбогонун талкуулап, бири-бири менен уруша кетип да атышты. "Убакыт берели да. Алар деле биздей адамдар, момундай кызыл кыргындан эмне кылаарын билбей, далдырап калышты. Он күн, бир ай күтөбүз. Тыянак чыкпаса мына, карышкырдай жулунган жаштарды токтото албайбыз. Кайра эле чыгат" деп атышты.

Кенже морадёр
14-15 жаштагы бала аянтта турду. Андан бир аял "кымындай болуп алып сен дагы тоногондордун ичинде болдуңбу? Уят эмеспи" десе "Эже, мен магазинден колбасадан башка эч нерсе алган жокмун. Бир жылдан бери колбаса жегим келип, сатып алалбай жүргөн болчумун. Пакетим жок болуп калбадыбы, болбосо апамдарга да толтура салып барат элем" дегенде, эже ыңгайсыз болуп, көзүнөн жаш чыгып кетти.

Каңкуу
Эл аралап баратсаң кызык маалыматтарды угат экенсиң. Дагы бир 20-25тердеги жигиттен бир ата сурап калды: "айланайын, магазиндерге го кирдиңер, а КТРдин компьютерлерин не максат менен талкаладыңар?" дегенде бала: "мен биринчилерден болуп кирдим. Негизи, КТР элге жалган маалымат бергенге маш эле го. Биз ошо күнкү чындыкты таптаза жеткирели деп киргенбиз. Барсак, эчак эле компьютерлердин бырын-чырыны чыгып жатыптыр. Ата, генпрокуратуранын документтеринин кимге кереги бар? Ал жерде да белгисиз бир жигиттер биз менен аралашып кирип документ, кагаздарды тытып, ыргытып атышты. Билгендер КТРди талкалагандар да, генпрокуратураны талкалагандар да Жаныш Бакиевдин жигиттери деп атышты" деди жигит.

Жаныбызга 50 жаштардагы бир аял келип, сөзүм бар эле деп өтүндү.
"Өлгөн баланын таежесимин"
Үмөтбекова Салтанат:
Мен жанагы, баатырлардын эң кенжеси аталган Алтынбеков Шабданбектин таежеси болом. Атасы Алтынбек былтыр каза болуп калган. Булар Жумгалда жашачу, энеси байкуш атабызга эстелик тургузабыз деп, шаарга келип, эптеп тиричилик өткөрүп, акча чогултуп атышты эле. Пирожки жасап сатчу. Шабдан стройкада иштеп аткан. Аянтка чогуу иштеген бир бала менен кеткен экен, үйүнө кайтпай калбадыбы. Ушу өлгөндөрдүн баарынын жашоосу оор, жакырчылык жанына баткан балдар болушу керек. Мисалы, менин беш балам бар. Жесирмин. Айлык акым 4000 сом. Светке эле айына 1700 сом чыгып келет, кийим-кече, азык-түлүк, жол кире деген бар, кантип жеткирээримди билбей башым ооруйт. Эл чынында абдан кыйналып кетти да.

Жер ээлемей…
Аянттан жумушка келатып, Кара-Жыгач жаңы конушунун ээн талаасына чогулган элди көрдүк. Кайра эле баягысын баштаган эл "жер бергиле" деп чыгышыптыр. Элдин турмушу чын эле ушунчалык оорбу же эптеп эле "жоктон да пайда көргөндү" каалагандар көбөйдүбү? Байкуштар, кантсин? -дейин десең, чет-жакада баары кымбат баалуу инаморка.





7-апрелдеги айрым көрүнүштөр
Революцияны биринчи баштап берген Каракол шаарындагы Сын-Таш айылынан келген бүгүнкү күндүн Чолпонбайы - Чолпонбек аттуу 49 жаштагы мырза болду. Ал камазын айдап ак үйдүн темир дарбазасын түрттүрүп кирүүгө аракет жасап атканда снайпер аны башка аткан.
Кандуу кагылыштын наристе курмандыгы 9 жашта экен. Наристе бала атасы менен келип тополоңдун ичинде турганда, карапайым калкка психологиялык "атака" катары эң биринчи баланы атып салган.
Канга жуулуп аткан аянтты, андагы элдин абалын мобилдик телефону менен тартып аткан жаш кызды снайпер эмчекке аткан.
Кыргыздын ич жылыткан ички маданияты:
Алар уулдарынын каны тамган жерлерди басып кетпегидей кылып таш менен тегеректеп, ак чүпөрөк байлап, алардын урматына гүл коюшкан.

8-апрелде…
Ошол күнү чогулган жерге биздин "Обон" гезитинин ээси Дүйшөмамбет Азыбаевич да барган. Провокаторлор анын машинесинин тамтыгын чыгаргыча талкалашкан. Бул боюнча ал буларды билдирди:
"Мелис Эшимкановду кубалайбыз" деп…"
- Элдин арасында "элдик ыңкылапты" көрө албаган кээ бир күчтөр провокация жүргүзүштү. Аянтта жүргөн элди ар кандай бузуку ойлору менен мушташка, талап-тоноого ж.б. терс көрүнүштөргө үгүттөгөн адамдар да болду. Элди эки-үчкө бөлүп, революция кылып жаткан элдин ортосуна да от жагып, ынтымакты ыдырата тургандай ойлору бардай. Чогулган элдин арасында баш-көз болгон адамдар жок болгондуктан, ар кимдин айтканына көнүп, тополоңду ого бетер күчөтүп жатышкандарынын натыйжасында күнөөсүз эле адамдар жабыр тартып, таанып-тааныбаган эле бейкүнөөлөрдү сабап жүрүштү. Бирөө "Тигине, Мелис Эшимканов" деди эле, "сабайбыз" деп, аны кууп жөнөштү. Бирок ал эч кандай Мелис эмес, бөлөк киши эле. Мелиске окшоштуруп кууп алышкан адам качып келатып менин машинеме корголой калганда, куугандар машинени кошо талкалап салышты.
Дүкөндөр талкаланып…
Бул күнү эл чын эле кыжырдандыбы же көнгөн адатына салдыбы айтор, борбордун "Вефа-центр", "Караван", "Дордой-плаза", "Народный" өңдүү ири дүкөндөрдү, кичи банктарды, үйлөнүү-үлпөт салондорун талап-тоноп, кээсин өрттөп да жиберишти.


айтканы келеби?
2000-жылы "Чабалекей доор" гезитинин №3- санына Шайлообек Дүйшеев белгилүү парапсихолог МЕЛИС Карыбеков менен маек курганда ал төмөнкүдөй кызыктуу маалыматты айткан экен:
Үчүнчү президент кандай болот?
Көрүп турам чуу болот,
Көк тумандап буу болот.
Көздөн жоолук чечилип,
Көлдө-чөлдө дуу болот.
Көлкүлдөгөн саз жүрөт.
Көчөлөрдөн таш күйөт.
Үчүнчү хан жаш болор,
Ишке тыкан маш болор.
Ченебеген чечкиндүү,
чебер болор, так болор.
өндүрүштү өстүргөн,
өтө катуу таш болор.
Мүнөзү анын кырс болор,
Душмандары жык болор.
Каны түштүк, а бирок,
Калкын бөлбөй нык болор.
өлкө нугу өзгөрөөр,
Эл жыргалды көп көрөр.
Кыргызстан чыгарган,
Машинени көз көрөр.
Жүрө-жүрө ал дагы
өзүмчүлгө айланып,
Кайра келбес шайланып…

Биз да Кыргыз мамлекетинин келечеги тууралуу бүгүнкү күндө көзү ачыктар не дейт болду экен деген ойго жетеленип, Жыпарбүбү менен маектештик.
"Текебаев сак болсун!"
Кыргызстанды эмне күтөт деп болжойсуз?
Эмки президентибиз жаш болот. Ичи таза, жейин-ичейин дебейт. Акаев, Бакиев көтөрө албаган оор милдетти ушу бала көтөрөт. Элдер айткандай, алыстан келбей эле, Кыргызстанда жашап жүрөт. Президент болоорун сезип, сүйүнгөндүн ордуна абдан кыйналып турат. Ал эми өлкөнүн оңолушуна 10 жыл бар деп көрүп атам. Ушу келүүчү ханыбыз такта 10 жыл олтураарын, элди алдыда дагы көз жашы күтөөрүн болжоп атам.
Бакиевди түштүк элинен жардам сурап атат деген сөз бар. Түндүк-түштүк болуп жоолашып кетпейбизби?
Бакиев мени төбөмдөн кудай урду деп катуу санааркап отурат. Туңгуюкка кептелгенин билсе дагы акчасына ишенип, акча менен эркиндикти да сатып алам деп ойлонуп атат. Түштүктүк туугандарыбыз аны ээрчибейт, алардын да Бакиевди көрөйүн деген көздөрү жок болуп туру. Бул адамдын ичер суусу, көрөр күнү көп эле. Бирок, төгүлгөн кан үчүн катуу жазаланат.
Убактылуу өкмөт кантет?
Мага Өмүрбек Текебаев түшүп атат. Текебаев бийликте эсеп менен жүрөт, анын шансы көбүрөөк. Анын күткөн маалы ушу болчу. Бийликтин чокусун көздөйт. Бирок, бийликте жүрсө көп деле жакшы нерсе көрбөйт. Анын кетип эле калганы жакшы. 6-7айдан соң, анын жакын адамдарынын бирине кол салуу болушу мүмкүн. Текебаевге силердин гезит аркылуу айтаар элем, сак болсун!