күндөлүк

Дайыр Исмадияров:

Апрель айынын ортосу менен түштүк жергесине концерт коюп бараткан ырчы Дайыр Исмадияровдун күндөлүгүн карап отуруп, эсинде калган кызыктуу көз ирмемдерди чагылдырдык.

"Мен башка улуттун кызына үйлөнгөндө апам ыйлаган"
Ырчынын ымандай сыры…
Дайыма жанымда алып жүргөн буюм - көз айнек. Көз айнектин модасына же түрүнө кызыкпайм. Болгону сындырып алганда гана алмаштырам.

Сулуулукту мен дайыма кыздардан издейм.
Костюм-шым кийип жүргөндү аябай жаман көрөм. Өзгөчө галстук мен үчүн - муунтуучу курал.
7-классымда атам менин чачымды кырып салганда, классташтарымдан уялып, "Эми мектепке кантип барам"-деп шолоктоп ыйлагам.

Жалган айткан адамды жек көрөм. Өзүм абдан ишенчээкмин.
Машина жокто өзүмдү тапичкеси жок жылаңач жүргөндөй элестетем.
Ойлосом, чөнтөгүмө акча салып жүрбөйт экенмин.
Продюсери Канат Кадыржандын уюштуруучулугунун негизинде Ош шаарында боло турган Дайырдын концертинде кызыктуу оюндар арасында эки кишилик "Ысык-Көлгө жолдомо" ойнотулат. Ошондой эле ырчы болууну каалаган улан-кыздарга кастинг жарыяланат. Толук маалыматты алуу үчүн 0555002548 номерине кайрылыңыздар.

"Сулайман-Тоону - "Дөң" дечүмүн"
Тоолорду абдан жакшы көрөм. Жыл сайын жайында өзүмө эс алуу жарыялап, досторум менен тоого чыкканды пландайм. Мурда "Сулайман тоого" көп маани бербей, кичинекей эле "Дөң" деп койчумун. Ушул барганда биринчи жолу чыгып көрдүм. Чындыгында жакшы экен.


"улуту башка кызга үйлөнүп…"
Акыркы убакта апам экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүз эле менин үйлөнүү тоюм жөнүндө болуп калды. Сүйлөшүп жатып, сөздү башкага бурсам деле, "Үйлөнбөйсүңбү"-дей берет. Анын үстүнө жакында түшүнө аян берип, мен улуту башка кызга үйлөнүп, апам ыйлап, мага каршы чыгып жатыптыр. Ошол түшүн айтып эле "Башка улуттун кызын албай эле кой, мени уят кылба, андайдан кудай сактасын"-деп коркуп алыптыр. А азыр мен жүрөгүмдүн ээсине жолуга элекмин. Буюрса, 2011-жылы үйлөнүш керек.

"Жаман күндөрүм аскердик окууда болду"
Аскердик окуу бөлүмүндө эки жыл окудум. Шаршемби күн сайын таңкы саат алтыда барып, кечке чейин ошол жакта жүрчүбүз. Менин эң жаман көргөн күндөрүм аскер формасын кийип жүргөндө болду.


"Талаада тамакты мен бышырам"
Сахнадан ырчымын, талаадан ашпозчумун. Этке караганда картошканы абдан жакшы көрөм. Үйдө эжемдер картошканы көп жешпегендиктен, тамакка кошулган картошканын баарын мага салып беришет. Ал эми талаа-түскө эс алганы чыкканда, дымдама же картошка куурула турган болсо сөзсүз мен бышырам.