Айлампа

Жыргал жашоо каякта?
Адам баласы өз турмушубузду оңдоп алганга да, бузуп койгонго да эптүүбүз. Пендечилик кылып, күнүмдүк жашообузда ар нерсени эңсейбиз. "Мындай кылсам эле жакшы болмок. Тигиндей кылсам эле сонун болот"-деп, жыргал жашоону элестетип, самайбыз. Бирок, баягы эле, "Кайда барсаң мамайдын көрү" же "Акчаң болсо баары ойдогудай болот"-дегенге барып такалат. А чындыгында акыретке чейинки дүйнөдө жыргал жашоо каякта болду экен?-деген сурообузга, белгилүүлөр жооп айтышты.


Куудул, Тынар Курбаналиев: "Бейиште"
- Жыргал жашоо акыретте. Жалган жашоодо бирин-бири алдамай, бирин-бири чапмай, атмай көп болуп жатпайбы. Алла Таала бейишти буйруп койсо, жыргал жашоо ошол жакта.

Куудул, Рысбек Жантөрөев:
"Тынчтыкта"
- Тынчтыкта. Тынчтык болсо кадимкидей эс алгандай болосуң. Келинчегиң, бала-чакаң менен үйдө тынч отургандан өткөн жыргал жашоо жокко дейм.


Акын, Жыпара
Исабаева: "Үйүмдө"
- Аял, эне катары, жыргал жашоо мен үчүн үйдө, өмүрлүк жарымдын, балдарымдын жанында болгонум. Чыгармачыл адам катары болсо, жыргал көз ирмемдер окурмандарымдын арасында.


Бийчи, Нурлан
Намазбеков:
"Жумушумда"
- Менин жыргал жашоом жумушумда. Эртең менен эрте туруп жумушка барам. Окуучуларым чогулуп, мени күтүп турушат. Балдар менен эртеден-кечке иштеп, кечинде үйгө чарчап баргандын өзү жыргал.


Ырчы, Нурбек
Айдаров:
"Дааратканада"
- Баардыгы эле жашоонун жыргалы деп, "Бейишти" айтышса керек. Мен дагы ага кошулам. Ал эми жалган жашоодогу жыргалды тамаша катары жооп берсем: ичиң аябай өтүп, даараткана издеп жүрүп, араң таап, бошонуп алгандагы жыргал ай...


Ырчы, Гүлнара
Кахарова:
"Жан дүйнөсү байдын жашоосу жыргал"
- Жыргал жашоону ким кандай түзүп алса, ошондой болот. Кээ бири кайгырып жатса, жамандын жакшысы бар дейт. Жаман болуп жатса сөзсүз түрдө анын аркасында жакшы нерсе бар. Демек, ал дагы жыргал. Ошон үчүн ар бир нерсенин жыргалчылыгын сезиш үчүн адамдын жан дүйнөсү бай болуш керек. "Балалуу болгондо, үй сатып алганда, акчам барда..."-деп ар бир адам жетпеген нерсесин "жыргал" деп айта берет да. Кеп материалдык жыргалда эмес, жакшы адам менен сүйлөшүп отуруп, ал сенин көңүлүңдү көтөрүп койсо, ошонун өзү мен үчүн жыргал.


Ырчы, Жаныш
Момунов:
"Жаратылышта"
- Жаратылышка чыгып, досторуң, бала-чакаң менен эс алып, жашоодогу анча-мынча проблемаларды унутсаң, жыргал жашоонун даамын таткандай болосуң.