Кубанычбек Адылов:
"Өзүмдү Кыргызстандан кеттим деп эсептебейм"
Кыргыз эли өнөрлүү, таланттуу инсандарга бай. Алардын катарында кыргыздын кулуну, Казакстандын тургуну актёр Кубанычбек Адылов да бар. Башка өлкөдө иштеп жүрсө да жүрөгү "кыргыз" деп соккон, учурда популярдуу болуп жаткан Э.Абдыжапаровдун "Уурунун махабаты" тасмасында башкы каармандын образын жараткан актёр менен маек курдук.

- Сөзүбүздү ата-энеңизден, балалыгыңыздан баштасак?
- Менин ата-энем Союз учурунда коммунистик партиянын "солдаттары" болчу. Апам Даутова Зинаида Аскаровна Айыл чарба илимдеринин кандидаты, учурда пенсияда. Атам Адылов Оболбек Адылович зоотехник, көп жылдар бою Оргочор совхозунун директору болуп иштеген. Тилекке каршы атамдан айрылганыма үч жыл болду. Үй-бүлөдө эки биртууганбыз. Беш жашка чейин Чолпон-Атанын алтын кумуна оонап, мөлтүр суусуна чөмүлүп, таза абасын жутуп өстүм. Биринчи класска Ак-Суу айылына бардым, 2-3-классымды Караколдон бүтүрдүм. Акыл токтотуп, алгачкы ашык болгон, жигит болуп бой түзөгөн жерим, бактылуу балалыгым менен кубанычтуу күндөрүмдүн күбөсү Оргочор айылым болду.
- Актёрлук шыгыңыз бала кезден эле байкалды беле?
- Таятам акын, ырчы, куудул киши болгон. Бала кезимде жанына ээрчитип алып, аккордеон үйрөтүп, поэзияга, элдик ырларга болгон кызыгуумду ойготкон. Атам атайын мени өнөр ордосу Москвага ээрчитип барып Третьяков галереясына, Пушкин атындагы Сүрөт музейине, дагы бир нече театрларды көрсөтүп өнөргө деген махабатымды арттырууга түрткү болду. Айта кетчү нерсе, биздин үйдүн бир бөлмөсү чоң китепкана болчу. Бала кезимден эле ата-энем мени китеп окуганга үгүттөштү. Алгачкы китептерим жеңил жомоктордон эмес Пушкин, Лермонтов, Грин, Айтматов, Хеменгуэй, Толстой, Достоевский, Чеховдордун чыгармаларын окуп баштадым. Өнөр жолумду тандоомо да ошол чыгармалар, ата-энемдин тарбиясы түрткү болду десем болот. Ата-энем экөөбүздүн жаркын келечегибиз, бактылуу балалыгыбыз үчүн эч нерселерин аяшкан жок.
- Анда мектепти бүткөндө эле актерлукта окууруңуз маалым болгон турбайбы?
- Алгач 1990-жылы мектепти бүткөндө Бишкектеги Скрябин атындагы айыл чарба институтуна өттүм. (Ал кезде экзамендерди мектептен эле тапшырчубуз. Билим министрлиги атайын ушундай эксперимент жасаган болчу). Бирок, мен окууга бара баштаганда айылдык бир кишиден "бул директордун баласы, "блат" менен экзамен тапшырды" деген арыз ректордун атына түшүптүр. Андан документтеримди алып, ошол эле жылы Караколдогу педагогикалык институтуна тапшырдым. Биринчи курсту бүткөндө 1991-жылы Алматыдагы Өнөр академиясына документтеримди өткөзүп, театр жана кино факультетине кабыл алындым. Азыркы учурда Алматыдагы Республикалык немис драма театрынын актёру жана режиссёру болуп иштеп жатам.
- Эң алгачкы тартылган тасмаңыз кандай аталат?
- Эң биринчи жолу "Сүйүү станциясы" деген киного тартылып, анын аркасы менен таанылдым. Андан кийин"Жаш аккордеончунун жашоосу" , "Уурунун махабаты", "Кыялдагы шаар", "Гаишниктерге" тартылдым.
- Актёрлуктан сырткары эмне иш кыласыз?
- Болгон убактымды өз кесибиме арнайм, убакыттын тардыгынан башка долбоорлорго катышууга кол тийбейт.
- Кыргыз актёрлорунан кимди баалайсыз? Кайсы кыргыз киносун тажабай көрөсүз?
- Сүймөнкул Чокморов менен Советбек Жумадыловдор мен үчүн актёр чеберчиликтеринин уюткулары. "Караш карашты" көргөндөн тажабайм.
- Кыргызстанга сиз "Уурунун махабаты" аркылуу тааныл-бадыңызбы? Киного тартылып жатканда кандай кыйынчылыктар болду?
- Көп дубль менен тартылган эпизоддор менде болгон жок. Эрнист байке менен иштешкен оңой экен. Мага сценарийди үч ай мурда беришкендиктен, съёмка башталганда даяр болуп калгам.
- Мыйзамдагы ууруларга болгон көз карашыңыз?
- Мен тасмада чагылдыргандай татыктуу мыйзамдагы уурулар бар. Аларга көз карашым дурус эле.
- Дагы кыргыз кинолоруна тартылуу сунушу түшсө макул болосузбу?
- Сценарийине карап көрөм. Анан албетте гонарары жакшы төлөнсө макул болом.
- Кыргызстанга келип жашайын деген оюңуз барбы?
- Статистика боюнча бир миллион кыргызстандыктар чет жакта иштешет…Ошолордун бири менмин…Албетте, өз жеримде жашайын деген оюм бар. Бирок, тек гана актёрдук кесип менен жан бага аламбы?..Билбейм…
- Казакстанда актёрлордун жашоо-шарты жакшы окшойт анда?
- Өзүм тууралуу айтсам, мен театрда гана иштеп, кинолорго тартылам. Алган айлыгым менен гонарарым өзүмдүн үй-бүлөмдү бакканга жетет.
- Кыргызстанга канча убакытта бир келип турасыз?
- Бишкекке жумуштар менен көп келип турам, досторум да көп. Алматыдагы автотыгында кээде 3-4-саат турган учурлар болот. Ал эми Бишкекке ашып кетсе эки сааттык эле жол да…Эс алууга чыкканда Караколдогу үйүмө милдеттүү түрдө келем. Эс алам, карагат, малина, алча терип бир-бир жарым ай жатып кетем. Кышында да мүмкүнчүлүгүм болуп калса, апамдын сактап жүргөн согум этинен жеп кетем. Алматы эми Америка эмес да, бат-баттан келгенге мүмкүнчүлүк бар. Дегеле өзүмдү Кыргызстандан кеттим деп эсептебейм.
- Сүйүүгө кандай аныктама бере аласыз?
- Сүйүү деген жан дүйнөңдөгү "мен" деген жазууну өчүрүп, "сен" деп жазып койгонуң.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?
- Жубайым Нуржан Бексултанова Ауэзов атындагы Казак академиялык драма театрынын актрисасы, Казакстан жаштар союзунун лауреаты, Президенттик стипендиянын ээси. Экөөбүз Өнөр академиясына чогуу тапшырган кезде таанышып, сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Алтындай, акылдуу, эки кызым бар. Улуусу Асел он беш жашта, кичүүсү Асем сегиз жашта.
- Кыздарыңыз сиздин жолуңузду жолдочудайбы?
- Азыр эки кызым тең Алматыдагы мектепте окушат. Эгерде актёрдук кесипти аркалайбыз десе каршылыгым жок. Мен алардын оюн сыйлайм.
- Үйдө кайсы тилде көп сүйлөшөсүздөр?
- Үй-бүлөбүздө кыргызча, казакча, орусча, кээде немисче да сүйлөшөбүз.
- Өзүңүздөн бир топ жаш кичүү селкини сүйүп калсаңыз кантмексиз?
- "В любви все возрасты покорны" деп Пушкин айткандай, сүйүп калсам эмне кылмак элем?! Ашык болом! Башыма түшкөндү көрөм, көтөрөм!
- Маегиңизге рахмат! Алдыда дагы бийиктиктерди багындырышыңызга тилектешпиз!