Бырс этме

"Нувейба мага абдан ылайык келет!"
Ильяз турагентствого чалып:
- Сиздер Египетке билет сатасыздарбы?
- Албетте, сатабыз.
- Айтыңызчы, ал жакта кандай курорттор бар?
- Шарм-эль-Шейх, Хургада, Таба, Нувейба...
- Во, стоп, эже токтоп туруңуз Ну-вей-ба. Нувейба мага абдан ылайык келет!
- Сиз качанкыга аласыз?
- А жо-ок, мен бул жакта кроссворд толтуруп жаткам, рахмат!

"Сүлгү таштеги менен!.."
Нурбек Айдаров менен Мирбек Иманбеков сүйлөшүп жатышат:
Нурбек:
- Мен кайненемдин туулган күнүнө кир жуугуч, кургаткычы менен сатып бердим.
Мирбек:
- Көпкө түшүп калдың анан?
Нурбек:
- Жок, болгону 200 сомдой кетти окшойт.
Мирбек:
- ??? Ал кандай кир жуугуч экен?
Нурбек:
- Сүлгү таштеги менен!..

"Жолдошума косметика белек кылам!"
Асема Назирадан сурап жатат:
- Назира, жолдошуңдун туулган күнүнө эмне белек кылайын деп жатасың?
- Жүрөкчөлөрдү, сумка, косметика, шакек…
- Ошондой да болмок беле? Ал деген эркек да!..
- Эң сонун болот! Менин туулган күнүмдө деле "дрель" белек кылган!

"Чыкпайм дедимби - чыкпайм!"
Борончу аялы менен урушуп жатып, Бокем керебеттин астына кирип кетет. Аялы Бокемди анын астынан чыгара албай, шыпыргы менен койгулай баштайт:
- Чык деп жатам!
- Чыкпайм!
- Чыкпайсыңбы, эркексиңби?!
- Чыкпайм!
- Азыр чыкпасаң өлөсүң!
- Эй, үйдө ким кожоюн? Чыкпайм дедимби - чыкпайм да!