Шоу дүйнө

Медер жаңы радионун директору
Ош, Жалал-Абад Fm 107.7
Баткен, Ноокат Fm 102.9 жыштыктарында обологон 1-Элдик радиосу 15-марттан тартып өз ишин баштады. ЭлТР КТРКсынын алдында ачылган ELFm - элдик радиосун 17-марттан баштап спутник аркылуу дүйнөнүн элүүдөн ашык өлкөсүндө жашаган кыргызстандык жердештерибиз угууга мүмкүнчүлүк алды.
"Кыргызстан Обондору" радиосунун экс-программалык редактору Медер Осмоналиев кайда көрүнбөй кетти десек, көрсө чоң иштерди жасап, 2010-жылдын февраль айынан баштап, ELFm - Элдик радиосунун директору болуп шайланган экен.

Болгонбаев балалуу болду
Кечээ жакында эле төкмө акын Азамат Болгонбаев турмуш жолуна аттанып, бойдокчулукка биротоло чекит коюп, ак таңдай кесиптеши Элмирбек Иманалиевди өкүл ата кылып шайлабады беле. Эми өзү минтип өкүл ата болуп отурат.
Атына заты жарашкан Азамат Болгонбаев балалуу болду. Болгондо да бир кыз, бир уулдун өкүл атасы болуп шайланып, жыргап эле жатып калды. "Арашан" айылында жашаган аяш атамдын баласы Адилет үйлөнүп, мени өкүл ата кылып шайлады. Абдан толкундандым. Баары эле "Куда, куда"деп сыйлашат экен. Буюрса, 11-апрелде Адилет менен Айканын үйлөнүү тою болот"-деген Азамат мырза тойго даярданып жатыптыр.

Фарида Каныкейдин ырын ырдайт
Ырчы Фарида Карбосова репертуарын жаңылап, чыгармачылыгына катуу киришүү менен бирге "Мерседес 220" үлгүсүндөгү жаңы темир тулпарлуу болду.
Фарида айымдын репертуарын ырчы эжекебиз Каныкей Эралиева абдан жактырат экен. Каныкей айым, сөзү Жыпара Исабаевага, обону өзүнө таандык болгон "Түнкү Бишкек" деген аталыштагы ырын Фарида сиңдисине белекке берген эле. Эми ырчы кой десе болбой, жаңы алган машинеси менен "Түнкү Бишкекти" аралап, жаңы ырларына "Кандай клиптерди тартсам экен"-деп ойлонуп-толгонуп, клип тартууга жай караштырып жүргөн чагы.

Сыймык диплом менен сыйланды
"Сыймыктын сыйлыгы" деп эми айтсак болот. Сыймык Бейшекеев КРнын Маданият ишмерлеринин ассамблеясынын дипломун алды.
27-март күнү обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеевге Маданият агенттиги "Рыспай Абдыкадыров" атындагы республикалык сыйлыктын лауреатынын дипломун тапшырды. Диплом Сыймык мырзанын өзүнө берилбестен, жубайы Нурзада айымга тапшырылды. Анткени, учурда ырчы чыгармачылык сапары менен Россия өлкөсүндө жашаган мекендештерибизге ыр десте тартуулап жүргөн убагы.

Жаңы долбоор
НБТнын "Музканалында" куттуктоо ээлери үчүн "Музбелек" жаңы долбоору чыга баштады. "Музбелек" көрсөтүүсү жуманын жетинчи күнү кечки саат алтыдан жетиге чейин болот. Куттуктоонун баасы 300 сом.
Телеге чыгып куттуктап, же жөн гана сүрөт берсеңиз болот. Андан сырткары жуманын дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү "Аукцион" теледолбоору чыкканы жатат. "Аукциондо" кыргыз шоу-дүйнөсүндөгү эстрада ырчыларынын баалуу сувенирлери жана кийимдери аукционго коюлат.




Нурзада Жолдошева:
"Жеңүүчүлөр да ушул дарактай көгөрүшсүн"
Гезиттин өткөн санында ди-джей, Нурзада Жолдошева окурмандарга табышмак катты эле. Ал табышмактын жообун "Куркулдайдын уясы" деп 47 окурман туура тапса, 17си ар кандай туура эмес варианттарды жөнөтүшкөн. Нурзада айым туура жооптордун арасынан эң алгачкы келген смстердин экөөсүн тандап алып, жеңүүчүлөр: Канат менен Шахизага өз колу менен жап-жашыл болуп бүрдөгөн дарак сувенирин белекке тапшырды.


- Нурзада, күйөрмандарыңа белек тандаган кандай экен?
- Күйөрмандарга белек тандаган абдан жакшы. Себеби, күйөрмандар менен биз барбыз. Ошондуктан сүйүнүп, чын дилимден мындай даракты белек кылып отурам. Жеңүүчүлөр да ушул даракка окшоп көгөрүп, гүлдөп өсүшсүн демекчимин. Өзүм да бир караганда адамды эс алдыра турган ушундай белектерди жакшы көрөм.
Канат: "Нурзадага жолукканым кымбат болду"
Канат: Мен "Обон" гезитин машинемде окуп отуруп, Нурзаданын табышмагын көрүп калдым. Анан көпкө ойлонбой эле дароо таптым да смс жөнөттүм. Жөнөтүп алып "Утуп калсам экен"деп шейшемби күндү чыдамсыздык менен күттүм. Буйрук экен минтип жеңүүчү аталып калдым. Мага белектен да Нурзаданын өзүнө жолукканым кымбат болду.
Шахиза: "Биринчи жолу белек алдым"
Шахиза: Табышмактын жандырмагын табууга апам жардам берди. Уя жөнүндө экенин билдим, бирок атын таппай апамдан сурасам "Куркулдайдын уясы"деп айтып берди. Анан смс жазып койгом. Экинчи күнү гезитти алсам менин номерим жеңүүчү деп жазылып туруптур. Үйгө келип эле апама сүйүнчүлөдүм. Ачыгын айтсам өмүрүмдө биринчи жолу ушундай белекке ээ болуп жатам. Нурзада эжеге чоң ырахмат айтам.

Айнура Касымова