тамаша бул-тамаша

Камчыбек Сарыбаев:
"Арыктабайм, менин төрт бутум иштейт"
1-апрель күлкү күнүн утурлай биз дагы белгилүүлөргө тамаша уюштуруп, "быссымылда" дегенде эле "Кыргызстан Обондору" радиосунун "Таңкы тополоң" берүүсүнүн алыпбаруучусу, Камчыбек Сарыбаевдин телефон номерин бурадык. Сценарийдин негизги өзөгү Камчыбек мырзанын 123 килограммдык оор салмагына тийишип, арыктоонун дарысын сунуштоо болду.

- Алло, Камчы бекен?
- Ооба, угуп жатам, ким бул?
- Мен Мурас. Сүйлөшкөнгө убакыт барбы?
- Ооба.
- Мен акыркы учурларда сендей толук кишилердин телефондорун издеп жүрөм.
- Эмнеге?!
- "Сибирское долголетие"деген Россиялык фирманын Кыргызстандагы дистрибьютери болуп иштейм, маркетологмун.
- Сибирское долголетиеби, ийи.
- Менин салмагым жарым жыл мурда 120 кг болчу. Буттарым, боорум ооруп кыйналчумун. Дары ичкенден кийин 78 кг чейин түштүм. Арыктатуучу препараттарды сага сунуштайын дегем. Сенин салмагың канча?
- Меники 123 кг.
- Аа, жакшы экен. Биз Кыргызстандын базарына жаңы келип тарай албай жатабыз. Сен күндө эртең менен радиодон чыгып жатпайсыңбы? Дарыны рекламалап бербейсиңби? Мен силерге чөптөрүн өзүнчө, таблеткаларын өзүнчө кылып бекер берейин.
- Аа, Мурас мырза, мындай сүйлөшпөйлүбү. Реклама жаатын мен билбейм. Биринчиден ал менин жеке радиом эмес да. Экинчиси, эфирден "Сибирское долголетие" деген сөз айтып койсом эле, менин айлыгымдан шыпырып алат. Келиңиз, мен сизге Багзада Акулиева деген кыздын номерин берейин. Кеңешип, арзандатып алсаңыз болот.
- Сөзсүз ошол кыз чечеби, мен радиого чалсам орустар экен. Сунушумду айтсам, "Бизде иштеген Сарыбаев эле алышы мүмкүн" деди.
- Сарыбаев алышы мүмкүн дейт, с мысле?
- Өзүм да аларга орусча түшүндүрө албай койдум. Сен эле ала берчи. Мен сага дарыларды бекер эле берейин, өзүң пайызын чыгарып аласың.
- Бул телефондогу иш эмес экен. Жумушка келсеңиз, анан сүйлөшөлү.
- Азыр эле алтыда жолукпайлыбы?
- Мен алтыга бошобойм. Сегизде бошоп калам.
- Артисттер кызык эле калк экенсиңер. Рахман Разыковго айтсам Россияга кетип жатыптыр. Келгенде жолугалы дейт. Мен силерге жардам берейин деп жатсам...
- Жок. Түшүнүп жатам. Жардам берем дегениңизге рахмат, чын айтам. Моминтип мага чалып жатканыңызга кубанып жатам.
- Камчы, уксаң дем алганыңа, баскан турганыңа да жеңил болот. 8-кабатка түшүп-чыккан деле оңойго турбаса керек. Бул сага керек да.
- Мага керек экенин түшүнүп жатам...
- Албасаң албайм деп эле ачык айт да.
- (Камчы жинденип) Жок, сиз мага реклама кылып бер деп жатасызбы же өзүмө сатып жатасызбы?
- Мен сатпайм сага, бир жолкусун бекер эле берем. Эгерде жагып калса кийин өзүң сунуштап сатып бересиң.
- А мен сатып беришим керекпи ээ?
- Ой, кандай түшүнбөй жатасың, дарынын бир партиясы жок дегенде 700 доллар турат. Мен сага аны бекер берген жатпаймынбы?
- Байке түшүнүп жатам. Жолугуп эле сүйлөшөлүчү.
- (Ачууланып) Көп сөз кылбай эле тарс-тарс бүтүрбөйлүбү. Мен сени давай алтыда күтөм. Алтыдан кийин менден машинени алып коюшат. Жолугуп дарыны берем калганын өзүң чечесиң. Макулсуңбу?
- (Тажап) У-уф! Мурас, түшүнсөң, мен алтыда бошобойм, сегизде бошойм.
- Камчы, сен кызык киши экенсиң.
- Сиз мени урушпаңыз. Мен бошогондо жолугайын деп жатпаймынбы?
- Мен сага жакшылык кылайын деп адамча сүйлөшүп жаткандан кийин.
- (Ачууланып) Эй, байке, койчу эй, кереги жок мага ал дарыларыңдын. Түт-тү-үт...
Кайра байланышка чыгып.
- Алло, Камчыке эмне коюп салдың телефонду?
- Байке, мен дарыларды алалбайт экенмин. Тим эле коюңуз!
- Далдайганың менен даамың жок экен да. Ушинтесиң анан.
- Рахмат, рахмат. Мен бирөөнүн жардамына азырынча муктаж эмесмин. Арыктабайм, менин төрт бутум иштейт кудайга шүгүр.
- Анан кейип калба, эй бала.
- Жок байке, бала эмесмин кечиресиз, антип балаңызга айтыңыз. Тү-үт...
Камчы мырзаны жакшы эле ары-бери калчадык окшойт. Үчүнчү коңгуроодо тамаша экенин айтпасак, кан басымы көтөрүлүп кетээрин сездик.
- Алло, Камчы...
- Алло, Мурас...
- Сизди "Обон" гезити 1-апрелге карата тамашага салды.
- Эк, энең... (Каткырып, жанындагыларга )"Обон" гезити экен.
- Кейибеңиз, ден-соолукта болуңуз.
- Ха-ха-ха... Рахмат, рахмат... Нормальный эй, рахмат... -деп, Камчыбек Сарыбаев ыйлай албай же күлө албай, рахмат деген сөздөн башка эч нерсе айталган жок.




1-апрелде эч
кимге ишенбе!..
1-апрелдин пайда болушу тууралуу бир канча варианттар бар. Кээси 1-апрель байыркы Римдиктер же Индиялыктардан калган дешсе, көпчүлүгү 1564-жылдын башында Франциялыктар "Алдагандардын күнү" деп жайылтышкан дешет. Башкача айтканда Франциялыктар 16-кылымда жаңы календарды
1-апрелден баштап, 1-январга чейин түзүшкөн. Ошентсе да бул күн тамашанын, күлкү күнүнүн майрамы катары каралып, ар кайсы өлкөдө тамашалуу окуяларды өзүнө камтып келет.

Ушул күнү
1999-жылы 1-апрелде Австралиялык радиостанциядан алыпбаруучу эртең мененки шоу программаны алып барып жатып, Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынтыгында 2000-жылы өтө турган жайкы олимпиадалык оюн Сиднейде болбой тургандыгын жарыялаган. Мындай тамашалуу маалыматты жайылтууга Жаңы-Түштүк штатынын премьери Уэльс Боб Карр да катышкан. Буга элдин баары ишенип, тамашалуу маалымат бүт өлкөгө тарап кеткен.
Австрияда дагы бир "Sea FM" радиостанциясы: "Мындан кийин спирт ичимдиктерин 18 жашка чейинкилер эмес, 21 жаштан улуу адамдар гана сатып алуулары керек" деп билдирген. Муну уккан студенттер нааразычылык демонстрациясын уюштурганга аракет жасап ийишкен.
2004-жылы 1-апрелде "The Sydney Morning Herald" гезити "Кытай ресторандары тамак ташыган араба айдоочу кызматкерлерине мындан кийин атайын айдоочулук күбөлүктөрдү жаңы эреже менен Сиднейдин шаардык кеңешинен алышын талап кылат" деп жарыялаган. Анын себебин, айдоочулар арабаларды бат-баттан сындырып, жоготуп жана кардарлардын ортосунда уруш-талаш жаратып жаткандары менен түшүндүрүп тамашалашкан.
ABC Маалымат кызматынан алыпбаруучу Стив Сасс: "Түндүк өлкөдөгү кургакчылыктын айынан крокодилдердин көпчүлүгү түштүктөгү дарыяга кетишүүдө"деген маалыматты жайып жиберип, элдин оозун ачырышкан.




Алмазбек Раимкулов:
"Менин айгырларым бээге секирбейт"
Кийинки тамашаны Кыргыз циркинде жылкылар менен машыккан Алмазбек Раимкулов менен уладык. Тамашада Алмазбектин айгыр аттарын ижарага сурап, болушунча ачуусун келтирип, "Ортого чоңдорду салабыз" деп коркуттук.

- Алло, Алмаз бекен, ассалому алейкум.
- Ооба. Алейкумассалам. Ким бул?
- Мен Мурасмын. Мени тааныбайт болушуң керек.
- Жок.
- Сен ат багат турбайсыңбы?

- Айта бер угуп жатам.
- Аттарды прокатка бересиңби?
- Беребиз, эмнеге, сүрөткө түшкөнгөбү?
- Сүрөткө эмес. Менде пародалуу, туяктары жоон, байтал бар. Мен аны канчадан бери багып келатам. Байталга жакшы айгыр кошуп, асыл тукум алайын дедим эле.
- Аа, айгыргабы? Меники айгырга болбойт. Булар кийин өлтүрөт да бири-бирин.
- Эмнеге?
- Менде төртөө тең айгырда.
- Жок, сенден бирөөнү эле алам мен.
- Түшүнүп жатам. Секирген, бээ көргөн айгыр билесиңби эмне болот. Анан бияктагыларды өлтүрөт. Бүт баарын эки жаштагы кездеринде алгам. Алар бээге секирбейт.
- Такыр кошпойсуңбу?
- Жок, жок, такыр кошпойм.
- Арасынан алсызын берип тур да.
- (Күлүп) Жок, болбойт. Андайга бералбайм.
- Сенин аттарыңа канчадан бери кызыгып жүрөм. Ачыгын айт, канча сурайсың?
- Кеп акчада эмес, кийин мен өзүм жумуштан кыйналып калам. Билем да аттарымды.
- Анда сен менин байталымды көрбөйсүңбү. Балким, өзүң кызыгып каласың.
- Түшүнүп жатам. Мен андай сферада иштебейм. Меники шоу да.
- Алмаз, экөөбүз тең кыргызбыз. Колдоо көрсөт эми.
- Мен сага айтпадымбы, андайга аттарымды бербейм. Туура түшүнчү мени.
- (Үнүн бийик чыгарып) Акчаңды төлөп берейин. Канча десең... Мен сага Алмаз деп суранып, адамча айттым го.
- (Жинденип) Кандайча адамча? Мен сени менен анан айбанча сүйлөшүп жатамбы?
- Бир жумага берип тур, болду маселе чечилет.
- (Кыйкырып)Башында эле айтпадымбы сага. Мен түшүнгөн жокмун. Эмне наижать эткенге чалдыңбы? Бере турган болсом, акчасы жок эле бермекмин. Булар чогуу турушат. Бири-бирине көнүп алган. Анан мушташса жүрөмбү алардын азабын тартып. Сен өзүң жылкы менен иштешип жүргөндөн кийин билесиңби, айгыр бир жолу бээге секиргенден кийин эмне болуп калат.
- Тааныш братандар деле бар. Чалдырып баары бир деле алам. Адамча сүйлөшүп, бир жерге отуруп чайлашалы дейин десем эле дароо жинденип кеттиң го.
- Эй, дос эй,..
- Чоң кызматтагы братандарга чалдырайынбы анда?
- Эй, кеп анда эмес. Кимге чалдырасың, чалдыр каалаганыңа.
- Коркпойсуңбу? Кийин кеч болуп калат.
- Эй, Мурас, сен мени коркутпачы макулбу, "тигиге чалам, буга чалам" деп. Чала бер каалаганыңа! Билгениңди кылып ал! Тү-үт, тү-үт...
Ачууланып, маанайы түшүп калган Алмаз мырзага кайра байланышып, тамаша экенин айтканыбызда, "(Күлүп) Ой-ата-аа. Рахмат, жакшы тамашалайт экенсиңер"-деп, бул окуянын тамаша болуп калганына сүйүндү.