Сыймык

Нооруз Кыргызстанда эле эмес
Вашингтондо да өттү
Кыргыз эстрада ырчылары Нооруз майрамынын урматына Американын борбору Вашингтондо ырдашты. Бул маалыматты АКШдагы "Кыргыз клуб" уюмунун өкүлдөрү билдирди.
17-март күнү майрамга карата уюштурулган салтанатка АКШнын айрым мамлекет башчылары, ар кайсы өлкөдөн келген элчилер, жеке ишкерлер, эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты. Концерт Америка менен Кыргызстандын элчилиги тарабынан уюштурулган. Атайын уюштурулган салтанатка башка өлкөлөрдүн да ырчылары келишип, биздин мамлекеттин атынан Бактыгүл Бадыева менен Каныкей катышышты. Жакында эле Америкага гастролго аттанышкан ырчылар сапарын андан ары Германия менен Англияда улантышат.

Кастингге катыш
Кыргызча "Ералашка" тартылгыңыз келеби?
Жакында "Ералаштын" кыргызча варианты жарык көрөт. Алексей Филатов жетектеген продюсердик топ саналуу күндөрдөн кийин сьёмкаларды баштоо алдында турат.
Жашоодон алынган күлкүлүү окуяларды эки-үч мүнөттүн ичинде чагылдырып берүүгө шоумен Алексей Филатов катуу даярдык көрүүдө. "Ералаштын" кыргызчаланган вариантына сценарийлер табылганы менен азырынча юмордук берүүгө кандай ат ыйгарышарын чечише элек. Өз күчүнө ишенген таланттуу улан-кыздарды продюсердик топ кастингден өткөрүп, өз күчүн сынап көрүүнү сунуштайт. Актердук чеберчилигиңизди элге тартуулап юмордук телеберүүгө катышкыңыз келсе 0543 00 60 90 номерине байланышып кастингге катышыңыз.


Ат айланып казыгын табат
Азат Болотбек кайрадан сахнада
Күйөрмандарын сагындырган Азат Болотбек көп көрүнбөй, сахнадан оолактай түшкөнү көпчүлүккө маалым. Эки жыл убактысын билимге жумшаган ырчы кайрадан күйөрмандарына кайтып келди.
"Просто друзья", "Жыргалым", "Туулган күн" деген ырлары менен күйөрмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы Азат Болотбек жеке бизнес менен да алектенип келген. "Ырчылыкты бир убакта таштап салсамбы деген да ойлор келген, бирок баары бир жандүйнөң ырды эңсеп турган соң чыгармачылыктан баш тарта алган жокмун" дейт ырчы. Жакында эле сөзү апасы Лариса Асанбековага таандык"Кечки Бишкек" деген ырына обон жаратты. Ылайыгы келсе продюсер менен да иштешсем деген ою бар. Өзү айткандай "бир баш жакшы, эки баш андан да жакшы" деп учурда чыгармачылыктын түйшүгүн кошо тартышууга даяр адам издеп жүрөт.




  Жакут Сыдыков:

"Илгери алган аялым менен жашап жатам"
Ырларга күлкү кийгизип, пародияларды жараткан Жакут Сыдыков мындан он жыл мурда колуна кызыл гүл кармап, куудулдук өнөрү менен сахнанын босогосун аттаган эле. Жакут мырзанын колунда көрүнбөй калган гүлүн сурап, акыркы жаңылыктарына кулак түрүп, куудул менен азыноолак маек курдук.

- Жакут, сизди түштүктө деп уктук эле?
- Ооба. Былтыр жайды-жайлата түштүк регионун түрө кыдырып, гастролдоп, кыштап да келдим. Гезит, теле менен иштешпегеним болбосо башка ырчы, куудулдар сыяктуу мен дагы элиме эмгек кылып жүрөм.
- Чыгармачылык ойдогудай экен да?
- Куудулдук өнөрүм өз калыбында эле келатат. Өсүш болду деп айта албайм. А тамашалуу ырларды жаратуу жагы болсо ойдогудай. "Угуп кой" деген тамашалуу ырымды чыгардым эле, эл арасына уюлдук телефондогу "Блютуз"аркылуу жайылып кетиптир. Эми ал ырга жакшы клип тартайын деп чыгынып жатам. Андан сырткары, "Апама кат", "Арыкмын" деген тамашалуу ырларым жаралды. Өзүмдүн калемиме таандык ырларымды чогултуп, алты айда бир жолу өзүмдүн калемиме таандык ырлар жыйнагын чыгарып турсамбы деген оюм бар.
- Колуңузда кармаган кызыл гүлүңүз көрүнбөйт го?
- Ал гүлүм азыр үйдө, вазага салынып турат. Кызыл гүлдү мен мындан он жыл мурда сахнага көтөрүп чыгып, "Жомок" деген эң алгачкы пародиямды аткаргам. Ал жомок ошол кезде хит болуп жаткан ырлардан түзүлүп, абышка кемпирдин жашоосу камтылган. Колума гүл кармап чыкканымдын себеби, мени менен удаалаш чыккан Айылчы, Максат, "Бешилик" тобунун балдарынан, ж.б. жаш куудулдардан өзгөчөлөнүп турайын деген максат болгон. Мени элге таанылткан ошол гүл болду. Кайда барбайын "Гүлүңүз кайда?"деп сурап калышат.
- Назира Жетигенова менен да тандем түздүңүз эле?
- Ооба. Назира эже экөөбүз бир жылга келишим түзүп чогуу иштештик. Ал аралыкта көп ийгиликтерге жетиштик, элге жакшы сатираларды көрсөтө алдык десем болот. Келишимди эл алдында отчёттук концерт берип аяктаганбыз. Азыр деле бир туугандай болуп, бири-бирибизге жардамдашып, интермедияларды чогуу ойноп калабыз.
- Жүрөгүңүзгө кайсы өнөр жакын?
- Негизи ыр жазуу, обон чыгаруу жүрөгүмө жакын. А куудулдукка идирегим бар. Кичинекей кезимде эле куудулданып, бир нерсени тескери жасап, олдоксон жүргөнүмдөн улам үйдөгүлөр мени "Никулин" деп коюшчу. Бул өнөрдү өрчүтүп өстүргөнгө милдеттүүмүн.
- Сиз тарбиялаган окуучуларыңыз барбы?
- Бар. Убагында "Күйдүргү" деген топ ачкам. Азыр ал топтогу балдар "Жоролор" деген ат менен эл алдына чыгып жүрүшөт. Менден сабак алып, куудулдук өнөрүн улантып кетишкен балдар менен сыймыктанам. Анткени, алардын эл алдына чыгышына менин салымым бар. Жашоодо адам өзүмчүл болбош керек. Ушул күнгө чейин билгенимди башкаларга үйрөтсөм экен дейм. Азыр дагы Нурбек аттуу ырчы баланы тарбиялап, колумдан келген жардамымды берип жатам.
- Жеке жашооңузда эмне жаңылык. Канча балалуу болдуңуз?
- Илгери алган аялым Аида менен эле жашап жатам. Эки уулубуз бар. Улуусу Гүлжигит беште, Кутбайыр үчкө чыкты. Гүлжигит абдан тартынчаак, мага окшош. А кичүүсү акылдуу, тың, уялуу дегенди билбейт. Экөө тең ырга жакын. Жаш ырчылардын кыймылдарын туурап, ырдай беришет.
- Ынак Осмоналиев аткарып жүргөн "Тигүүчү кыз" деген ырыңызды келинчегиңизге арнап чыгарганыңыз чынбы?
- Аидага арналганы чын. "Бир кызды сүйүп калдым араңардан" деген саптары бар го. Жеңеңерди сүйүп калып, анан жазган элем. Бирок, жубайыма арналганын эч ким билбейт. Негизгиси ырдын каарманы билсе болду да. Жубайым аркылуу тигүүчү кыздардын баарын кубандырдым болуш керек. Ачыгын айтып коёюн, Ынак ырды жакшы аткарган. Эгерде өзүм ырдап чыкканда мынчалык жеткире алмак эмесмин.
Айзада Тынымсейитова