ой түрмөк

Ой жүгүртүүңүз ойдогудайбы?..
Бул ирээт акын Кубат Жакыповдун Кайыптан алып, кагазга түшүргөн накыл сөздөрүн белгилүүлөргө узатып, кандай мааниде чечмеленээрине кулак түрдүк.


"Кырк шырык чапан кийсе да, Кызырдай адам турбайбы"-дегенди кандай чечмелейсиз?
Диктор, Бактыбек Мамытов:
- (Ойлонуп...) Жашоо-шарты жөнөкөй, кийген кийими жупуну болгону менен адамкерчиликтүү, жандүйнөсү бай, өзүн алып жүргөнү жакшы адамды айткан деп ойлойм.


- "Көпчүлүгү көздөгөн максатына жеткен кезде гана ден-соолугунан ажырагандыгын билишет"-деген туурабы?
"Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси, Гүлшайыр Садыбакасова:
- (Күлүп) Ошонун бири эжең, Гүлшайыр Садыбакасова да. Бул накыл кеп туп-туура айтылган. Эли үчүн жүрөгүн, боорун берип иштеген адамдын энергиясы көп кетет. Ал эми энергиясы жок адам чарчап-чалыккан кезде ар кандай оорулар башталат. Азыркы күндө ден-соолугубуздун кеткенине жаныбыз кейип турган кезибиз да.


- "Кийизди тепкилеген сайын бышкан сыяктуу эле, адамдарды оор турмуш, өзгөчө чыдамдуулукка тарбиялайт"-дегенге кошуласызбы?
Ырчы, Абидин Темиров:
- Сөзсүз кошулам. Анткени, оор турмуштун ар кандай азабы бала кезимден баштап, азыркы күнгө чейин башымдан өтүп келатат. Адам кыйынчылыкка көп кабылган сайын, күн санап өзүнөн-өзү тарбияланып, күчтөнө баштайт экен. Ошондуктан ата-бабалардан калган накыл сөздөр, макал-лакаптар бекер жерден айтылып калган эмес.


- Самын, суу тийген сайын сыйгалак боло баштайт. Аны түшүнөбүз, ал ошондой зат. Ал эми байлык-бийликке жеткен адамдар сыйгалак мүнөздүү боло баштагандыгын кантип түшүнөбүз?
"Калемгер" адабий клубунун жетекчиси, Мирлан Самыйкожо:
- Абдан жакшы түшүнсө болот. Самындын бетинде жазылган баланча фирма деген жазуу, сууга жуулганда өчүп калгандай, азыркы күндө "Ата-мурасын", эртеңин, келечегин унутуп, кудайдын киндигинен түшкөндөй, пенделерибиз байлыкка, бийликке жеткенде жылмакай самынга окшошуп калганын туура эле салыштырган. Качан кыргыз бир нерсеге колу жеткенде булутту чапчып, жылдызга кол шилтеп калчу эле, качан кыргыз өзүнүн мансабы жогорулаганда, отурган ордуна калкым деп барбай, алкым деп барчу эле?.. Ошентип калган атка минерлерибиз сыйгалак самын сыяктуу пендечиликтин деңгээлинен чыгалбай калышты.


- "Беттеген ишиңди баштаардан мурда беш жолу жакшы жагын, бир жолу жаман жагын ойлоп көр. Ошол ой, ишти баштатат же таштатат"-дегенге кандай ойдосуз?
Телеалыпбаруучу, Шайырбек Арапов: -
- Менин оюмча туура. Анткени, ар бир адам алдына максат коюп анан ишти баштайт. Максатка жетүү үчүн баштап жаткан иштин жакшы жактарын көбүрөөк ойлош керек. Ошон үчүн бул жерде да "беш жолу жакшы жагын, бир жолу жаманын ойло"деп жатпайбы. Мисалы, КТРге биринчи кастингге келгенде менде "Эгерде кастингден өтпөй калсам эмне кылам? Анда бул ишти таштайм"-деген бир эле жаман ой болгон. Анан тобокел кылып, өзүм көп аракет кылдым эле, беш эмес андан да көп жакшы ойлорум пайда болду.


- "Ар бир ата-эне, өмүр бою өзүлөрүн тарбияласын. Балага андан артык таалимдин кереги жок"-деген накыл кепти кандай чечмелейсиз?
КРнын Эмгек сиңирген артисти, "Кыргыз Руху" фольклордук ансамблинин солисткасы, Гүлназ Бекбосун кызы:
- Менин түшүнүгүм боюнча, таамай эле айтылыптыр. Балдарга тарбия үй-бүлөдөн башталат да. Эне менен атанын баскан турганын, жасаган кыймылын, эмгегин көрүп өскөн балдар, эс тартканда "Биз да ата-энебиздей жакшы адам бололу, бизге мындай деп үйрөттү эле, бизди минтип окутту эле"дешип, көргөнүн айтып мактанышат. "Ошон үчүн "Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың"деп да айтылып жүрбөйбү.


Айнура Касымова