Жыштык жаңылыгы

Популярдуу "Патефон"
программасында...
"Миң кыял FM" радиосу эки жарым айдан бери "Патефон" деген аталыштагы өзгөчө программаны кыргыз журтуна уктуруп, угармандарга жакшы маанай тартуулап келет. Программанын биринчи бөлүгүнө катышкан катышуучулардын финалдык бөлүгү 21-Март Нооруз күнүндө түз эфирде майрамдык маанай менен коштолду. Жыйынтыгында экинчи бөлүккө сапар тарткан радио кызматкерлери, официалдуу түрдө Таалай Иманкуловду "Абсолюттук жеңүүчү"деп, ал эми Эрлан менен Баянды биринчи орундун жеңүүчүсү болушкандарын жарыялашты.


"Атаандаштар, "Дүйшөмбүдө кечинде" ырдашмак"
- Бул программанын идеясын "Миң кыял", "Миң кыял" болуп жаралгандан (Үч жарым жылдан бери) баштап эле ойлонуп келгенбиз. Башында "Дүйшөмбүдө кечинде" деген аталышта чыксакпы дегенбиз, кийин "Патефон"деген атка токтолдук. Программанын негизги максаты: Кыргыз эли музыкага, өнөрлүү адамдарга бай экендигин, жандуу үн менен ырдагандар четтен саналып чыгаарын аныктайлы дегенбиз. Программага жөн гана ырчыларды алып келип ырдатпастан, бир жагынан эфирдин угумдуулугун арттырып, угармандарды кызыктыруу үчүн конкурстук негизде калдык.

"Абсолюттук жеңүүчү табылды"
- Биринчи чыгарылышы мындан он төрт жума мурун болгон. Алгачкы катышуучулардын бири болушкан Эрлан Салбаров менен Баян Акматовдорду кафеде ырдап жүргөн жеринен алып келгенмин. Биринчи бөлүккө бир топ ырчылар катышып, алардын ичинде элге таанылгандары, жаңыдан чыгып келаткандары жана биз чакырганда ырчылардын арасында "Жок, биз катышпайбыз" дегендери да болду. Катышуучулардын баарын артка таштап Эрлан менен Баян жети программанын жеңүүчүлөрү болушту. Экинчи айлампасында эл арасынан чыккан Өскөн жана Талант аттуу жигиттер алдыга чыгып, эстрада ырчылары Роза Шакирова, Нурбек Дайырбек уулу менен таймашышты да эки мырзаны жеңип алышты. Роза менен Нурбек үч таймашка чыккандан кийин Таалай Иманкулов менен Кундуз Таштаналиевага атаандаш болушту. Жыйынтыгында Таалайлар жеңүүчү аталып, финалга Кундуз келалбай калды. Жеңүүчүнү радио угармандар гана аныктап жатышты. Атайын калыстар тобун уюштуруп же болбосо радионун кызматкерлери өздөрү жыйынтык чыгарышкан жок. Кыска номерге жана телефон чалууларга келген добуштардын негизинде Таалай 54 упай топтоп, абсолюттук жеңүүчү аталса, Баян менен Эрлан 46 упай менен биринчи орунду алышты.

"Жеңүүчүлөрдү сюрприздер күтөт"
- Радионун жамааты байге катары Таалай Иманкуловго жалаң аккордеондун коштоосунда турган ыр жыйнакты чыгарып беребиз. Ал эми Эрлан менен Баянга да сөзү, обону, аранжировкасы даяр бир ырды белек кылабыз. Андан сырткары 7-май радио күнүндө аларды мындан башка да сюрприздер күтөт. Калган катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

"Биз таланттарды далилдей алдык"
- Чындыгын айтканда эки жарым айдан бери "патефондун" дарегине айтылган бир дагы сын пикир уга элекпиз. Кайсы жер болбосун жакшы пикирлер айтылууда. Угармандар тараптан, "Дем алыш күнү барып жөн гана көрсөк болобу?"деген кызыгуулар азыркы күнгө чейин болуп келет. Алардын көбү жаштар болсо, смс добуш жибергендер орто муун, телефон чалулардын арасында улуу муун дагы бар. Демек, биздин аудитория барган сайын улуу муундарды да камтып баратат десек болот. Мени кубандырган нерсе программанын финалдык бөлүгүндө бир угарман байланышка чыгып, "Мен Таалай Иманкуловду "Патефон" аркылуу тааныдым. Экинчи Рыспай Абдыкадыровду уккандай эле болдук. Кыргыз элинде биз билбеген таланттар, сыймыктана турчу өнөр адамдары көп турбайбы"деген билдирүүсү болду. Башында айткандай, биз өз ойлогондой, кыргызда өнөрлүүлөрдүн казынасы көп экендигин далилдей алдык. Эми "Патефондун"
2-бөлүгү старт алды. Мында да катышуучулар он төрт жума таймашышат. Балким, убакыттын өтүшү менен биздин долбоор жогорку деңгээлдеги программалардын бирине айланат.