Дилмаек

Сагынбек МОМБЕКОВ:
"Алгач "көшөгө тарткыч, стул ташыгыч" болуп иштедим"
Кайсы жерде эл көп чогулса, ошол жерде колуна гитарасын көтөрүп Сагынбек Момбеков саясий ырларды сайрап жүргөн болот. Кыргыз сайттарда Сагынбек жөнүндө сурагандар көп болду. Ошону эске алып, маектешүүнү эп көрдүм.

- Сагынбек кел, маекти саясатка киришүүдөн мурун балалык кезиңден, аспапты колуңа канча жашыңдан кармаганыңдан баштайбыз?
- Мен Таластын Бакай-Атасынын Үч-Эмчек айылынан болом. Атам 30 жыл бирге жашаган байбичесинен балалуу боло албай коюптур. Айласы кеткен байбичеси атама өзү менин апамды алып берген экен. Ошентип, атам 53 жашында мени көрүп, "сагынып көргөн балам, аты Сагынбек болсун" деп мага ысым ыйгарыптыр. Менден кийин дагы үч уул, эки кыздуу болду.
Мен алгач колума гитара эмес, комузду кармагам. Атам үйгө эски, чала чабылган бир комуз көтөрүп келди. Ошону кыңгыратып жүрдүм. Окшоштуруп, күүлөмүш этип кулагын бурагылайм. Атайын Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбековдун ырдаганын угуш үчүн телевизор тиктейм. Ал кезде ар бир үйдө телевизор деген жок, кошунаныкына барчумун. Азыр эстесем, комузду 7-классымда кармаптырмын. Гитараны болсо 10-класста колго алдым. Анда 17 рубль турчу эле. Ошол акчага сатып алган гитарам менен көпкөн болуп, шок балдар менен канча көчө таптадым. Окууну бүтүп, Метеорология Техникалык окуу жайына тапшырдым. Анан айылда көчөдөн ырдаган ырларымды жатаканада ырдай баштадым.
- Эң алгачкы обонуң качан чыкты?
- Бишкек-Ош жол боюнда жайгашкан "Ала-Бел" деген метеостанцияга орношуп, ал жерде 6-7 айдай иштедим. Ал жерде өзүң жалгыз эмне кылмак элең? Баягы эле гитараны эрмектеп отурмай. Бир күнү гезиттен Кубанычбек Адамалиевдин "Тоолордон башталат жолдорум" деген ырын окуп калдым. "Тоолордон башталат жолдорум, суулардай каныгуу денемде. Булактан агымын ойлодум, жай барып куюлган тереңге" деген ыр саптарына куюлушкан обон келди. Бул алгачкы обонум болду. Андан соң мени Таластын алтын кен алчу Ак-Таш деген жерине которуп жиберди. Ал жактан да жандүйнөгө тынчтык бербеген ыр менен кошо жүрдүм. Чогуу иштешкендерге тамашалап, ыр чыгарган болуп коем. Иштеп жүрүп эмнегедир бурганактап эле токтоно албай койдум. Менин жан-дүйнөм тоо шартына жашаганга, дайыма тоонун башында иштөөгө шайкеш келбей койду. Элге эле аралашкым келет десең. Ошентип ал жактан баса бердим. Борборго келип, Искусство институтуна тапшырганы бардым. Кечигип калыпмын. Анан мына эмесе деп туруп, Медициналык институтка тапшырып, окуп калдым. Ал жакта деле "өзүмдү" таба албай койдум. Чогуу окуган группалаштар менен кызыктуу күндөр өтүп жатты, бирок дагы эле бир нерсе жетишпей жаткансый берди. Мединститут чыгармачылыгыма эч кандай таасир берген жок. Анүстүнө тишиң өтпөгөн медициналык терминдер да мени кыйнап жиберди. Ал жактан да 3-курсту аяктай электе баса бердим.
- Укол сайганды билип калдың беле?
- Тиш чукулаганды билип эле калгам. (күлүп) Меники тиш доктур бөлүмү болчу да.
- Андан кийин эмне кылдың, уланта бер?
- Андан кийин үйлөндүм. Анан аскерге кеттим. Кайра эле колумда комуз менен гитара. Ал жактан да ырдап жүрдүм, бирок "ярый" боло алган жокмун. Гитараны орустар өздөрү деле билишет, а аларга кыргызча ырдаганда эмне? Бирок, комуз чертсем кызыгып карап калышчу. А жанагы "Тамаша айтсам күлөсүңбү же таарынып мага жүрөсүңбү? Таарынба мага, жайдары кара, өзгөртчү деги мүнөзүңдү" деген ырымды аскерден айылда калган аялыма арнап, сезимимди билдирип жазган элем. Аскерден келгенден кийин чабандарды маданий жактан тейлеген "Автоклубда" иштедим, электрик болуп жүрдүм. Иши кылып эмгек китепчем толуп калды.
- Эл алдына ырдап чыкканыңа келсең?
- 1980-жылдары Филармонияга "Көшөгө көтөргүч, стул ташыгыч" болуп ишке орноштум. Ошол учурда Шайлообек Дүйшеев филармонияда бөлүм башчы болуп иштечү. Анын врачтардын кайдыгерлиги жөнүндө жазган "Кайдыгерлик" деген ырын окуп калдым. Нуралы Капаровдун агасын врачтар "ич өткөк" деп дарылай беришип, анын аппендицити жарылып кетип, каза болуп калыптыр. Ошол мага таасир берип, гитарага обонго салдым да Шайлообекке угуздум. Ал "Ой бул "Кайдыгерлик" чоң масштабда ырдай турган нерсе турбайбы" деп, куплеттерин көбөйтүп, турмуштун бардык жагын каптаган кайдыгерликти камтып туруп кайра жазып берди. Бирок, эл алдына дароо ырдаган жокмун. Филармониянын режиссеру Таштан Жолдошбеков менин үнүмдү жактырчу эмес, а бирок күүлөрүмдү жакшы көрчү. "Тамчы булак", "Кеткис элестер", "Турмуш толкундары" деген күүлөрүм бар да. Филармонияда артисттер концерт берсе, мен да кошо ырдагым келет. Бирок, эч кимдин мени ырдатайын деген деле ою жок, айтсаң болушпайт. Анан бир күнү план боюнча артисттер Беловодскийдеги түрмөгө концерт коюп жөнөмөй болушту. Менин кайнагам түрмөдө болчу. Мен ага шылтоолодум да "алар чефир ичишет" деп бир пачке кара чайымды көтөрүп алып, автобуска түшүп алдым. Түрмөдө концерт башталды, артисттер "күйдүм чок" ырларын сыздай башташты. Мен Келдибек Ниязовго "мен деле гитара менен ырдап коеюнчу, түрмөдөн боло берет да. Башка жерден деги ырдатпайсыңар го" десем, ал Эстебес Турсуналиевге айтты. Ал "Мейличи" деп койду. Анан чыктым да "Кайдыгерлик" менен "Кайда барсаң күтмөй, кайда барсаң эсеп, кайда барсаң кезек" деген саптары бар "Күтүү" деген ырымды төктүм. Түрмөдөгүлөр кол чаппайт экен, бирок кыйкырып эле жатып калышты. Ошентип, биринчи тушоом түрмөдөн кесилген.
- А чоң сахнага качан чыктың?
- Бир күнү филармонияга Асанкалый Керимбаев менен Шеркул Дүйшөналиев экөө концерт берип жатышат. Асанкалый "Муңдашым менин кайдасың?" деп ырдаганда тим эле эл ушундай толукшуп угуп жатты. Аны көрүп менин да ырдагым келип жатат. Кайра Таштан Жолдошбековго барып сурандым. "Анда күү эле чертесиң" деп уруксат берди. Менин ичимде "котур ташым" козголуп кетип, биринчи кызым Саламатты ырдатмак болдум. Анткени күү чертсем, эл анча кабыл албай коюшабы деп чочуладым. Кызым да жакшы ырдачу. Менин "Тамаша айтсам күлөсүңбү" деген ырымды оозунан түшүрбөй ырдап жүргөнүн көрүп, "Атаңгөрү, кичинекей балага арналган ыр болсо" дедим да Шайлообекке айттым, так ошондо балдар сыртта тоголонуп кар менен ойноп жатышкан. Шайлообек "Тоголонуп топтой, тоңобуз деп коркпой…" деп эки сабын дароо жазып койду да, калганын үйүнөн улантып жазып келген болчу. Ошол ырды ырдады кызым. Ойноок көзү жайнаган балалык чагы да. Сонун берилип ырдап таштады. Элдер "дүң" эле дей түштү. Андан кийин "Мамалакты" ырдады. Карасам кызым гүл чогултуп жүрөт. А сахнанын артынан мени жаман көздөрү менен карап жатышат. "Болоору болду, көп болсо жумуштан айдап жиберээрсиң" дедим дагы кызыма "Уя жасап береличи" деген дагы бир ырды ырдаттым. Бүткөн соң сахнанын артына өтсөм, Таштан кыжырынып "Экинчи сени сахнага чыгарсам өлөйүн" деди эле, " Эмне кылсаң ошо кыл, бир жолу жыргап алдым" дедим. Жумуштан куушкан жок, "көшөгө түшүргүч, стул ташыгыч" ордумду менден тартып алганга эч ким деле кызыктар болбосо керек.
- Өзүңдүн ырдап чыкканыңды айтпайсыңбы, кайсы жылы, каякта дегендей?
- Бир миң тогуз жүз токсон…
- Кое турчу, сен күндөлүк жазып жүрөсүңбү?
- Жок.
- Жаза жүрбөйсүңбү. Карачы кайсы ырды качан жаратканыңды, качан кайсыны ырдап чыкканыңды унутуп атасың?
- Шайлообек Дүйшеев менен иштешкен жылдары. Эмгек китепчемен карасам билем.
- Ии айта бер?
- Бир күнү Спорт Сарайында дагы концерт болуп жатат. Д. Назарматов, К. Молдобасанов, Н. Давлесов өңдүү улуу композиторлор сценарийин түзүп, "Сахнада Баланчаев Баланча" деп чакырып, олуттуу концерт болуп жатат. А менин ичимде "Кайдыгерлик" кайнап жатат. Кайра эле болбой эле Шайлообекти ортого салып Таштанга айттырдым. (ал кезде Спорт Сарайыныкы өзүнчө, Филармонияныкы өзүнчө режиссер болуп бөлүнчү эмес). Тиги болбой койгону аз келгенсип, Д. Назарматовго "сахнага чыгарбагыла" деп эскертип койду. Бир артист жаңы эле кирип, экинчиси чыккыча ортодогу "паузадан" пайдаланып, микрофонго чыгып алдым. Отурган эл күбүр-күбүр болуп калышты.
- Сүйрөп кетип же микрофонду өчүрүп коюшкан жокпу?
- Жок. Биринчи "Кайдыгерликти" ырдадым да экинчисин "Согот шамал оң жактан, согот шамал сол жактан" деп "Компартияны" ырдадым. Ал кезде Компартиянын сүрү, күчү укмуш убак… Элдер кол чаап, гүл берип жатышат. Ырдап бүтүп, имараттан чыккан боюнча качып баратам. Аркамдан Таштан Жолдошбеков кууп алган. "Россия" кинотеатрына жеткенде "токто" деп кыйкырды, кайра эле "көп болсо жумуштан айдаар" дедим да токтодум. Жетип келип, "Ой сен сонун ырдайт турбайсыңбы, азамат! Келе колду" дебеспи. Ошондон кийин "багым" ачылды.
Анан Компартия оодарылып, Акаевдин заманында "Сат-Сат", "Кайф заман" деген ырларым жаралды.
(Уландысы бар)
Жаныбек
Жанызак