Кыялыңан сенин

Гүлгө катылган айымдар
"Адамдын көңүлү гүл" дегендей назик, жыты буркураган гүлдөргө адатта айымдарды салыштырып келишет. Бул жолу биз айымдардын көңүлүн гана эмес, кулк-мүнөзүн, кыялын да гүлгө салыштырууну туура көрдүк. Сиз да жакшы көргөн гүлүңүздөн улам сиздин мүнөзүңүз кандай экенин аныктап алсаңыз болот. Ал эми көпчүлүккө таанымал айымдардын кандай гүлдөрдү жактыраарын сураштырып, кыялдарынан аздыр-көптүр кабар алдык.


Роза
Жашоодо активдүү, дайыма шайдоот жүргөн адамдарга мүнөздүү гүл. Алар өздөрүн сүйүп, башкаларды да сүйө билет. Роза сүйүүчүлөрдүн арасында дымагы күчтүү, орой мүнөздүүлөр да арбын кездешет. Өзүнүкүн бербей, таламын талашканды жакшы көргөн розаларды көрө албагандар көп. Жоктон барды кылганга эптүү розалар башкалардан жардам сурагандан көрө өз күчүнө ишенгенди артык көрүшөт. Бут тосуп, жалган жалаа жапкандардын көбүн чымын чаккандай да көрүшпөйт. Башкаларга салыштырмалуу роза сүйүүчүлөрдүн дарегине ушак сөз, жалган жалаа көп айтылат. Гүлдөрдүн ханышасын сүйгөндөрдүн катарын Алина Жетигенова, Элиза Кененбаева жана Аида Кулуева толуктады.


Жоогазын
Ичке, назик көрүнгөн жоогазын жашоонун бороон-чапкынына оңой менен моюн сунушпайт. Адамдар менен тил табышууга жөндөмдүү болушат, бирок адам менен баарлашып жатканда артында эмне ою бар экенин оңой менен билдиришпейт. Бирде баёо, бирде куу болуп кубулган жоогазындардын энергиясы күчтүү. Булардын ички сырын, мүнөзүн билгиңиз келсе көп эмгек жумшап сабырдуу болуңуз. Алар табиятынан табышмактуу келишкендиктен эркектерди дал ушул сапаты көбүрөөк азгырат. Ырчы Роза Шакирова менен актриса Шайыр Касымалиева жоогазынды жактырышаарын билдиришти.


Лилия
Бул гүлдү сүйгөндөр көпчүлүктүн көңүл борборунда болууга жөндөмдүү. Өз кадырын сактап, ордун билишет. Кээде уяң, тартынчаак болушса, айрым учурларда тайманбас, бой көтөрмө болуп чыга келишет. Табиятынан адамдын "аш менен урганын аш, таш менен урганын таш менен" урган жандар. Көпчүлүк учурда лилияны сүйүүчүлөр өз кызыкчылыгы үчүн башкаларды алдаганга барышат. Булардын эң негизги артыкчылыгы- бирөөнүн кылган жакшылыгын өмүр бою унутушпайт. Лилия гүлүн сүйгөн айымдарга диктор Нуржамал Бурханова кирет


Орхидея
Алдына койгон максат кандай кыйын болбосун жол таап, өтөөсүнө чыга алышат. Башкалардын көңүлүн алууга эптүү болушкандыктан, адамдарды өз кызыкчылыгына пайдалана билишет. Материалдык жагдайды биринчи орунга коюшуп, "алган март эмес, берген март" деген принцип менен жашашат. Орхидеяны сүйүүчүлөр бир ишти баштаса аягына чыкмайын көзүнө башка эч нерсе көрүнбөй калат. Өздөрү бирөөлөрдү тамашалаганды жакшы көрүшкөнү менен өздөрүнүн дарегине айтылган какшык сөздөрдү түшүнбөй чычалап, аягы уруш менен аякташы мүмкүн. Башкалардан өжөрлүгү, чечкиндүүлүгү менен айырмалаган ырчы Зарина Хасанова жана журналист Назира Ахмедова орхидея гүлүн белекке алганды каалашаарын жашырышкан жок.


Астра
Боорукер, мээримдүү, бирок, бой көтөргөн, өжөр жандар. Демилге көтөрүп, бир жумушту баштаганга эптүү. Чечкиндүү мүнөзүнүн аркасы менен көз карандысыз жашоого жетише алышат. Адамдарда жоопкерчиликтүүлүктү баалап, өз башына мүшкүл түшүп турса да башкалардан жардамын аябайт. Астра гүлүн сүйгөн айымдардан мыкты кожейке, сүйүктүү жар чыгат. Саякаттагандан ырахат алышып, кылган ишине артын карап эч убакта өкүнүшпөйт. Таанымал айымдардын ичинен Дилшат Кангелдиева менен Фарида Өмүрзакова астра гүлүн жакшы көрүшөт, бирок эмнегедир жакындары дайыма эле роза гүлүн белекке бере беришет экен.


Сен сүйгөн
"Обон"
Назира Кадыева
"Унутпаймын"
Сөзү : С. Жусуевдики,
Обону : Б. Тургунбаевдики

Гүлдөр жайнап, аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип нечен күлүп ырдадык.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кумар канбай жалжал карап жылмайып.

Ал кез кетти койбой кылчайып,
Көңүлдөргө кайгы муң салып.
Жаным сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.

Бак жасанган, бак жашарган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Бирге басып кол кармашып жүргөндө.

Биз ал кезде оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашууга арга таппадым,
Жакын жүргөн менен алыспыз.

Эркелетип сени тоонун кушундай,
Колго кармап жүрө албадым учурбай.
Турмуш деген катаал экен кантели,
Тагдыр деген татаал экен ушундай.

Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң таарын тагдырга,
Бирок жаным мага таарынба.





Валерия
Больше чем жизнь

Посмотри на этот дым над водой,
Поднимись по этой леснице в небо.
Нарисуй на нем свою рукой,
Земляничные поля, где ты не был.

За любовь все отдал ты,
Небоскребов все этажи.
За любовь умирал ты,
Ведь любовь больше, чем жизнь.

Пусть тебе приснятся море цветов,
Пусть тебе приснятся дальние дали.
Ты ведь раньше не встречал таких снов,
Ты ведь раньше не играл на гитаре.

За любовь все отдал ты,
Небоскребов все этажи.
За любовь умирал ты,
Ведь любовь больше, чем жизнь.

Ведь любовь больше, чем жизнь.
Ведь любовь больше, чем жизнь.





Шоу дүйнө
Жакуттан жаңы жыйнак
Куудул, пародист Жакут Сыдыков чыгармачылыгына эки жеңин түрүп, катуу киришүүдө. Буга чейин Жакут мырзанын калемине таандык обондуу ырларды бир топ жаш ырчылар аткарып келген. Куудул сахналаш достору ырдаган ырларына өзүнүн репертуарындагы жаңы ырларды кошуп, жыйырма эки ырдан турган "Угуп кой" аттуу тандалма ырлар жыйнагын чыгарды. Аталган ырлар жыйнагы сатыкка чыгарылып, күйөрмандарын сүйүнүчкө бөлөөдө.
Эгиз кыздар башкы ролдо
"Назик" бий тобундагы бийчи эгиз кыздар: Асел менен Айзада жакында эле "Байланыш" аттуу жаңы тасманын башкы каармандарынын образын жаратышты. Уюлдук телефонду чагылдырган тасмада бийчи кыздар бири жоош, экинчиси шакылдаган тың кыздын ролунда ойношот. Бир гана сахнанын, клиптердин көркү болбостон, эми минтип фильмдердин башкы каарманы болгон бийчилердин тасмадагы аткаруучулук жөндөмдүүлүгүн жакында көрө алабыз.
Кош бойлуу Назми
комуз чертип...
Апрель айынын башында көз жарам деп даярданып жаткан ырчы Назми: "УЗИ аппаратына түшкөнүмдө эки жолу "кыз" деп айтышты. Бирок, аппарат жаңылып калган учурлар болуп эле жатпайбы" деп, болочоктогу наристесине эмитеден кандай ысым коёрун ойлонуп жатат. Анан да күндөн-күнгө курсагынын оорлошконуна карабай, үйдө жалгыз отургандан зеригип, комуз үйрөнүп жатыптыр. "Азыр эки күүнү толук чертип калдым. Үчүнчүсү кыйыныраак экен, үйрөнө албай жатам"деп, тынчсызданып алган ырчы айымдын аман-эсен бошонуп алашын кааламакчыбыз.
Мырзадан мыкты фильм
Кыргызстандагы белгилүү режиссёрлордун бири Мырза Айдаралиев кино үйүндө "Стоп трафик" аттуу жаңы фильминин ачылышын көрсөткөн эле. Кыздарды алдап Парижге кул кылып саткан алдамчылардын жашоосун чагылдырган фильмге белгилүү режиссёрлор, кино тармагында эмгектенген кызматкерлер мыкты пикирлерин айтышып, тасманы жакшы кабыл алышкан. Мырза Айдаралиевдин айтымына караганда "Стоп трафик" фильмине Америкалык актрисалар да кызыгууларын арттырып жатышыптыр.