Чынжырча

Кезек келинчектерде…
Бул жолку "Чынжырчанын" коноктору кыргыз калкына аты сиңип калган куудулдардын келинчектери. Анда эмесе адаттагыдай эле жеңелерибиз бири-бирине суроо узатышмакчы.

"Чынжырчаны" Күмөндөр Абыловдун жубайы Жамиля эжеден баштоону туура көрдүк:
- Жамиля эже, кайсы жумушту жасагандан көбүрөөк рахат аласыз?
- Жамиля Султанкожоева:
- Аялзаты үй тиричилиги менен көп алектенет эмеспи. Конокобу же башка жакабы иши кылып, үйүмдү жыйнап коюп баргандан абдан рахат алам. Жазында эмеректердин ордун алмаштырып, үйдүн айланасын ирээттеп алганда да өзүмдү жеңил сезем. Ар бир эле киши ишинин майын чыгара аягына чейин жасагандан рахат алат да. Мен деле ошондой.
- Дайыма теңтуштар чогулуп калганда Абдылда өзү эле келет. "Ырыс кана?" десек, "Ой, биз так гана чыгаарда үйгө "баланча" келип калып…" деген шылтоолорду айтып коёт. Мен Абдылданын аялы Ырыска суроо бергим келип жатат. Ырыс, эмнеге теңтуштар менен чогулганда сен көп барбайсың?
Ырыс Султамамбетова:
- (Күлүп) Чакырган жерге колдон келишинче барганга аракет кылып, мүмкүнчүлүк болуп калганда барып жүрөм.
- А мен суроомду Кабылдын жубайы Тамарага берип, жаштык кезди бир эстетейин. Кабыл экөөңөрдүн жаш кезиңердеги кызыктуу окуяңардан бир үзүм айтып бербейсиңби?
Тамара Курманалиева:
- Абдылданын келинчеги экөөбүздүн жаштыгыбыз Ошто чогуу эле өткөн. Ал учурда Оштун Филармониясында иштеп жүргөн кез. Менин жолдошум, Ырыстын жолдошу болуп төртөөбүз бир квартирада жашачубуз. Анда айлыктан-айлыкка иштейт элек. Эки үй-бүлө чогуу жашагандан кийин өзүңөр билесиңер да азык-түлүк көбүрөөк кетет. Айлык болсо колго алгандан кийин эле жок болуп кетет. Бир күнү эле бардыгыбыздын чөнтөгүбүз какшып, акчабыз да жок, азык-түлүк да түгөнүп калды. Анан Абдылданын апасы Токтогулдан бир челек сары май берип жибериптир. Үйдө эч нерсе жок болгондуктан, мен күндө эле курма чай жасай берем. Күндө кечинде Абдылда менен Кабыл акча таппай келишет. Кечки курма чайды ичип отурганда менин Кабылым курма чайды мактап кирет, - Бу курма чай өзү жакшы да. И-ий, наны жок эле иче берсең! - десе Абдылда күлөт эле: "Эптеп ушулардан тил укпайын" деп курма чайды наны жок шоркураты-ы-п ичип" деп тамашалап калчу эле.
- Таланттын келинчегине суроомду узатсам. Белгилүү болуп калган куудулдун жүгүн аркалаган кандай экен?
Миргүл Токтоматова:
- Андай адамдын жүгүн аркалаган абдан сонун экен. "Сабырдын түбү сары алтын" деп кыргызда бекеринен айтылбаса керек. Анын сыңарындай, сабырдуулук менен бардык жүктү көтөрүүгө болот. Мен Талант менен турмуш куруп калганым үчүн жаратканга миң мертебе ыраазымын.
- Санжардын келинчегине суроо бергим келип жатат. Рахат, үй-бүлө болгондон кийин идиш-аяк кагышпай койбойт да. Санжар экөөңөр урушуп кеткен учурларда ошол кырдаалдан чыгыш үчүн кандай амал табасың?
Рахат Инакбекова:
- "Бир аялдын амалы кырк эшекке жүк" дегендей, уруштан да бир амал таап кутулууга кантип болбосун. Башкалар кандай экенин билбейм, бирок, Санжар экөөбүз уруша кеткен учурларда мен унчукпай кутулам. Анын жини тарагандан кийин гана өзүмдүн ичимдегини айтып, бугумду чыгарып алам.
- Мен Ильяз байкенин келинчеги Кенжегүл эжеге суроо берсем. Кенжегүл эже, пластикалык операция бекер кылынса кайсы мүчөңүздү өзгөртмөк элеңиз?
Кенжегүл Калыкова:
- Мен андай пластикалык операцияны кыйнаса да жасатмак эмесмин. Дене мүчөм кудайга щүгүр. Эгер 100 пайыз кепилдик болсо гана беттин бырыштарын кетире турган кремди колдонмокмун.



Куйгула досторум шараптан!
Эркектерге…
Кудай эркектен сураптыр:
- Сага бактылуу болуш үчүн эмне керек?
- Жакшы жумуш, мыкты маяна, машина, дача анан көлгө барып эс алганга мүмкүнчүлүк… Ой, анын баарын санап отурса көп - деп жооп берет.
Ошол эле суроону аялына берсе, бир аз ойлонуп туруп:
- Үй-бүлө жана сүйүү, - дептир.
Келгиле эркектер, аял айткан үй-бүлө жана сүйүү үчүн алып жиберели!

Аяштарга…
Гоби чөлүндө түштө абдан ысык болгондуктан, кумга эле жумуртка чагып, кууруса болот экен. Келгиле аяштар, бири-бирибизге болгон сүйүүбүз жумуртка куурулган кумдай ысык болуш үчүн алып жиберели!