Нике кайып

Башка улуттун жүрөгүн багындырган кыргыз кыздар
Адамды динине, улутуна, расасына бөлбөгөн бир күч бар. Бул -сүйүү. Сүйүүнүн күчү салт-санаасы, маданияты, ой-жүгүртүүсү ар башка адамды бир бүтүнгө айлантып, үй-бүлө деген бир кичинекей мамлекетке айлантып келет... Биздин белгилүү жана катардагы эле кыргыз кыздарыбыз башканын жүрөгүн кантип багынтып алышты экен?


Айтылуу акын Байдылда Сарногоевдин тун кызы Гүлсана Италия өлкөсүндө иштеп жүрүп, өз бактысын ошол жактан тапкан. Учурда жолдошу Паоло менен Ангуилара шаарында жашайт жана Италия телестудиясында фигурант болуп иштейт. Ал эми Паоло болсо "Финсиел" уюмунда информатик-изилдөөчү. Башка улуттун өкүлүнө турмушка чыккан Гүлсана мекенине келгенде атасы "Кызым, кандай болгон күндө да багыңа жазганды көрдүң. Бактылуу бол. Мага бактылуу жашап кеткениң эле керек" деген. Анда кызы: "Ата, кам санабаңыздар. Алар мени "сен башка улуттансың" деп бөлөксүнтүшпөйт. Кайненем менин эле эмес, баласынын да ишине кийлигишпейт. Италияда эне менен бала өтө сый мамиледе болушат" деген. Паолонун үй-бүлөсүнө кыргыздын ашканасы жагаарын, кээде аларга беш бармак жасап берээрин, камыр жууруп, жайып, кесме кескенди 7-класста эле үйрөнгөнүн, айттарда боорсок жасап, жыт чыгарып, үйүн арча менен аластап тураарын Гүлсана айым гезит беттерине берген маектеринде айтып өткөн.


Нарын театрынын алдыңкы артистери, кош жылдыз Адылбек Кыязов менен Дамира Баратбаеванын кызы Айсенем да бактысын немис жигитине байлаган. Азыр Германияда жашайт. Жолдошунун аты Морес, а уулунун аты Аман, бирок немис кайын-журту кандай атаашарын билген жокпуз.



КТРде алыпбаруучу болуп иштеп жүрүп Асел айым ал жерден Юра байкебизди жолуктурган. Ошондон бери кичинекей балдарына татыктуу эне, Юра байкенин балдарынын балдарына "чоң-эне" болуп, жолдошу менен эриш-аркак жүргөн кези.



Экс- депутат Замирбек Парманкуловдун бир тууган эжеси немис улутундагы миллионерге турмушка чыккан. Эл оозунда "Парманкулов ошол эжесинин акчасы аркылуу байыган" деген сөздөр азыркыга чейин айтыла калып жүрөт.



Гүлзинат ырчыбыз ата-энесинин каршы болгонуна карабай азербайжан улутундагы жигитке баш кошуп, сүйүүсүн далилдеген. Учурда бир кыздын бактылуу энеси.



Назгүл Аманова-Снеквик айым Норвегияда 6 жылдан бери жашап келет. Көп мамлекетти кыдырган Назгүлдү жолдошун Норвегиядан жолуктурса керек деп ойлошот. Бирок ал болочок жолдошун Кыргызстандан эле жолуктурган. Бирге түтүн булатууну чечишкен соң ата-энесине таанышууга Норвегияга жөнөшкөн. Алгач жаратылыш,аба-ырайына, салт-санаа, тилине көнүш кыйын болгон менен азыр баары жакшы. Иши бар. Жолдошу экөөнүн балдары чоңоюп жатат.



Эльнура айым түрк улутундагы болочок жолдошу менен иш ордунда таанышкан. Башында дини бир болсо дагы башка улут, ортодогу жаш айырмачылык аны чочулаткан менен бара-бара көнүшүп, бир үй-бүлөгө айланышкан. "Жолдошумду алгач таенеме тааныштырганымда ал дароо жактырды. Ал учурда Али кыргызча билчү эмес, а таенем орусча бир сөз билчү эмес. Бирок, экөө бири-бирин жакшы түшүнүшчү. Билбейм кантип?" дейт. Үйлөнүү той кыргыздын салт-санаасы менен өткөрүлгөн. Алиге кыргыздардын "кыз ала качуу" салты жакпайт, анан "силерде майрам көп" деп кейийт. Жети жылдан бери чогуу түтүн булатып келатышкан жубайлар Деңиз аттуу кыздын ата-энеси. Деңиз ысымы кадимки эле деңизди түшүндүрөт.
Кызы үч тилде сүйлөйт, жана кимге түркчө, кимге орусча, кимге кыргызча сүйлөштү билет.



Айжаркын актрисабыз Айтурган Темирова шедевр кинолорду жараткан режиссер Болот Шамшиев менен оту күйүшпөй ажырашып кетишкенден кийин чех улутундагы адамга колун сунган. Акыркы он жылдан ашык убакыттан бери Чехиянын Брно шаарында жолдошу менен ынтымактуу күн кечирип келет. Жолдошу бизче айтканда "Кожожаш", орусча айтканда "Скалолаз".



Экс -министр, кыргыз тилин суудай билип, кыргызча түш жоруган Александр Костюктун жубайы да кыргыз кызы. Бир кезде экрандын көркүн ачып алыпбаруучу болуп жүргөн Ширин айым эки эркек баланы тарбиялоо менен бирге сүйүктүү ишине жаңыдан чыгып, билек түрүнө киришип жаткан убагы.





Ал эми тескерисинче кыргыз жигиттеринин жүрөгүн кимдер багынткан?

Ажобуз Курманбек Бакиевдин жубайы орус улутунан. Багы тоодой Татьяна айым кайын-журтунун ыгына көнүп, жолдошуна эки уул төрөп берип,учурда өлкөнүн биринчи ханайымы болуп отурат.



Экс- премьер министр, учурда чиновник мырзабыз Феликс Куловдун азыркы аялы уйгур улутунан. Айрымдар Фатима жеңебизди кадимки "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин жээни дешет.



Казак кызы, кайран жеңебиз Майра Керим кызы "Кыз кезден көксөгөндү кыргыздан жолуктурдум" деп, көлдүк жигит Канат мырзанын жаркылдаган жары болгон.



Композитор агабыз Муратбек Бегалиевдин жубайы Зенона айым поляк кызы. Москвада Консерваторияда окуп жүрүп таанышкан эки жаш ээрчишип алып Кыргызстанга келишкен. Бахиана аттуу балдай таттуу кыздын ата-энеси



Опера жана балет театрынын директору Болот Осмоновдун жубайы Киевдин сулуусу Виктория айым. Пианистка жеңебиз жолдошуна Тимур деген уул төрөп берген.



Ак таңдай акыныбыз Ашыраалы Айталиевдин өмүрлүк жары татар кызы. Наила апа татар менен кыргыздын тили уйкаш болгондуктан, эки тилде тең шар сүйлөйт. Азыр балпайып балдарынын төрүндө.



Экс- министр Марат Кайыповдун биринчи жубайы орус кызы болгон. Бирок, эки балалуу болушкан соң эки жакка кетүүнү чечишкен.


Эльмира Мадиева