Шоу дүйнө
Жаңыл жаңы фильмге тартылат
Өзүнүн жүрүшү да куудул, күлүшү да куудул эжекебиз Жаңыл Бекбоева "Жарашуу" деген аталыштагы жаңы кинокомедияга тартылуунун алдында турат. Болгондо дагы терс каармандын образын жаратып, киносүйүүчүлөрдүн боорун эзет экен. Аны менен бирге "Сүйүүдөн аккан көз жаш" же "Эгиздер тагдыры" аттуу фильминин экинчи бөлүгүнө үй-бүлөсү менен тартылаарын билдирди.


Таалайбек доцент болду
Ырчы Таалайбек Турдубаев Ош мамлекеттик университетинде мугалим болуп, студенттерге музыкадан сабак берээрин жалпыбыз эле билсек керек. Ырчынын чуркап иштеген эмгеги бааланып, жаздын алгачкы күндөрүндө минтип, аталган окуу жайдын "Доценти" деген илимий даражасын алып, кызматынан көтөрүлүп отурат. Мындай жетишкендигин айтып сүйүнгөн Таалайбек мырзанын иштерине биз дагы ийгилик кааламакчыбыз.


Гүлжигиттен
жаңы ыр жыйнак
Ырчы Гүлжигит Сатыбеков репертуарын жаңы ырларга байытып, жалаң аккордеондун коштоосундагы жап-жаңы "Махабатым" аттуу ырлар жыйнагын чыгарат. Аталган ыр жыйнагы чыгаары менен "Нооруз" майрамын утурлай, Россияда жашаган мекендештерибизге майрамдык концерт тартуулаганы турат.


Эрнист эми кино тартат
"Кычкыл тамаша" көрсөтүүсүнүн продюсери жана режиссёру Эрнист Бөрүбаев тамашалуу "Атаңдын чокусу" аттуу көркөм тасманы тартууну пландап жатат. Фильмдин режиссёрунун айтуусуна караганда башкы ролду "Атаңдын чокусу" деген ысым менен Максат Тасмаев аткарат экен. Башынан аягына чейин күлкүлүү окуялар менен коштолгон фильмде Максат Тасмаевдин кинодогу атына байланышкан кыйынчылыктар, күлкүлөр болмокчу.


Айнура тигүү цех иштетет
"Жаз жарыш, күз күрөш" демекчи, ырчы Айнура Салахидинова таежесинин тигүү цехин ижарага алып, өзү жалгыз иштете баштаптыр. "Быссымылда" дегенде эле 8-март аялдардын Эл аралык майрамына карата кыздардын көйнөктөрүнө, жазгы пальтолоруна заказ алып, күндүзү чыгармачылыгы менен алектенип, түнкүсүн цехте болуп, кумурскадай тынымы жок иштеп, капчыгын калыңдатып жаткан тура.


"Музканал" оперативдүү иш алып барат
НБТ телеканалынын "Музканал" көрсөтүүсү мындан кийин ырчылар менен оперативдүү иштешүүгө өтүштү. Алардын жаңы тартылып жаткан клиптерин алдын-ала анонс кылып көрсөтүп, кыскача мазмуну менен тааныштырышат. Кошумчаласак, "Музканалдыктар" жаз айларында боло турган алгачкы концерттерине да кызуу даярданышууда.


"Манастагы" маектешүү
Эки жылдан бери "Обон" гезити менен өнөктөш болуп, кызматташып келаткан "Манас FM" радиосу 23-февралда "Обон" гезитинин башкы редакторун жана кабарчыларын бир сааттык түз байланышка чакырып, майрамдык эфир уюштурушкан эле. Берилген убакыт ичинде угармандар "Обон" гезитине байланышкан кызыктуу суроолорду беришип, алардын арасынан Динара аттуу угармандын берген суроолору эң мыкты деп табылып, "Обондун" белектерин утуп алган эле.
Динара Чокоева, 26 жашта, үй кожейкеси: "Жеңүүчү
аталганыма кубандым"
- Динара, жеңүүчү болом деп ойлодуңуз беле?
- Жок. Анткени, ушунча суроолордун арасынан менин суроом, мыкты деп табылат деп оюма да келген эмес. Анан жеңүүчү аталганыма абдан кубандым. Өзүмдүн кесибим журналист болбосо дагы бул чөйрөгө абдан кызыгам. Сиздерден белек алып, сиздер менен жолугушуунун өзү чоң кубаныч болду. Ишиңиздерге чыгармачылык ийгилик, өзүңүздөргө бекем ден-соолук каалайм.