п»ї
  Сырмаек

Турат Касымбеков:
"Менин үнүм отурушта ырдаганга эле жарабаса…"
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын Медициналык борборунун директору, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун отличниги, медицина илиминин доктору Турат Касымбеков чыгармачыл чөйрөдө да өз орду бар таанымал инсан. Ал кеченин көркүн ачкан мыкты алыпбаруучу. Үнү сонун, биз ага "Кош жылдыз" теледолбоору аркылуу күбө болгонбуз. Бул долбоордо Гүлнара Тойгонбаева экөө биринчиликти багынтышкан. Ушундай ар тараптуу, кызыктуу адам менен маектешүү журналист үчүн эки эсе кызыктуу.

- Сиз накта шаардыктардай көрүнөсүз, сиздей мырза көп кызды тузагына илсе керек?
- Мен дайыма Бишкекте эмес, Фрунзеде төрөлгөм деп айтып келем. Апам Бектурганова Күлбүбү убагында ЦККП партиясынын уюштуруу бөлүмүндө жетекчинин орун басары болуп иштеген, андан кийин Талас облусундагы аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Мен үчүнчү курста окуп жатканда Талас шаарынын мэри болуп шайланды. Апам кичүү карындашымды алып Таласка иштегени кетти, ортончу карындашым болсо Москвага окуганы кеткен. Ошентип борбордо эркиндик колго тийди деп кудуңдап жалгыз жашап калдым. Апам менен туугандарым "жалгыз бой кантип жашамак элең үйлөнтөбүз" деп чыгышты, жок жерден эле турмуш куруп калгым келбей макул болгон жокмун. Студенттик жылдарда ачыгын айтсам кыздарга деле ашык болуп, сүйүп көргөн эмесмин. Болгон убактымды, аракетимди окууга жумшап жүрүп Медициналык Академияны артыкчылык диплому менен аяктадым.
- Жубайыңызга окууну бүткөндө жолуктуңузбу?
- Ал да бир өзүнчө кызыктуу окуя, окуумду аяктагандан кийин неврология кафедрасына тапшырдым. Мугалимдерим "компьютердик томаграфияны окуп кел" дешип СССРдин Бүткүл Союздук Онкологиялык илим изилдөө борборуна жиберишти. Ал жерге баргандан соң ашып кетсе бир- эки ай иштегенден кийин бул тармакка менин көңүлүм жок экенин түшүнүп, бир жылдан кийин араңдан зорго кайра келдим. Менин турмуштагы урааным "Мен дайыма көңүлүм каалаган нерсени гана кылам" дегенге айланды. Ординатураны аяктап, Республикалык бейтапкананын неврология бөлүмүндө иштеп жүрдүм. Мага республика боюнча эң оор дарты бар адамдар кайрылаар эле. Жыйырма алтыга чыкканда эмнегедир үй-бүлө күтүп, балалуу болгум келип жүрдү. Ошондой күндөрдүн биринде биздин бейтапканага колу ооруп бир кыз келип жүрчү экен, аны башка доктур карагандыктан мен ал кызды ошондо биринчи жолу көрдүм. Коридордон өтүп бара жатсам доктурду күтүп отуруптур, сөзгө тартып ал-жайын сурасам колу ооруп жүргөнүн айтты. Дароо жардамымды сунуштап, колун карап чыгып массаж жасап бердим. Кийинки күнү кесиптештериме "коридордо турган кыз кандай экен карасаңар?" десем кезектешип тиги кыздын жанынан ары-бери өтүп жатышып жактырышты. Индираны беш күн дарыладым, төртүнчү күнү: "Эртең сизди акыркы күн дарылайм, бош болсоңуз киного барып келбейлиби, эртең бошсузбу?" десем, "Бош элемин" дейт. Мен да аны сынамакка: "Анда бош болсоңуз эртең билет сатып келиңиз, киного баралы" деп жатпайынбы. Эмне кылаарын билбей кызарып-татарып, ызаланып, мукактанып: "Аа, баса…мен унутуп калган турбайынбы, эртең бош эмесмин" дейт, унчуккан жокмун. Эртеси акыркы күн колун таңдырганы келди, сөз арасында "Билет сатып келдиңизби? Киного барабызбы?" десем, (Анда Индира Улуттук университеттин математика факультетин аяктап, кандидаттык диссертациясын жактап жаткан) "Бүгүн профессорго жолукмакмын, бошобойм дебедимби" дейт. "Билет сизде жок болсо менде бар, жүрүңүз киного" десем кичине кыз каадасын кылымыш болуп аягында макул болду.
- Сынаганыңыз го?
- Ооба, бир чети менин тамашамды кандай кабыл алат деп сынадым. Экинчиден, намыскөй экенин, кыялы бар экенин байкадым. Ал деле мени "мурдуң чоң, арыксың" дегенсип оңой менен карай койгон жок. Эгерде ошол жерден мени менен киного баргандан баш тартса аны менен мамилемди дароо токтотмокмун. Менин деле кыялым оңой эмес, аны досторум менен далай сынап, ыңгайсыз кырдаалдарга калтырып отуруп аягында купулума толгондон кийин апама тааныштырдым. Апам да жактыргандан соң 1991-жылы март айында баш кошуп, он тогуз жылдан бери ынтымактуу жашап, эки кызга тарбия берип келатабыз.
- Кыздарыңыз кайда окуйт?
- Улуу кызым Адинай он алты жашында Болгариядагы университетке окуганга чакыруу алган. Бир жарым жыл жакшы эле окуп жүргөн. Кийин Болгариянын мыйзамы боюнча он сегизге чыкмайын банктык эсеп ачууга укугу жок экен же виза алабайт. Өздөрү чакырып алып, бул эмне кылышканы деп университет менен соттошолу деп да ойлогонбуз. Бир чети байкасам кызымдын да окуганга көп деле көңүлү жоктой, өзүм да Москвада кыйналып жүргөнүмдү эстеп кызымды Кыргызстанга чакырдым. Азыр Борбордук Азиядагы Америка университетинде окуп жатат. Кичүү кызым Ариана музыкалык мектепте окуйт, кыялы Адинайдыкына караганда башкачараак. Тың, бизди да тизип койот.
- Өзүңүздү үлгүлүү кожоюндардын катарына кошо аласызбы?
- Бир жерден мен минтип окугам да, эркектин эки түрү болот экен. Биринчиси үйдөгү майда-барат нерселерди оңдогонго жөндөмдүү, экинчиси атайын адистерди чакыртып жасатканга акча табууга жөндөмдүү эркектер. Мен экинчи түрүнө кирем го…Тиричиликке байланышкан бардык маселелер жубайым менен кыздарымдын мойнунда. Үйдү оңдо-түзөө иштерин да Индира өзү чечет, мен каражат таап берем, калганына кийлигишпейм, тоскоол да болбойм. Аялымдын табитине ишенем, анан да майдаланып болбогон жерден акча үнөмдөгөндү жаман көрөм.
- "Кош жылдыз" долбооруна катышып өзүңүзгө эмне ала алдыңыз?
- Эң негизгиси ырахат алдым. Ал эми биринчиликти бизге ийгилик жылмайганы үчүн эле алдык болуш керек. Мага караганда Гүлнара толкунданып жатты. Кийин байкап көрсөм үнүмдө профессионалдуулук жок экен, менин үнүм той-топур, отуруш, мааракелерде эле ырдаганга жарабаса…
- Маараке демекчи, алыпбаруучулук менен канча жылдан бери алектенесиз?
- Жыйырма беш жылдан бери алыпбаруучу болуп жүрөм. Эң биринчи жолу 1985-жылы бир кечени алып барып 50 рубль тапканбыз, студент үчүн бир кечеде мындай акча табыш чоң иш болчу. Ошондон кийин көзгө илинип, кечелерди алып барууга сунуштар түшө баштады. Көпчүлүк учурда Эл аралык деңгээлдеги кечелерди алып барууну сунушташат. " Алыпбаруучулар элдин алдына чыгып сүйлөп коюшат, жыргал эле ушулардыкы" дегендер жаңылышат. Анткени кечеде отурган ар бир адамдын эмне каалап жатканын билиш өзүнчө бир жөндөмдү талап кылат. Жакшы алыпбаруучу отургандарга баш ийбей, отургандарды өзүңө баш ийдирип, аларды сенин артыңан жетелеш чоң эмгекти талап кылат. Алып баруучулук кесипте кээде мен өзүмө-өзүм канааттанбай, кемчилик издей берем. Ушул тармакта менин эң негизги сынчым ким деп ойлойсуз?
- Жубайыңызбы?
- Жо-ок, тескерисинче жубайым жанымда турганда "куруңду оңдо, көйнөгүңдү шымда, галстугуң кыйшайып калыптыр" деп кайра менин оюмду алагды кылат. Башында жубайым кеңештери менен кийлигише берчү, азыр анысы калды. Менин эң негизги сынчым- мен өзүм. Элдер кечеден кетип бара жатышып "Турат Токонович, рахмат жакшы алып бардыңыз" дешип ыраазычылыгын билдиришет. Сыртыман сыр билгизбей жылмайып, ичимен бул жерин мындай кылсам болмок, тиги жерден минтип сүйлөсөм болмок деп жаман боло берем. Албетте кийинки кечеде мурунку кетирген кемчиликтеримди кайталабаганга аракет кылам.
- Өзүңүз эс алганга убакыт табылабы?
- Бир жумада эмне иш кылаарым кылдат тизмеленген. Бир аптада жок дегенде эки жолу досторум менен бильярд ойногону барам. Алтынчы күндөрү кечелерди алып барып түн ортосунда келип, түшкө чейин уктайм. Эгерде кечеге барбай бош болсом үй-бүлөм менен жаратылыштын койнуна чыгып, шашлык жасап жыргайбыз. Жыйырма жылдан бери келе жаткан шеринелеш досторум бар, алар менен бир жарым -эки айда бир чогулуп турабыз. Бири-бирибизди таң калтырып, болгон жаңылыктарыбыз менен бөлүшөбүз.

А. Дүйшөналиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
Лунара өзү каалап турмушка чыктыбы?
2-бет
Жанета Бобкова:
"Жумагүл Бобкова болмокмун"

3-бет
Жылдыздар турмушунан
Кудай чоң сактап...

4-бет
Ийгилик формуласы
5-бет
Эненин көөнү балада
6-бет
Турат Касымбеков:
"Менин үнүм отурушта ырдаганга эле жарабаса…"

7-бет
Орозбек Мусакеев:
"Мультфильмдер кыргыз тилинде көрсөтүлгөн эмес"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Лунара Мамытова, "Ала-Тоо"маалымат программасынын диктору:
"Турмушка чыгууну өзүм кааладым"

10-бет
Унаа айдаган айымдар
11-бет
Кыргыздар кара жумуш гана кылышат деп ойлобогула
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Шибегени капка ката албагандай…
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аида Арстаналиева:
"Ийненин үстүндө жашагандаймын"











??.??