п»ї

  Экран жүзү

Аида Арстаналиева:
"Ийненин үстүндө жашагандаймын"

Элтр телеканалында "Ыр белек", "Майрамдык чачыла". "Топ жылдыз", ж.б. көрсөтүүлөрдүн автору жана продюсери Аида Арстаналиева бизде мейманда

ЭлТР телеканалында иштеп жатканыңызга канча убакыттын жүзү болду?
- Мен ОшМУда 3-курста окуп жүргөндө сынак болуп калды. Өзүмдүн кесибим экономист болсо дагы бул сынакка катышып өтүп кеттим. Бирок мага 3 ай убакыт берип сынап көрүштү. Берилген убакытта мен өзүмдү көрсөткөнгө аракет кылып чуркап, абдан эмгектенгем. Жумушка аябай берилип иштедим. Токтогазиев Темирбек Шүкүрбекович мыкты агай эле "арыз жазып кел" деп калды. Абдан сүйүндүм. Ошентип, официалдуу түрдө ишке алышкан. Андан соң 2004-жылдын 13-май күнү Бишкекке биринчилерден болуп мен которулуп келдим.
Кайсыл көрсөтүүлөр сиздин идеяңызга таандык?
- Жумасына 2 жолу чыгып жаткан "Ыр белек" көрсөтүүсү мага таандык. "Топ жылдыз", "Эскерүү" - өтүп кеткен белгилүү инсандарды эскерүү туурасында берилчү. "Телемектеп" - комуз үйрөтүү боюнча уюштурулган. Бирок, демөөрчүлөр жок 2007- жылы жабылып калды. Элдер абдан сурашып, кайра-кайра телефон чалып "Балабызга эми комуз сатып бергенде жабылып калдыңар" деп нааразы болушкан. Бул долбоорду кайра иштеп чыгууну карап атабыз. "Маалымат музыкалык саатты" кыскартып ММС деп атайбыз. Театр, кино жана фольклор жаатындагы белгилүү инсандар коноко чакырылып, маек куруп беришет. Андан тышкары "Майрамдык чачыла", "Таржымал" деген көрсөтүүлөр мага таандык болчу.
ЭлТРдеги акыркы жаңылыктар менен тааныштырып кетпейсизби?
- Ванкуверде болгон олимпиаданы Эркин Айтбаевдин жардамы менен түз алып көрсөттүк. Элдер ыраазы болуп, телефон чалып рахмат айтып жатышат. Спорттук кабарчылар күнү-түнү сайрап, аракеттеништи. Россиядагы замандаштарыбыз кечки көрсөтүүбүздү көрүш үчүн биз бул жерден түнкү 3 кө чейин иштеп жатабыз. Андан сырткары жакында эле "Хундай" компаниясы уюштурган сынактан "Эң мыкты видео тасма" деген сыйлыкты "Авто дүйнө" көрсөтүүсүнүн алыпбаруучусу Темир Матаев жана анын продюсери катары бизге сыйлык тапшырышты, биз буга абдан ыраазыбыз. Жакында "Манасчы" деген жаңы долбоор ачылып, аны манас айткан Замир Баялиев алып барып жатат. Белгилүү инсандардын үйүнө барып, манас айтып, алардын ой-пикирин угуп, ошол жерде талкуу жүргүзүлөт. Акыйкатчы Турсунбек Акундун үйүндө айтылган манасты 5-март күнү эфирден көрө аласыңар.
Эфирдеги кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
- Эфир учурунда кызыктуу окуялар абдан көп болот. Бир жолу таңкы мейманыбызга Уркаш Мамбеталиев келди. Өзү тамашакөй адам болгондуктан күлдүрүп, кызыктуу окуяларын айтып берип, жарым саат жылуу маек куруп берген. Программа бүткөн соң кетип баратып, "Ии, мен чапанымды унутуп калган турбаймынбы" деп чочуса болобу. Көрсө эфирге кийип чыгам деп сумкасына кыргыздын чепкенин сала келген экен. Анда да "Эскертип койбойт белең" деп мага таарынганын эстеп күлкүм келет.
Чыгармачыл адамдардын "чымыны" болот эмеспи. Ыр чыгарасызбы?
- ( Күлүп) Мектепте окуп жүргөндө "Апама", "Учкан уям", "Балалык" деген ж.б. ырларды жазып бир дептер толтургам. Ырларымдын баарын газетага алып барсам, "муну жарыялаганга болбойт" деп чыгарып ийишкен. Ошондон кийин үйгө келип, дептеримди ыргытып, такыр ыр жазбай калгам. Балким, ошондо эжей-агайлар көңүлүмдү улап коюшса андан ары жазып кетет белем. Бирок ошол ырларымды кийин ачып окусам чындыгында жарыялаганга болбой турган ырлар экен.
Акыркы жолу кайсы чыгарманы окудуңуз?
- Чынгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун " Аскада калган аңчынын ыйы" деген чыгармасын окудум. Алардын баскан жолдору, тагдыры, сүйүү, сыр ачуу темасында сүйлөшкөндөрү жазылган. Айтылган курч сөздөр, накыл кептер мээңе сиңип калат экен. Манастын чоң томун окусам деп жүрөм, бирок такыр убактым жок. Убакыттын тардыгынан ийненин үстүндө жашагандай эле жүрөм.
Даярдаган: Нургүл Ибраева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
Лунара өзү каалап турмушка чыктыбы?
2-бет
Жанета Бобкова:
"Жумагүл Бобкова болмокмун"

3-бет
Жылдыздар турмушунан
Кудай чоң сактап...

4-бет
Ийгилик формуласы
5-бет
Эненин көөнү балада
6-бет
Турат Касымбеков:
"Менин үнүм отурушта ырдаганга эле жарабаса…"

7-бет
Орозбек Мусакеев:
"Мультфильмдер кыргыз тилинде көрсөтүлгөн эмес"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Лунара Мамытова, "Ала-Тоо"маалымат программасынын диктору:
"Турмушка чыгууну өзүм кааладым"

10-бет
Унаа айдаган айымдар
11-бет
Кыргыздар кара жумуш гана кылышат деп ойлобогула
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок

13-бет
Шибегени капка ката албагандай…
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аида Арстаналиева:
"Ийненин үстүндө жашагандаймын"











??.??