окумал

Аздек Намазбекова
Көз мончок
(Башталышы өткөн сандарда)

Бала-бакыт...
Үйдөгү ызы-чууну күүгүмдө жумушунан келген жездем тыйбаганда, аягы качан, эмне болуп бүтөөрү күмөн эле. Иштин чоо-жайын угуп, билген соң, бир аз кабагын чытып, ойлоно түшкөн жездем олтургандарды сыдыра тиктеп алып, сөз баштады.
- Башымдан көп нерсе өттү. Мен көрбөгөн, билбеген эч нерсе жок. Мени эч ким таң калтыра албайт деп жүрсөм… Жакамды карматкан кебиңер бар экен. Чынында, эмне деп айтышты да билбей турам. - Башын чайкап: - аял башы менен!.. Анын кызы бала кучактап бактылуу жашасын да, биздики акылынан адашып азап тартса мейли экен да! Ушул акылга сыяр жорукпу?! Эми дагы жакшы, акыр аягы минтип ачыкка чыкканы… Өкүл атасымын, кадыр-баркымды салып келдим дейсиз. Демек, калыска түшүп келген экенсиз да? Анда ошол вазыйпаңызды аягына чейин аткарыңыз. Ансыз деле сот дегенден Аздектин жүрөгү өлүп бүткөн. Бала да орто жолдон чайналып, жаман болот. Андан көрө соттошуп, ары-бери сүйрөшпөйлү. Болгону тынч гана кызыбызды колубузга бергиле. Ошондо эч кимге эч качан дообуз болбойт. Мындайча айтканда, ызы-чуусу жок кыргызча бүтүрөлү дегениңерге мен деле кош колдоп кошулам. А эгер "жок, андай-мындай" дей турган болсоңор, анда биз да баарын мыйзам жүзүндө бүтүрөбүз. Кимге жаман болот, өзүңөр билээрсиңер… - деп ташка тамга баскандай так кесе сүйлөп, сөз бүттү дегендей олтуруп койгон жездеме ичимден ыраазы болдум. Эжем да күйөөсүнүн айтканына муюгандай тынчып калды.
- Оюбуз ордунан чыкты. Сиздики туура, - деп келгендер да кудуңдап калышты. Таңсулуунун алдыга алып келген тамагын унчугушпай ичип, андан ары сөз нугу жай уланды.
Менин болсо ичим уйгу-туйгу. Кызымдын өңүн көз алдыма тарта албай убарамын. Ак кыз болду бекен же кара торубу? Көзүнүн түсү кандай болду экен? Кыз экенин сездирип койкоңдоп көйнөк тандап кийип калган учурудур. Жоош болду бекен, же? Экөөбүз кантип көрүшөөр экенбиз? Ушуну ойлоп, жаман боло түштүм. "Бой салбай койсо кантем?" "Жо-ок, кантип эле кан- жанымдан жаралган наристе энеси экенимди туйбай койсун?! Бала сезет, бала - периште"…
***
Сүйүндүк келбей калды. "Аэропортко бараткан жолдон авария болуптур, жеңил эле экен. Ооруканадан чыкса эле келип калаар" деп эртеси кайнатамдан сөзүн угуп, мага керек учурда дагы жанымда жок болот турбайбы деген таарыныч ойго жетелендим.
Эки күн катары менен жаакташып, эки тарап кызыл чеке болгонго чейин барып, чогулган тууган-туушкандын күчү менен араң бас-бас болуп, акыры кызыма жеттим.
Тизелей олтура калып, кучагымды жайып:
- Келчи мага, келегой-десем, көздөрүн бакырайта мени чочуркай, бир эсе сонуркай тиктеп, энесинин этегине боюн менден жашырган кызым:
- Мамай, эже эмне ыйлап жатат? - дегенин угуп, эт жүрөгүм эзилди.
- Ыйлаба, баланын жүрөгүн түшүрөсүң! - деп эжем көз жашымды улам аарчыйт, улам агат. Жеме да уктум.
- Кымба-ат, экөөбүз кечээ сүйлөшпөдүк беле? Бул эже эмес, сенин апаң да. Аты Аздек. Карачы, сен апаңа аябай окшошсуң. Сени кичинекей кезиңде жоготуп ийишкенде мен таап алгам дебедим беле. Эми сени издеп келген тура. Барагой, апаңа. Сен чоң кыз болдуң, акылың бар да ээ? - кайнежемдин кызы Жийде толкунданганын жашыра албай, үнү дирилдей чыгып, соорото сүйлөп акырын кызымды колунан тарта мен тарапка жетеледи.
- Жо-ок, мама! Мени эч кимге бербечи? Сен эле мама болчу? - деген кызым чыр-р эте ыйлап, буй салганына карабай, так көтөрүп келип, колума карматты да:
- Эртерээк алып кетиңизчи?! - деп терс бурула бергенде жаак ылдый куюлган жашын көрүп, араң турган жаным не бир токтоно алайын. Кызыл эт кезинен багып, карап, эмчек сүтүн эмизип, минтип көзгө көрүнүп калганда баккан баласынан баш тартуу үчүн эмне деген эрк керек! Эки дүйнө ыраазымын сага Жийдеш! Туйлаган кызымды коё берсем эле ажырап калчудай боорума бекем кысып, сыртка жөнөдүм.
- Баланын психикасына доо кетирип, бакыртып ыйлатып, эшиктен кирип энең менмин деген да болчу беле?! Жаш-шабай калгыр, баладай болуп тилимди алып калбай, мындан эмне таптың?! - кайнежем кызын жекире тиктеп, - Мен жек көрүндү болуп, болгон нервимди коротуп, ушунун баарын сен үчүн кылбадым беле! Эл-журтка шерменде кылдың! Бала бага албасаң, өзүм бакмакмын, мага караан болмок. Өзүн эптей албаган ушул жеңең баланы кыйратып багат дейсиңби?! Тим эле боорукер болуп чыга келгенин кантейин, - деп кызын жерден алып көргө салып чамынган кайнежемди оозгу үйдөгүлөр араң тыйып калышты.
Жолду катар алдымдагы кызым солуктап ыйлап, "мамалап" келди. Мен болсо ыйлаганына деле кайылмын. Менден өткөн бактылуу аял жоктой дене боюм балкыйт. Боорума бекем кысып, сербейген секелек чачтарынан сылап, жүзүнө ичим элжирей эзиле тиктеп, жыттап-жыттап коём. Тултуюп колдору менен мени түртүп коёт. Аргасыз жылмаям.
- Кымба-ат, мени карачы, уксаң мени? Шаарга цирк келиптир. Барасыңбы, эртең алып баралы? Сага кайсы жаныбар жагат? Үйдө балыгыбыз бар. Ардак сага арнап апакай күчүк сатып келип койду. Атын өзүң коёсуңбу? Сенин боюң менен тең куурчак алып койгонбуз. Сага окшош. Үйдө таянең күтүп олтурат. А булар сеники, - эжем баланын тилине салып сүйлөп, алаксытымыш этип үйдөн салып алган баштыктагы момпосуйларды машинанын арткы орундугуна чачып салды. Жездем да күзгүдөн күлүңдөп, кызыга карап коюп баратат. "Алдаса болот жаш башты" дегендей кызым жайнаган момпосуйдун кайсынысын алаарын билбей улам бирин кармалап, көздөрү жайнай түшкөнүн көрүп жүрөгүм бир аз ылдыйлагансыды. Алдыбыздан тосуп чыгып башыбыздан ылдый суу тегереткен апам жалынып-жалбара кызымды колумдан ала койсо Кымбат унчукпай апамдын тизесине отурду.
Түлөө өткөзүп, үй ичинде сүйлөгөнүбүз эле менин кызым болуп бапыраганыбыз менен бир топ кыйналдык. Күндүзү Ардак менен ар нерсеге алаксып, жакшы эле жүргөнү менен, түнкүсүн чочуп, бакырып ыйлап Жийдени сурап эсибизди кетирди. Эзели көрбөгөн каяктагы адамдарга аралашып калдым деп чочуладыбы, өпкө-өпкөсүнө батпай муңканып ыйласа баарыбыз басылта албай убарабыз. Бир күнү денесинин табы көтөрүлүп, шалдырап эле жатып калды. Доктур чакыртып, дары ала чуркап ысыгын эптеп түшүрдүк. Энесимин дегеним менен эненин түйшүгү ушунча оор экенин эки күн уйкудан калганда сездим окшойт. Энтелеп, жанымдан чыкпай мени менен кошо кайтарышып, карашып жанымда жүргөн апам:
- Бала деген ушундай болот… Оңой ойлодуң беле. Чыда, бала эмеспи бара-бара унуткарып кетет. Тигил энесин эстеп куса болуп эле ооруп жатат, - деп мени жооткотуп жүрдү.
- Кошуна келин "балдар психологуна алып барып көрсөңөрчү, жакшы таанышым бар" деп жатат. Же көзүнө бир көрүнүп, сагынычын таркатып кет деп кайнежеңдин кызын чакыралыбы? - деген эжемди апам тыйып:
- Айланайын, обужоктонбой жөн олтургулачы. Бир баланын чыркоолонгонуна чыдап койбой эле эмне болуп атасыңар? Силердин оюңарга койсо тим эле "Ии, апам сенсиңби?" - деп мойнуңарга асылып калса ээ? Андай болбойт…
Баланын тилин таба билген үчүнбү, кызым акырындап апама жакындап, ага сүйлөп, бара-бара мага үйүр алышып калды. Көңүлүн кантип алсам деп күндө ар кайсы паркка алып барам, көзү түшкөн оюнчугун сатып берем, сөзгө тартам. Апамды ээрчип кетип бир жумадай айылда да жүрүп келдик. Атка минип, айылдагы балдар менен кубалашып ойноп көңүлү бир аз ачылгандай болду. Бир түнү койнумда жатып:
- Эми, менин мамам экинчи келбейби? Мен аны чоң эмес, кичине эле сагынып жатам, - деп күтүүсүз берген суроосуна кандай айтсам туура болот дегендей ойлоно түштүм. Жийде акыркы жолукканыбызда Кореяга кетээрин айткан эле.
- Жийде эжең азыр алыска-а кеткен. Эгер эмдиги жылы келсе, мен сени сөзсүз жолуктурам макулбу? Азыр болсо уктайгой. Мен сени аябай-аябай жакшы көрөм! - дедим. Көздөрүнөн өөп. Кызымдын уктай турган түрү жок. Экөөбүз бир топко чейин божурашып сүйлөшүп жаттык. Кымбат улам эсине түшкөн нерселерди айтып берип түн бир оокумда уйкуга кеттик.
ххх
Сүйүндүк келгенде мен жумушта элем. Кызым үйдө Кундуз менен калган. "Күйөөң келди. Ой, кечирип кой, кызыңдын атасы келди" деп телефон чалганынан шашып келсем, үй ичи толо оюнчук, китеп, көйнөк-кече. Кызым болсо кыткылыктап күлүп Сүйүндүктүн мойнуна минип алып ойноп отурат. экөөнүн тең чечекейи чеч.
- Апа, атам келди. Карачы мобул көйнөктүн баарын мага алып келди, деп жатпайбы. "Апа дегенин качан угам" деп ар бир сөзүн аңдып күндө күтүп жүрсөм…Абдаарып калдым. Сүйүндүк дагы түшүнө калды окшойт ордунан шашып тура калып учурашты. Кечинде үчөөбүз ээрчишип барып кафеден чогуу тамактандык. Ушунча жүрүп көрбөгөн кызымдын көптөгөн кылыктарына күбө болдум. Быдылдай сүйлөп, күлкүсүнө какап-чакап, улам көргөндөрүн айтып түгөтө албай жатты.
- Сенин эле өзүң экен. Көздөрү, кашы…Мага кайсы жери окшош, ыя?-деген Сүйүндүк мени кылгыра тиктеп калды.