Бир собол

Эфирден кийин
эмне кыласыз?
Чынара Капарова:
- Эфир бүткөн соң бардык адамдарга окшоп үйгө кетүүгө камданабыз да . Эгерде кечки көрсөтүү болсо бир күндүк жаңылыктарды жыйнап, микрофондорду ирээтке келтиребиз. Андан соң бетибиздеги гримди алып, үйгө шашып калабыз.


Ильич Кулназаров:
- Эфир бүткөн соң биринчи кезекте бетимдеги гримди алууга шашам. Анткени алдыман чыккан адамдардын "жүрөгүн" түшүрүп албайын дейм (күлүп). Бир курдай эфирден кийин бетимдеги гримди тазалабастан унутуп көчөгө чыгып, көп элдин оозун ачыргам. Анда жай мезгили болгондуктан, грим агып, из түшүп калганын өзүм үйгө келип көрүп атпаймынбы.


Каныбек Асанкалы уулу:
- Ар бир эфирдин алдында "Сталиндин атуусунда" тургандай чоң толкундануу сезимдери болот. Эфир абдан сүрдүү болгондуктан кээде "кызарып- татарып", сөзүңөн жаңылган учурлар кездешет. Эфир бүткөн соң дароо терең дем алып, "уух" деген сөздү айткандан кийин, жаактарыма массаж жасап, жок дегенде жарым саат диванда олтуруп, моралдык жактан өзүмдү ирээтке келтирем.



Нуржамал Бурханова:
- "Эфирге жаңы чыгып баштаганда эфир бүткөндө эки кружка кофе ичип эс алчумун. Жанымда дайыма кофе болоор эле. Кофе ичкен соң башка иштеримди бүтүрүүгө аттанчумун. Азыр андай адатым калып, кофени унутуп деле калгам. Азыр кофени адабий китептерге алмаштыргам. Үйгө барганда сөзсүз китеп окумайынча жата албайм.


Гүлжан Кулманбетова:
- "Эфирден кийин бетимдеги боёкторду алып, өзүмдүн жаныма алып жүргөн бет майымды сүйкөгөнгө шашам. Окуган жаңылыктардын баардыгын бир папкага салган соң, үйгө кетүүгө даярданам.


Алмаз Касымалиев:
- Эфир бүткөндөн кийин грим бөлмөсүнө бет алам. Андан соң кийимимди алмаштырып, анан үйгө жөнөйм. Меники түз эфир болгондуктан ар кандай кырдаалдар болот, кээде " чүчкүрүп- бышкырып" алган учурлар кездешип дегендей, андай учурлардан жеңил өтүп алсам өзүмдү ушунчалык жеңил сезип, эс алгандай эле болуп калам.


Нүргүл Ибраева





  Айчырай

Адинай Кемелова, "Бишкек сулуусу-2009" конкурсунун жеңүүчүсү:
"Бири-бирибизге күйүмдүүрөк болсок..."
2009- жылы "Бишкек сулуусу" конкурсунда борборубуздун эң сулуу кызы деп табылган Адинай Кемелова азыр ийгиликтин чокусунда. Ал менен сулуулук, мода жана келечектеги пландары жөнүндө сүйлөшөлү деп маекке тарттык.

- Адинай, балалыгың, үй-бүлөң жөнүндө айтып бербейсиңби?
- Балалыгымды эстесем, эсиме жалаң жакшы күндөр түшөт. Менин таттуу, баёо күндөрүмө, ата-энеме миң мертебе ыраазымын. Мен үй-бүлөдө жалгыз кызмын, бирок эрке эмесмин. №13 -лицейди алтын медаль менен аяктагам. Азыр экономист кесибине окуп жатам.
- Мода бизнесинде иштеп калганыңа эмне түрткү болду?
- Мен модага, дизайнга дайыма кызыкчумун, бирок модель болом деп ойлогон эмесмин. 2007-жылы биринчи жолу "Мисс Туризм" сулуулар конкурсуна катышып, баш байгелүү орундардын бирин алып, аябай сүйүнгөм. Ошондон кийин мода жумалыгына катышып, фотосессияларга түшүп, конкурстарга бара баштадым. Бирок, мен үчүн моделдик кесип жөн гана хоббим. Азыр башка максаттарым бар, ошолорго жеткенге аракет кылып жатам.
"Бишкек сулуусу" конкурсуна катышууга бирөө кеңеш бердиби?
- Мен "Бишкек сулуусу конкурсу" жөнүндө билген да эмесмин. Курбу кызым телефон чалып, "Экөөбүз кастингге барып көрбөйлүбү" дегенде, өзүмдү сынаш үчүн макул болгом. Бул конкурста көп кыздар менен тааныштым, кээ бири менен жакшы курбулардан болуп калдык. Азыр жетимдерге, кароосуз калган карыларга жардам берип жатам. Өзүм балдар жана согуш ардагерлери үчүн кайрымдуулук акцияларды уюштурдум. Алардын сүйүнгөнүн көрүп, өзүм да аябай рахат алдым.
- Сенин келбетиң азыр борбордогу көп биллборддордо илинип турат?
- Ооба, мен бир нече компаниялардын жарнамасына түшкөм. Алардын арасында "О" уюлдук операторунун жарнамасы, "7 дней" соода түйүндөрү жана "Smart S.H" деген жарнама агенттиги бар.
- "Сулуулук дүйнөнү сактап калат" деген сөзгө оюң кандай?
- Ооба,мен сулуулук дүйнөнү сактап калат дегенге ишенем дечи, бирок, сырткы келбетибиз гана эмес, ички дүйнөбүз да сулуу болуш керек. Ички дүйнөбүз таза болсо, бири-бирибизге күйүмдүү болсок, анда жашообуз да, дүйнөбүз да жакшы тарапка өзгөрүлөт деп ойлойм.
- Ушундай сулуунун жигити бар болду бекен?
- Азыр сүйлөшкөн жигитим жок. Бирок мен чыныгы сүйүүгө кездешериме ишенем.
- Астыга койгон пландарың кандай?
- Кудай буйруганын көрөбүз да. Мен башкысы сүйүктүү жарымды таап, мээримдүү эне болсом деп тилейм.
- Бош убактыңда эмне кыласың?
- Мен көп нерселерге кызыгам. Китеп окуганды, сүрөт тартканды, ыр жазганды жакшы көрөм. Жакында таенем курак кураганды үйрөттү. Азыр ошол өнөргө абдан кызыгып жаткан убагым.
- Маегиңе рахмат, ишиңде ийгилик болсун!
Айсалкын
Самсалиева