Сырмаек

Ырыскелди
Осмонкулов:
"Неберем он жети, чөбөрөм он алты жашында үйлөнсө дейм"
Кыргыз эстрадасынын элитасынын арасына кирген Ырыскелди Осмонкулов убагында далай кыздардын жүрөгүн тызылдатып түн уйкусун бузса керек. Кырк жаш кырчындай курагында шоу-бизнестеги эң жаш чоң ата аталып, көбүн таңгалдырган. Жаш үйлөнгөн Ырыскелди мырза үй-бүлөлүк очогун бузбай жары менен ушул убакка чейин кол кармашып, чыгармачылыгын да артка калтырбай эмгектенип жаткан учуру.


- Акыркы убактарда дайыныңыз чыкпай калгансыйт?...
- Студияда эле иштеп жатам, жакында үчүнчү альбомумду чыгарганга даярдык көрүүдөмүн. Кеңеш сурап келген жаш ырчыларга кеңешимди аябай, колуман келген жардамымды берип жатам.
- А үй-бүлөңүздө кандай жаңылык?
- Балам үйлөнүп, ал тургай Атай, Каныкей деген эки неберелүү болгонум көпчүлүккө маалым болсо керек. Эки неберем тең чуркап, басып кубанычка бөлөп турган мезгили. Уулумдун өзүнүн жеке бизнеси бар, учурда өздөрүнчө атамдын үйүндө жашашат. Өзү да чоң атасынын колунда чоңоюп, мага караганда атама жакын өстү. Ар дайым "кийин мен ушул үйдө түтүн булатып, чоң атамдын үйүндө калам" дей берчү, азыр эми эки жагын оңдоп-түзөп, ошол атамдын үйүндө калтырдым. Келиним Лилия мурда алтын саткан дүкөндө иштечү, азыр уулум экөө чогуу иштейт. Кызым Айсулуу Юридикалык Академияда окуйт. Кызымда өзгөчө талант бар, бирок чыгармачылык жол менен кетишине мен каршы болдум. Анткени, музыка үчүн адам көп нерсе жумшаш керек, мен көргөн кыйынчылыктарды көрбөсүн дедим.
- Жубайыңыз кайсы тармакта иштейт?
- Райкүл чыгыш бийинен үч жылдан бери сабак берет. Азыр ал жаш болсо да чоң апа болуп отурат.
- Экөөңүздөр кантип таанышып калдыңыздар эле?
- Көлдөн классташым тааныштырган, бир көргөндө сүйүп калдым десем болот. Бир жагынан жаштык кылып он тогуз жашымда баш коштук, бирок, ата-энем каршы деле болушкан эмес. Мен музыкалык окуу жайда окуп, жубайым иштеп жүрдү. Жаш үйлөнгөндөн кийин кыйынчылыктар болбой койгон жок, мен түнкүсүн ресторандарда ырдап жүрдүм. Дагы жакшы, ата-энем балдарыма каралашып, жакшы жардам беришти.
- Уулуңуз сизди тарткан го анда?
- Адил он сегиз жашында турмуш курду. (Күлүп) Баласы атасын тартат экен да…Алардын да сүйүүсү күчтүү болду окшойт, башында биз каршы чыкканбыз. Бирок оюндагыларын бербегенинен улам аягында тим болдук. Кудайга шүгүр, кыркка чыкканда чоң ата наамын ыйгарышып, неберелүү кылышты. Баламдын баласын көрдүм деген ой башыңа келгенде толкунданып, сүйүнүп башкача болосуң. Бул эң жакшы сезим дээр элем.
- Чоң ата болдум деп өзүңүздү картаң сезип кеткен жоксузбу?
- Жо-ок, андай сезим болгон деле жок. Бирок кээ бир досторум "неберем деп айтпа" дешет. Анын эмнеси бар экен, мен неберелерим менен сыймыктанам, болгонун болгондой айтыш керек да. Жубайым да өзүн аябай карап, өз жашынан алда канча жаш көрүнөт, неберелүү болгон күндө деле жаштардай жүрөт. Неберелеримди жетелеп чыгып калсак көргөндөр таң калышып, кээ бири ишенбейт.
- Небереңиз он сегиз жашында үйлөнөм десе каршы болбойт белеңиз?
- Жок каршы эмесмин, мен он тогуз жашымда, уулум он сегиз жашында үйлөндүкпү. Эми неберем он жети жашында, чөбөрөм он алты жашында турмуш курса дейм.
- Өзүңүз дагы балалуу болууну пландаган жоксузбу?
- Андай ойлор болгон. Жогоруда айткандай жубайым бийден сабак берип жатпайбы, бир чети карьерасын ойлонду, экинчи жагынан доктурлар жубайымдын ден соолугу балалуу болгонго жол бербесин айтышкан.
- Кызыңыз башка улуттун жаранына турмушка чыгам десе макул болот белеңиз?
- Азыркы убакта көпчүлүгү каражаттын айынан аргасыз турмуш куруп жатышат. Өзүмдүн оюм жөнүндө айта турган болсом, кыргыз кыздары кыргыздын эле санын көбөйткөнү оң го. Анткени, кыргыздын кыздары башка жакка турмушка чыкса баары бир бири-бирине менталитети, диний көз караштары, салт-санаасы туура келбей калышы мүмкүн. Башка улутка кор болгондон көрө кыргыздын жигиттерин эле тандаса жакшы эмеспи. Бир сөз менен айтканда кызымдын башка улуттун жаранына турмушка чыгышына каршымын.
- Балдарыңызга татыктуу тарбия бере алдым деп ишенимдүү айта аласызбы?
- Айта алам, балдарымды катуу эле тартипте кармадым. Уулум сабагын мыкты окуп, өз күчү менен университетке өттү. Кызым да тырышып аракет кылып окуп жатат.
- Сиздин оюңузча аялзатына үй-бүлө маанилүүбү же карьерабы?
- Аялзаты үй-бүлөгө басым жасаш керек. Бала деген эненин сүтү, мээрими менен өсөт. Баланын жашоого болгон көз карашы эненин тарбиясына жараша калыптанат. Ошондуктан аялдын орду үйдө болгону жакшы. Мен бийликте да аялзатынын болушун каалабайм.
- Үй-бүлөдө лидерлик кимиңердин колуңарда?
- Экөөбүздө тең. Жубайым жылдыз белги боюнча чаян, менин билишимче чаяндар дайыма лидерликке умтулушат. Райкүлдүн да кээде ошонусу кармап калат, бирок чымынын күүп, токтотуп коёбуз. Кээде сөзүмдү угуп, айтканыма көнүп калат, кээде өз билгенин жасап калат дегендей…
- Жылдыз төлгөгө ишенесизби?
- Ооба ишенем, анткени астрологиялык төлгөнүн да өзүнчө сыры бар. Мукаш Абдраев атындагы мектепте окуп жүргөндө Татьяна Борщ деген астролог бар болчу, азыр Москвада жашайт. Ошол эженин айткан төлгөлөрү дал келип жатат. Кээде туура эмес чыгып калган учурлар деле болот экен. Мисалы, мен жылдыз белги боюнча сууперимин. Астрологиялык төлгөдө "Сууперилер чаяндар менен тил табыша албайт" деп айтылат. А мен жубайым менен жыйырма бир жылдан бери жашап келе жатам.
- Жубайыңыздын кыялы "чатак" окшойт?
- Райкүл өзү таза-тыкан, назик, чынчыл жан. Баары бир чаян эмеспи, кээде күтүүсүз чагып алат.
- Өзүңүздүн кыялыңызчы?
- Менин туруп-туруп ачууга алдырып иймей адатым бар, жиним келгенде кыйкырып катуу айтып алам. Жакшы жагым кайрымдуу, боорукермин. Анан да ичимдикке тескери көз караштамын. Арак адамды жеңет, жыгат. Адам аракты жеңген эмес.
- Арактын азабын тарткан окшойсуз?..
- Башыман өткөн үчүн айтып жатпайымбы. Адам болгон нерсени жон териси менен сезмейин түшүнбөйт. Мен да арак, тамекинин айынан көп жапа чеккем. Арак карьерага, үй-бүлөгө аябай терс таасирин тийгизет.
- Чыгармачыл чөйрөдөн кимдер менен үй-бүлөлүк катыштасыз?
- Сахналаш досторум көп, 28-январда туулган күнүмдү белгиледим. Достордун арасында төрт жылдан бери бильярд боюнча турнир уюштуруп келем. Досторумдун башын бириктирип, чогуу отурганга шылтоо болсун деп туулган күнүм болгон сайын ушул турнирди салтка айландырдым.
Анара Дүйшөналиева