Дарамет

Лира Урманбетова:
"Кыска кийимдерим үчүн үйдөн чыр чыгат"
Шоу бизнес чөйрөсүндө "Жашоо керемет", "Жар-Жар", "Жүрөк сыры"жана башка бир топ ырлары менен таанылып, "Мулен Руштун"стилинде кийинип чыга баштаган ырчы айым Лира Урманбетованы теледен, сахнадан көп көрбөгөнүбүз менен шаңдуу, шайыр ырларын радиолордон угуп жүрөбүз. Белгилүү обончу, композитор Догдурбек Урманбетовдун ортончу кызы Лираны маекке тарттык.


- Лира, сахнага чыкканыңа ата-энең түрткү болгонбу?
- Мен кичинекей чагымдан бери атамды ээрчип той-топурларга, концерттерге барып ырдап жүрчүмүн. Анын үстүнө биздин кошуналарыбыздын көбү музыканттар, акындар эле. Бирок, чоңоюп, эми ырдап чыгайын дегенде атам каршы чыккан. Өзүмдүн көк беттигиме салып, тытынып аракет кылып жатып чыгып кеттим.
- Анда атаң сенин ырдаган ырларыңа сын-пикир айтып турат экен да?
- Ооба. Азыркыга чейин сындарды да, кеңештерди да жакшы айтат. Башында өзүмдүн чыгарган ырларымды ырдабастан, элдик эски чыгармаларды жаңылап ырдап чыгууну туура көрүп, атамдан "Жүрөк сыры"аттуу ырыңызга жаңы аранжировка жаздырайын"деп сурасам, атам "Бул ырды Кайыргүл Сартбаева өңдүү ырчылар ырдап жүрүшкөн. Сен ырды бузуп саласың, мен уят болуп калам"деген өңдүү кеңештерин айтып мага ишенген эмес. Бирок, мен бир топко чейин ырды бышырып, даярдап анан атама айтпай эле жаздырып салгам. Кийин ырды уккандан кийин эч нерсе дей алган жок.
- Азыр тааныш-билишиң бар болсо колуң узунураак сунулат эмеспи?
- Туура. Мен жаңы чыкканда атамдын акын достору, тааныштары жакшы эле жардам беришти. Бирок мени атам дайыма эле колдой бербейт. Мага жеңил болот деп, өзүм дагы отура албайм. Болбогон бир-эки ыр менен сахнага чыгып, тааныш-билишке салгандан көрө, аракет кылып репертуардын үстүнөн иштесең, чакыруулар өзүнөн-өзү болот деп ишенем. Ошондуктан менин кебетеме караганда ырларымды жакшы билишет.
- Сени ресторанда иштейт деп уктум эле?
- Ырчыга эң чоң база берген кафе, ресторан деп ойлойт элем. Ал жакта күн сайын жандуу ырдап машыгасың, өсөсүң. Сиз туура эле угуптурсуз. Учурда мен жалаң чет элдиктер келген "Хаят" мейманканасынын барында иштеген "Матрикс" аттуу америкалык топтун солистимин.
- Кандайча америкалыктар менен иштешип калдың эле?
- Бир күнү мага вокалдан берген Талант аттуу агайым "Лира, сенин репертуарың кенен го, америкалык топко ырчы керек болуп жатыптыр. Барып көрбөйсүңбү?"деп калды. Айтылган дарек менен барсам, алар менин чет тилди билгениме, билбегениме карабай эле, "Бул ырды билесиңби, бул ырчыны тааныйсыңда, ушул ырларды ырдаш керек"деп дароо ырларды көрсөтүштү. Мен дагы "Ооба, ооба" деп баш ийкеп англисче сүйлөдүм. Ырдатып көрүшүп, дароо эле ансамблге солист кылып алышты.
- Демек, көбүнчө англис тилинде ырдайт экенсиң да?
- Топтогу репертуарыбыз көбүнчө англис тилинде кетет. А өзүмдүн жеке чыгармачылыгымда он чакты кыргызча ырым бар. Биздин топто үч мырза анан мен ырдайм. Кудай буюрса, америкалык кесиптештеримди Рыспай, Асанкалый өңдүү залкарларыбыздын ырларын ырдатып, кыргызча да сүйлөтөйүн деген оюм бар.
- Сен анда сом эмес, долларды кармаган ырчы экенсиң да?
- (Күлүп) Акча жагына келгенде менин акчам мынча-тигинче деп мактана албайм. Чынында биздин барга чет өлкөлүктөр көп келишет. Эгерде ырларыбыз аябай жагып калса, акырын барып кассага акча таштап кетишет. Менин оюмча, музыканттардын жашоосу "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт"дегендей, бирде акчабыз көп болот, бирде акчабыз жок отуруп калабыз.
- Лира, чач жасалгаң өзгөчө экен. Өзүң да көбүнчө ачык, кыска кийимдерге басым жасайт экенсиң. Буга ата-энең кандай көз карашта?
- Чачымдын жасалгасын "Мулен Руждун" стилине окшоштурсаңыздар болот. А кыска кийимдерди кийишиме ата-энем абдан каршы болушат. Бул жөнүндө үйдө күнүгө чыр чыгат. Атам "Азыр таланты жоктор ар нерсени кылып эптеп таанылыштын амалын издешет. Сенин талантың, үнүң бар эмнеден коркуп жатасың. Эл катары кийимдерди кийип эле ырдабайсыңбы?"деп урушат. Үйдөн чыгып баратканда атамдын көзүнчө шым кийип чыгам да, сыртка чыкканда кыска кийимдеримди кийип алам. Мен азыр жашмын, кандай кийинсем да жарашат деп ойлойм. Учурда эч нерсеге көз каранды эмесмин, болгону стилге көз каранды болуудамын.
Айнура Касымова