Жыштык жылдызы

Нуркыз
Исакова:
"Уулум экөөбүз атабыздын бактылуу болушун каалайбыз"
Оригиналдуу ырчы Тата Уландын "экс-жубайы" мукам үндүү "Кыргыз радиосунун" "Түнкү Белес" программасынын ди-джейи Нуркыз Исакова сүйүү күнүнүн алдында биз менен кызыктуу маек курду.

- Нуркыз, бир топ жылдан бери кызмат ордуңузду алмаштырбай радиодо иштеп келатканыңыздын өзгөчө сыйкыры бар го?
- Радио мага өзгөчө эргүү бере турган иш ордум десем болот. Мен радио тармагына жаш кадр болуп он тогуз жашымда келгем. КТРдин алтын астанасын аттаганыма он жылдай болуп калды. Эмнегедир радиону таштап кетким келбейт. Ишиме келгенде мен өзүмдү океандын кооздугуна арбалып, эргүү алып сүзүп жүргөн балыктай элестетем.
- Ошол океанда сизге кеп-кеңеш айтып, "Ары сүз, бери сүз" деген адамдар болсо керек?
- Албетте, менин радиого иштеп калышыма үйдөн ата-энем түрткү болсо, ишке келгенде Байма Сүтенова, Динара Жусаева эжекелерим колдоо көрсөтүштү. Байма эженин бир топ тапшырмаларын аткарып, а кишинин тегирменинен өттүм, жеке мектебинен сабак алдым. Эже бизге "Кайсы ишке кирбегиле, мен байлык топтоюн, пайда көрөйүн дебей, өз мээнетим менен токоч табайын, өз мээнетим менен эл оозуна алынайын деп иштегиле"деген сөздөрдү көп айтчу. Мен дагы ак эмгегим менен токоч таап жегим келет.
- Радионун фанаты болгон кыялыңыз бала кезде эле ойгонгон го?
- Ооба. Айылда жүргөндө эле "Кыргыз" радиосундагы сүйүү жөнүндөгү "Бейпил түн" деген уктурууну калтырбай укчумун. Атам дагы мага дилбаяндарды көп жаздырып, жазганымды диктофонго түшүрүп, үнүмдү кайра өзүмө угузганда, апам "Нуркыз, кудай буюрса мыкты радио алыпбаруучу болот"деп калчу. Мектепти жаңы бүтүп келгенде КТРдин алдынан кетпей, эшигинин алдында кирип чыккан элдерди карап отуруп, калың дептериме "Мен бүгүн Бек Борбиевди, Айчүрөк Иманалиеваны көрдүм. Мен бүгүн Бактыбек Мамытов менен Гүлшан Молдоеваны көрдүм"деп кайсы белгилүү адамды көрсөм жаза берчүмүн. Ошентип жаза берип, бир айдын ичинде эки калың дептер толгон эле.
- Байкасам, абдан кыялкеч окшойсуз?
- Кыялкечмин. Ошондуктан сүйүүгө байланышкан программаларды жата калып даярдап, баш отум менен кирип кетем. Тереңине сөз, бийигине көз жетпеген сүйүү изилденип бүтпөгөн тема экен да.
- Өзүңүз чыныгы сүйүүгө кабылдыңыз беле?
- Сүйүү жөнүндө сүйлөп, сүйүүнү айтып ырдаш үчүн сөзсүз ошол адам сүйүп көрүш керек деп коюшат го. Мен дагы чыныгы сүйүүгө кабылгам. Эгерде сүйүүнүн даамын татпасам, сүйүү тууралуу эч нерсе айталмак эмесмин.
- Даамын таткан сүйүүңүз тууралуу айтып бербейсизби?
- Менин алгачкы махабатым радиого байланыштуу. Ушул жерде иштеп жүрүп өзүмдүн түгөйүмдү таптым. Экөөбүздүн бактылуу күндөрүбүз, кайталангыс жолугушууларыбыз дал ушул радионун коридорлорунда өттү. Чыныгы сүйүүнүн кудуретин, өлчөнбөс күчүн мен ошондо чындап баамдаган экенмин. Жаш болсом да сүйүүнүн күчү менен бир топ чоң программаларды даярдыксыз алып чыккан күндөрүмдү эстеп, азыр абдан таң калам. Сүйгөнүм менен кол кармашып сыртка чыгып, эфирге бир мүнөт калганда чуркап келип сүйлөгөн күндөрүм кайталангыс экен. Сүйүшүп жүрүп баш кошуп, үйлөнгөндөн кийин деле ишимди таштаган жокмун.
- Таң эрте сүйүнүп бараар ишиң болсо, кечинде күтүп алаар кишиң болсо анда сен бактылуу адамсың дешет. Буга кошуласызбы?
- Менде экөө тең бар десем болот. Кудайга шүгүр, мени дайыма уулум тосуп алат. Кээде иштен кеч келип калсам, уктабай күтүп турат. "Өнөр адамдарынын балдары капитандын балдарындай эле тарбияланышат"деп, тамашалап айтып калышат го, анын сыңарындай, уулум да менин ишимди азыртадан жакшы түшүнөт.
- Эркек бала атасына жакын болот эмеспи. Уулуңузду Улан байке менен жолуктуруп турасызбы?
- Ооба, атасы баласына жолугуп турат. Балам экөөбүз атабызды аябай сыйлайбыз, аны менен сыймыктанабыз, чыгармачылыгына ийгиликтерди жана анын да бактылуу болушун каалайбыз.
- Уулуңуз чоңойгон сайын кандай өнөрлөрүн байкап жатасыз?
- Баламдын таланттуу экенин кичинекейинен эле байкагам. Азыр төрттөн бешке карады. Өзү эле ырларды куюлуштуруп төгүп, обонго салып ырдайт, үнү абдан жакшы. Сүрөт тартат, укмуштай бийлейт. Анан да өзү кичинекей болсо да музыканы тандап угат. Мен кошбойлуу кезимде врачтардын "Классикалык музыканы көп ук, баланын аң-сезиминин өсүшүнө жакшы таасир берет"дегендеринен, жумушка бир саат эрте келип, музыка укчумун. Ошондон уламбы, жай темптеги классикалык ырларды жактырат.
- Кыздын чырагы кырк деп коёт го. Сиздин колуңузду сураган мырзалар барбы?
- Бар, бирок менин жүрөгүм бир эле адамга байланып калгандай. Же мен ашыкча кыялкечминби, азыр алдыма турмушка чыгуу эмес, балама татыктуу тарбия берсем деген бир максатты коюп алгам. Эл арасында "Баланын тарбиясын көрүп, анын ата-энесинин ким экенин билсең болот" деп айтышса, "Уулу жаман чыкса дөөдөй болгон атасын төө үстүнөн ит кабат" деген да жакшы сөз бар го. Ошон үчүн баягынын уулу, баягынын туягы дедиртпей, баламды жакшы тарбиялаганга аракет кылам.
Айнура Касымова