Жылдыздар деле сиздей жан

Сүйүүнүн
сүрү күчтүүбү?..
14-февраль сүйүү күнүнө карата жазылган окурмандардын каттары биздин дарекке үйүлүп эле калды. Каттарды карап олтуруп, алардын арасынан турмуш жолуна аттана элек бойдок өнөрпоздорго багышталган арзуу билдирүүлөрүн тандап алдык. Аны менен бирге кат ээлерин суктандырып, кол жеткис айдай сезилген сахна адамдарынын сүйүүгө болгон ойлорун укканыбызда, алардын арасында дагы, өз күйөрмандары сыяктуу сүйгөндөрүнө жетпей жүргөндөрү бар экен.


Мен үчүн Кундуз ырчы эмес, периште
Эркек менен аял бири-бирин сүйүп, баш кошуп анан бактылуу турмушту өткөрө башташат. Мен да алардай болуп сүйгөнүм менен бактылуу өмүр сүргүм келет. А бирок, ал оюм таптакыр ишке ашпаарын билем, жүрөгүм менен туям. Анткени, менин жүрөгүмдүн периштеси Кундуз. Мен Кундузумду ырчы эмес, периштем деп айтаар элем. Анын кундуздай куюлган кара чачы канчалаган мырзаларды суктандырган суйкайган бою, күлгөн шыңгыр күлкүсү, мени азгырчу болду. Кундуз мен сени бир гана эркектерден эмес, бизди курчап турган табигаттан да, жан-жаныбарлардан да кызганам. Анткени, менин кыялымда сен бир гана меникисиң! Акылбек


- Кундуз, 14-февралга кандай план коюп жатасың?
Кундуз Канатбек кызы:
- Учурда сүйлөшүп жүргөн жигитим бар. 14-февралга планды мен эмес, жигитим коюп жатса керек. Кандай тосоорубузду азырынча билбейм. Балким, жигитим мага сюрприз жасап жаткандыр.


Ильяздан башканы сүйүп калуудан корком
Канча кыздын жүрөгүн ооруттуң экен, менин кичинекей Ильязым? Бул суроону өзүмө-өзүм берип жашап келатканыма мынча жыл болду деп айткандан да уялам. Анткени, сени биринчи жолу сахнадан көргөн күндөн тартып, атыңды жүрөгүмдүн жылуу төрүнө сактап, эч кимге сырымды айтпай сактап келем. Сенден башка жигитти сүйүп калуудан да корком. Мен сенин ырларың менен жашап, карааныңа зар болуп күн өткөрүп келем. Сен менин сүйүүмдү миңдеген күйөрман кыздарыңдын сүйүүсүнүн бири катары кабыл алаарсың. А бирок, менин сага болгон сүйүүм айтып түгөткүс дастан, айтып бүткүс чыгарма... Назира


- Ильяз, сүйүү күнүндө кайда болосуң?
Ильяз Абдразаков:
- 14-февралда Каракол шаарына жеке концертимди берем. Бул жылы сүйүүмдү Караколдук кыздарга чачып, ырдесте сунуп келейин деп чечтим. Буюрса ал күнү Ысык-Көлдү көздөй жөнөйбүз.


Бегимай менен түшүмдө гана үйлөнөм
Эки жылдан бери жашоомо бүлүк салып, жандүйнөмдү боздоткон ырчы Бегимай Бекбоевага арзуу катымды арнайм. Бегимай бул катымды окуп, сыртыңдан сүйүп жүргөн бир адам бар экенин билээрсиң. Акыркы күндөрү сенин кадамың менен жашап калгандаймын. Анткени, сен жүргөн жерде мен да жүргүм келет, Спорт ордосундагы концерттердин канчасына сени издеп барып жүрдүм. Бирок, сахнадан сенин карааныңды көралбадым, сенин ырларыңды уга албадым. Сенин жашың менден бир топ кичүү болгону менен менин сага болгон сүйүүм жашыма тең деп ойлойм. Экөөбүздүн баш кошконубузду өңүмдө эмес, түшүмдө гана көрүп калам го?. Санжар


- Бегимай, сүйүү күнүн кимдер менен тососуң?
Бегимай
Бекбоева:
- Мен чыныгы сүйүүгө кабылып көрө элекмин. Былтыр 14-февраль күнү дүкөндөрдү кыдырып, өзүмө жаккан белектерди сатып алдым эле. Быйыл болсо досторумдун баары турмушка чыгып кыздардан экөөбүз эле калдык. Азырынча эмне кылыш керекти ойлоно элекмин. (Күлүп) Балким, сүйүү күнүнө чейин сүйгөнүмө жолугуп калам.


- Ильяз, 14-февраль
сен үчүн кандай
майрам?
Ильяз Андаш:
- Менин сүйгөнүм буга чейин болгон эмес, азыр деле жок. Өмүрүмдө сүйүү күнүн майрамдап көргөн эмесмин. А келе жаткан 14-февралда майрамдык кечелерге барып, ырдап келем.


Нурзада сен мени тоготпосуңду билем
Жүрөгүмдүн ханышасы, менин сүйүктүү жердешим, мукам үндүү ди-джей Нурзада Жолдошевага 14-февраль күнү жолугуп калсам өзүмдү бактылуу сезмекмин. Мен Нурзаданын үнү менен ойгонуп, үнү менен уктайм. Ага жолугуу оңой көрүнгөнү менен мен үчүн кол жеткис бакыттай көрүнөт. Канча ирет сен иштеген радионун эшигинин алдына барсам дагы, сага жолугууга даап баралбадым. Сенин жигитиңдин жок экенин угуп сүйүнгөнүм менен сен мени тоготпосуңду билем. Ошентсе да менин жердешим болуп калганыңа сыймыктанам. Кантейин, жанымда болбосоң да, жүрөгүмдө, телефонумдагы наушникте үнүң жаңырып жүрө берсин. Жамалдин


- Нурзада, сүйүү күнүн майрамдайсыңбы?
Нурзада Жолдошева:
- Азыр менин сүйгөн адамым жок. Эгер болсо, бир гана 14-февралды майрамдабастан ар бир күндү майрамдай өткөрмөкмүн. Ошондуктан бул жолу деле сүйүү күнү мен үчүн катардагы күн болот го.


Чыңгызга намыс үчүн сүйүүмдү айтпайм
Мен Чыңгыз Мырзаевдин дарегине бир гана махабат күнүндө эмес, күн сайын сүйүү катын жазуудан чарчабайт элем. Чыңгыздын мүнөзүн, элдин маанайын көтөргөн талантын, жылдыздуу, сулуу келбетин айтып мактабастан, ага чыгармачылык ийгилик, жашоосундагы жакшы жетишкендиктерди каалап тим болом. Анын "Кыздар, канчалык жабышса, ошончолук ирээнжийм" деген сөзү көөдөнүмө көк таштай тийген. Ошондуктан Чыңгыз, мен сени жандилим менен сүйсөм дагы, намыс үчүн сүйөөрүмдү билдиргим келбейт. Өзүңө жетпесем да, мен жуткан аба менен дем алып, мен ичкен суудан ичип, мен жашаган шаарда кызмат кылып жүргөнүңө ыраазымын. Сен бар үчүн мен чыныгы сүйүү кандай экенин сездим. Аман бол, бактылуу бол, Чыңгызым. Айсулуу


- Чыңгыз, сүйгөн адамыңа жеттиң беле?
Чыңгыз Мырзаев:
- Жашоомдо жактырып калган кыздарыма жеткем. А бирок, сүйгөнүмө жеткен эмесмин. Ошондуктан келе жаткан 14-февраль сүйүү күнүндө шаардагы белгилүү кафелердин биринде сүйүшкөндөр топтолгон кеченин алыпбаруучусу болуп, элге жакшы маанай тартуулайм.