Бир ырдын тарыхы
Ырыскелди Осмонкулов
"Сулууга"
Сөзү: Алыкул Осмонов
Обону: Асанкалый Керимбаев

Кош жан эркем,кош дейсиң деп таарынба.
Мени күтпө, мени эстебе,сагынба
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен
Отуз жаштын улам аркы жагында

Сен бир бакча мөмөлөрү келишкен
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден
Сүйүү деген сүзүп өтүү
Сүзүп өтүү деңизден

Кош сүйгөнүм, коштошоордо жалынба
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагымда
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы, улам аркы жагында
Сүйүү деген сүйүү эмес бетиңден
Сүйүү деген от чачышуу жүрөктөн

"Асанкалый
Керимбаевдин
жүрөгүн куйкалап,
кусасын баскан ыр"
Бул жолу белгилүү обончу Асанкалый Керимбаевдин Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган "Сулууга" чыгармасынын тарыхына көз жүгүртүп көрдүк. Бүгүнкү күндө да бул ыр популярдуулугун жоготпой,учурда Ырыскелди Осмонкулов аткарып жүрөт.

Асанкалый Керимбаев алгачкы аялы Айнаш менен ажырашкан соң, арман, күйүткө, үзүлбөгөн үмүткө жык толгон обондорду чыгарып баштаган. "Жүрөгүмдү куйкалаган кусаны баса турган ыр жазып берчи" деп Эл акыны Анатай Өмүркановаго кайрылган. "Анын арманга күйгөн жалынын баса турган ыр жаза албасымды туюп күндөрдүн биринде Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазылган "Сулууга" аттуу ырды кагазга көчүрүп өзүнө окуттум. Боппоз өңү албырап чыкты, кан басымы көтөрүлүп кетти. Кызарып-татарып: "Дал өзү, дал өзү…ырахмат" деди. "Ырахматыңды Алыкулга айт" дедим" деп эскерет акын.
Жашоодон, сүйүүдөн көңүлү калган акын "Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен, Отуз жаштын улам аркы жагында" деп, жакшы сүйүү отуз жаштан кийин жоктугуна кайгырган. Асанкалый да ошондой издешпей табылган опокшош тагдырга кабылып, ыр менен обон бирин-бири толуктап, таяныч-жөлөк болуп, бир жүрөк, бир үнгө айланып обо жарды. Ыр менен обон бири-бирин жылдап, кылымдап күтүп, акыры арзышканын тапкан эки жүрөктөй бирине-бири ээрип, күйүттөн күлкү күтүп, кайгыдан каткырык угуп, ыраазылыкты, үмүттү коштоп, жүлүндү сыздатып келатат.





Бегимай Баткенге келин болду
Чыгармачылык менен окуусун чогуу алып кеткенге аракет кылган ырчы кыз Бегимай Карабаева Жаңы жылдан кийин сессиясын бүтүргөнү Ош шаарына аттанган. 19-январда туулган күнүн Баткенден белгилегени барса, ошондон ары алакачып кетишиптир. Ошол эле күнү түнкү саат экиде продюсерге "Асыл, мен кызымды күйөөгө бердим" деген кыскача смс билдирүү келген. Эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн Асыл Апасова кимиси "розыгрыш" кылып жатат деп көпкө чейин эсине келе албай, бир топтон кийин Бегимайдын апасы экенине көзү жетип байланышкан. "Кандайча? Кантип мындай болуп кетти? Жанымда жүрүп, тарбия берип жүргөндөн кийин өз кызыңдай эле болуп калат экен, бир жумадан бери коңултуктап, томсоруп жаман болуп турам. Бегимайдын жеке концертин пландап жатканбыз, эми кандай кылабыз билбейм" дейт Асыл айым.


Нуриса турмушка чыкты дейби?...
"Көздүү мончок жерде калбайт" дегендей, каткырыгы менен кара ташты ээриткен ырчы айым Нуриса Абазова турмушка чыгыптыр деген имиштер шамалдай тарады. Айрым маалыматка караганда жолдошунун кесиби доктур, бирок,азырынча абакта отурган имиш. Ушул айда жаза мөөнөтү аяктайт экен. Эки жаш никесин абактан кыйдырышкан. Ал эми дүркүрөгөн чоң тойду жолдошу чыккандан кийин угуп калаарбыз. Эмнеси болсо да Нуриса айымдын өз оозунан угалы деп байланышка чыкканыбызда күлгөнүнөн жазбаган калыбында турмушка чыкпаганын билдирди. Нуриса айым мойнуна албай жатканы менен ырчынын дарегине айтылган кептер да төгүн жерден чыккан эместир. "Жел болмоюн чөптүн башы кыймылдабайт" дечү беле?



"Эл ырчысы Эстебес" тобунун эстен кеткис концерти
Улуттук Филармониянын алдында түзүлгөн "Эл ырчысы Эстебес" тобунун отчеттук концерти 29-январь күнү болуп өттү. Алыпбаруучулук милдетти Аалы менен Азамат аткарышса, топко жаңы кошулган ырчылар Алтынбек Каленов менен Турдукан Сарбановалар алым сабак айтышса, Малик Аликеевди сагынып калган эл эки ыр ырдаса да, "Мөлмөлүмдү" ырдатмайын "коё беришпей", көңүлү көксөгөн ырды укканда гана эс алышты окшойт. Даңк-дүңк, фонограммадан чарчаган карапайым эл жандуу үн менен коштолгон концертти көрүп черлери жазылды. Кээ бир ырчылар суранып жатып араң кол чаптырышса, Филармонияда ар бир аткаруучуга сахнага чыкканда сурантпай-этпей эле алакан кызыта кол чаап отурушту. Айтор бул концертти көргөн да, көрбөгөн да арманда десек аша чаппаган болоорбуз.


  жаңы ысым

Светлана Сыдыкова:
"Атамдан жашырынып ырдап жүрдүм"
Акыркы күндөрү "Жаш жигит" деген ыры менен популярдуу болуп келе жаткан жаш ырчы кыз Светлана менен окурмандарды тааныштырабыз.

- Репертуарыңда канча ырың бар, сөзү, обону кимге таандык?
- Азырынча беш ырым бар, экөө радиолордон кетип жатат, үчөөнү азырынча даярдап жатам.
- Шоу-дүйнөсүнө аралашканга эмне түрткү болду?
Кичинемен эле ырдаганды жакшы көрчүмүн. Бала бакчадан, мектептен ылайыктуу учурлар болсо колдон чыгарбай ырдап, бийлеп, майрамдарда алып барып сахнага чыкканга тажрыйба топтой берчүмүн, буюрса тилегим ишке ашып жаңыдан шоу дүйнөсүнө кадам таштап жаткан кезим. Эң биринчи жолу чоң сахнага "Беш тапандын" концертинде конок катары чакырышкан. Мурун сахналарда чыгып жүргөндүктөн көп деле сүрдөгөн жокмун, бир аз толкундоолор албетте болду.
- Ким демөөрчүлүк кылып,


колдоо көрсөтүп жатат?
Моралдык жана материалдык жактан да биринчи кезекте ата-энем, байкелерим колдоо көрсөтүп жатышат. "Продюсер болоюн, кел иштешели" дегендер четинен чыгып жатат, алардын атын атабай эле коё турайын. Бир аз да болсо чыгармачылыкка аралашып, аздыр-көптүр кыйынчылыктарына көнүп калдым. Азырынча продюсерсиз эле ата-энемдин, бир туугандардын колдоосуна таянып өз алдымча иштеп турам го.
- Анда ата-энең ырдап чыкканыңа каршы эмес турбайбы?
- Жок, атам башында "Ырчы болуштун кереги жок, ырчылар талаа-түздө көп жүрүп жеке жашоосун бир калыпка сала алышпайт. Андан көрө өз кесибиң менен иште " деп аябай каршы болгон. Мен моюн бербей, атама билдирбей жашырынып ыр жаздырып, ырдап жүрө бердим. "Жаш жигит" деген ырымдын клибин телевизордон көргөндөн кийин сүйүнүп, батасын берип ак жол каалады.
- Өз кесибиң эмне?
- Бишкек Гуманитардык Университетинин Журналистика жана Маалыматтар системасы факультетинин төртүнчү курсунда окуйм. Өзүм да журналистикага кызыкканымдан экөөнү чогуу алып кетейин деген оюм бар, андан сырткары вокалдан Улукмырза Полотов агайдан сабак алып турам.
- Стилистиң барбы?
- Сахнага чыккандан бери эки-үч стиль менен чыктым, бирок бирөөсүнө токтоло элекмин. Буюрса дагы ылайыкташтырып, стилимдин үстүндө иштеп жаткан адамдар бар.