Классташ

Айнагүл Атакулова, жеке ишмер:
Агайын сүйдүрткөн Алтынай Нарбаева
"Алтынай жүрөгүн таппай оң жагын көрсөткөн"
- Алтынай экөөбүз Өзгөн районунун Кызыл Октябрь совхозундагы Осмон Жакыпов атындагы орто мектепте 8 жыл бирге окуганбыз. Мен сегизди бүтүп шаарга окууга кеткем. Классташыма байланышкан кызыктуу окуяларды айта берсем сөз түгөнбөйт. Алтынай эң мыкты окуучу болгонго тырышчу, классыбыздын тазалык сектору эле. Абдан шайыр жүргөн, бир нерселерди уюштурганга жөндөмдүү, мектептин активисткасы болчу. Интермедияларды көп ойночу. 6-классыбызда бир концертте жүрөгүнүн кайсы жерде жайгашканын унутуп калган каармандын образын келиштире аткарып, "Менин жүрөгүм оң жагымда" деп, баарыбызды күлдүргөн эле. 4-классынан баштап эле кошумча ийримдерге катышып, комуз, баян черте баштаган. Биздин үйдө "Малыш" деген кичинекей "гармошка" бар болчу. Алтынай ошол гармошканы ойнош үчүн атайын биздин үйгө келчү. Дайыма "Алтын балалык" деген ырды ырдай берчү. Экөөбүз бир көчөдө жашап, ортобузду төрт үй бөлүп турчу.

Кыздар менен балдарды чогуу жаткырган Алтынай
Ал сегиз биртуугандын эң кичүүсү. Үйүндө эжелери жокто, Данакан деген эжесинин боёнгучтарын алып, ой-да боёнуп, байкесинин кызын "Сен сыртты карап тур, бирөөлөр келатса мага айтасың" деп эшикти кайтартып, кароолчу кылып койчу. Бир жолу туулган күнүнө бизди үйүнө чакырды. Анан өз колу менен "шөөля" жасап берген. Азыр ойлосок, анын тамагы "каша" эле болуп калыптыр да. Алтынай үйдүн эрке кызы болгондуктан, ал күнү баарыбызды кетирбей, бир бөлмөгө төшөк салып жаткырган. Кантип дебейсиңби, башыбызды тийгизип, "Бир тарапка балдар, экинчи тарабына кыздар жаткыла"деп, бизди чогуу жаткырып койгону эсимде.

Кыз башыбыз менен тентек кылып, сабактан каччубуз
Сабактан жакшы окуганыбыз менен кээде качып кетмей жайыбыз бар эле. Дене тарбия сабагынан үч-төрт кыз, Амангелди деген балабыз болуп кубалашып ойноп жүрүп, адырларга чейин чуркап барганыбызды билбей калыптырбыз. Кычыраган кыш, суукту сураба. Кийимдерибиз муз болуп тоңуп, өзүбүз көк муштум бойдон класска кирип бардык. Менин апам биздин класс жетекчибиз эле. Бизге кыргыз тил, адабият сабактарынан берчү. Көрсө биз жүрө берип, ошол эки сабакты өткөрүп жибериптирбиз. Анан бизди доскага тизип алып аябай урушкан. Мен болсо үйгө барганда да уруштун уландысын уккам. Ал эч нерсе эмес, дагы бир күнү баягы эле Алтынай, Жумагүл, Сайрагүл деген кыздар болуп, гүлдөп турган жийденин сабактарын узун-узун сындырып алып класска кирип барсак, жаратылыш сабагынан агай "Жаратылышты коргогула, бак-дарактарды сындырбагыла!"деп сабак өтүп жатыптыр. Бизди көргөн агай эмне кылаарын билбей, аябай ачуусу келип, катуу тилдеген. Кыз башыбыз менен жийдени сындырып алганыбызга уялып, жаман болгонбуз.

Алтынайды агайыбыз да сүйгөн
Анын аябай калың, капкара, тизесинен келген узун чачы бар болчу. Эки чач кылып чачын өрүп мектепке келчү. Мен да анын чачын туурап өрдүртөйүн десем, меники суюк чач болуп жарашпай калчу. Алтынай экөөбүз бири-бирибизге атаандашып сабак окуп, кимибиз биринчи жаңы кийим кийсек, кызганып жатып калчубуз. Аны көп балдар жакшы көрүшчү. Алардын ичинен Таалай деген бала кат жазып, артынан чуркап жүрдү. Бирок, Алтынай Таалайды жактырбай койду окшойт, кийин ал башка кызга жармашып калды. Алтынай Таалайга жардам кылып, ал кыз экөөнү сүйлөштүрүп койгон. Алтынайды бир гана окуучу балдар эмес, дене-тарбиядан берген бойдок, жаш агайыбыз да сүйчү. Сабак учурунда Алтынайды ырдатып, жакшы мамиле кылчу. "Ырдап бер"десе, өзүнөн чоң баянды чертип, созолонтуп ырдап калчу. Кийин Алтынайлар онунчу классты бүтүп жатканда ал агайыбыз үйлөндү. Аны угуп алып Алтынайга кошулуп биз да жаман болгонбуз.

Балдар менен мушташкан кыздардын "толпасы"
Кыздар "Жооштор анан тыңдар"деп экиге бөлүнчүбүз. Классыбызда 14 кыз, 7 бала бар эле. Бир күнү эң тентек аталган классташ балдарыбыз менен биздин "толпа" мушташмай болдук. Эки-экиден чыгып алып, кар менен чабышып, бири-бирибизди түрткүлөшүп жатабыз. Бир маалда кыздар чогулуп, Баатыр деген баланы бир кишинин үйүнүн жанына карга көмүп койдук. Ары жактан Баатырга болушкан балдар чуркап келип биздин топуларыбыздын үстүндөгү "бубончиктерди" жулуп алып, ары-бери ыргытып ойноп жатышат. Биз болсо топуларыбыздын ыдырап кеткен жиптерин көрүп, боорубуз эзилгенче күлгөнбүз.

"Особый"деген сөздү билбей кыйналганбыз
Чоңураак эле класс болуп калсак керек. Кыздар экиге бөлүнүп алып "разборка" кыла берчүбүз. Бир күнү мен ооруп калып, сабакка баралбай калдым. Кечинде Алтынайлар менин үйүмө келишип, "Бүгүн берки топтогу кыздар менен дагы уруша кеттик. Шаарга барып келген Турсунай, "Силер бизди эмнеге бөлөсүңөр, ушунчалык эле "особыйсыңарбы?"-деп айтты. "Особый"деген эмне деген сөз деп, орусча билбей, ал сөздү ортого салып талкуулаганбыз. Анан "Ал кыз менен скалкалка ойнобойбуз, аны бизге кошпойбуз, ага сүйлөбөйбүз" деп алдын ала план түзүп, даярданып алып эртеси мектепке барганбыз.

Алтынай экөөбүз "ууру" деп шектелип...
Алтынай эрке кыз болгондуктан апасы ага көп акча берчү. Бир күнү ал "Айнагүл, мени менен дүкөнгө барып келчи. Мен класстын терезелерине чыттан (ошол кезде чыт материал мода болуп жаткан) материал алып парда тигип, классты кооздойм" деп калды. Көрсө апасы берген акчаларды чогултуп үч сом элүү тыйын кылыптыр. (Ал кезде ата-энелерибиздин эмгек акылары он беш сом болчу) Эч кимге айтпай дүкөнгө барып парда алдык. Парданы тигебиз деп даярданып жатканыбызда апам билип калып, "Бул акчаны кайдан алдыңар, эмнеге ээнбаштык кылып жатасыңар, кимдин акчасын уурдап алдыңар" деп, урушту баштады. Ал сөз Алтынайдын апасына жетип, экөөбүз тең тил укканбыз.
Азыр эми минтип мыкты кожейке, мээримдүү эне, бактылуу жар, кыргыз элинин сыймыктуу ырчысы болуп олтурат. Ак көңүл, боорукер, аурасы жакшы аял. Айылга келген сайын классташтарын чогултуп, сагынычтарды жазат. Айылдагы улуу адамдардан бата алып, аларга белек-бечкек бергенди жакшы көрөт.





  Алтынай Нарбаева:

"Чачымды өрдүртүү тозок эле"
- Алтынай эже, узун чачыңызды эмнеге кырктырып салдыңыз эле?
- Чынында менин калың, сонун узун чачым бар эле. Үйдөн эрте чыгып, дүкөндө иштеген эжеме барып, сумкамды толтуруп, вафли, печенье алчумун. Мектепке эрте барып, коңгуроо башталганча сыртта турсам, кирип-чыккандардын баары чачыма кызыгып, ары чоюп, бери тартып кетишээр эле. Мен үчүн чачымды өрдүртүү тозок болчу. Кээде апам үйдө жок болуп калганда кошуна эжеге барчумун. Ал чачымды экиге бөлүп, өчү бардай тысырайтып өрөт эле. Эки көзүм тартылып, "Акырын деп айткандан тартынып, үн чыгарбай ыйлайт элем". Анан жетинчи классымда чач кырккан мода болуп, менден улуу эжем чачымды түбүнөн кыркып алып, өзүнүн чачына коштуртуп алган.
- Айнагүл, классташыңыз жөнүндө эмне айтаар элеңиз?
- Айнагүл биздин класскомубуз болчу. Атасы көп жыл завуч болуп иштеген. Апасы мугалим. Экөөбүз атаандашып окучубуз. Көп учурда ал мени кыздардан бөлүп салчу. Мен мугалимдерге караганда Айнагүлдөн катуу коркчумун. Сабактарды окуп келсем да, Айнагүлдөн биринчи кол көтөрүүдөн коркуп, ал айтып бермейинче отура берчүмүн. Менин тартынчаак, коркок болуп калганыма Айнагүлдүн салымы бар десем болот.


Алтынай Нарбаева
"Кимибизден"
Сөзү: Дооронбек Садырбаевдики,
Обону: Жанышбек Кочкоровдуку
Менденби же сенденби кимибизден?
Сезимдер өчүп барат дилибизден.
Адашып, атаганат баратабыз,
Арзышып, араң тапкан сүйүүбүздөн.

Кайран кез кандай сонун убак эле,
Сезимдер эңсөө төрөп тураар эле.
Сагынып, самап келсем сапарымдан,
Саамайың саамал кымыз сыңар эле.

Башатын махабаттын чандың беле?
Байкабай капа кылып алдым беле?
Болбосо жаш селкиге менден артык,
Бой салып ашык болуп калдың беле?

Көңүлдү муз төр өрдөп бара электе,
Көздөн жаш көл-шал болуп ага электе.
Жаркыным суу коё көр сезимдерге,
Тамыры такыр кургап кала электе.