Атактуунун арзуусу


КРнын Эл артисти.
Ч. Айтматов атындагы сыйлыктын ээси Дүйшөн Байдөбөтов:
"Менде да кайнап турган кан, согуп турган жүрөк бар"
Убагында Ильяз болуп кадимки
Асел менен Кадичаны ыйлаткан.
Базарбайдай кейипкерди жаратып, "Ничего подобного"-деп аял уруп сыздаткан. Далай кыздар такаларын жешилтип, Талантына таазим этип чуркашкан. Эл сыймыгы Байдөбөтов менен маек.

Агай, кечирээрсиз мени,
Өткүрлүк кылсам эгер.
Бул да болсо…
журналисттик иш экен.
Эчаккы түрмөктөлгөн түйүндүн
Учугун акырын чубай келсек
Дегеле, бүгүнкү маегибизди
Жалаң, сүйүү темасына арнап берсек.
Билбеймин, эми мага
Канчалык, төгүлөсүз-чачыласыз
Канчасын "секрет" кылып жашырасыз
А бирок адамдык көңүл үчүн
Бир, эки ооз сөзүңүздү аябассыз.
Алгачкы сүйүүңүздү кимге,
Бергенсиз белек кылып.
Азгырып сезимиңизди
Алган ким ээлик кылып…!?
- Абдан мыкты суроо экен (күлүп). Эми аны өзүм деле билбейм. Мектепте окуп жүргөндө бардык эле балдардын адаты го, кыздарды жөөлөп кетмей, тийишмей. Кереги жок болсо деле бир нерсесин сурап алып, кайра берип дегендей. Менин абдан жакын досум бар болчу Өзбек деген, раматылык көзү өтүп кетти. Ошол досум балдарга кыздарды карматып алып эле өпкүлөй берчү. Биз болсо каткырып жыргай берчүбүз. Бирок, анын баарын эле сүйүү деп түшүнүп болбойт. Илгери, ата- бабаларыбыздын баарысы эле сүйүшүп турмуш курган эмес. Кээ бирөөлөрүн төрөлгөндө эле кудалап сөйкөсүн салып, калыңын берип коюшкан. Ал кезде убадага бек болушкан да. Анан бойго жеткенде кудалап койгон теңи менен турмуш куруп кетишкен.
Мырза Капаров деген мыкты пьесаларды, не бир сонун чыгармаларды жараткан улуу жазуучубуз бар. Мен ал кишинин чыгармаларынан канаат алып келем. Ал кишинин айтканы бар: "Ата-бабаларыбыз никеси кыйылгандан кийин эле арзуулары пайда болуп, бирин-бири сүйүп жашап кетишкен"-деп.
- Демек, нике кыйылып, баш кошмоюн сүйүү жок дейсизби?
- Ха-ха-ха. Жок муну менен айтайын дегеним, сүйүүнү силер бөлүп жатпайсыңарбы. Мектептеги, студент кездеги анан картайгандагы деп. Андай болбойт. Сүйүү бир эле келет. Жашыңдабы, карыгандабы ар кимге ар кандай убакта. Анан, ал өмүр бою купуя сыр болуп сакталат. Сүйүүнүн ыйыктыгы ошондо да. Ал эч кимге айтылбайт.
- Жараткан кейипкерлериңиздеги сүйүү менен жашоодогу сүйүүнүн шайкештеги…
- Түшүндүм, тымызын эмненин учугун чубагың келип жатканын. Сахна менен жашоону салыштырып болбойт. Сахнанын артында кайра эле өз жашоомдун нугуна түшөм. Сахнада бирге ойнодук. Эми жашоодо да уланталы деп. Сен аткарган кейипкердин жашоосун улап кетсең, анда менин чыныгы жашоом кайда калат? Менде да кайнап турган кан, согуп турган жүрөк бар да. Мен жараткан образ-бул менин иштеп жаткан жумушум.
- Турмуштун тизгинин бирге тарткан,
Ачуусун-таттуусун да бирге таткан.
Ким болду экен жарыңыз,
Жашоодон арзып тапкан?
- Жашоодон арзып тапкан,
Онунчу класста эле
Жүрөккө отту жаккан
Далай кырды бирге ашып,
Уул таптык, кыз таптык.
Баарыбызга мээрим төгүп,
Чаалыкпай бизди баккан.
Чогуу иштеп, чогуу баскан
Чарчасам капамды жазган
Тартуу кылып берген мага кудайым
Кенжебүбү деген кыз менин жубайым.
- Турмуш болбос уруш-талаш жаңжалсыз.Таарынтканда кантип тилин табасыз?
- Андай илдет жок го. Сыйдан башка талашаарыбыз эмне? Бири-бирибизге кек сактап, кечиримдүү боло албасак, өзүң айткандай ачуу-таттууну жеңе албасак анда кантип болсун. Кудай кут кылсын! Бизде, ата-эне деген ыйык ат бар да. Андыктан балдарга сабак болушубуз керек.
- Жубайыңа канча карап жалбарба
Карыганда сүйүүң өтөт балдарга…дегенге кошуласыз да?
- Балдарым төрөлгөндө анчалык баалабасам керек. Ал кезде студент болчумун. Көп аралашпай калдым. Үчүнчү кызым Ошто иштеп жүргөндө көз алдымда төрөлдү. Кызыма аябай жакынмын. Бала кезимде эле апамдын көзү өтүп кеткен. Апама деген кусалыктын касиети болсо керек. Кызыма Жибек деп апамдын атын коюп алгам. Бирок, кызыңа, уулуңа деген сүйүүнүн орду башка. Жубайыңа арнаган сүйүүнүн орду башка да. Экөөнү эч убакта чаташтырбаш керек.
- Журт баатыры Манас деле аялы Каныкейдин айткан кеңеши менен иш жасачу экен. Сизчи?
- Ой, эң туура. Кыргызда "кабыргаң менен кеңеш"-деген жакшы сөз бар да. Кабыргаң - бул аялың. Анын үстүнө мен өзүм билем, өзүм чечем деп төш какканды жаман көрөм. Жубайымдын да кеңешин угуп, акылга салып калчап көрүп, жакшысын алып, жаманын сызып иш кылам. Кеңешип койсо эле, аялынын акылы менен жашайт экен деген да туура эмес. Кургак жерге суу куйсаң, сиңирип алат го, аялда да ошондой күчтүү касиет бар. Жакшыны ашырып, жаманды жашырып дегендей. Ошондуктан, аял, эркек "эки бакыр -бир тукур" болуп жашап келишет да.
- Кадимки Раймалыга жанын берген Бегимайдай, сизди дагы жаш кыз катуу сүйүп калып, жада калса сүйүүнүн азабынан ооруп калса кантет элеңиз?
- Ой-буй, укмуш элестеттиң го. Эми андай күн келбей эле койсун. Ал дагы өзүнчө бир илдет да. Сен айткандай эле катуу ооруп жатып калса сүйүү үчүн болбосо да, адамдык кылып, кыздын айыгып кетишине арга тапмакмын. Чын эле, мен үчүн ооруп, өлүп калса кантем? Турмуштун туура жолун көргөзгөнгө аракет кылмакмын.
- Демек, ата-бабабыздан бери келаткан сүйүү бар экен да.
- А, сен мени маегибиздин башындагы "ата-бабабыз үйлөнгөндөн кийин сүйүшкөн" деген сөзүмдү кармагың келип жаткан турбайбы. Андай эмес, ыйык сүйүү бар үчүн кадимки Олжобай менен Кишимжан, Курманбек менен Айганыш деген чоң-чоң эпостор жаралган да.
- Агай, чоң рахмат кызыктуу маегиңизге.
- Силерге рахмат.
Аида
Кибирекова