Жакын туруп алыспыз…бы? Лира Медетбек кызы: "Туура эмес кылса бетине эле айтам" Турмуштун оош-кыйышын бирдей татып, ачуу-таттуусуна чогуу чыдап келген белгилүү түгөйлөрдү "Түгөй тор" аттуу рубрикабызга чыгарып, тесттеги суроолор аркылуу жубайлардын бирин-бири канчалык деңгээлде биле тургандыгын текшерип беребиз. Бүгүнкү саныбызга ырчы жигит Замир Арыкбаев менен жубайы Лира Медетбек кызын тесттен өткөргөн элек. Байке бир жумада канча байпак жыртат? Л.М. - Замирдин бир жумада байпакты жыртканын көрө элекмин. З.А. - Бир жумада байпак жыртпайм деле. Кеч жыртам Кандай өңгө басым жасайт? Л.М. - Көбүнчө ак жана кара өңдөргө жакын. З.А. - Кийимдеримдин көбүнчөсүнүн өңү кара жана ак. Кайсы тамагыңызды жактырат? Л.М. - Мантыны аябай жакшы көрөт. Менин мантымды калтырбай жейт. З.А. - Мантысын тим эле тамшанып жейм. Башынын өлчөмү канча? Л.М. - Точно билбейт экенмин. Башына шапкени дайыма өзү сатып алат да. З.А. - Унутуп калдым 54 же болбосо 50 болуш керек. Жолдошуңуздун эң жаман көргөн сөзү? Л.М. - Билбейм кайсы сөз жакпаарын. З.А. - Мага жакпаган сөз деле жок болуш керек. Кайсы жакка барганды жактырат? Л.М. - Көл жээгине барганда абдан рахат алат. Көбүнчө Ысык-Көлгө барат. З.А. - Жайкысын Ысык-Көлгө барганды жактырам. Сиз менен үйлөнгөндөн бери канча китеп окуду? Л.М. - Мага үйлөнгөндөн бери китеп окуганын көргөн жокмун. Китепти ачып кичине окуйт да аягына толук чыкпайт. З.А. - Чынын айтсам, үйлөнгөндөн бери китеп окуганга колум тие элек. Замир байке өзү кайсы ырын жакшы көрөт? Л.М. - Бардык ырларын жактырат. З.А. - Өзүмдүн репертуарымдагы "Таластык кызга ашыкмын" жана "Акмаржан" деген ырларымды жакшы көрүп ырдайм. Көп колдонгон сөзү? Л.М. - Кайсы сөздү көп колдоноорун билбейт экенмин. З.А. - Өзүмдүн көп колдонгон сөзүмдү ушул убакка чейин байкабаптырмын. Бою канча см? Л.М. - Бою 170 см. З.А. - 169-170 см. "Туура эмес болсо унчукпай коет" Лира эже кандай кийимдерди кийгенди жактырат? З.А. - Кийимдерди көбүнчө өзү тандайт. Ачык кийимдерди кийбейт. Жөнөкөй кийимдерди гана кийгенди жактырат. Л.М. - Спорттук кийимдерди кээде гана кийгеним болбосо, көбүнчө классикалык кийимдерге басым жасайм. Фигурасынын параметри канча? З.А. - Билбейт экенмин. Фигурасын өлчөп көрбөптүрмүн. (күлүп) Л.М. - Фигурамды ченеп көргөн эмесмин. Нормальный эле фигурам бар. Көзүн кандай өң менен боёйт? З.А . - Билбейм. Өзүнө жарашыктуу кылып боёнуп алат. Л.М. - Көзүмө дайыма ачык күрөң түстөгү көлөкө түшүрүп алам. Кайсы мезгилди жактырат? З.А. - Жылуу мезгилдерди жактырат. Жай жана жаз сүйгөн мезгилинин катарына кирет. Ал эми кышында кардын аппак болуп турганын да жакшы көрөт. Л.М. - Бардык жылуу мезгилдерди жактырам. Кыргыздын аялдарынын үй оокаттарынан кайсыны жакшы жасайт? З.А. - Биз айылда жашабагандыктан кыргыздын шырдак, кийиздери сыяктуу буюмдарын жасай элек. Л.М. - Кыз кезимде куракты жакшы курачумун. Азыр курабай жүрсөм да унута элекмин. Кайсы актрисаны жактырат? З.А. - Женнифер Лопести жакшы көрөт. Ал катышкан кинонун бардыгын көрүп чыккан. Л.М. - Женнифер Лопестин аткаруу чеберчилиги абдан жагат. Телесериалдардан кайсыны жактырып көрөт? З.А. - Казактардын КТКдан түрктөрдүн сериалы болгон учурда бардыгын таштап коюп көрөт. Л.М. - КТКдан түрктөрдүн "Аси" телесериалын кызыгып көрүп жатам. Сизге кайсы сапаты жакпайт? З.А. - Лиранын мага жакпаган сапаты жок. Бардык сапатын жактырам. Л.М. - Билбейм, өзүмө жакпаган сапатым деле жок болуш керек. Жиниңизди кантип билдиресиз? З.А. - Бир нерсе туура эмес болуп калса унчукпай коёт. Л.М. - Эгер туура эмес иш болуп калса бетине эле айтам. Төркүнүңүзгө канча убакытта бир барып турасыз? З.А. - Ар кандай, анда-санда баланы таштаганы эле барып калат. Бир айда бир же эки жолу барат. Л.М. - Атамдардын үйлөрү биздикине жакын эле. Ошого карабастан көп деле барбайм. Кээде эле баланы таштаганы барып калам. Төлөбүбү Касымалиева |