сырмаек

Азамат Эркинбаев:
"Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт"

Буга чейин "Эдил Эркинбаев" деген "псевдоним" менен чыгып жүргөн булбул үндүү ди-джей Азамат Эркинбаев чыгармачылыгына бир аз эс алуу жарыялаган соң, кайрадан минтип эфир толкунунда өз күйөрмандары менен жолугушуп отурат. Анда Азамат менен баарлашкан маегибизге көңүл буруңуз.

- Азамат, кайрадан эфирге келип минтип күйөрмандарыңды сүйүнтүп жатасың. Жаңы кызматыңа көнүшүп калдыңбы?
- Өзүңүздөр билгендей, жаңырган жаңы жылдан тартып, кайрадан күйөрмандарым менен түз эфирде жүз көрүшүп олтурам. Жашоомдо кандай көрүнүш болбосун, аны жакшыга жооруп, сабак катары кабылдайм. "Тумар" радиосуна келген күндөн тартып, алдыга карай умтулууну, дагы да болсо жаңыланууну каалап турган кезим. Албетте, жаңы кесиптештерим менен бат эле тил табышып, жамаатка көнүп калдым.
- Бул радиого иштеп калышыңды кандай түшүнсөк болот?
- Башында айтып өткөндөй, чындыгында жашоомдо жаңыланууну кааладым. Анын үстүнө мага "Тумар" радиосунун жетекчилигинен жакшы сунуш түшкөндүктөн, "Жок" дей алган жокмун.
- Обондорунан кеткенден кийин эмне иш кылып жаттың эле?
- Ата-энемдин кашында болуп, жеңилин жерден, оорун колдон алып аларга жардамдашып жүргөм. Чөп чабууга катышып, эгин жыйдык. Көп убактым көл жээгинде өттү.
- Кайсы жумушка барбайлы, "Менин биринчи устатым, биринчи мугалимим" деп калышат эмеспи. Сенин биринчи устатың ким?
- Менин биринчи устатым ди-джей, Лилия Абдыбаитова. Лилия эже экөөбүздүн мамилебиз азыркы күнгө чейин жакшы. Радиодон кандайдыр бир ийгиликтерге жетишсем, дароо Лилия эже эске келет. Андай учурда албетте, эже менен байланышып, ыраазычылык билдирип, өзүм менен кошо аны да толкундантып, сүйүнтүп коём.
- Радиодон сүйлөгөнүңдү гана эмес, ырдаганыңды да угуп жүрөбүз. Атайын музыкалык билим алдың беле?
- Ооба, музыкалык билимим бар. Филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окугам. Бул жаатта вокалдан сабак берген агайым, Улукмырза Полотовдун жана Сапар Исмаилов агайдын эмгектери зор. Көбүнчө Улукмырза агайдын кол алдында тарбиялангандыктан, ал кишини абдан сыйлап, таазим кылып келем. Анын ар бир айткан сөзү, мага берген кеңештери азыр да эсимде. Агай мага "Сен ырдап чыгышың керек" деп көп айтчу. Улуу адамдардын сага болгон ишеничинен улам, күчтөнүп-күүлөнөт экенсиң. Жаңы жылда сөзү, обону өзүмө таандык "Неге" деген аталыштагы жаңы ырды жаздырып, радиолорго бердим. Азыр "Жан биргемсиң" аттуу ырдын үстүндө иштеп жатабыз.
- Ырдап чыкканыңды жакындарың кандай кабыл алышууда?
- Ар бир адам өзүнө жаккан иши менен алектенсе, өзүн бактылуу сезет эмеспи. Мага ырдаган аябай жагат. Ар убак ата-энемди кубанткым келе берет. Чыгармачылык болбосо деле кичинекейимден эле "Апам сүйүнсүн"деп мектептен бешке окусам, кийин "Ата-энем кубансын" деп үйдө болобу, сыртта болобу бардык иштердин майын чыгарып жасап койчумун. Ошол адатым азыр деле кала элек, кайда жүрбөйүн эмне менен алектенбейин асылдарым ата-энемди, бир туугандарымды кубантуунун жолун издейм.
- Сенин чыгармачылыгыңды колдогон жана сага сын-пикир айткан адамдар кимдер?
- Чыгармачылыгыма колдоо көрсөткөн адамдар абдан көп. Эң биринчи кезекте ата-энем, бир туугандарым, албетте, жакын досторум. Ал эми сын-пикирди "Бул кийимиңиз сизге жарашпайт, муну кийиңиз, тигини кийиңиз"деп, кичүү карындашым катыра айтса, ырларымдын обондорун, текстерин иним текшерип калат.
- "Болоор бала башынан" дегендей, кичинекейиңде эле ырга жакын окшойсуң?
- Ооба, 4-5 жашымда эле, ырдачумун. Биздин үйгө меймандар көп келчү. Алар жайланышып олтуруп алгандан кийин эле "Мен сиздерге ырдап берейинби?"деп баштачумун. Үйдөгүлөр, "Анан ырдайсың, коё тур"дешсе болбой, "Ырдап берейинчи?" деп апамдын артынан ээрчип алчумун. Анан апам "Ой, бул баламдын ырдаганын угуп койбосоңор, жаныңарды койбойт"дечү. А өздөрү конокко барышканда сөзсүз мени ээрчитип алышчу. Коноктон ыр кесе атама же апама туш келип калса, экөө тең, "Биз үчүн Азаматик, ырдап берсин" дешип, мага кезек беришчү. (Күлүп) Анан ырдаганымды сураба, токтоно албай кечке ырдаар элем.
- "Анча-мынча кагаз чиймелеп, ыр жазып калат" деп уктум эле?...
- Ыр жазам, бирок, өзүм үчүн эле. Жазган ырларымды көпчүлүктүн алдына чыгаргым келбейт. Анткени, ал жеке менин жан дүйнөмдүн жаңырыгы, кайгы-капасы, сүйүнүчү менен жыргалы.
- Эми суроону жеке жашооңо бурайын. Өзүңдүн үй-бүлөң жөнүндө кыскача айтып берсең?
- Ата-энем көп жылдар бою кызматта иштеген адамдар, азыр ардактуу эс алууда. Бир туугандарым да өздөрү тандаган чөйрөлөрдө мыкты жетишкендиктерди жаратып келишет. Көз тийбесин, үй-бүлөбүз абдан ынтымактуу. Бири-бирибизди жөлөп-таяп, колдоп келебиз. Үйдө балдардын ортончусумун, бирок, кичүүлөрүнө караганда мени аябай эркелетишет.
- Чыгармачылыкка катуу киришип жатыпсың, сыягы жакында үйлөнбөйсүң го?
- Баары кудайдын буйругунан болот эмеспи. Ошондуктан качан үйлөнө турганымды азыр айта албайм. Сүйлөшкөн кызым бар, аны аябай жакшы көрөм, бат-баттан сагынып турам. Сүйгөнүмдүн жанынан кетким келбейт, анткени, анын жанында болсом, өзүмдү бактылуу сезем.
- Демек, сүйүүгө катуу ишенет экенсиң да?
- Ооба, сүйүүгө ишенем. Анткени, мен бир эмес, бир нече жолу махабатка малынып, жыргалы менен катар эле кууралынын да даамын татып көргөм.
- Азыр шаарда кимдер менен турасың?
- Бишкекте карындашым менен турам. Байкелеримдин, эжелеримдин үйлөрүнө барып турбасам, өзүмдү ыңгайсыз сезе берем. Кандай бош убакыт болсо уйкудан күчүмдү чыгарып калмай адатым бар. А бир жумага чейин бош болуп калсам, машинеме олтуруп алып, зуулдаган бойдон көлгө ата-энеме жөнөйм.
- Үйдө олтурганда кайсы жумушту жасаганды жакшы көрөсүң?
- Үй жумуштарын бала кезде жакшы эле жасап, дайыма кыймылдап жүрчүмүн. Ошонун баары азыр көкөйүмө тийген экен, чынын айтсам, эч нерсе кылгым келбейт.
- Көптөн бери маектешпей, бугуңду чыгарып алдың окшойт. Эми алдыга кандай пландарды коюп жатасың?
- Пландарды ачык айтсаң ишке ашпай калат деп коюшат го. Анын сыңары, аман болсок, жакшы тилек, ийгиликтерди сиздер менен бирге көрөбүз, деп жооп берейин. Ал эми "Обон" гезитинин жамаатына ак жол тилеп, амандык каалайм. Жүзүңөр жарык болуп, Ала-Тообуздун койнунда "жакшылыктын жарчысы" болуп жүрө бериңиздер!
Айнура
Касымова