НБТ биринчи шаардык телеканалдын "Музканал" телекөрсөтүүсүнүн жаш алыпбаруучулары Ниязбек жана Зуля бизде мейманда.
Ниязбек Ысманбеков:
"Жүрөккө операция жасагым келчү"
- Өзүң тууралуу кыскача тааныштыра кетсең.
- 1988-жылы Токтогул районунун Бел-Алды айылында төрөлгөм. Учурда Политехникалык университеттин 4-курсунда МАИ кызматкери болоюн деп сырттан окуйм. Ошондой эле Улуттук Консерваториянын Опера жана Хор бөлүмүнүн 2-курсунун студентимин.
- Кесибиң ырчы турбайбы, анан эмне болуп алыпбаруучу болуп жүрөсүң?
- Буга эжем түрткү болду. Анткени, эжемдин кесиби журналист. "Заманада" алып баруучулукка сынак жүрүп жаткан учурда эжем катышам деп мени кошо ээрчитип алган. Ал жактагы байкелер "Сен дагы отуруп көрбөйсүңбү? Камерадан көрүнүшүңдү жана дикцияңды текшеребиз" - деп калышты. Сынакка барган көп балдар-кыздар өтпөй калып, мен өтүп кеткенмин. Жайында "Музканал" ачылып, сынак жүрүп жаткандыгын угуп калып, бул жерге келип анда да өтүп кеттим. Нурдин Нурманбетов байке өзү кабыл алган эле. "Музканалды" кыргызчалагандан баштап ушул жерде эмгектенип келе жатам.
- Түз эфир учурунда күтүлбөгөн кызык кырдаалдар болуп кетеби?
- Камеранын алдында бир күлсөм токтоно албай күлө берчүмүн. Бир күнү Өмүрбек Андарбеков (Ома) менен түз эфирде отурганбыз. Суроолор телефондон берилип жаткан. Бир убакта дагы бирөө чалып: "Саламатсызбы Нияз байке! Сизди менин курбу кызым сүйүп калыптыр" деп атпайбы. Омага суроо берет деп отурсам, мени "сүйүп калыптыр" деп жатса мындай нерсени күтпөгөндүктөнбү бир чети мага жагымдуу болсо, экинчи жагы ыңгайсыз абалда калдым. Кечке каткырып токтоно албай койгом. Негизи күндө эле кызыктар болуп турат. Ырчылардын дарегине күтүлбөгөн суроолор да көп түшүп турат.
- Камеранын алдында сөз таппай калган учурлар болду беле?
- Биздики эркин формат болгондон кийин "Сөз таппай калдым, сен сүйлөчү" деп сөздү шеригиңе бере бересиң. Ар кандай чектөөлөр "антип сүйлө, минтип сүйлө" деген жок. Кээде сөз таппай калган учурларда абалдан чыгууга аракет кылам.
- Бул кесипте эле иштейм дейсиңби же окуган кесип боюнча иштегенге өтөсүңбү
- Дарак бир жерден көгөрөт дегендей, азыркы ишти эле улантып кетүүгө аракет кылам. Азыркы алыпбаруучулардын көпчүлүгүн байкап, сураштырып көрсөк бардыгынын эле кесиптери ар башка. Искусствого кесиптин кереги жок деп ойлойм. Талантың болсо болду Бирок, кудайым маңдайыбызга эмнени жазса, ошондой жашоону жашап өтөбүз да.
- Кичинекей кезиңде кайсы кесиптин ээси болууну самачу элең?
- Хирург болууну абдан эңсечүмүн. Жүрөккө операция жасаганга абдан кызыгаар элем. Ошондой эле таанымал ырчы болууну самачумун. Биринчи класска баргандан тарта эле конкурстарга катышып, ырдап келгенмин.
- ТВ сырткары эмне менен алек болосуң?
- Грек-Рим күрөшү боюнча спорт-сүйүүчү катары өзүм үчүн машыгам. Өнүктүрүү оюмда жок. Досторумдун көпчүлүгү спортсмен болгондуктан жолуккан жерден эле күрөшө кетебиз. Буга чейин бокска барып жүрдүм. Бетке тийип кетсе көгөрүп калат деп азыр барбайм. Анын үстүнө убактым да жок болут жатат.




Зуля Тургумбекова:
"Журналист болуп азырынча иштеп турам"
- Окурмандарга өзүңдү тааныштырып өтсөң.
- Ош облусуна караштуу Алайкуу айылында 1991-жылы төрөлгөм. Бирок мектепти борбордон окуп бүтүргөм.
- "Музканалга" кандайча келип калдың эле?
- Өзүм келечекте журналист болом деп кыялданчумун. "Жакшы тилек жарым ырыс"дегендей оюм кичине болсо да орундалды. Бул жерге сынак болуп жаткандыгын угуп калып келгем.
- Бул жакка келгичекти эмне менен алектенчү элең?
- Мектепти бүтөөрүм менен эле Замана студиясына кабарчы болуп иштегем.
- Окууну бүтөөрүң менен эле журналистикага киришиптирсиң. Бул кесипти мындан ары улантып кетейин деген оюң барбы?
- Бардык нерсени алдын- ала айтып болбойт. Журналистика менен азырынча иштеп турам. Абдан жемиштүү болуп көп ийгиликтерди жаратып кетсем мүмкүн улантып кетем. Эгерде бул кесипти таштайм десем анда… билбейм, бирок чыгармачылыгы жок жашоомду элестете албайм.
- Чектен чыгып кеткен көрөрмандар болобу?
- Мен чектен чыккан көрөрмандарымды деле көрө элекмин. Кээде көчөдөн же маршруттук таксиде баратканда эжекелер жана өзүм курактагылар учурашып калышат. Андай учурда "Жакшы" деп жооп берип коём.
- Кыргыз журналисттеринен кимди баалайсың?
- Бул журналистти баалайм деп так айта албайм. Кыргызстанда көп эле жакшы журналисттер бар. Анын арасында эң мыкты кабарчылар да иштеп келишет. Алардын бирин айтып, бирин айтпай кетсем туура эмес болуп калат.
- Ар бир кесиптин өзүнө тиешелүү оорчулуктары болот эмеспи. Силердин ишиңердин оорчулугу эмнеде?
- Ар бир иштин кыйынчылыгы болот да. Мисалы баары эле "Сен жакшысың, мыктысың" десе эле өспөйсүң да. Андыктан чыгармачыл адамга сын пикирдин да болуп туруусу керек. Бирок, мен иштеп жаткан жумушумдун бул жери кыйын деп айта албайм. Мындайча айтканда мен ишимен рахат алам.
Убактымдын көпчүлүк бөлүгү да "Музканалда" өтөт.
Төлөбүбү Касымалиева