Капчыкты кагып алган чөнтөкчүлөр
Күнүгө коомдук жайлардан болжол менен жүздөгөн адамдар капчыгынан, уюлдук телефонунан айрылып томсоруп кала беришет. Бирөөнүн көз жашынан коркпой, оңой олжого ыктаган чөнтөкчүлөрдүн кесиби жөнүндө кызыктарды казып чыктык.

Чөнтөкчү деген ким?
Чөнтөкчүлүк кесип мындан бир топ кылым мурда калыптанган. Башкача айтканда акча пайда боло баштаганда эле мындай "жеңил каражат тапкычтар" пайда болгон. Жыйырманчы кылымда чөнтөкчүлөр кылмыш дүйнөсүндөгү "ак сөөктөр" болуп эсептелинген. Экстра-чөнтөкчү болуш оңой-олтоң иш эмес, ал үчүн жөндөм күчтүү болуп, мыкты актёрдук талантка ээ болуу керек. Уурунун ийининде тартылган татуировкадан улам анын канчалык деңгээлде профессионал экенин аныктоого болот. Мисалы- чөнтөкчүнүн ийининде каздын башы тартылса анда ал бул топко жаңы кошулган, ал эми бүркүттүн башы тартылса жогорку деңгээлдеги машыккан ууру экенин аныктоого болот.

Чөнтөкчүнүн түрлөрү
"Щипач" - дайыма кандай кырдаал болбосун бир кол менен эле иштейт. Чөнтөктөгү болгон буюмду шыпырууга эки гана манжасы кыймылдайт. Уурулардын бул түрү чөнтөкчүлөрдүн арасынан "элиталык" болуп саналат. Щипачтар жалгыз деле, атайын топ менен деле иштешет. Алар биринчи кезекте психолог болушат жана эч убакта баңги зат, спирт ичимдиктерин колдонбойт. Анткени жогорудагы нерселер алар үчүн жат.
"Трясун", "Обнимала" коомдук унаадан, эл көп жерлерден бирөө сизди жөөлөп кеткендей түр көрсөтүп же кокусунан кучактап калса анда сиз чөнтөкчүлөрдүн дал ушундай түрүнө кабылдыңыз. Булар колдонгон дагы бир ыкма- эски таанышын көргөнсүп кокусунан кучактап, ыкчамдык менен чөнтөктү аңтарып, бир аздан кийин "кечирип коюңуз, таанышыма окшоштуруп алдым" деп кутулушу мүмкүн. Чөнтөктү шыпыруунун дагы бир жолу-көчөдө кетип бараткан адамдын булганып калган кийимин көрсөтүп, күбүп тазалашымыш болуп чөнтөктү каңтарышат.
"Писарь", "Резчик"- чөнтөкчүнүн негизги куралы-лезвия, курч кайчы. Айымдардын сумкасын, кийимин тилип капчыкты колго алыштын амалын издешет. Чөнтөкчүлөрдүн дагы бир амалы кийим тилгичтерди өздөрү атайын белгилер менен бөлүп алышат.
"Ширмачтар" максатына жетүү үчүн түрдүү ыкмаларды колдонушат. Алардын кеңири тараган түрү- көчөдө кетип бараткан адамга басып барып, картаны көргөзүп шаарга жаңы келгенин, тийиштүү жерди таппай жатканын айтат. Адам картаны карап кызуу түшүндүрүп жатканда чөнтөкчү бир колу менен картаны кармап, экинчиси менен чөнтөгүн аңтарганга үлгүрөт. Чөнтөкчүлөрдүн бул түрү дайыма түгөй менен иштешет. Анткени бирөө алаксытып, экинчиси "иштеп" турат.

Чөнтөкчүдөн сактануунун жолдору:
Коомдук унаада, эл тыгын жерлерде сумкаңызды далыңызга эмес, колтугуңузга же алды жагыңызга кысып кармаңыз.
Шымдын арткы чөнтөгүндө бет аарчы, тарак гана болуш керек. Капчыкты колдон келишинче ички сыдырмасы бар чөнтөккө салыңыз.
Капчыгыңызга ашыкча суммадагы акча сылып жүрбөңүз. Бир күндө канча акча сарптайсыз, эмне алууну пландап жатканыңызды алдын-ала чечип алып ошого жараша иш кылганыңыз оң. Капчык канчалык калың болсо ошончолук адамдын көңүлүн өзүнө бурат.
Эгерде ири суммадагы акча, маанилүү документтерди дайыма жаныңызга алып жүрүүгө туура келсе, анда аларды бир нече бөлүккө бөлүп алып сумкаңыздын ар кайсы жерлерине салыңыз.
Кафе-ресторандарга барганда үстүңкү кийимдерди үстөлгө, кийим илгичке илээрде сырт кийимдин чөнтөгүндөгү болгон буюмдарды алып, сумкаңызга же шымдын чөнтөгүнө салгандан эринбеңиз.
Уюлдук телефонду капталдагы, сырткы чөнтөктөргө эч убакта салбаңыз. Мындай жоругуңуз "щипачтар" үчүн даяр белек болуп саналат.
Базарга соода кылганы барганда чөнтөкчүлөрдүн көзүн кычыштырып капчыгыңызды көз көрүнөө алып жүрбөй, тиешелүү буюмдарды сатып алган соң биринчи капчыгыңызды катып алып, андан кийин алган азыктарды салыштырыңыз.
Кокус бирөө-жарымдын жүрүшү-турушу сизди кооптондурса ага кайдыгер суроо берип кайрылыңыз. Эгерде жаныңызда турган адам чын эле чөнтөкчү болсо анда ал сизден качып, алыстаганга аракет кылат.




Сөзүбүз супсак болбош үчүн чөнтөкчү Нурбекти (Каармандын аты өзгөртүлүп берилди)кепке тарттык. Аны тааныштар аркылуу тапкан элек. Нурбек бар сырын гана айтып тим болбостон, "бизге кабылып калбагыла" деп кеңешин да берди.
Нурбек: Чөнтөкчүлөр - чыгармачыл адамдар, тынымсыз "гастролдо" жүрүшөт
- Нурбек, ушул "кесипти" аркалаганыңа көп болдубу?
- Мен жакшы камсыздалган үй-бүлөдө чоңойгом. Балалыгымда башка балдар ойнобогон оюнчуктар менен ойнодум. Ата-энем эжем экөөбүздү эркелетип чоңойтту, мектепке кетип бара жатканда дайыма чөнтөгүбүзгө акча салып беришчү. Бой жеткенден баштап өз алдымча кенен акча кармагым келип кичинеден башкалардын чөнтөгүнө кол сала баштадым. Эң биринчи жолу троллейбустан бир эженин капчыгын алып чыктым, ичинде жетимиш алты сом бар болчу. Мен үчүн ал кезде бул чоң сумма эле. Азыр болсо бир күндө эң аз дегенде миң сом тапмайын "жортуулду" токтотпойм.
- Сен капчыгын алып жаткан адамга бооруң оорубайбы? Балким сен алып кеткен акча акыркысыдыр…
- Кээде ойлоном, өзүмдү жаман көрүп кетем. Адамдын акыркы акчасын тартып алып жатсам…Эгерде мен чөнтөктөгү акчаны "көтөрүп" алсам алдым, болбой калса анда ал акча чындап эле акыркысы болчу деп жоруп коем.
- Ушундай жашоодон тажадыңбы?
- Кээде өкүнүп, тажап кеткен учурлар болгон, бирок мындан башка жумуштун "майын" чыгара жасай албайм. Анын үстүнө чөнтөккө кол салуу баңги заттай болуп калат, акчага көнүп калып андан оңой менен баш тарта албайсың. Акыркы жылдары бир эмес, бир нече жолу токтотконго аракет кылдым, бирок…
- Азыр жалгыз иштейсиңби?
- Ооба, кээде "кесиптештеримди" жолуктуруп калам. Бирок баары бир жалгыз иштегенден өтөөрү жок, көп кооптонуу жаралбайт. Анын үстүнө капчыкты алгандан кийин акчасын үч-төрткө бөлгөндөн көрө жалгыз эле алганың жакшы.
- Жогоруда баңги зат жөнүндө сөз кылып жаттың эле…
- Сайынасыңбы деп сураган турасыңбы? Жок, баңги зат колдонбойм, бир күндө бир бөтөлкө сыра ичсем ошол мага жетет. Сырадан тышкары кыздарды жакшы көрөм, сүйгөн кызым бар болчу турмушка чыгып кеткенине төрт жыл болду. Бир кезде экөөбүз чогуу иштечүбүз.
- Күйөөсү кесиби тууралуу билеби?
- Билет…сүйгөн кызымдын күйөөсү милиция бөлүмүндө иштейт. Бир жолу колго түшкөндө кызды бир көргөндө эле сүйүп калыптыр, дароо куткарып алган. Ошондон бери кыздар менен чогуу иштебей калгам. Бир-экөөнү үйрөткөнгө аракет кылдым. Жыйынтык чыккан жок.
- Сыртыңан караганда чөнтөкчүгө окшобойсуң го…
- Чөнтөкчү десе эле сакалы өскөн, жүдөгөн немени элестет окшойсуңар. Чыныгы чөнтөкчү-кылмыш чөйрөсүндөгү аристократ. Чөнтөкчү чыгармачыл адам сыяктуу дайыма "гастролдо" жүрөт. Коомдук унаага түшөт, айымдарды сыйлап алдыга жиберет, өзү артынан кирип көз ирмемдик мүнөттөрдө "иштеп" кайра чыгат.
- Басып баратып шакек чече аласыңбы?
- Шакек чечип көргөн эмесмин, бирок бир нече жолу саат чечкем…
- Алдын ала капчыгын ала турган адамды аңдыйсыңбы?
- Андай деле артынан түшүп аңдыбайм, ар кандай жагдайлар кездешет. Кээде аялдамада туруп айрымдар жол кире камдап, калган акчасын каяка салганын байкайсың. Албетте олжону колдон чыгарбай артынан түшөсүң. Эң негизгиси колду, манжаларды машыктырыш керек, кандай жол менен экенин албетте силерге айтпайм.
- Өзүң чөнтөкчүлөргө кабылдың беле?
- Жо-ок, андай болгон деле эмес, биринчиден, чөнтөкчүлөр бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Кээде билбестиктин айынан жаңы кошулгандар кол салышы мүмкүн. Экинчиден, мен капчыгымды, буюмдарымды "үстүртөн" кармабайм. Сизге да ушундай кеңеш берем. Болгон буюмдарыңызды сумканын эң түбүнө катып жүрүңүз.
- Кеңешиңе ырахмат…
Анара Дүйшөналиева