чырдөбө

Айчүрөк менен Анжеликанын дагы бир ызы-чуусу ачыкка чыкмай болду окшойт?...

Бул ызы-чуу Жаңы-жылдын алгачкы күндөрүнүн биринде тагыраак айтканда 2-январь күнү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева менен жолдошу Таалай экөөнү белгисиз "каракчылар" сабап кетишкенден кийин башталган. Башында Айчүрөк Иманалиева бул фактыны жашырганга аракет эле кылып жаткан. Бирок, "шибегени капка ката албагандай" эле ырчы "Агым" гезитине кенен-кесир маек бериптир. Мындай болоорун Айчүрөк айым өзү деле сезген окшойт, сабаганга чейин үч-төрт күн мурда "Мага "угроза" болуп жатат" деп айтканын кеп кылгандар болду. Токмок жеген Айчүрөк айым Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери бул ишти кандай иликтеп жатканын ким билсин, бирок жакында окуучусу Анжелика тергөөчүнүн кабинетинде сурак бериптир. Анжеликаны клип тарттырып жүргөн жеринен алып кетишкен. Буга себеп, Айчүрөк арызында Анжеликаны "Бул иштин уюштуруучусу катары шекшийм" деп жазган имиш. Мындай маалымат эл арасында "имиш-имиш" болуп айтылып, ал эмес "Акипресстин" сайтында да бажырайып жазылып жүрөт. "Алган маалыматтарыбызга караганда сизге кол салган адам өзүңүз тарбиялаган Анжеликага байланыштуу болушу мүмкүн дешет" деген "Агымдын" журналистинин суроосуна Айчүрөк "Далилдей албагандан кийин эч нерсе деп айта албайм…" деп жооп берген. Мындай маалымат эл арасында айтылып, жазылып калгандан кийин биз Анжеликанын өзүнө байланышка чыккан элек. "Айчүрөк Иманалиеванын сабалышын сага байланыштырып жатышканы чынбы, тергөөчүгө сурак берди дегендин да канчалык чындыгы бар?"-деген таптак сурообузга так жооп бергиси келбей: "Мен силердин гезитке жанымды берип, эмне десеңер ошону эле кылып жатпайынбы" деп Жаңы-жылдагы гезиттин биринчи бетине Аяз-кыз болуп сүрөткө түшүп бергенин "колко" кылып кирди. Биринчиден, Анжелика гезитке биз үчүн эмес өзү үчүн түшкөнүн түшүнбөй калса керек. Экинчиден, биз Анжеликага жалдыраган эмеспиз, артистердин арасында конкурс жарыялап, кайра эле ошол артисттердин өздөрүнөн "Аяз ата менен Аяз кыз болгонго ким татыктуу?" деп сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Жыйынтыгында Анжелика көбүрөөк добушка ээ болуп Аяз кыз болгон эле... Иши кылып "Мен эч нерсе айтпайм", "Таң атпай маанайымды буздуңар", "Жакшы гана жаңылыктарымды айтып турам" (Журналисттер мактап жаза берип өзүбүз көндүрүп койгонбуз да), "Мен ал жазган сайт менен өзүм чечишем","Ушундай болду деп бир да гезит жазган жок" деп жатып... акыры сурообузга байланышкан "Бул мага гана тиешелүү. Мен жооп бербей койгонго акым бар" деген жоопту алып, башында эле ушинтип жооп берип койсо эмне- дедик.




Калпычы Жанетабы же "супер-инфобу"?
Кечээ ырчы Жанета Бобкова кайнатасы Юрий Бобков жана медиа-эксперт Назира Раимкулова менен бирдикте "Акипресс" агенттигинде пресс -конференция беришти. Буга себеп, "Супер-Инфо" гезитинин Жанетанын дарегине айтылган ар кандай маалыматтар эле. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн гезитте жазылган маалыматтын кыскача маанисин берсек: "Биз "Жылдыздын үйүндө конокто" деген рубрикабызга Жанетанын үйүнө барып сүрөткө тартып, сүйлөшүп гезит бетине орун бергенбиз. Бирок, биз барган ал үй Жанетаныкы эмес экен. Жанета калпычыбы же…" деп, анан "Бул окуядан кийин гезиттердин бири "Жанета Испанияга барган эмес" деген өңүттө жазып чыкканы да чын го деп бүшүркөй түштүк. "Bon Voyage" Эл аралык сынагында биринчи орунду жеңген Жанета Бобкова" деп дүйнөлүк интернет булактарына суроо салсак, жергиликтүү сайттардан башка бир дагы булак жооп берген жок. Айрым сайттарда "Bon Voyage" Эл аралык балдар фестивалы деп чыкты" деген. "Мындай жалган маалыматтарды элге жайылтканы үчүн жооп беришсин" деп келген инсандардын өздөрүнө сөз кезегин берсек.

КРнын Эл артисти Юрий Бобков:
"19-кылым болгондо дуэлге чакырмакмын"
- Мен бул жөнүндө айтуудан мурун жаңы эле Кыргыз радиосунун түз эфиринен келгенимди айтып кетким келет. Өзүм чыгармачылык чөйрөдө 40 жылдан бери жүрөм, 40 жылдын ичинде көп эле жолу түз эфирге чыккам. Бирок, бүгүнкүдөй ушунчалык көп телефон чалуулар өмүрүмдө болгон эмес. Алар эмне үчүн чалышты? Колдогону чалышты. Мен өмүрүмдө биринчи жолу ушундай карама-каршылыкка барып жатам. Бул гезит менин үй-бүлөмдүн ар-намысына шек келтирди. Менин минтип чыгышыма неберем да түрткү болду. Ал "Мектепте классташтарым "Мамаң алдамчы" деп жатышат. Сабакка барбайм" деп ыйлап жатса, мен чоң-атасы кантип буга чыдап тура алам?". Керек болсо, азыр 19-кылым болгондо ошол жерде иштегендердин кимисин болсо да дуэлге чакырмакмын. Гезиттин биринчи бетине да "Жанета өзүн таанытыш үчүн баарына даярбы?" деген анонсту жазышыптыр. Жанета эмне жаңы чыгып жаткан ырчы беле, өзүн тааныткыдай. Жанета профессионалдык эстрадада 12 жылдан бери кызмат кылып келаткан ырчы.
Биринчи маалымат жазылган соң мен биринчи адвокаттар менен кеңештим. Алар "Сотко бергиле" дешкенинен, "Кеп сотто анан андан акча утуп алышта эмес" деп, улуу башымды кичүү кылып, редакцияга бардым. Алар жазгандай; "Улам-улам барган жокмун". "Азыр кабыл албайбыз" деп айта беришкенинен улам, биринчи жолу эл берген, президент берген наамды колдондум. "Ай, силерге Эл артисти келип жатат" деп айтканга туура келди. Акыры жетекчиси менен тил табышкандай эле болуп кеткем. "Маалыматка тактоо киргизгиле" дегенимде макул болушкан. Анан эмне болду? "Тактоо" демиш болушуп, мындайча айтканда мени кайра "затыкали".
"Испанияга барган эмес дегендери чын го, интернеттен суроо салып эч нерсе таппай койдук" деп жазышты. Мына алардын уюштуруучуларынан келген тастыктоо каты. (Катта: Испанияда бул Эл аралык фестиваль 10чу жолу белгиленгени, анда Кыргызстандан барган ырчы кыз Жанета Бобкова биринчи орунду жеңип алганы, гала концерт Барселона шаарында өткөнү, сыйлыкты Барселона шаарынын мэри тапшырганы, конкурс "вокал" жана "элдик ырлар" деп эки номинация менен өткөнү жазылган. )
Ал эми жанагы "Үйү эмес экен" деген боюнча айтсам: Жарым жылдан бери "Кош жылдыз" долбоорун, "Ырдайлы кыргыз ырларын", өзүмдүн "Досум Үсөн" тобунун концертин уюштуруп жүрдүм. Балам Денис Канат деген бала экөө ошол ырлардын баарын аранжировкалап жүрүштү. Өздөрүнүн үйүндө ремонтту баштап алышты эле,ана-мына деп, кол бошобой бүтпөй турган. Болбосо Денис менен Жанетанын өздөрүнүн үйү кандай экенин ошол гезиттин журналисттери беш колдой билишет… Менин 30 жашымда мындай үйүм жок болчу. Мага деле мурун "Телеге тартабыз" деп калышканда, "Мен жөнөкөй эле времянкада турам" десем, болбой коюшканынан досумдун үйүнө барып тамакты ошол жактан жасап, ошол үйдөн тартылгам. Жанета өз үйүндө ремонт жүрүп жатканынан, журналисттерди таяжесиникине чакырган. Аны Жанета ачык эле айткан. Эптеп макаланы даярдап алгыча артынан чуркап жүрүшүп, андан кийин мындайча айтканда "ниже пояса" чаап жаткандагылары. Бул гезит жөн койсо "ленчивать" эте башташыптыр. Мындайча айтканда өздөрүн "укмуш" сезишип, адамдын тагдырын калемдин учу менен чечкенге өтө баштаган тура.
Бизге жасаган бул ыплас пиарды мен көралбастык деп да айтпайт элем, бул жөн гана өч алуу. Аны Жанета өзү түшүндүрүп берсин.

Жанета Бобкова:
"2 млн сомго сотко беребиз"
- "Супер -Инфо" гезитинде жыл аягында концерт беришет. Анда "Жылдын супер айымы" деген номинациясына Кенже Дүйшеева, Бактыгүл Бадыева, мен болуп көрсөтүлгөн экенбиз. Жыйынтыгында Кенже Дүйшеева жеңишке жетишкен. Концерттен кийин Кенженин мен жөнүндө "Жанета утулуп калганы үчүн ыйлаптыр. 18 жаш ырынын клибиндеги идеяны меникинен уурдаган" деп айтканын окудум. Эртеси ЭлТР телеканалы уюштурган "Ош-Бишкек телекөпүрөсүнө" барып катыштык. Мен Ошто жүргөн Кенжеге "Гезитке ушинтип айтканың чынбы?" деп суроо узатканымда, ал "Мен окуй элекмин. Мен өзүм деле журналистмин. Алар анча-мынча кошуп коюшу мүмкүн" деп жооп берди. Мен "Демек, 80% жалган жазылган маалымат экен да" деп айткам. Эртеси гезиттин редактору "Эмне үчүн антип айтасың?" деп телефон чалыптыр… Ошондон кийин эле башталды десек болчудай…
Эми алар жазгандарга кыскача эле жооп берип кетсем: 1. Мен Италияга барганымды далилдеген сүрөттөр, диплом алдыңыздарда турат.
2. Алар өздөрү "Үйүңүздөн тартат элек" деп жарым жыл аркаман ээрчип жүрүп келишкен. Мен өз үйүмдө ремонт жүрүп жаткандыгын, "Башка жактан тартсак болобу?" дегенимде, "Эчтеке болбойт. Көп эле ырчылар ушинтишет" деп ошол журналист кыз өзү айткан. Анан таяжемдин үйүнөн тартылганбыз. Убакыт өтүп, анан ЭлТРден "Демек, Супер-Инфо" 80% калп жазган турбайбы" деген сөзүм катуу тийген окшойт, мага карата "атакасын" башташты. Эми менин жана менин үй-бүлөмдүн беделине доо кетиргени үчүн 2 млн сомго сотко бергени жатабыз. Жазгандарын эми далилдешсин.

Назира Раимкулова:
"К. Бакиевдин да беделине доо кетип жатат"
- Биз муну кара пиар эмес ыплас пиар десек жакындагандай. Бул гезитте иштегендер калемди туура эмес пайдаланып, адамдын башынан ылдый баткак куюп коюшту. Бүгүн ошондой ыплас пиардын дагы бир курмандыгы Жанета Бобкова болуп отурат. Жанета бул жерден ырчы катары эмес, жөнөкөй атуул катары зыян тартты десек болот.Бул нерсе бир гана анын өзүнө эмес, үй-бүлөсүнө, балдарына, туугандарына эмне деген санааны жаратты. Медиа-эксперт катары менин да атыма, беделиме шек келип жатат. Анткени Италияга болгон иш сапарды бияктан мен уюштуруп, фестивалдын уюштуруучулары менен мен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөм. Экинчиден, а балким, биринчиден, Курманбек Салиевичтин беделине доо кетиргендик болуп жатат. Анткени, бул конкурстук сапарды президентибиз колдоп, демөөрчүлүк кылган.
Эльмира Мадиева