Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

  Ырым- менин сырым

Атактуулар арзуусу ыр саптарда
Алп акын Алыкулдун жашоосунда арзыганы Айдай менен алган жары Зейнеп аттуу эки айым болгонун адабиятка анча-мынча түшүнүгү жок эле адам билбей калбаса, баары билет. Бирок, Алыкул ырларында эки айымдын атын толук атабай З… менен А… деп же каймана мааниде гана жазган. "Акындардын бир сыры-сүйүү ырларында каармандын атын так атабоодо"-деп айткандарын мен акындардын өздөрүнөн көп эле уктум.
"Талантка тагдыр керек"-дегендей, таланттар тагдырдан, турмуштан алып жазбаса анда сонун-сонун чыгармалар кайдан жаралат эле. Ошон үчүн алардын арзуулары муундан-муунга аңыз, уламыш болуп айтылып келет эмеспи. Буга дагы бир мисал, чыгаан агабыз Чыңгыз Айтматов менен белгилүү балерина Бүбүсара Бейшеналиеваны алалы.
Менин айтайын дегеним, азыр биздин арабыздагы таланттар да тагдырын ыр сабына түшүргөн сыяктуу…

Кыргыз элинин булбулу, күмүш күлкүнүн ээси Гүлнур Сатылганова ""Ак көгүчкөн" аттуу ырын белгилүү маданият кызматкери, кыргыздын сыймыгы болгон бир мырзасына арнап, анын көкүл чачын ак көгүчкөнгө салыштырып, ырдагандай" деген имиш сөздөр бар.
Гүлнур Сатылганова

"Ак көгүчкөн"
Таң да атты, таалайым батып баратты,
Үмүт какты, үзүлүп көздөн жаш акты.
Болду го дейм, өзүмө суроо бералбай,
Козгой албай, кансырап турган жараатты.
Кайырма:
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн.
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин неден жаңылдым,
Адаштым кайсы өрүштөн.

Арман кылаар айтылбай балким сыр калаар,
Унутулаар ырдалбай балким көп ырлар.
Ак көгүчкөн сен дагы жалгыз, мен жалгыз,
Эгиз сыңар окшошту биздин тагдырлар.

Мен үзүлбөйм, аскада гүлдөй үзүлбөйм,
Мен өкүнбөйм чайпалып көлдөй төгүлбөйм.
Мен жанамын күндүзү күндөй түнү айдай,
Булуттардан бир көрүнүп бир көрүнбөй.


Салттык музыканын сырларын билген, дастанчы, ырчы эжебиз Роза Аманованын комуздун коштоосунда ырдаган бул ырын "жолдошу Кубанычбек Жумалиевге арнаган деп айтып чыгышкан. Бирок ал кезде экөө баш кошо элек кези" дешип, айрымдар "Ал кездеги ажого арналган" дешет. Ким билсин эми?…

Роза Аманова
"Бирөө бар"
Элесимде бирөө бар,
Элжиреткен бирөө ал.
Ээлеп алган жүрөгүмдү,
Эми кимде күнөө бар?

Кыялымда бирөө бар,
"Кылт"-дей түшсө күнөө бар.
Делбир болду жүрөгүм ай,
Деги кимде күнөө бар?

Айдың көлгө барсамбы,
Ак кууга кошуп салсамбы.
Азабың тартып жүргүчө,
Ашыгың болуп алсамбы.

Өзөнгө сууга барсамбы,
Өрдөккө кошуп салсамбы.
Өзүңө тагдыр буюрса,
Өмүрлөш болуп алсамбы.

Жакшы тилдүү бирөө бар,
Жаман тилдүү бирөө бар.
Ак калпагын булгалаган,
Араңарда бирөө бар.
Атын айтпайм, бирөө ал.


Муратбек Бегалиевди залкар композитор катары кимдер билбейт. Муратбек агайдын ыр да жазаарын анын "Аздек дүйнө" аттуу ыр жыйнагын колума алганда гана билдим. Барактап отуруп төмөнкү эки ырга көзүм түштү. Алп акын Алыкулдай каармандын атын так атабаса да, "билген" киши дароо эле билет. Кимге арналганын мен да ичимден атап койдум… А балким мен жаңылыштым.

Муратбек Бегалиев
"Гүкүш"
Гүлүмдү "Гүкүш" дегемин,
Гүлүмдү, гүлгө теңедим.
Гүлүмүм, гүлгө окшобой,
Гүл эмес экен!-дегеним.

Гүкүшүм күттү шамалды,
"Барымта күлкү" салалды.
Азгырып алды саясат,
Алдынан чыккан аялды!

Үстүнөн чыгып "сүйүүңүн",
Үйүмө кеттим, сүйүндүм!
Түйшөлүп, салып акылга
Түбөлүк чечтим түйүнүн!

Тең эмессиң, тең эмес,
Таап алгын… теңиң мен эмес!
Эрезеге жеткен соң,
Үйүмдү бузчу сен эмес!

Эч кимге айтпай себебин,
Эсимди эзип келемин.
Эрменди оозго салып, сен,
Эч качан таттуу дебегин,

Гүлүмдү "Гүкүш" дегемин!
25-26.07.2007.
"Талант таржымалы"
Сүйөм!-дедиң,…
Күйөм!-дедиң,…
Бир өзүңдү аркалап.
Сүйөм-дедим,
Күйөм-дедим,
Өңгөлөрдөн калкалап.

Келем!-дедиң,…
Берем!-дедиң,…
Жүрөгүмдү чабайын.
Келгин-дедим,
Бергин-дедим,
Ай-күнүмдү табайын.

Таңшыйм!-дедиң,…
Шаңшыйм!-дедиң,…
Шоола чачып элиңе.
Таңшы-дедим,
Шаңшы-дедим,
Нурду чачып элиме.

Берчи?!-дедиң,…
Келчи!- дедиң,…
Жашоо тегиз майрамын.
Алчы-дедим
Барчы-дедим,
Жашоо тирдик шайманын.

… Этем!-дедиң.
… Жетем!-дедиң,
Эрезеге эртерээк.
… Этчи- дедим.
… Жетчи- дедим,
Баарын алгын эртелеп.

Күндөй күлүп,
Айдай тийип.
Ай-Ааламга аңкыдык.
Албан тилек,
Балбан билек,
Дил ичинде шаңшыдык.

Алдың баарын,…
Таңдын баарын,…
Арсыз өткөн күндөрүң.
Алыс калды,
Калыс калды,
Төккөн көз жаш, түндөрүң.

Ары барган,...
Бери келген,…
Болдуң элдин эркеси.
Арсыз болдуң,
Алсыз болдуң, Ай тутулган эртеси.

Чыкпайм!.. дедиң,
Ыктайм!.. дедиң,
Сенден ашкан "байларга".
!.. чыкпа-дедим,
!.. ыкта-дедим,
Менден кичүү балдарга.

Колго түштүң,…
Торго түштүң,…
Бакытыңды тап эми!
Жүрүптүрсүң,
Сүйүптүрсүң,
Убагында так мени!

Жылдызымсың,
Кыргызымдын,
Кудай берген таланты!
Жылдыз эмес,
Кыргыз эмес,
Көтөрбөгөн Таланты!
24.12.2006. Жалал-Абад

Буларды жазып бүткөн соң, жазылган ырдын тарыхын өз ооздорунан угайын-деп Роза Аманова менен Гүлнур Сатылгановага байланышка чыктым. Роза ыйым суроону бере электен мурун эле алыста жүргөнүн айтып, "Мүмкүн болсо эмки жумада байланышка чыгышыбызды" өтүндү. Ал эми Гүлнур Сатылганова "Та-ак,-деп бир аз ойлонуп,анан көп адамдын курчоосунда отурганын түшүндүрүп, бул суроого 1-2 сааттан кийин, бошогондо жооп берээрин айткан. Айтылган убакыт өткөндөн кийин байланышка чыксак, телефонун көтөргөн жок.
P.S. Эмки санда Бек Борбиев, Каныбек Иманалиев, Анапия Райымбекова, Урмат Үсөновдун ыр саптарын окуп, сөздү уламакчыбыз.

Эльмира Мадиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-январь, 2010-ж.:
1-бет
Г.САтылганованын
"Ак көгүчкөнү" ким да, М. Бегалиевдин "Гүкүшү" ким?

2-бет
"Өздөрү мендей боло албай ушак айтышат"
3-бет
Акжол Асеманын
көзүнө чөп салдыбы?

4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Жолдошунун фамилиясын алган атактуу айымдар
6-бет
"Жаңы кыргыздар" кышкы каникулду
кайда өткөрүштү?

7-бет
Табылды Актанов:
"Бири-бирибизди кажымайын отура албайбыз"

8-бет
Бек Борбиев бейтапканада
9-бет
Ырым- менин сырым
10-бет
Тырмак өстүрүүнүн ден соолукка зыяны
11-бет
Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен!
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз
мончок

13-бет
Калчылдаткан кышкы спорт
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аалы Туткучев:
"Эми мен шылдырак кагып ырдайм"






Яндекс.Метрика