Кыргыз гезиттери


PRESSKG.COM

  Жылдыздар турмушунан

Таппасаң сыйпалап кал
Белгилүү адамдардын тапкычтыгын текшерип бири-бирине табышмак айттырдык. Алгач актёр, ди-джей Камчы Сарыбаев төмөнкү табышмакты үч адамга узатты.


Камчы Сарыбаев:
- Тепкичтен өйдө чыгып, ылдый түшпөгөн көк бет жаныбар кайсы?

Аскат Сулайманов: Мм... Билбейт экенмин. Камчы, калп эле айтып жатат. Тепкичтен чыгып, кайра ылдый түшпөгөн жаныбар жок. Жаныбардын баары эле өйдө чыгып, ылдый түшөт.


Тата Улан: - Ий, билбейт экенмин. Мм... Кайсы жаныбар болду экен?.. Менин оюмча чебурашка.


Назми: - Варианттарын айтсаң жакшы болмок экен. Менин оюмча бул, ылдый түшө албаган мышык. Ал болбосо жөргөмүш болуш керек Ха-х-ха...


Камчы мырзанын өзгөчө табышмагын эч ким таба алган жок. Табышмактын жообу: Уй жаныбары болчу. Андан ары өзүнүн табышмагы менен чынжырчаны ырчы Назми улады.




Назми:
- Апамдын жакшы көргөн табышмагын айтайын. Бул табышмак илгертеден бери айтылып келет экен. Хандын он алтыга чыккан эрке кызынын колун сурагандар көп болот. Бирок бирөөнө да кыз макул болбой коёт. Ошондо атасы кызын урушат. Эрке кызы ушул табышмакты айтып, "Жандырмагын тапкан жигитке турмушка чыгам" дейт.
"Колумдагы шакегим ай чынардай,
Эки ат басат бир жолдо чаң чыгарбай.
Карышкыр жейт козуну кан чыгарбай,
Муну тапкан жигитке өзүм барам мал чыгарбай" - дейт экен. Бул кайсы буюм?


Сема: - Буюм бекен? (Күлүп) Мен сага шоколад алып берейинчи, жандырмагын айтып койчу? Кыздар дагы, балдар дагы колдоно турган буюм бекен? Чынын айтсам, тапкан жокмун.


Айнура Салахидинова: - Прям буюм бекен? Эмне болушу мүмкүн десең? Шыпыргы го, же саатпы? Анда самын. Ий, өлүп ка-ал, таппадым. Өзүң эле айтып койчу. Эмне экен? Мм... кайчыбы?


Бакыт Букаев: - Бычакпы, же кылычпы? Анда кайчыбы?


Табышмактын туура жообу: Кайчы - деп, ырчы Айнура Салахидинова менен шоумен Бакыт Букаев туура тапты.
Андан соң Бакыт мырза Эрмек Нурбаевге бул табышмакты айтты.

Бакыт
Букаев:
Менин мындай табышмагым бар.
Аттын кандайы кызык? (Жоргосу)
Тондун кандайы кызык? (Торкосу)
Козунун эмнеси кызык? (Шорпосу)
Чайдын кандайы кызык? (Кызылы)
Суусундун кандайы кызык? (Тунугу)
Бул табышмактын жообун Эрмек Нурбаев берсинчи? Сүйлөсө тилинен чаң чыгат го.


Эрмек Нурбаев: - Ий, башынан айта баштайын.
Аттын жоргосу, күлүгү кызык.
Тондун жылуусу анан чоң атамдыкы кызык.
Козунун чүкөсү, эти кызык. Эми мен үчүн да.
Чайдын сүттүүсү анан сахары көбү кызык.
Суусундун жайында муздагы, кышында жылуусу анан "вообще" эле арзаны кызык.

Мына окурман! Берилген табышмактардын туура жоопторун окуп, белгилүүлөрдүн жоопторуна өзүңүз жыйынтык чыгарып алаттырсыз.


Айнура Касымова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
19-январь, 2010-ж.:
1-бет
Г.САтылганованын
"Ак көгүчкөнү" ким да, М. Бегалиевдин "Гүкүшү" ким?

2-бет
"Өздөрү мендей боло албай ушак айтышат"
3-бет
Акжол Асеманын
көзүнө чөп салдыбы?

4-бет
Жылдыздар турмушунан
5-бет
Жолдошунун фамилиясын алган атактуу айымдар
6-бет
"Жаңы кыргыздар" кышкы каникулду
кайда өткөрүштү?

7-бет
Табылды Актанов:
"Бири-бирибизди кажымайын отура албайбыз"

8-бет
Бек Борбиев бейтапканада
9-бет
Ырым- менин сырым
10-бет
Тырмак өстүрүүнүн ден соолукка зыяны
11-бет
Тагдыр тамашасы же жеңил парыңыз менен!
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз
мончок

13-бет
Калчылдаткан кышкы спорт
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аалы Туткучев:
"Эми мен шылдырак кагып ырдайм"






Яндекс.Метрика