Билгениң оң

Тырмак өстүрүүнүн ден соолукка зыяны
Ар бир экинчи айым тырмактын ден соолукка зыянын билип-билбей жасалма тырмак өстүргөнгө өтүшөт. Чынында тырмактын организмге тийгизген залакасы, зыяны, дегеле тырмак жөнүндөгү толук маалыматты төмөндөн таба аласыз.

Тырмак өстүрүү каяктан келип чыккан?
Тырмакты узун кылып өстүрүү модасы Кытайда пайда болгон. Ак сөөктөр, күнүгө майрамдап жүргөндөр гана тырмак өстүргөнгө мүмкүнчүлүк алышкан. 10-13 сантиметр узундукка жеткенде алтын же атайын кымбат таш менен тырмактарын чагып кыскартышкан. 1964-жылы Египетте Нианкханум менен Ханумхотеп коюлган көр табылып, каза болгон эки адам маникюр адиси болгонун аныкташкан. Негизи эле Египетте жакшы жашоодо жашаган айымдар тырмагын хна менен же болбосо ачык түскө боёгонду адатка айландырган. Египеттен жылып отуруп тырмак өстүрүү модасы Европага жайылган. Өзгөчө ХIХ кылымда Францияда чыпалактын тырмагын узун кылып өстүрүп, бирөөнүкүнө кирип баратканда такылдатпай, чыпалак менен чокунуп кирүү салты катуу өнүккөн.
Эң биринчи чыныгы түстүү тырмак боёгучту 1932-жылы АКШдан Чарльз Ревлон деген адам ойлоп тапкан. Ал эми жасалма тырмакты элүүнчү жылдын жарымында Фред Слек аттуу адам ойлоп чыгат. Кээ бир маалыматтарга көз жүгүртсөк: Фред Слек тиш доктур болуп иштеп жүрүп, бир күнү манжаларын чаптырып, тырмагын түшүрүп алат. Эки айга жакын жумушка чыкпай үйдө отуруп, эриккенинен акрил (тиш доктурга керектүү каражат) менен тырмагынын үстүн чаптап, жасалма тырмак ойлоп тапкан.

Тырмактын ден соолукка зыяны
Таза, тыкан алынган тырмак алда канча көзгө жакшы көрүнөт. Медиктердин далилдөөсүндө эң кир микробдорду алып жүргөн адамдын денесиндеги бөлүк- анын тырмагы. Тырмак тери, көз, чач сыяктуу эле абага зар. Тырмакты лак менен боёгондо жөнөкөй сөз менен айтканда тырмак "тумчугуп, дем албай" калат. Лак менен капталган тырмак күйүп, саргарып көрүнүшү начарлап, адамдын иммунитетинин алсызданышына да өбөлгө түзөт. Айрым айымдар "мен тырмагымды өстүрсөм да дайыма тазалап жүрөм" деген жаңылыш ойго жетеленишет. А чынында тырмактын өзү канча микроб экенине маани беришпейт. Тырмак өзү микроб болуп жатса анын асты кантип таза болсун?

Тырмак оору микоза деп аталат
Буттун, колдун тырмак оорусу илимий тилде - микоза деп аталат. Бул оору менен жер шарындагы адамдардын төрттөн бир бөлүгү жапа чегип келет. Тырмактын астына кирген инфекция өөрчүп отуруп бүт денени каптап, адамдын жашоосун алда канча татаалдатышы мүмкүн. Аталган дарттын алдын алууга төмөнкү ыкмалар жардам берет:
- Бирөөнүн бут кийимин эч убакта кийбеңиз. Өзгөчө жылаңач бутка дүкөндөрдөн бут кийимдерди өлчөп көрбөңүз. Анткени сиз бутуңузга кийип көрүп жаткан туфлини же өтүктү бир күндө бир нече адам кийиши мүмкүн.
- Бассейндерде, спорт залдарда жылаңач баспаңыз. Жада калса душка түшөөрдө да атайын резинка бут кийим кийип алганыңыз оң.
- Колуңузду боёордо, тырмактын түбүндөгү эттерди кесээрде бөлөк адамдардын куралдары менен колдонбоңуз.

Тырмак оорунун белгилери:
- Тырмактын сырткы өңү өзгөрөт, башында өтө агарып же саргарып, айрым учурда кара-күрөң тартып кетиши да ыктымал.
- Тырмактын түбү жооноюп, учунан баштап түлөп кирет.
Эгерде жогорудагы белгилер сизде байкалса анда:
- Уксус кислотасы менен бут кийимдин ичин чүпөрөк менен сүртүп, кургатыңыз.
- Маникюр жасаган шаймандардын баарын медициналык спиртке жарым саатан кем эмес чылап чыгыңыз.
Тырмакка байланышкан ырымдар
- Жума же жекшемби күнү тырмак алсаң келе жаткан жума түйшүктүү, оор болот.
Англияда бир жашка чыга элек ымыркайдын тырмагын кайчы менен эмес, энеси тиши менен кырчып алат. Себеби, тырмакты кайчы менен алса бала чоңойгондо ууру болуп өсөт деген ырымга катуу ишенишет.
Британияда кыркылган тырмак менен чачты кошуп жердин түбүнө көмүшөт. Анткени, алардын түшүнүгүндө тырмакты жин-шайтандар алып кетип, тырмактын ээсине чоң зыян алып келет.
Соломон аралында Угу уруусунда кыркылган тырмакты алачыктын кире беришине босогого көмүп коюшат. Себеби, босогого көмүлгөн тырмак үйдөн ынтымакты ыдыратпай, эшиктен жаман нерселерди киргизбей, үйдөгү "аба ырайды" бир калыпта кармап турат.
Орус элдеринин кээ бир кыштактарында кары-картаңдар кыркылган тырмактарды өлөөр-өлгөнчө чөнтөгүнө салып жүрүшөт. Эмнеге дейсизби? Кийин алар тиги дүйнөгө барганда тоого чыгабыз деп эсептешет, ал эми тырмак тырмышып чыкканга чоң жардам берет.

Тырмак жөнүндө кызыктар…
Аулеттик аялдар корзина өргөндө сөзсүз түрдө тырмагын өстүрүшкөн. Өмүр бою корзина токуй беришип, манжаларга ашыкча күч келгендиктен бара-бара колдору ичкерип кеткен.
Генри Хайнцанын фабрикасында бадыраң тазалап иштеген айымдарга атайын ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Тагыраак айтканда 1 жумада бир жолу кызматкерлерге бекер маникюр жасатып берген.
Бүгүнкү күндө аялдар эле эмес, эркектер да тырмагын өстүрүп, боёшот. Мисалы, Антонио Бандерос, Дэвид Бэкхем, Квентин Тарантино жана башкалар.
Алексей Некрасов карта ойногонду жакшы көрчү, анын колдонгон эрежелеринин бири: карта ойноордон мурда атаандашынын тырмагын карачу, эгер анын чыпалагынын же жок дегенде эле бир манжасынын тырмагы узун болсо оюнду дароо токтоткон. Себеби, тырмак картаны алмаштырып, алдаганга жакшы шарт түзөт.




Пайдалуу кеңештер Лимон тырмакка кам көрүүгө жардам берет
Лимондун ширеси колдун кургап, жарылышын алдын алат. Кандай жумуш кылбаңыз, лимонду тең жарымынан кесип алып колуңузду сүртсөңүз жакшы жыйынтык берет. Картошка аарчып кол карарганда да лимондун ширеси карарган такты бат кетирет. Андан сырткары тырмактын түбүндөгү никотинди кетирүүгө лимондун маңызы жардам берет. Ал үчүн бир күндө үч-төрт маал лимонду ширеси менен сүртүп туруңуз. Эгерде тырмагыңыз сынып жатса анда сизге С витамини менен кальций жетишпейт. Кальцийди көбөйтүп, тырмактын сынышын токтотуш үчүн лимондун маңызы менен тырмакты сүртүп, томаттын, сабиздин ширесин ичип туруңуз. Эң негизгиси лимондун маңызы тырмактын көрүнүшүн жакшыртат, Эстен чыгарбоочу эң негизги эреже-лимондун маңызын ашыкча колдонсоңуз тырмак жарылып кетиши мүмкүн.

Эгерде тырмак кемирмей адатка айланса…
Медиктердин айтымында, тырмак кемирүү жаш өзгөчөлүгүнө көз каранды. Тырмакты тынымсыз кемире берүү адат- онихофагия деп аталат. Өзгөчө бул адат кичинекей балдарга мүнөздүү. Тырмак кемиргенде организмге инфекциялар кирип, ар кандай ичеги оорулар пайда болот. Кызыгы, Пушкин менен Гитлердин бала кезинде тырмагын кемирмей адаты бар болчу экен.