Атайын репортаж

Байыш Момунов:
"Врачтар деле жаңылат экен"
Кирип келген жаңы жолборс жылынын 7-январь күнү ырчы, Байыш Момунов балканактай уулдуу болуп, 10-январь күнү Байыш мырза эртең мененки саат он бирлер чамасында келинчеги Динара менен уулу Султанды төрөт үйүнөн өзүнүн үйүнө чыгарып келди. Ырчынын кубанычын тең бөлүшүп, сүйүнүчү менен ортоктош болгон биздин кабарчылар, төрөт үйүнөн атайын репортаж жасашты.

- Байыш мырза, бешик бооңуз бек болсун! Кубанычыңыз коюнга батпай, толкундап турган учуруңуз экен?
- Оу, толкунданганды сураба. Улуу кызым Аксаамай жети жашка чыкканда, 7-январь күнү уулдуу болуп олтурам. Мына азыр келинчегим Динара менен уулум Султанчикти төрөт үйүнөн чыгарганга кайненем, кудагыйларым менен келдим. Үйдө болсо бизди өзүмдүн апам, иним Жаныш келинчеги менен, кызым Аксаамай күтүп жатышат.
- Уулуңузга Султан деген ысымды ким ыйгарды?
- Ысым коюш үчүн бир топко ойлондук. Апам Эрхан десе, туугандарыбыз Жолборс, Арстан, Иса деген сыяктуу аттарды айтышты. Жыйынтыгында келинчегим Султан деген ысымды койду.
- Уул төрөлөөрүн алдын-ала билгенсиздер да ээ?
- УЗИге түшкөндө эркек дегени менен жүз пайыз ишенген эмеспиз. Мага уул дагы, кыз дагы бирдей эле деп жаткам. Кудай буюруп, уулдуу болдук. Негизи врачтар деле жаңылат экен. Динараны январдын он бештеринде төрөйт дешкен, бирок, 7-январда көз жарды.
- Төрөт үйүнүн абалы, врачтардын кабыл алуусу жакшы болдубу?
- №3 төрөт үйүнө келдик. Абдан таза, шарты менен экен. Жеке менчик төрөт үйү болгондуктан, башкаларга караганда кымбатыраак болду. Бирок, тамак-ашы, врачтарга берген сүйүнчүсү ошол акчанын ичинде болду окшойт, акушерлерге "Сүйүнчүсү" деп чоң суммадагы акча деле берген жокмун.
- Дагы бир жолу бешик бооңуз бек болсун! Үй-бүлөңүзгө бакыт, ынтымак каалайбыз.




Кош той
Ушул күнү дагы бир кыргыз эстрадасынын жылдызы Замир Арыкбаев шаарыбыздагы белгилүү кафелердин биринде кош той өткөрүп, эки жүз кишинин башын бириктирди. Жаңы жылда "Аламүдүн 1" кичи районунан жап-жаңы үйлүү болушуп, аны менен бирге кичүү кызы Акмаралды бешикке салышты. Ырчынын тоюна ырчылар келет эмеспи. Тойдун көркүн Замирдин сахналаш достору, ага-эжелери ачышты. Замир менен Лираны куттуктап келген ата-энелер менен меймандардын баары эки жашка "Эки кызыңардан кийин эмки жылы уулдуу болгула"деген баталарын беришти.