п»ї

Алтынбек Сапаралиев:
"Аялың үйдө отурса, сен тайраңдап ойноп жүрсөң…"
Кыргыз эстрадасынын негиз салуучуларынын бири, ушул күнгө чейин эл оозунан түшпөй жүргөн ырчы, Кыргыз СССРнин Эмгек сиңирген артисти Алтынбек Сапаралиев менен маек куруп, сүйүүсүнө, жашоосуна, чыгармачылыгына, жаштык кезине саякат жасадык.

- Алтынбек агай, сиз популярдуу болуп турганда талантыңызды баалаган күйөрмандар менен бүгүнкү күндөгү күйөрмандардын айырмасы барбы?
- Мени "Кантың бар" деген ыр популярдуу кылды. Азыркы тил менен айтканда ошол кезде хит болчу. Бирок ал ырды деле 1974-жылга чейин эл жакшы кабыл албай жүрүп, кийин гана элдин баары жаттап ала турган болуп калган. Мен да кыргыз эстрадасынын уюштургандардын биринчи катарында болуп калганыма сыймыктанам. Ал убакта маршрут, такси деген жок автобуска түшчүбүз. Аялдамага келип турганда четте турган балдар-кыздар шыбырашып сүйлөшүп "Тиги жакта Алтынбек Сапаралиев турат, карасаң" дегенин угуп калганда уялып четке басып кетчүмүн. Кийинчерээк көнө баштадым, бара-бара арасынан жүрөктүүлөрү чыга келип көрүп турса деле: "Сиз Алтынбек Сапаралиевсиз да ээ, бул жерге кол коюп берип коюңузчу" деп кол тамга алгандар ошондо башталган.
- Жубайыңыз күйөрмандардан кызганчу беле?
- Концерт убагында келген каттарды ошол жерден эле окуп салчубуз, үйгө телефон чалса жубайым алып жооп берип койчу да мен келгенде "сага бир аял чалды" деп тим болчу. Кокус өзүм алып калсам уяткарып, тыйып, сылык жооп берип койчумун. Ошондо деле "жолугалы, таанышалы" деген күйөрмандар болгон. Аялың үйдө балдар менен отурса, мен болсо көрүнгөн менен ар кайсы жерде тайраңдап ойноп жүрсөм…акылга сыйбаган иш го. Орусча айтканда андай нерселерге "повод" берчү эмесмин. Түз жүргөнгө тырышып, артыман жаман сөз жүгүртүп, кадырымды түшүрбөгөнгө аракет кылчумун. Албетте, достор менен ичип үйгө кызуу келген күндөр көп эле болду.
- Ошондой учурларда үйдөгү "аба ырайы" кандай болчу ?
- "Байбиче" деген ырымды ырдаарда сахнага чыгып"Ушул ырды сахнада отурган байбичелерге арнайм, оозубуздан чыккан арактын жытына чыдап, жаныбызда унчукпай жаткан байбичелерге ыраазымын" деп туруп баштайм. Чындап эле, ал убактагы күнүмдүк жарма достор менен жакшы эле майрамдадым. Ошол кезде менин артым менен конок болуп, сый көрүп жүргөн айланадагылар: "Алтыке сен мыктысың, сен сонунсуң" деп коюшса март кишиге айла жок, муздаткычтагы болгон тамак-ашты досторумдун алдына жайнатып салчумун. Мурдагы батирибиз Жаш Гвардия бульвары тарапта болчу, мончого түшкөн досторум эле бир бөтөлкө арагын көтөрүп келип алышса, муздаткычтагы тамактарды закуска кылып алдына жайнатып турчумун. Азыр ойлосом кызык эле киши экенмин. Кийин : "Менин балдарым жебеген тамактарды ушул досторума беремби?" деп ойлондум. Байбичем да мас болуп келгенде кыйкырып, бейжайланбай, алдап-соолап жетелеп келип жаткырып койчу, эртеси башыңды мыкчып отурсаң "ушу арагыңды токтотсоң боло" дегенден башка катуу сөз айтчу эмес.
- Анан алардан кантип кутулдуңуз?
- Кийинчерээк адатынча эле мончодон кийин үйгө келишет, арактан өздөрүнө куюп берип, мен "ден соолугум болбой турат, ичпейм" деп арактан баш тартам. Ошентип отуруп өздөрүнөн-өзү эле жок болушту. "Өмүр бою сени менен доспуз" деген достордун көбү чыгармачылыгым солгундай түшкөндөн кийин дайын оту менен жоголушту. Азыр эки гана чыныгы досум калды.
- "Жылдыз оорусу" менен оорудуңузбу?
- Ал нерсе адамдын өзүнөн эле болот. Кээ бири жылдыз боло электе эле керсейип басып, ырдап чыккандан кийин такыр эле көктү карап калышат эмеспи. Ошол убакта деле чабан, уйчу, башкарма деп бөлбөй баары менен бирдей учурашып, бирдей мамиле жасачумун. Ал кезде "жылдыз" деген түшүнүк жок болчу, жөн гана ырчы деген түшүнүктө болушчу. Август айларында малчыларга концерт коюп келгиле десе жөнөп кетчүбүз, азыркы ырчылар дароо эле акчасын сурашат. Биз болсо бир гана айлыкка иштедик, тойго барып ырдаганга да катуу тыюу салынган. Дагы байбичеме ырахмат алган айлыгымды үнөмдөп жеткизип жүрдү. Иши кылып алган акчамды колуна карматам, аз экенин билип эле турам айла жок…
- Кыйынчылыктарды көп тартсаңыз керек?
- Менин айлыгым аз, андан башка киреше тапчу булак жок. Жогоруда айтып өтпөдүмбү, тойго барып ырдасаң жумушуңан айдалып же катуу эскертүү алчусуң. Бир жолу айылдаштарым "повышение квалификации" деп айылдан келишти. Үч ай окуп кетип бара жатканда, "Алтыке, ресторанга стол даярдатып койдук, жүрбөйсүңбү" дешкенинен жаман оюм жок эле бардым. Алты-жети бала болуп эки жүз граммдан ичтик, бир убакта балдар "ырдап бербейсиңби" деп калышты. Макул деп беш-алты ыр ырдадым. Айланада отургандар "это от нашего стола, это от нашего стола" деп шампандарын алып келе башташты. Досторум тамашалап "Алтыке муну билгенде биринчи сени ырдатып туруп, ичимдиктерди чогултуп алмак экенбиз" деп күлүп калышты. Эртеси жумушка барсам жетекчим урушуп "Советтик артист, профессионал кантип "кабакта" ырдасын" деп туруп катуу эскертүү берип, "премияман" ажыратып коюшту. Айтор, кошумча каражат табууга ал кезде мүмкүнчүлүк жок болчу.
- Байбичеңиз менен кантип тааныштыңыз?
- Азыр И.Арабаевдин атынан болуп калбадыбы, мурда "Женпед" болчу. "Мен эркекмин" дегендин баары эле ал жердин жатаканасын айланчыктап жүрүшчү. Мен да кур калмак белем, анан менин бир жердеш кызым менен жакшы дос болчубуз. Бир жолу мен катышкан концертке келиптир, "жакын курбум, аты Жамила болот таанышып алгыла" деди. Карасам суйкайган сулуу кыз маңдайымда турат.
- Анан ошол сулуу кыз сиздин багыңызды ачаарына дароо көзүңүз жеттиби?
- Баары ширеңке чаккандай эле болуп өттү. Бир жылга жакын сүйлөшүп жүрдүк, Жамила институтту бүтөөрү менен баш кошуп айылга алып кеттим. Ата-энемдин биринчи келини болгондуктан, жылуу кабыл алышып, жакшы мамиле жасашты. 1971-жылы баш коштук, 39 жылдан бери ынтымактуу жашап келе жатабыз. Эки кыз бир уулду тарбияладык. Байбичеме ыраазымын, кайсы убакта гастролго кетпейин унчукпай чемоданымды жыйнап, жылуу-жумшак узатып, балдарга татыктуу тарбия берип келе жатат. Өзүнүн карьерасын, билимин убактысын мен үчүн курмандыкка чалды. Эгерде ошол кезде Жамила мага тирешип туруп алса анда мен ушул деңгээлге жетпейт болчумун. Ал кезде бир топ ырчылардын аялдары "Же мени же Филармонияны танда" деген шартты коюшту. Жубайым мага деле ошондой талап койсо эмне кылмакмын? Элүү жылдыгымда да, алтымыш жылдыгымда да байбичем демилге көтөрүп, "Сен эл тааныган кишисиң, чыгармачылыгыңды жаңыртып 60 жылдыгыңды белгилейли" деди. Макул болуп, Кыргыз драматеатрында 2007-жылы 60 жылдыгымды өткөрдүм.
- Демек, үй-бүлөдө ынтымактын ыдырабашына аялдын гана салымы чоң экен да?
- Аялдын да, эркектин да салымы чоң. Балдарыңдын көзүнчө бири-бириңе кыйкырбай, бири-бириңди сөкпөй, какпай жакшы мамиле жасасаң балдар да кийин ошондой болот. Балдардын көзүнчө кыйкырсаң, кызың "аа, аял деген ушинтип башкарыш керек турбайбы" деп, балаң болсо "апам башкарып жаткандан кийин мен да аялыма баш ийишим керек турбайбы" деген ойго жетеленет. Балдардын кийинки турмушу ата-эненин жашоосуна түздөн-түз көз каранды. Бала деле "Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат" да.
- Сиздин түшүнүгүңүздө сүйүү деген эмне?
- "Сүйөм" деген сөздүн ичинде сенин ошол адамга болгон мамилең, сезимиң, ниетиң бүт баары камтылган. Сезимдериңди сөз менен эле эмес, кучактап, аяр мамиле жасап деле билдирсең болот. Мен Жамилага сүйүп, арзып жүрүп баш кошком.
- Жашыңыз алтымыштан ашса да жаш көрүнөсүз, мунун сыры эмнеде?
- Жаштыгымдын сыры байбичемдин жакшы багуусунда болсо керек. Чын эле көңүлүмдү оорутуп, ойлонтуп мени түйшүккө салган жок. Санааң тынч, көңүлүң ток болсо жакшы эмеспи. Турмушуң жетишпей жатса "ой, менин мунум жок, тигиним жок" деп кулак мээңди жей берген болбойт. Кудай "сен кичине нерсеге ыраазы бол, чоң нерсени мен берем " дейт экен. Ошондуктан "Барына азыр, жогуна кайыл" болуп жашаш керек.
Анара Дүйшөналиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кичинекей Бегимай кикбокс менен машыгат
2-бет
Бегимай Карабаева:
"Кайненем жасаган ишимди көрүп сүйүнөт"

3-бет
"Ударный" ушактар
4-бет
мына сага!
5-бет
Керегем сага айтам…
6-бет
"Байдын кызын - бай алат"
7-бет
Алтынбек Сапаралиев:
"Аялың үйдө отурса, сен тайраңдап ойноп жүрсөң…"

8-бет
Чынжырча
9-бет
Байыш Момунов:
"Врачтар деле жаңылат экен"

10-бет
Кимге кандай дарт мүнөздүү?
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок комиссиядан өттүм

13-бет
Кызматтагы күйдүм чок
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аваз Акимов:
"Атам мага продюсер таппай жаткан окшойт..."











??.??