шоу дүйнө

Керегем сага айтам…
Буга чейин атактуулардын туугандарын, балдарын, үй-жайын чыгарып келип, кезек келиндерге жетти окшойт. Мындан ары белгилүү адамдар келиндери жөнүндө же келини кайната-кайненеси жөнүндө кеп куруп беришмекчи. Алгачкы конокторубуздун кызыктуу маектери назарыңызда.


Асылбек Өзүбеков:
"Келиним экөөбүз тең ич көйнөкчөн турабыз…"
- Келиним Фарида Чүйлүк болот. "Фарида" деп какшап жүрүп Фарида аттуу келиндүү болдум. БГУнун Чыгыш таануу факультетин бүтөөрү менен уулум Сапарга турмушка чыкты. Көлдө Айжан деген карындашым бар, экөөнү ошол тааныштырыптыр. Бир туруп ушундай жаркылдаган келинди таап бергени үчүн Айжанга чексиз ыраазы болом. Оокатка тың, турмушка тыкан, акылы бар, кабагы ачык келин. "Пап, мам" деп үстүбүзгө үйрүлүп түшүп турат. Кээде жубайым үйдө жок кезинде тойлорго шашып калсам, айттырбай чуркап келип, кийимимди ырастап, көйнөгүмдү үтүктөп, чуть ли ич кийимдеримен бери үтүктөп ийе жаздайт. Акылай, Бегимай деген эки неберелүү кылды. Кыз бала негизи жароокер болот эмеспи, эки неберем да мойнуман кучактап "атакелеп" турушат. Уул-келинимди бөлгөнүбүзгө үч жылдын жүзү болду. Өздөрүнүн оокатын өздөрү кылган жакшы эмеспи. Кээде уулум менен келиним чыртылдаша түшкөндө жубайым экөөбүз тең келинибизге тартабыз. Өзгөчө жубайым келинине болушуп уулу менен жакалашып кете жаздайын дейт. Эми бир окуя айтып берейин: Фарида келин болуп келгенине үч-төрт эле ай болгон. Жайдын күнү түнкү саат үч-төрттөрдө ит аябай катуу ажылдап, ууру киргенсип үрүп жатат. Чочуп ойгонуп кетип, ыргып туруп ич кийимчен чуркап чыга калсам, ары жактан келиним да кып-кыска ич көйнөкчөн чуркап чыга калды. Ал байкушум да уктай албай күйөөсүн күтүп жатса керек. Көрсө уулум Сапар ачкычын унутуп калып дарбазадан секирип кирип келе жатыптыр. Карай калсам келиним жайкы, "прозрачный" ич көйнөкчөн турат, мен аны карап, ал мени карап, уялганыбыздан экөөбүз тең эки жакка чуркап кирип кеттик. Азыр ошол окуяны эстеп күлүп калабыз. Фарида негизи тамашакөй жан, кайненеси менен биригип мага тийишип калышат.

Шахрезада Аскарова:
"Келиниме үйрөтө турган нерселер кө-өп…"
- Келиним Динаранын биздин бүлөгө аралашканына төрт жылдын жүзү болду, өзү 1987-жылы Ысык-Атада төрөлгөн. Бир уул, бир кызым бар эмеспи. Жалгыз көрөөр көз келиним. Башында келин-уулум Астанада иштеп жүрдү, азыр келишип, мени менен чогуу жашап жатышат. Түрк элинин "Листопад" деген сериалын көрөбүз да, ошондо кайнене-келиндин мамилеси сонун чагылдырылган. Биз да тамашалап бири-бирибизди "Листопаддай" болбойлу деп күлүп калабыз. Өзү жаш, жоош. Үйдө кыла турган укмуш деле көп жумуш жок, бирок үйрөтө турган нерселер көп. Тамашалап күлүп: "эми колума келдиң, сага кайнене болоюн" деп калам. Айткым келген маселелерди тамашага салып, кинолорго салыштырып, же болбосо "баягынын келини минтиптир, сен анте көрбө" деп калам. Динара да "ой, не-ет мам" деп көп айтат. Мага караганда өзүмдүн апам тартипке катуураак, "каякка баратасың, эмнеге баратасың?" деп тескеп турат. Мен апамдын ары-бери жагынан чыгып: "Апа, кой эми булар төрт жыл алыста жүрүштү, сырын билгиче көп катуу кармай бербе" деп тыйып турам. Менин келиним өзүмө окшоп жоош, биздин үйдө демократия, "кто рано встал, тот пошёл" дегендей эле кеп…Кудайга шүгүр Эмир, Радмир деген эки неберелүү кылып отурат, БГУда окучу, турмушка чыккандан кийин окуусун таштап койгон, балдары чоңойсо кайра улантат го.

Нурак Абдрахманов:
"Жаңы келгенде "миниатюрная" көрүнгөн"
- Келин алганыма беш жыл болду, Ааламгүл Тогуз-Торонун кызы болот. Биздин үйдүн босогосун кандай аттады, ошондон бери менин колумда турат. Кесиби боюнча мугалим, Ишенаалы Арабаев атындагы университетте сабак берет. Жүргөн-турганы нукура кыргыз кызындай да. Нарын тарапта таза кыргыздар болот эмеспи, нарындыктар нарындыктарга жаккан үчүн келинимдин кылган кызматына ыраазы болуп отурам. Байбичем менен да мамилеси жакшы болсо деле, баары бир мен келиниме болушуп турам. Ааламгүл жаңы келгенде көзүмө аябай "миниатюрная" көрүндү, "арык, секелек кыз эми кантип оокат кылат" деп сарсанаа болгом. Кудайга шүгүр оокатка тың, элпек болуп чыкты.





  Шоу-жаңылыктар

Мүзүр эмгегинин үзүрүн көрүүдө
Мүзүр Мамбетов 2010-жылда "Мени жолдо, башка жерлерде да дайым жашыл түс коштоп жүрсүн" деген жакшы ырым менен жашыл түстөгү Мерседес (C класс) үлгүсүндөгү темир тулпарды тогуз миң долларга сатып алды. Мурдакы унаасын сатпай короосуна токтотуп койгон. Ал эски тулпары биринчи жакшылыгы болгондуктан кандай күнгө туш болсо да аны сатпай турганын билдирди.


Ильяздын күйөрманы уулдуу болду
Ильяз Абдразаковдун талантын сыйлаган түгөйлөр 31-декабрда уулдуу болушуп, атын ырчынын урматына Ильяз деп коюшту. Ильяз буга чейин жубайлар менен жылуу мамиледе болуп, телефон аркылуу байланышып турчу. Жаңы жыл күнү уулдуу болгон күйөрманы Ильязга келип кубанычын тең бөлүшкөн. Жолборс жылы кирип келээри менен ырчыны ушундай жагымдуу окуя коштоду.


Кубаныч Сатаев уулдуу болду
Сүйүнчү! Сүйүнчү! Чубак уулу Кубаныч 11-январь күнү кечки саат алтылар чамасында уулдуу болду. Бул күндү көптөн бери күтүп жүргөн эки жаштын ата-эне, жакын тууган, санаалаш достору сүйүнүчтүү кабарды угаары менен дароо төрөт үйүнө чуркашты. Учурда "Ата" болгон Кубанычтын кубанычы койнуна батпай жентек бусуп жүргөн убагы. Кубаныч, Кундуз бешик бооңор бек болсун! Уулуңар кыргыздын керегине жараган мыкты эр азаматтардан болуп чоңойсун!
"Обон" гезитинин жалпы жамааты.


"Кыргызстан обондору" он бир жашта
Эл сүйгөн радио "Кыргызстан обондору" 24-январда он бир жашка чыгат. Былтыр он жылдык тоюн белгилешип, элдин эси-көөнүнөн кеткис кылып чоң шоу-программадагы концерт беришкен. Быйыл концерттин ордуна угармандарга майрамдык эфир тартуулашат. Кызыктуу оюндар белектер менен коштолот. Обондордон дагы бир жакшы жаңылык: Жакында "Кыргызстан обондорун" бүткүл Кыргызстандыктар тыңдай алат.

А. Дүйшөналиева