п»ї
  шырмаек

Аваз Акимов:
"Атам мага продюсер таппай жаткан окшойт..."
Өнөр адамдарынын тизмесине көз жүгүртүп олтуруп, жаны тынбай иштеп жүргөн ырчыларга ыраазы болосуң. Ал эми бир эки ыры менен эл оозуна алынып, бирок кылган аракеттеринен жыйынтык чыгара албай жүргөн ырчыларга эмне болду экен дейсиң. Убагында "Айганыш" аттуу ыры менен популярдуу болгон Сыймык Бейшекеевдин уулу Аваз Акимов булуттан чыккан айга окшоп, анда-санда гана көрүнүп калат. "Аваздын ал-ахыбалын сурап коёлу" деп ырчыны маекке тарттык.
- Аваз, өзүң ырдагандай мурда Айганыштын үйүн айланып жүрчү элең, көрүнбөй кеттиң, азыр кимдин үйүн айланып жүрөсүң?
- (Күлүп) Туура айтасыз, чынында мени күйөрмандарым "Айганыш" аттуу ырым менен тааныйт. Азыр эми чоңоюп калбадымбы, Айганыштын үйүн эмес, Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын айланып, "Кыргыз улуттук аспаптар" бөлүмүнүн 4-курсу болдум. Күндүзгү бөлүмдө окугандыктан сабактарымды калтырбай, окуу менен алек болуп жүргөн кезим.
- Чыгармачылыктан алыстап калыптырсыңда?
- Аябай деле алыстап калган жокмун. Болгону окуумду калтырбаганга аракет кылуудамын. Жакында эле "Ардагым" деген жаңы ыр жаздырып бүттүм. Радиолорго бергенден кийин дароо клип тарттырам. Анан финансы жагы туура келип калса, кичинекей кезимден бери аккордеон менен ырдап жүргөн ырларымды чогултуп, азыркы жаңы ырларым менен алгачкы альбомумду чыгарайын деген пландарым бар.
- Бул пландарыңдын ишке ашышы Сыймык байкенин жардамына барып такалса керек?
- Атамдын аркасы менен эл алдына чыгып, атамдын жардамы менен чыгармачылыгымды улантып келатпаймынбы. Негизгиси акча маселесин каржылып берет. Ал эми тигил жакка, бул жакка деп мени ээрчитип жүрө албайт. Менден башка да өзүнүн иштери абдан көп.
- Жаш ырчыларга продюсердин болгону жакшы эмеспи. Бул тууралуу атаңа сөз кылып көрдүң беле?
- Продюсер жөнүндө үйдө олтуруп сөз кылганбыз. Ошондо атам өзүнүн убактысына карап, "Сага өзүм продюсер таап берем"деп айткан. (Күлүп) Бирок, таппай жүрөбү билбейм, азыр унчукпай калды.
- Сыймык байке ырдын сөзүнө абдан маани берээрин билебиз. Сенин ырларыңды да сындайбы?
- Албетте, сындайт. Кандай ыр жазсам дагы биринчи атама угузам. Эгер ыр атама жакса "Ий, жакшы болуптур, ырдап чыга бер"деп уруксаат берет. А ыр жакпай калса, унчукпай ордунан туруп кетет же "Болбойт"деп айтат. Атамдын сыноосунан өткөн ырларды гана эл алдына ырдап чыгам. Өткөндө атам мага "Ушул ырларды ырдасаң болот"деп 3-4 ыр берген. Бирок менин стилиме ылайыктуу болбой, ырдай албай койдум. Балким, дагы аракет кылып, даярданып көрөм.
- Ырларың жөнүндө сыр ачтың, эми үйдөгү сырлардан кеп кылсаң. Бөбөктөрүңдү кантип карап жатасың?
- Кичинекей балдарды кароо жагынан жакшы элемин дебейинби. Эртең менен таңкы саат жетиде 1-класста окуган карындашым Каныкейди анан Азаматты машина менен мектепке жеткирем. Экөө бир мектепте окушат. Үйгө келгенде апама кадимки кыздардай эле жардам берип үй иштерин да жасайм. Кичинекейибиз Кадыр мени өзгөчө жакшы көрөт. Анткени, көбүнчө үйдө экөөбүз жалгыз калабыз. Бир нерсе болсо эле мени "Ака" деп чакырып калат. Атам үйдө болгон кезде чыр салып, эркелеп эч кимди укпайт.
- Башка жылдарга караганда 2010-Жаңы жылды кандай тостуңар?
- Жыл сайын биздин үйгө туугандардын баары келип, Жаңы жылды чогуу тосчубуз. Быйыл андай болгон жок. Үйдө өзүбүз эле олтурдук. Ар жыл сайын атам менен апам "Аяз атадан каалаган белегиңерди сурап кат жазгыла"дешет. Анан биз жазган каттардын жообуна өздөрү белек алып беришет. Буга үйдөн Каныкей аябай ишенип,белекти чын эле Аяз ата берип жаткандай кабыл алат. Азамат болсо "Аяз атага" дебей эле, "Атама" деп өзүнө керек болуп жаткан буюмун жазып коёт. (Күлүп) А мага ыр жаздырганга акча болсо болду.
- Маегиңе чоң рахмат. Мындан ары чыгармачылыгың өркүндөй берсин.
Акыл Карачач





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кичинекей Бегимай кикбокс менен машыгат
2-бет
Бегимай Карабаева:
"Кайненем жасаган ишимди көрүп сүйүнөт"

3-бет
"Ударный" ушактар
4-бет
мына сага!
5-бет
Керегем сага айтам…
6-бет
"Байдын кызын - бай алат"
7-бет
Алтынбек Сапаралиев:
"Аялың үйдө отурса, сен тайраңдап ойноп жүрсөң…"

8-бет
Чынжырча
9-бет
Байыш Момунов:
"Врачтар деле жаңылат экен"

10-бет
Кимге кандай дарт мүнөздүү?
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок комиссиядан өттүм

13-бет
Кызматтагы күйдүм чок
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аваз Акимов:
"Атам мага продюсер таппай жаткан окшойт..."











??.??