п»ї
Обон почта
ОП-99-01. Иним Жандоско: "Оо дүйнө неге мынча аябадың?! / Карачы кандай күнгө таштадың?! / Айла канча, баш ийебиз тагдырга, / Жоктодум инимди мен сагына! / Эжекелеп, сыйлап мени дайыма, / Жүрчү элек го ойноп-күлүп айылда, / Кайда кетти ошол күндөр Жандосум?! / Кантип эми кайрып алам Жандосум?! /" Эжең Тазагүл.
ОП-99-02. Менин эрке, ширин, сүйүктүү сиңдилерим Тахмина, Зуля, Айзирешка, Алтынай, Айке, Жаңыл, Замана, Дамира, Ангел, Асем, Фея, Айнура, Зийне, Айнагүл, Назгүл, Элнара, Айнаш, Айчүрөк бар болгула! Узун өмүр сүргүлө! Эжеңер Амангүл.
ОП-99-03. Балким мен издеп сени жүрбөс белем? / Унутпай жүр деп өзүң айтпаганда, / Сүйүүнүн түшүп бекем тузагына, / Байланып бир өзүңө калбаганда, / Кыдыршалык Равшан мен сизди издеп жүрөм. Манзура.
ОП-99-04. Билинбей өттү күндөр, өттү айлар, / Берилген экөөбүзгө өмүр сыноолор, / Биринчи сүйүүм элең жүрөгүмдө сакталган, / Бизби эми бөлөк-бөлөк адамдар? / Зуля.
ОП-99-05. Жүрөгүмө сен суроосуз кирип алдың, / Алтыным жүрөгүңө түйүп алгын! / Жашоодо сен деп гана жашап келем, / Таштап кетсең сенден жаным өч да аламын! (тамаша) Зуля.
ОП-99-06. Эх, жашчылык, жашчылык! / Мынча өтөт шашылып, / Токтотуп койсо болбойбу, / Шарап берип мас кылып. / Мая 95.
ОП-99-07. Гүл түбүндө турбас элем, / Гүлдүн жыты болбосо, / Мен СМС жазбас элем, / "Обон" гезити болбосо. / Мая 95.
ОП-99-08. Ильяз Абдразаков сизге ийгилик! Албетте бактылуу болуңуз! Мая 95.
ОП-99-09. Амангуля Жаңы жылың менен! Сага кааларым ден соолук, ишиңе ийгилик! Ар дайым жүзүңдөн жылмаюу кетпесин! Эч жамандык көрбө! Үй-бүлөң менен бактылуу бол! Сени сагынган досуляң Жанусь Роза.
ОП-99-10. Мирбек Атабековго салам! 0772234ххх.
ОП-99-11. Салам достор! Жаңы жылыңар менен! Жолборс жылы ден соолугуңар чың, окууларыңарга ийгилик, ата-энеңердин алдында аман болгула! Силерди жакшы көргөн досуңар Жанусь Роза.
ОП-99-12. Салам Обонушка! Мен Лейлектик жигиттер менен таанышам! Жашым 17де. 0772687996.
ОП-99-13. Мирбек Атабеков суперсиң! 0778222ххх.
ОП-99-14. Сыймык Бейшекеевге салам! 0771364ххх.
ОП-99-15. Салам кыргыз элим! Атым Нуржигит. Алла жолунан алыстабагыла! 0778801ххх.
ОП-99-16. Султан Садыралиев сага не болду? Жаңы ырларың качан чыгат? 0770684ххх.
ОП-99-17. Ат-Башы районундагы 1-май айылында жашап жаткан папам Рахатка, мамам Гүлмирага, эжем Айдайга, карындашым, Айгайга, иним Улукка ысык салам! Аман болгула! Балаңар Тунук.
ОП-99-18. Султан сен суперсиң! Кыргыз элине жаңы ырларыңды тартуула! 0770684ххх.
ОП-99-19. Баткендик мырзалар менен таанышам. Саби.
ОП-99-20. Султан Садыралиевге салам! 0778216ххх.
ОП-99-21. Мен сени сүйөм Толгонай! Эсю.
ОП-99-22. Ат-Башы районундагы 1-май айылынын тургундарына салам! Үшүбөгүлө! Тунук.
ОП-99-23. Обондун СМСчилери бар болгула! Ишиңерге ийгилик! Тунукбек.
ОП-99-24. Кандайсың кагылайын каралдым? Карааның кыялымдан кетпей көкүрөгүм кайышып, күндөй күмүш күлгөнүңө кагылам! Капкара кашыңдан, карагат көзүң карап кадалам. Тунук.
ОП-99-25. Айганыш сабактарыңды жакшы оку. 0770684ххх.
ОП-99-26. Султан супер кызыңа таарынба! Кыргыздын кызы көп. Чыгармачылыгың өркүндөсүн! 0770684ххх.
ОП-99-27. Мирбек Иманбеков сага ак жол! 0552516ххх.
ОП-99-28. Салам Обон гезитинин жалпы жамааты! Ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! Ар дайым калемиңер курчуй берсин! Жолборс жылында окурмандарыңар эки эсеге көбөйсүн! Силерди жакшы көргөн окурманыңар Жанусь Роза.
ОП-99-29. Назира Жетигенова сага ак жол! 0552516ххх.
ОП-99-30. Жададым жалгыздыктан, / Жадатып жанга баткан! / Жашоодо кыйын тура. / К…. 0770684ххх.
ОП-99-31. Менин саламым Бекжан базарында иштеп жаткан Кыргызстандыктарга жолдонот. Наргиза 90.
ОП-99-32. Салам Чоң Алай! Кашка-Суу участкасынын энергетиктерине Шаке, Алтыке, О ..0778151ххх.
ОП-99-33. Ильяз Абдразаков супер! Ийгилик сага! 0777155ххх.
ОП-99-34. Жаным жанымдын жарымысың. Жакшынакай жамалым жүрөгүмдүн жыргалы. 0770684ххх.
ОП-99-35. Ош шаарындагы 2007-жылы №36 мектепти бүтүргөн 90-жылкы кыздар-балдарга салам жолдойм! Наргиза.
ОП-99-36. Менин саламым Ильяз Абдразаковго. Арманымсың күнү-түнү эңсеген! / Бакытымсың бул жашоодо бир келген. / Ак сүйүүмдү кор кылбачы садага, / Зар боломун жолуга албай мен сага! / Диля 93.
ОП-99-37. Урматтуу кыргыз калкым Жаңы жылыңыздар менен! Жолборс жылы жалаң гана жакшылыктарды алып келсин! Бар болуңуздар! Жанусь Роза.
ОП-99-38. "Айдай кыз, Сары майдай кыз" ж.б. Тегинде көп сөз менен сени эркелетээр элем. Бирок, бир жылдан көп сүйлөштүк. "Сүйөм" деп бир да жолу айтпагансың. 0551250ххх.
ОП-99-39. Э. Дима акылдуу жан экенин билип койгула. Бирөөгө акыл үйрөткөндү коюп, өзүңөрдүн жумушуңарды кылгыла! Арман.
ОП-99-40. Жаңы жылыңыздар менен замандаштар, курдаштар, достор! Мына ошентип жалборс жылы да кирип келди. Ушул жыл элибиз, жерибиз үчүн тынччылык, токчулук алып келген жылдан болсун! Мени баары эле колдойт деп ойлойм! Айгөлөк.
ОП-99-41. Менин саламым Мирбек Атабековго! Күйөрманы Диля.
ОП-99-42. Тогуз-Торо районунун Кара-Суу орто мектебинин 10-б классынын балдарына салам. Ж.
ОП-99-43. Неля эжеге салам! 0778670ххх.
ОП-99-44. Алыстагы досторум Канышай, Белек, Бакы, Конжык, Мурас, Сүйүн, Нурбек, Нуриза, Сыргак, Умар, Талант, Таалай.Ж, Перизат баарыңарды жакшы көрөм! Амангүл.
ОП-99-45. Урматтуу окурмандар жана менин сүйүктүү СМСчилерим Кушу Сынчы, Катя, Солнышко, Мая 95, Айчүрөк 93, Замана 93, Нурмухаммед, Бакай, Билал козу, Э.Дима Жаңы жылыңар менен! Жаңы жыл силерге жаңы бакыт алып келсин! Силерди урматтап Амангүл.
ОП-99-46. Сүйүктүү досторум Абда, Айгөлөк, Жанусь Роза, Нурзат 90, Макуся, Мээришка, Гуля 88 силерди кирип келген 2010-жыл менен куттуктайм! Ишиңерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! Алматыдан досуңар Амангүл.
ОП-99-47. Таарынбадыңбы деп сурадың, / Мен эмнеге таарынайын? / Сени дайым жактыргангабы, сага назар салгангабы? / Сен деп гана калгангабы? / Же алтыным кээде мени алдаганыңабы? / Таарынбачы деп сурандың. / Мен эмнеге таарынайын? 0778296ххх.
ОП-99-48. Тынчыңды алсам, бүлүк салсам таарынба? / Жүрөк байкуш тилейт экен болсо деп дайым жанымда, / Бардык үмүт өзүң менен уланат. / Билинбеген сага деген жылуулук бар жанымда. / Зуля.
ОП-99-49. Кайгырсаң, күлсөң баары бир өмүр бир келет. / Адамга өзү көңүлдөн башка не керек? / Сагынып жүрүп, өзүңдү таппай калганда, / Тагдырым менин не болот эле ким билет? / Зуля.
ОП-99-50. Күүгүм кирет, таң атат, / Түйшүктүү жашоом уланат. / Жарыгым сени сагындым! / Айласыз жашым куюлат. / Эңсеймин сени көрүүнү, / Бал сөздөрдү угууну, / Асылсыз сезип мунумду, / Көрсөтчү жаным өзүңдү! / Сагынычтан саргайдым, / Жаш туруп мен картайдым! / Сүйсөң сүйүү сонун го, / Бар экен бирок күйүү да! / Зуля.
ОП-99-51. Түшүнбөймүн бир башкача абалдамын, / Оюм жетпейт сүйүнүчтөмүнбү же армандабы? / Акыл эмес, жүрөк калчайт баарысын! / Капа кылсам кечир, көңүлүңө албагын! / Зуля.
ОП-99-52. Апа, Рустем аке, жеңе, Сезим салам! Торпогуңар.
ОП-99-53. Салам кыргыз элим! 0770684ххх.
ОП-99-54. Кыздар таанышуу бурчуна чыкпай эле койгулачы! 0778848ххх.
ОП-99-55. Мирбек Иманбековго салам! Күйөрманы.
ОП-99-56. Мээрим жеңе аман-эсен көз жарып алыңыз! Айпери.
ОП-99-57. Менин саламым Нарын шаарына караштуу Казан-Куйган айылына жолдонот! Апам, Айгүл эжем, Сулайман, инилерим, Эсен, Аскат, Сабырга окууларына ийгилик каалайм! Кызыңар Айпери.
ОП-99-58. Менин саламым Ишекеева Фатимага жана Боколоев Азаматка жолдонот! 0770275ххх.
ОП-99-59. Бишкектеги акылдуу, ыймандуу татынакай кыздар 0773177911 номерине чалгыла таанышабыз.
ОП-99-60. Мен баарыңарга салам жолдойм! Жаңы жылыңар менен! Айжамал 92.
ОП-99-61. Адыл мен сени сүйөм! Н.
ОП-99-62. Мен сизди сүйгөнүмө көп күн болгон. / Издегем, ойлогом, ким экенин таппай койгом. / Бактымды таптым деп жүргөн кезде, / Айрыды кудай бизди окшош жолдон! / Менин да сүйгөн чыгаар жамалымдан, / "Кетпечи?" деп жолум тосуп жалдыраган. / Кайрылчы жок сүйүүгө алданбастан! / Түшүнсөңүз, жамгыр болуп сүйүүм жааган! / Ханбийке.
ОП-99-63. Оо, айланайын эл журт, БЕКЖАНДАГЫ Журкундук Кубатты кимдер гана тааныбайт? Адамдардан ыйман кеткенби? Болотбек.
ОП-99-64. Жүргөн кезде эч нерсе жок оюмда, / Бая көңүл, болчу оюм оюнда, / Капилеттен бүлүк салып жашоомо, / Таштадың сен сүйүү азап жолуна! / Алгач сезим кандай сонун керемет. / Сүйгөн жанга бир кубаныч дем берет. / Мен да сени көргөн ирээт жактырдым, / Эх, сен тагдыр сүйүү балын таттырдың! / Эх, махабат ушунчалык таттуу белең? / Бирок, кээде уудан дагы ачуу элең, / Уудан ачуу күндөрдө сабыр кылып, / Күтөмүн балдай таттуу күн да келет! / Зуля.
ОП-99-65. Унутсам дейм жалгызым сени эми, / А бирок, көрбөсөм кантем мен эми? / Жашоомду жарыкка бөлөгөн нур сен элең, / Азырчы? Калгансыйм караңгы түндөрдө. / Зуля.
ОП-99-66. Дале күтөм, күтөт жүрөк айласыз, / Сенсиз бул жашоонун балы мен үчүн туз. / Аны билгендей теребел жымжырт, суз. / Көздөн ысык жаш куюлат тынымсыз. / Кализа 91.
ОП-99-67. Роза гүлүн үзүш кыйын, / Бир жигитти сүйүш кыйын, / Ал жигитти сүйүп алып, / Таштап коюш абдан кыйын! / Сүйүү ок, сүйүү чок, / Сүйбөй койсо не болмок? / Сүйлөшүп жүрүп таштап кеткиче, / Таанышпай калса не болмок? / ЭМГУ-Пери.
ОП-99-68. Бекжандагы досторум Мээрим, Нузи, Дамира, Айпери, Кызбурак, силерге жалындуу ысык салам! Мээрим 92.
ОП-99-69. Өзгөн шаарындагы Ийри-Суу айылындагы эжем Назгүлгө салам! 0772254ххх.
ОП-99-70. Мирбек Иманбеков сага салам! Ийгилик! 0555884ххх.
ОП-99-71. КРнун Присавай айылындагы 87-жылкы Алтынбекке салам! Кантейин, сүйүү акылга баш ийбейт! 0556619ххх.
ОП-99-72. КРнун Присавай айылындагы Айгүлдүн окууларына ийгилик! 0556619ххх.
ОП-99-73. Зуля, сен билесиңби? Мен Сенин ырларыңды окуп жүрөгүмдө бир сезим пайда болгон. Бактылуу бол. Ринат91.
ОП-99-74. Таластык Гулзина же Гуля деген эжемди издейм. 0773880838 номери ушундай эле которуптур. Сизди издеген Сабина, менин номерим 0559 868786.
ОП-99-75. Өзгөндүн Кызылдыйкан айлынын 90-91- жылкы класташтарым Айпери, Мээрим, Айсулуу, Гульфия, Зарина, Наргиза, Динара, Бегимай, Нуршат, Айсалкын, Назгүлдөргө сагынычтуу саламымды жолдойм! Алтындарым барсыңарбы? Окуп калсаңар кабарлашкылачы, күтөм, майда баарыбыз айылга баралычы, менин номерим +7702 260 39 20. Кызгалдактар, смс жазгыла. Чымкенттен Эльнура.
ОП-99-76. Өзгөндүн Кызылдыйкан айлынын тургуну мамам Төлөнбаева Мастураны келе жаткан 19-январь туулган күнү менен куттуктайм! Мама, сизге узун өмүр, ден соолук, бейпил жашоо каалайм! Кудайым сизди жалаң гана жакшылыктарга дуушар кылып, бактылуу көз ирмемдеринен четтетпесин! Сиздерди аябай сагындым, буюрса жакында барып калам. Чымкенттен кызыңыз Эльнура.
ОП-99-77. 0555424269 Кайран номер күйүп кеттиңби? Тегинде шыпылдата терип, кожойкең менен баарлашпасам башым ооручу эле. Эмми башка диапазондо ээн-эркин эс алууда. Азыр 0556ххх212 номери болуп калдың. Эми сен чыныгы карындашым болуп калдың Айдай. Арзыган жигит.
ОП-99-78. Москвада иштеп жаткан Асылга салам жолдойм! Жумушуңузга ийгилик каалайм! Алматыдан Амангүл.
ОП-99-79. Урматтуу жана кымбаттуу Обондун СМСчилери Айзирек эмне жоголуп кеттиң? Обондон эмнеге алыстап кеттиң? Кайрылып кел сенден суранабыз. Дордой базары.
ОП-99-80. Кузя мен сага салам жолдойм! Бирок сени тааныбайм. Буюрса таанышабыз. Айнаш мен 89-жылкымын. Атыңды номериңди жаз. Рахмат! 0556619ххх.
ОП-99-81. Жаңы жылды чогуу тосууга кыздар менен таанышам. 0555326103.
ОП-99-82. Менин саламым Баш-Кайыңдыда жашаган Жумалиева Сейилканга жолдонот. Чың ден соолук, узак өмүр каалайм! Кызыңыз Ширин, уулуңуз Сатыгул, Аксайбек.
ОП-99-83. Ильязга: Жаралып сен ааламга, / Буйрупсуң кыргыз калкыма, / Алакандай кыргызды, / Тааныттың бүт ааламга. / Сабира 92.
ОП-99-84. 1995-жылы Ош шаарында таанышкан Көк-Жаңгактык Нурланга салам! Мундуз.
ОП-99-85. Кош бол Айдай кыз! Сени карындашым деп жүрүп уурдатып жибердим. Эми сендей ыймандуу, намаз окуган кыздар табылаар бекен?.. 0551250ххх.
ОП-99-86. Адыл мен сени сүйөм! Сүйгөнүң.
ОП-99-87. Обон гезити супер! Султанга салам! 0770684ххх.
ОП-99-88. Асманда жылдыздар жымыңдашып, / Мынча сен капалуусуң деп сурашып, / Мен башыман өткөнүн айтып берсем, / Жардам бере тургансып чурулдашып. / Ойгонуп кетсем түшүм экен, / Ойгонбой калсам кантээр элем? / Өңүмдө мен сүйгөнүмө жетпесем, / А балким, түшүмдө жетээр белем? / Бир жигит.
ОП-99-89. Кандай түшсө бул СМС колуңуздарга, / Таза сүйүү кылт дей түшсө оюңуздарга, / Ак тилектен күбө болуп кеткиле, / Чакырамын силерди мен болжогон жерге! / Жолугууга кыздар келесиңерби? 0770684ххх.
ОП-99-90. Айтурган сени сагындым! Сенчи? Сагындым сени не дейин? / Сүйүүдөн сени издеймин! / Сагыныч батпай койнума, / Саргайдым деги кантейин?/ Жеңиш kg.
ОП-99-91. Тата Уланга чыгармачылык ийгилик каалайм! 0770684ххх.
ОП-99-92. 92-жылкылар суперсиңер! Силердин ар дайым жолуңар ачык болсун! 0778304ххх.
ОП-99-93. Кыргыз элим жашооңор керемет болуп, кыялдарыңар орундалсын! 0770684ххх.
ОП-99-94. Мен Кара-Кулжа районундагы Б. Эшмамбетов мектебинде окуп жаткан сүйүктүү классташтарым 92-жылкыларга чоң салам жолдоймун! 2010-жыл классташтарыма көптөгөн ийгиликтерди алып келсин! Балдар-кыздарыбыз бактылуу-таалайлуу болушсун! Өз сүйгөн адамдарына жетишсин! Ата-энелери эч каршылык көрсөтүшпөсүнчү суранам! Мени эстей жүргүлө! Кайда жүрбөйлү аман бололу! Гүлнара 92.
ОП-99-95. Иманбеков сенин чыгармачылыгың өркүндөсүн! 0770684ххх.
ОП-99-96. Иманбеков өчүп калбай от албайсыңбы? 0770684ххх.
ОП-99-97. Кыргыз элим качан өнүгөбүз? 0770684ххх.
ОП-99-98. Ильяз Абдразаков кыргыз элиме жаңы ырларды тартуулабайсыңбы? 0770684ххх.
ОП-99-99. Султан Садыралиев ырдап чыкпайсыңбы? Не болду сага Султик? 0770684ххх.
ОП-99-100. Султан Садыралиев чыгармачылыгың дүйнө жүзүнө тарасын! Ар дайым Кыргызстандын желегин желбирет! 0770684ххх.
ОП-99-101. Мен 2010-жылда көптөгөн ийгиликтерге жетким келет. Анан дагы мен жакшы көргөн бала бар, аты Таалай, менин классташым. Бирок, ага сүйөм деп айта албай кыйналам! Ал сезеби, жокпу билбедим. Быйыл ал 11-де окуйт. Мен болсо 9дун базасында тапшырып кетип калгам. Алыста жүрүп кээде аны ушунчалык сагынам! 0778304ххх.
ОП-99-102. Нарын шаарынын тургуну Нурлан байкеме, жеңеме, Султанга жана Маликага сагынычтуу салам! Мен силерди сүйөм менин жандай көргөн туугандарым! Карындашыңыз.
ОП-99-103. Кыргыз жылдыздары ар дайым бар болгула! Силерге чыгармачылык ийгилик! 0770684ххх.
ОП-99-104. Бөжөн сарайында жашап жаткан атама, апама, Бурулсунга, Нурчикке жана кошуналарына салам! Бишкектен кызыңар.
ОП-99-105. Урмат, Неля кармашкан колуңар үзүлбөй балаңар Нурелдин урмат-сыйын көргүлө! Аман болгула! 0770684ххх.
ОП-99-106. Бишкектеги Айгүл эжеме, жездеме, Саулешкага жана баласы Санжарга ысык салам! Силерди абдан жакшы көрөм! Сиңдиңиз.
ОП-99-107. Ильяз Абдразаков сен супер ырчы мырзасың! Аман бол! 0770684ххх.
ОП-99-108. Мен Ильяз Абдразаковго салам жолдойм! 0771526ххх.
ОП-99-109. Б… мен сени аябай жакшы көрөм! Сүйдүм сени эч нерсеге карабай, / Сүйөм сени бешиктеги баладай! / Эгер билсең сүйүүм үчүн кан кечип, / Бул өмүрдө кечип кетем аянбай! / Сабира 92.
ОП-99-110. Табалып душмандардай канжар малып, / Биз жүрдүк эч нерсеге карабастан! / Кыйнашып күнөөбүздөн кумар алып, / Мынакей мунун баары артта калды. / Айыкпас жүрөктөгү дартта калды. / Тилегим бизден кийин жашагандар, / Болбосун экөөбүздөй опурталдуу, / Елизавета 92.
ОП-99-111. Сүйгөнүм мага таарынба! Өз убагы келээр деп жүрүп бейтааныш алып кетти. Бактылуу бол дегенден башка сөз айта албайм! Сендей ыймандуу кыздар табылаар бекен?! Арзыган жигит.
ОП-99-112. Миң-Булак айылында жашап жаткан менин алтындай көргөн туугандарым Айтбек байкеме, Кундуз жеңеме, Кумаркүлгө, эгиз инилерим Чыңгыз, Илгизге жана кичинекей Жылдызбекке сагынычтуу салам! Карындашыңыз.
ОП-99-113. Менин сүйүктүү сиңдим Айнуранын келе жаткан 19-январь туулган күнү менен куттуктайм! Алтыным, аман-эсен көз жарып ал! Биз сени сүйөбүз! Бизди уят кылбаган жакшы келин бол! Ойлогон ой-максатың ишке ашып, бактылуу бол! Туугандарың.
ОП-99-114. Урматтуу менин апам Керез, сиз ушундай сулуу айжаркын кыз Айнураны жарык дүйнөгө алып келгениңиз үчүн чоң рахмат! Айнуранын туулган күнү менен куттуктап жатсак, сизди Айнураны төрөгөн күнүңүз менен куттуктайбыз! Апа аман болуңуз! Ар дайым биздин маңдайыбызда, келиниңиздин ысык чайын ичип, кыздарыңыздын кызматын, уулдарыңыздын урматын көрүп жүрө бериңиз! Уул-кыздарыңыз жана сүйгөн жарыңыз.
ОП-99-115. Алыстагы жан досум Перизатка салам! Алтышка окууңду ийгиликтүү аякта! Досуң.
ОП-99-116. Сүйүү жөнүндө поэзия СМСи качан башталат? Кузя.
ОП-99-117. Мени да араңарга кошуп алгылачы? Кузя.
ОП-99-118. Келгиле бир болобуз кыргыз элим! Бөлүнгөндү бөрү жейт! Кузя.
ОП-99-119. Темир Назаровго салам! Аман болуңуз байке! Кузя.
ОП-99-120. Чоң атам Бекболотко, Чоң энем Ажарга жана менин сүйүктүү энем Анипага чоң сагынычтуу салам! Руслан, Улан, Эсенбек байкелериме салам! Аман болуңуздар! Сиздерди жакшы көргөн кызыңар.
ОП-99-121. Өзгөн районунун бардык жашоочуларына ысык салам! Мен силерди сагындым! Уулуңар.
ОП-99-122. Мен сени канча жылдан бери сүйүп, күтүп жүрөм Нурлан. Сен байкуш аны билбейсиң дагы, сезбейсиң! Эмне мынча жүрөгүң таштан? Сени сүйгөн бир байкуш.
ОП-99-123. Эмнеге мен балдарды өзүмө тарта албаймын курдаштар? Ушу жашка келгиче бир да бала менен сүйлөшүп көргөн эмесмин. Ася.
ОП-99-124. Амангүл эже кайда кетип калдыңыз көрүнбөй? Сизди СМСчилер сагынып калышты. Болду жоголбойсузбу? Ася.
ОП-99-125. Амангүл эже сизге ийгилик! Кайда иштесеңиз да ийгилик коштоп жүрсүн! Ася.
ОП-99-126. Мен эми муруңкудай боло албаймын! Менин сүйгөнүм башка менен баш кошуп алды. 0554726ххх.
ОП-99-127. Балдар эмнеге мынча алдамчы болосуңар? 0554726ххх.
ОП-99-128. Нурланчик мен сени сүйөм! Сен деп гана жашап келем бул өмүрдө. Сени гана сүйүп келем! Толгонай.
ОП-99-129. Мен дагы силердей болуп бир баланы жактырып калдым. Кантип билдирсем экен? 0557283ххх.
ОП-99-130. Кагылайын студенттер сессияңарды тапшырып алдыңарбы? Мен силер менен! Студент.
ОП-99-131. Бардык кыргыз бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик! Жакшы бүтүп алгыла! Студент.
ОП-99-132. Мен бир сабагымды бүтүрө албай калдым. Жардамдашып шпаргалка жазышкылачы СМСчилер! Студент.
ОП-99-133. Сүйүктүү аяш апам Гүлсайрага, аяш атам Жетимишке салам! Аяш кызыңар.
ОП-99-134. Мээримге салам! Кара корооз.
ОП-99-135. Кыздар келгиле таанышабыз. Атым Мирлан.
ОП-99-136. Мага үйлөнгөнгө жакшы кыз керек болуп жатат. Мирлан.
ОП-99-137. Неля сен жөн эле туруп Урматка тийип кеттиң ээ? Азамат! 0554721ххх.
ОП-99-138. Кыргыздын ырчылары намысты кармап, өзүбүздүн акындардын ырынан эле ырдагылачы казактарга күлкү болбой! Студент.
ОП-99-139. Менин да силердей болгон кыздарым бар. Балдарга таанышабыз деп жазбагылачы суранам! Энеңер.
ОП-99-140. Султанчик эмнеге сахнага чыкпай калдың? Биз сени сагындык! Күйөрмандарың.
ОП-99-141. Таластык жигиттер барсыңарбы? Зари.
ОП-99-142. Менин атым Зари СМСчилер мени кошосуңарбы?
ОП-99-143. Бардык СМСчилерге чоң салам! Азаматсыңар! Зари.
ОП-99-144. Мени сүйгөн бала болсо турмушка чыга берет элем. 0771492ххх.
ОП-99-145. Келгилечи достошолу СМСчилер! Зари.
ОП-99-146. Мени түшүнгөн адам барбы? Баары эле мага каршы чыгып жатышат. 0771325ххх.
ОП-99-147. Ош шаарынын тургуну Тургунаалынын туулган күнү менен куттуктайм! Зайка.
ОП-99-148. Тургунаалы мен сизди чексиз сүйөөрүмдү билесизби? Зайка.
ОП-99-149. Кесиптештериме салам! Айка.
ОП-99-150. Тигүү цехинде иштеп жаткан Зарина Максат менен бактылуу бол! Толгонай.
ОП-99-151. Ишкерлер жолборс жылы ишиңер алга гана жылсын! Толгонай.
ОП-99-152. Кыргыз элим мен силерди сүйөм! 0778168ххх.
ОП-99-153. Кыргыз ырчылары клиптериңер супер болуп жатат. Азаматтар! Толгонай.
ОП-99-154. Ушунча акчаңарды коротуп СМС жазганыңарга баа берем туугандар! Толгонай.
ОП-99-155. Аксы районунан 1984-жылкы вулканизацияда иштеген Медер мен сени издеп жүрөм. Кабарыңды билдирип СМС жазчы Обонго сураныч. Нарындык кыз.
ОП-99-156. Медер үйлөнгөнсүңбү? 0772423ххх.
ОП-99-157. Мурун 0772170806 номерлүү жигит кайда жүрөсүң? 0772423ххх.
ОП-99-158. Менин группалаштарыма салам! КТС.
ОП-99-159. Мен Аксыда жашап жаткан туугандарыма салам жолдойм. Силерди жакшы көрөм. Назик.
ОП-99-160. Айчүрөк 92 кантип сени менен таанышып алсам болот? Болот.
ОП-99-161. Айчүрөк 92 СМСтериң жагат. Болот.
ОП-99-162. Зуля дагы СМСтен көп жазчы. Суусап турам сүйүүгө. Бейтааныш жигит.
ОП-99-163. Сен жаралуу жүрөктү кыйнадың! Качан мага сүйүү сөзүн арнайсың? Жанка.
ОП-99-164. Алтынай каякта жүрөсүң? Дайыныңды билдирбей кетип каласыңбы кишини жалдыратып? Алтыш.
ОП-99-165. Алтынай мен сага таарынган жок элем го. Эмнеге мага таарынып жатасың? Алтыш.
ОП-99-166. Менин кыздардан көңүлүм калды. Эки бала менен бир учурда кантип сүйлөшүүгө болот? Мырза.
ОП-99-167. Нарын шаарынын тургундары жаңы жылыңар менен! Нарынбек.
ОП-99-168. Балдар-кыздар силер менен достошкум келет. Нари.
ОП-99-169. Кыргыз кыздары, кыргыздын жигиттерине эле тийгилечи! Патриот.
ОП-99-170. Кыргыз элин сүйгөн, кыргыз деп күйгөн жигиттер барсыңарбы? Патриот.
ОП-99-171. Эми эмне кылабыз дагы бир кызыбыз башка улуттагы балага тийип кетти? Патриот.
ОП-99-172. Жүрөгүмдүн дарысы болгон Нурлан! Болду, урушпай оокат кылалычы суранам. Мени алдап койсоң болот. 0777367ххх.
ОП-99-173. Менин сүйгөнүм, алтыным, жаркыным Нурлан бактылуу бол! Сүйгөнүң.
ОП-99-174. Балдар-кыздар менен таанышкым келет. Атым Мээрим. 0705058892.
ОП-99-175. Жанымдын февраль айындагы туулган күнү менен кутткутайм! Кызыбыз Мээрим бактылуу балалыкта чоңойсун! Жазгүл.
ОП-99-176. Салам кыргыздар! Азыркы ырчылар бир ырдап койсо эле мыкты ырчы дейбиз. 0556857ххх.
ОП-99-177. Соода Экономикалык колледжинин ЭБУ-1-08 группасына чоң салам! Маха.
ОП-99-178. Салам! майрамыңар менен! ОП-97-113 номери кабарыңды билдирчи. 07721724хх.
ОП-99-179. Ат-Башы районуна ысык салам! 0770684ххх.
ОП-99-180. Жөнөкөй, боорукер, татынакай балдар менен таанышам. 0770665911.
ОП-99-181. Менин саламым Бекжан базарына жолдонот. Бар болгула Мээрим 29.
ОП-99-182. Касымали кызы Мадина сени такыр эле унута албай койдум. Сагындым жаным сени сагындым, / Махабаттын отуна малындым. / Арбалып сүйүү отуна жаным, / Азаптуу күнгө кабылдым. / Мага чалчы сураныч? Алтын.
ОП-99-183. Ат-Башы районундагы 1-май айылына ысык салам! Ар дайым бар болгула, аман болгула! Тунук.
ОП-99-184. Саламым Алтайдагы ата-апама, биртуугандарыма жолдонот. Чымкенттен кызы Нузбира. Бекжан базары.
ОП-99-185. Досторум Мээрим, Дамира, Нузбира, Гүлбурак, Махабат, Кызбурак, Айпери силерге жалындуу ысык салам! Мээрим 29.
ОП-99-186. Алматыда иштеген досторум Альбия, Фарух, Руслан, Медер, Айзат, Сезима ж.б. салам жолдойм. Соодаңар болсун! Мээрим.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кичинекей Бегимай кикбокс менен машыгат
2-бет
Бегимай Карабаева:
"Кайненем жасаган ишимди көрүп сүйүнөт"

3-бет
"Ударный" ушактар
4-бет
мына сага!
5-бет
Керегем сага айтам…
6-бет
"Байдын кызын - бай алат"
7-бет
Алтынбек Сапаралиев:
"Аялың үйдө отурса, сен тайраңдап ойноп жүрсөң…"

8-бет
Чынжырча
9-бет
Байыш Момунов:
"Врачтар деле жаңылат экен"

10-бет
Кимге кандай дарт мүнөздүү?
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок комиссиядан өттүм

13-бет
Кызматтагы күйдүм чок
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аваз Акимов:
"Атам мага продюсер таппай жаткан окшойт..."











??.??