Кызматтагы күйдүм чок

Муз үстүндөгү махабат
Муз үстүндө бийлөө - спорттун кышкы түрүнө кирет. Башка спорттун түрлөрүнөн айырмаланып, музда бийлөө музыканын коштоосу аркылуу болот. Бирок, бүгүн биз "Муз үстүндө бийлөө" спорту жөнүндө эмес, муз үстүндө муздактыкты сезбей, тескерисинче ысык сүйүүгө кабылган Орусиянын айрым белгилүү фигуристтеринин муздагы махабаты тууралуу сөз кылмакчыбыз.


Урушуп-талашып табышышкан жарлар
Людмила Белоусова менен Олег Протопопов Ленинграддагы музда бийлөө мектебинин туңгуч түгөйлөрү жана алгачкы СССРдин чемпиондору. Алар муз үстүндө көп убактысын коротуп, бир урушуп, бир элдешип муздун суугуна тоңуп, жыгылып, буттары бир көгөрсө, бир сынып жүрүп жакындашкан жарлар. Людмила менен Олег жарым кылымдан ашуун чогуу жашап, күн өткөрүшүүдө. Документинде Людмила сүйгөн жарынын фамилиясында. Алар бир эле муздагы бийди жогорку деңгээлде көргөзбөстөн, өздөрүнүн ичиндеги болуп жаткан ысык махабатты да элге жеткире алышкан. Алардын сүйүүсүнө көрүп отурган күйөрмандар да чоң түрткү беришкен. Муз аянтчасына чыккан эки жашка күйөрмандардын кол чабуусу да алардын бири-бирине болгон урмат-сыйды, сүйүүнү ого бетер арттырган.


Өлүм менен аяктаган сүйүү
Екатерина Гордеева менен Сергей Гриньков муз спортунун тарыхындагы алгачкы эң сулуу түгөйлөр. Экөө чоңдордун арасындагы дүйнөлүк мелдешке катышып жаткан кезде Катя мектепте окуган кыз эле. Катянын жана анын өнөктөшү Сергейдин башка өнөк табууга убакыттары таптакыр болгон эмес. Анан да экөөнүн айланасындагы адамдар Катя менен Сергейдин мыкты түгөйлөр экенин кайра-кайра айтышып, дүйнөлүк мелдешке жиберишкен. Ошентип, экөөнүн ортосундагы сүйүү оту тутанып, алар1990-жылы музду ташташып, 1991-жылы 21-апрелде Москвада баш кошушкан. 1992-жылы АКШнын Нью-Джерси штатында Дарья аттуу кыздуу болушат. 1994-жылы Катя менен Сергей кайрадан музга кайтып келишип, дүйнөнүн эки жолку чемпиону болушкан. Бирок, эки жаш көпкө бактылуу жашашкан жок. 1995-жылы 20-ноябрда Сергей инфаркт болуп жалган дүйнө менен кош айтышкан. Жолдошунан айрылганынан бир жыл өткөн соң Екатерина музга жалгыз чыгып, күйөрмандарын ыйлаткан. Бирок, жашоо улана берет эмеспи, Катя кайрадан өзү менен кошо музда чогуу бийлеген Илья Кулика аттуу адамга турмушка чыгып, 2001-жылы Елизавета аттуу кыздуу болду.


Көпкө кол кармаша албаган түгөйлөр
Антон Сихарулидзеге Елена Бережная абдан жакчу. Бирок ал кезде Елена Олег Шляхов менен Латвияны атынан чыгып жүрсө, Антон Мария Петрова менен Россияны көрсөтүп чыгып жүрүшчү. Елена Олег менен түгөй болбой жөн эле бир залдан машыгып жүрүп жакындашкан. Еленанын бир жолку муздан алган жаракаты экөөнү ого бетер ынтымакка алып келип койгон. Ал катуу жаракаттан кийин Елена сүйлөгөндөн, баскандан калып, араң дегенде өзүнө келген. Ошол учурда Антон анын жанында болуп, моралдык жардам берип турган. Ошентип, экөө музга да бирге чыгууну чечишет. Тынымсыз күжүрмөндөнүп жүрүшүп, олимпиадалык оюндун чемпиону да аталышат. Бирок, экөө оор учурда бирге болуп баш кошушкан менен эмнегедир сүйүүлөрүн сактай алышкан эмес. Азыркы учурда Лена Бережная англиялык фигурист Стивен Казенске турмушка чыгып, ага Тристан аттуу уул төрөп берген. Ал эми Антон салмактуу саясатчы болуп калды. Учурда Орусиянын парламентинин Дене тарбия жана Спорт боюнча Комитетин башкарып жаткан чагы.


Белгилүү фигуристтердин көлөкөсүндө жүргөн Ирина жана Илья
Ирина Лобачева - Илья Авербух. Аталган түгөйлөрдү көп убакыттар бою күйөрмандар баамдаган эмес. Анткени, алар Мая Усова жана Александр Жулин, Оксана Грищук жана Евгений Платов Анжелика Крылова жана Олег Овсянников сыяктуу Россиянын эң көрүнүктүү фигуристтеринин көлөкөсүндө жүргөн мезгили эле. Качан гана 2002-жылкы Солт-Лейк-Ситиде болгон олимпиадалык оюндагы чыр-чатактан кийин эки жаштын күйөрмандары пайда боло баштаган. Жылдыздуу болгон түгөйлөр 16 жыл чогуу түтүн булатып Мартин аттуу уулдуу да болушкан. Бирок, жашоонун кызыктуу жомогу да аягына чыгыш керек дегендей, 2007-жылы Ирина жана Илья "ажырашабыз"-деп жарыялашкан. Муз үстүндөгү түгөйлөрдүн ажырашуусу алардын жакын адамдарын гана ойго батырбастан, күйөрмандарын да абдан капаланткан.


Үч адамдан турган түгөй
Наташа Бестемьянованын өзүнүн өң десе - өңү, бой десе - бою, атак десе - атагы бар муздагы өнөктөшү, супсулуу болгон Андрей Бубкинди карабастан, эч кандай наамга ээ болбогон, дүйнөнүн чемпионунун наамына, жада калса олимпиадалык оюнда да байгеге ээ боло албаган Игорь Бобринди тандап алуусу анын күйөрмандарын көптөгөн жылдар бою ойго салып жүрдү. Бир канча жылдан кийин бул сүйүү үч бурчтугунун мүчөлөрү "Пара в которой трое" ("Үч адамдан турган түгөй") деген китеп жазууга да жетишишкен. Алгач Игорь Бобрин менен Наташа Бестемьянинанын махабаты досторунун арасында гана тескери пикирлерди туудурбастан, Наташанын үй-бүлөсү да Игорду көп жактыра берген эмес. Наташанын машыктыруучусу да алгач өзүнүн шакиртинин Игорь менен мамиле түзүүсүнө таптакыр каршы болгон. Экөөнүн сүйүүсү экөө эки жакта жүргөндө да өчкөн эмес. Игорь спорттогу карьерасынын аягына жеткенче Ленинградда жашаса, Наташа Москвада турчу. Экөө үйлөнгөндөн тарта Наташа сүйгөнүнүн жанынан карыш жылбай келет. Муздун айынан эки жаш чүрпөлүү болбой келгенине карабастан бактылуу өмүр сүрүп келишет.


Үйлөнө албай жаткан сүйүшкөндөр
Мария Петрова менен Алексей Тихонов муз үстүндөгү эң мыкты түгөйлөр. Экөө жөнүндө музда бийлөө кеңешмесинде көптөгөн легендалар жүрүп жаткан кези. Ал эми Мария менен Алексей ар кандай ушактарга карабастан дайыма чогуу жүрүшөт. Алардын күйөрмандары "качан үйлөнүшөт?" деген суроо менен баштарын катырууда. Бирок, эки жаш али баш кошууга шашылыша элек. Баш катырган суроонун жообу эң жөнөкөй экен. Алексей өмүр бою жалгыз жашагангабы, үйлөнүү тууралуу сөз козгоп калган Машага жалгыз жашагысы келгенин жай түшүндүрөт. Экөөнүн үйлөрүнүн аралыгы да 10 гана мүнөт. Беш күн чогуу жүрүшкөн түгөйлөр, дем алыш күндөрү өздөрүнчө эс алганды жактырышат. Алексейдин апасы менен Мария эң жакшы мамиледе. Мария уулу Алексейге караганда тез-тез чалып, болочок кайненесинин ал-ахыбалын сурап турат. Экөө үйлөнгөнгө шашылбаганы менен эки жаш шаардан алысыраак жерден жер тилкесин сатып алып, үй салып жатышкан кези. Алексей романтик болгондуктан жерди атайын көлдүн жээгинен алып коюптур. Экөө кышында ал жерге барып, лыжа да тебишээрин айтышкан.


Алтынга эмес, Татьянага жеткен Жулин
Татьяна Навка менен Александр Жулин 17 жыл мурун таанышышкан. Тагыраак айтканда 1993-жылы эле экөөнүн ортосунда махабаттын учкуну пайда болгон. Ошол учурда белгилүү фигурист Александр Мая Усовага үйлөнүп, аны менен жашап жаткан учуру эле. Экөө ал кезде олимпиадалык "алтынга" тырышып жатышкан. Бирок, Татьянанын пайда болуусу ал пландын ишке ашышына бир топ тоскоолдуктарды туудурган. 1994-жылы Мая менен Александр Орусиянын дагы бир көрүнүктүү фигуристтери Оксана Грищук менен Евгений Платовдон жеңилип калгандан кийин, ызаланган Мая спорттон кетүүнү жана Александр менен да мындан ары музда ойнобоону чечет. Ошол учурдан пайдаланган Александр Навка менен чогуу жашап алат. 2000-жылдын башында Таня Жулинден боюна бүтүп калганын билдиргенден кийин, Жулин аялы Мая менен официалдуу түрдө ажырашып, Татьянага үйлөнөт. Бир нече айдан кийин Татьяна Жулинге Александра деген татынакай кыз төрөп берген. Эки жаш азыр өздөрүн дүйнөдөгү эң бактылуу жубайлар деп эсептеп келишкенине карабастан, алар тууралуу айың сөздүн аягы тыйылбай келет. Учурда Орусиянын айрым ММКда Таня бир эле убакта эки эркек менен жашап жатканын жашырбай айтканын жазышкан. Бири албетте, өзүнүн күйөөсү Алексанр Жулин а экинчиси "Танцы на льду" теле-шоусундагы өнөктөшү, актер Марат Башаров.

Төлөбүбү Касымалиева