п»ї
Аздек Намазбекова
Көз мончок комиссиядан өттүм
- Намазбекова! В комнату свидание! - дегенди укканда демейдегидей жүрөгүм сүйүнүчтөн туйлай, ашыгып алып-учпай, тескерисинче дүпөйүл тартып, ой басып, олтуруп калдым. Колумдагы токуп жаткан шибегем жерге түштү.
- Азде-ек, укпай жатасыңбы, сени "селектордон свиданкага" чакырып жатышпайбы? - деп сырттан кирген эки аял жарыша айтканда гана "Ии-и" деп тура жөнөдүм. Жолду катар "Ким болду экен?" деген суроомо "свиданщицадан":
- Жолдошуң, - деген жоопту угуп, бутум тушалып туруп калдым. Өзүмдү жоготуп койгонсудум. Жер көчкөнсүп, башым тегеренип, жүрөгүмдүн тез-тез какканынан жүзүмдү кан тээп… Оюм болсо будуң-чаң… Көкүрөгүмдө көптөн бери бугуп жаткан ыза-муңум күтүүсүз күч менен келип тамагыма такалгандай, кекиртегимди каканактап бир нерсе муунтту. Аба жетпей аптыгып калдым.
- Мен чыкпайм! - дедим чымырканып, бар күчүмдү жыйнап туруп, - ал адам менен жолугушууга чыкпайм!
"Свиданщица" мени түшүнбөй калгандай алайып, суроолуу тиктеп калды.
- Ооба, өз эркиң. Каалабасаң чыкпайсың. А передачу принять? - деди шашыла мен терс бурула бергенимде.
- Жок, мага андан эч нерсенин кереги жок! Айтып коюңузчу, экинчи эч качан издеп келбесин! - дедим да азыр мени кармап калып, кыйнап чыгарчудай отрядды көздөй шашылыш кадам таштадым. Көзүмдүн жашы он талаа… Булкулдап келип керебетке көмкөрөмөн куладым. "Эмне болуп кетти?" деп күбүрөнүшүп, түшүнүшпөй, аялдык кылып кызыгып көптөр мени тиктеп сөз кылып калышканын угуп, туюп жаттым. Буга чейин алсыз көрүнгүм келбей ачык ыйлачу эмес элем, бул жолу мага баары бир эле.
"Туура эмес эле кылдың! Атайын келген соң көрүшүп, жок дегенде "Кайда жүрдүң? Эмне жоголдуң? Эми сен мага кимсиң, мен сага киммин?!" деген суроолоруңа жооп албайт белең? Сабылып канча күттүң?! Канча жоктодуң?! Эми болсо… Ай, ай, акылсыздык кылдың Аздек" деп өзүмдү-өзүм жемелейм да, кайра туруп "Жок, - дейм, - туура эле кылдың! Түштөн кийин келген немени… Эми анын дайынынын сага эмнеге кереги бар? Баары өттү, кетти. Тарткан азап-тозогуңдун көбү өтүп, азы калганда келген адамга эмнеге чыгат элең?! Эмне деп чыгат элең?! Керек учурда күйүп жаныңда болбосо эмнеси күйөө?! Чыксаң кайра алданып, арбалмаксың. Жок, эми ал сага эч ким эмес! Кайдыгер катардагы эле бир эркек" деп ичимде эки башка ой менен алпурушуп, эзилип канча жаттым белгисиз.
- Аздеш, сени "за передачой" деп чакырып жатышпайбы. Эмне ыйлап жатасың? "Хлебкаң свидаңкага кетип, ыйлап келди" дешкенин угуп, үйүнөн бир нерсе болгон го деп сарсанаа болуп келдим. Айтчы, эмне болду? - Дарыя адатынча чачымдан сылай, жалооруй сүйлөп жаныма олтурганда гана баш көтөрүп:
- Сүйүндүк келиптир мен чыккан жокмун, - дедим ый аралаш шыбырай.
- Ия?! Күйөөңбү? Анан эмнеге чыккан жоксуң, кызык кыз го? Ай, бизге сырттагы адамды кекеткенди ким коюптур. Атайын келсе… Сен кайдан билесиң, Россияда эмне күндү көрүп келгенин?! Телевизордон күндө эле көрүп жатпайбызбы, иштейм деп барышып алданып, кулчулукка сатылып кетип, же паспортун жоготуп, бошоно албай бирөөгө көз каранды болуп иштеп, дайынсыз кетип, үй-бүлөсүн издетип калгандарды? Балким ал да?..Эмнең коромок эле, чыгып сүйлөшүп келбейт белең? Ичиңен сызып, күтүп жүргөнүңдү билбейт дейсиңби?! -Дарыя чебелектеп дагы бир топ сөз сүйлөдү. - Мейли эми бир келген соң кайра деле келээр, эгер керек болсоң! Сенин деле көңүлүң калгандай түрүң жок. Передачасын аласыңбы?
- Албайм! Ал мен үчүн жок адам. Күтсөм күткөндүрмүн, тирүү аман-эсен бар болсо экен деп амандыгын тилеп, убайым тартып. Эми аман болсун! Биздин жолдор эбак эле айрылышкан экен, мен кейбир ошону түшүнбөй, күтүп жашап жүрүп ушул күнгө тушуктум, - ызам менен ушул сөздөрдү айттым. А бирок…кандай болгон күндө да мен аны сагынганымды, көргүм келгенин канчалык жокко чыгарып, Дарыядан жашырганым менен өзүмдү-өзүм алдай албайт экенмин. Жүрөктү алдоо мүмкүн эмес экен. Сайгылашып, ооруп турду. Бирок баары кеч. Жазмыштын бул күнүнө, ызага-күйүтүнө көнүп, чөгүп, күйүт менен, үмүт менен күн кечирип жатканда борошо урган бороондо калган сымал үшүк алган жүрөгүмдү жанчыба эми! Кечиктиң, кечир дебе?! Мен дебейин… Жанашпас, жарашпас кылып сезимдерге чоң жарака кеткен. "Өмүрүм өткүчө сүйүп жүрүп, сен деп жашап өтөм!" деген сөздөрүң жөн гана кооз сөз экенин эртерээк билсем гана! Гана … гана… Атаганат!
ххх
Жогорку Сотко жазган арызым каралып, жети жылымдан эки жыл алынып келген жообун жаңырган жаңы жылда уктум. "Отрядныйым" эсептеп февралдын он төртүндө комиссияга коюлаарымды айтып кубандырды.
- Аздек, комиссияга билесиң да шымданбай, узун юбка кийип, жакшынакай болуп кир. Начальник суроо берсе так жооп бер, - деген "отрядныйым" күйүп-бышып ушул жумада комиссияга коюлчу бешөөбүзгө акыл-насаатын, жол-жоболорду айтып жатты. Ичимден ыраазы болуп турдум.
Комиссиядан өттүм эми алдыда сот.
Сот күнү дене боюмду калтырак басып, коркунуч сезим бийлеп, жүрөгүм тынчтана албай койду. Саат он бирде башталат дешкенинен улам-улам саатты карайм. Сотко чыкчу бешөөбүз бири-бирибизди карап жылмайып коёбуз. "Зона боюнча бүгүн сотко чыкчу он жети аял экенбиз. Эч кимибиз калбай өтүп кеткей элек. Сен эмне купкуу болуп, каның качып? Коркуп жатасыңбы? Башка салганын көрө жатаарбыз, анча тынчсызданбай эле кой" деп бир эже жаныма бир аз отуруп, кайра сыртка жөнөдү.
- Оңолгонубуз оңолуп, же "жоголуп", айтор алган жаза мөөнөтүбүздү деле өтөп бүттүк. Эми "бара койгула" деп дарбазасын чоң ачып чыгарып ийбей, кайра соттун алдынан өтүп анан чыкканыбыз кантип болсун?! "Срогум" бүттү, кетем деп өпкөм көөп дээлигип алсам, соту "дагы жарым жыл" деп отургузуп койсо кантем?! Жо-ок, анын жүзүн ары кылсын! Мен ага чыдабайм! - деп күйүп-бышкан эженин үнү сырттан ичке даана угулуп жатты. Анын айтканына кошулуп-кошулбаган аялдардын кужулдашкан үнүн тыңшап отурсам Дарыя көрүндү. Издегени мен.
- Жүрү чай ичип алсаңчы, эртеден бери оозуңа наар алган жоксуң. Жыгылып калып жүрбө. Эми буюраны болот. Чыгасың, - деп Дарыя жылуу сөзү менен жайкап, жаныма отуруп калды. Мындайда тамактан кантип тамак өтсүн?!
- Ии-ий, Дарыюша, бүгүн соттон өтүп кетсем, келээрим менен акчанын көзүнө карабай ашкабак сатып алып, сага май манту жасап берип, анан кетем. "Удолор" эртең же бүрсүгүнү кетебиз да туурабы? Ай-ий, али соттон өтө элек жатып кеткен жүрөм. (күлүп) Рахмат! Бирок, азыр жүрөгүмө эч нерсе баспай турат, - деп кучактап бетинен өптүм. Көзүнүн чарасына жаш толуп, ал деле араң олтурат. Алаксысын деп экөөбүз ээрчише сыртка чыгып, тизилип отурган аялдардын катарына кошулдук. Баарыбыздын эле тыңшаганыбыз "селектор".
- Алтын кыз, мени кимге таштап кетесиң? Сен жок мен куруйм го?! - деп бактын бутагынан жонуп жасап алган таягы менен бүжүрөп басып келип, жаныбызга олтурган Мария апа колдорумдан кармалап өөп, көзүнө жаш алды.
- Сиз да жакында чыгасыз. Кайгырбаңыз, - дегенге араң жарадым. Багаар-көрөрү жок жетимиштен эбак өткөн курагында кырсыктап, түрмөгө түшүп калган бечара кемпир кантсин анан! Көңүлү ачык күндөрү кыңылдап ырдап, баштан өткөн-кеткендерин сүйлөп берип, күлдүрүп, көңүлүнө көлөкө түшкөндө таягы менен жерди, керебетти ургулап, уңулдап ыйлайт. Тагдырына наалат айтса, адам чыдап уга алгыс. Дайыма аяп, көңүл буруп, тамак-аштан каралашып койчу элем ошого жакынсынтып жаман болуп жатса керек да.
- Менин сөзүмө көңүл бурба. Мен ушинтип дөөрүп калбадымбы. Жаш кыз бул жаман жерге бир мүнөт да кармалбасын дебей, өзүмдү ойлоп кейип жатканымды карабайсыңбы? Мээнетиңди алайын, чык, чыгып кет. Бактың ачылсын! Кой, эми мен сөзүңөргө жолтоо болбоюн, - деп "олтуруңуз" дегениме көнбөй басып кетти.
- Ушул кемпириңерди көрсөм эле кайненеме окшоштуруп, ал кишини ойлой берем. Байкушум мен чыккыча аман-эсен туруп турса экен. Биз го, биз, муну бүжүрөтүп эмнеге он жыл беришти дейм да. Бирок, айткандарын угуп отурсаң жаштык кезин эч ойлонбой ойноп-күлүп жалаң шапар тээп өткөргөн экен. Жалгыз кызы менен да өзүнүн айынан катышпай калышыптыр. Жаштыгында жаңылып-жазганы үчүн өмүрүнүн күүгүм кирген кезинде минтип жазасын алып олтурат. Түф-түф, деги адам адамды сөз кылып, сын тагып, сын айтып, таразалап кереги жок ээ? Бекеринен "от сумы и от тюрьмы не зарекайся" дешпесе керек. Акылыңан атайлап тайбайсың да, өзүңө-өзүң атайлап ор казбайсың да туурабы? Мунун баары тагдыр…




  Ырыскүл Кадырова

(Мистикалык баян)
Шайтандын торундагы
сүйүү
(Башы өткөн сандарда)
… Сабагына он мүнөттөй кечигип кирген кызды мугалими урушкан деле жок. Жакшы окугандыгына жана өзүн үлгүлүү алып жүргөндүгүнө байланыштуу окуучулар арасында да, мугалимдер арасында да өз алдынча кадыр-баркы бар эле. Бирок, мугалимдин өткөн сабагы Назиранын мээсине көп кирбей, оюнун баары эртең мененки чыр-чатакта болуп, ызасы толук таркабаган бойдон отурду.
Түштөн кийин, өткөндөгү булар менен таанышкан жигиттер топ ойногонго дагы келишти, кыздарды чакырышты. Көңүлдүү шаракташкан кыздар ээрчишип алып, мектеп артындагы спорт аянтчасын көздөй баратышты. Айым бир гана Рустам жөнүндө ойлонуп, анын өткөндөгү көз карашын дагы көрүүнү дегдеди. Назира да ушул ойдо эле. Өткөндө болбосо да жок дегенде бүгүн мени байкаар, балким мен деле ага жагып калаармын, эч нерсеге кеч эмес- деп өзүн-өзү жубатты.
- Кандайсыңар кыздар?
- Жакшы, өзүңөрчү?
- Силер менен топ ойнойлу деп келдик.
- Ойносо ойнойбуз да, а силер топтон башка эч нерсе билбейсиңер го сыягы. - Кыздардын бир тобу тамашалашып, каткырып күлүп атышты.
- Эмнеге билбейбиз? Силер үчүн баарын билгенге даярбыз!
- Даяр болсоңор эле болду…
Кыскасы түрдүү жагынан тоорушуп, шаңкылдап тамашалашып жатышып жигиттердин ичинен бир-экөөнү жумшап, кыздар бирден шоколад алдырып жешти. Назира болсо бөбөгү Нурбекти эстеп, колундагы таттуусу тамагынан өтпөй сумкасына салып койду. Бул күнү жарытып деле топ ойношкон жок, андан көрө ар кайсыны айтышып, сүйлөшүмүш этап жигиттер кыздарды, кыздар жигиттерди алдыртан байкоого алып көрүү буларга кызык эле…
Назира күткөндөй Рустам ага көңүл бурган да жок. Жал-жал караганы эле Айым. А анысы муну тиктейт. Экөөнүн көз карашын эч ким байкабаса да, Назира байкабай кое алмак эмес. Ансыз да эртең мененден баштап маанайы чөгүп, көңүлү суз жүргөн кыз эми андан бетер маанайы түшүп, өзүнөн-өзү кыжырланып атты. Качан гана үйдөгү бөбөгүн эстегенде бул жерде туруудан деле пайда жок экенин ойлоп, эч нерсеге карабай үйүнө жөнөдү. "Бүттү"- деди оюнда. "Эне мээриминен кур калып, азап чегип жүргөнүм аздык кылгансып, эми сүйүү мээриминен да куру калдым. Жок дегенде сүйүүдөн бактылуу болсом, башкасынын кереги жок эле, аттиң, мен анын башканы карап, башкага сүйүүсүн арнап кетерин билбей, канча мезгилден бери жакшы үмүт менен жашап жүрбөдүм беле… Бүттү". Илкий басып, жылдызы түшүп, маанайы пас болуп келе жаткан кызды;
- Кызым, бери кайрыла кет! Сага айтчу сөзүм бар!-деген кошуна кемпирдин үнү чочутуп жиберди. Эртең мененки өгөй энеси экөөнүн ортосундагы жаңжалда чогулган кошуналардын арасында ушул кемпир да турган эле. Эми эмне айтмакчы болду экен?... Кары кишинин чакырыгына моюн толгой албай, кыз кемпир жакка кайрылды.
- Жүр, үйгө кир кагылайын, ачка да болсоң керек билишимче…
- Жок эне, мен шашып аттым эле, айта бериңиз. Үйдө бөбөгүм…
- Шашпай эле кой, бүгүн "энең" күндөгүдөй желип-жортуп кетпей, байкасам эртеден бери оокат кылымыш болуп атат көрүнөт. Бир-эки жолу сууга чыкканын да көрдүм. Үйүңөрдө түтүн булап эле атат, билбейм. Бөбөгүңдү жакшы эле карап аткандыр, капырай! Кантсе да өз энеси го?
- Ага ишениш кыйын.
- Аның да туура. Бирок бүгүн сарсанаа болбо, айтпадымбы жүрөт деп. Андан көрө мени менен бир аз чай ичишип. Анан сага айтаар кеп-кеңешим бар, кулагыңа түйүп ал. Мен бекер эле сүйлөй бербейм, балам. Оо, бул курган баш эмнелерди гана көрбөдү…
Кемпир сүйлөп да атты, катып койгон таттуу-чамегин, каймагын, балын алып чыгып, кыздын алдына жайнатып коюп, чайын да белендеп атты. Назира бул кемпирдин балдарын "шаарда" деп угат. Экөө тең кандайдыр бир жакшы кызматтарда иштешет имиш. Чын эле кээде кымбат баалуу машиналарын айдап алышып, бала-чакасы, келинчектери менен келип кетишчү. Анда кемпирдин үйүндө майрам болуп аткандай туюлаар эле, кошуналарына. Келиндери да биринен-бири өтүп сулуу, койкойгон, сүйлөгөндөрү да, кийингендери да айылдын келиндерине деги бир окшошпойт, жоолук да салынышпайт. Кемпир да аларга катуу сөз айтып, нааразы болуп тескемек турсун, өз ичинен кайра ыраазы болуп, сыймыктанаар эле аларды көргөндө. Кошуналары;
- Апа, балдарыңыздын бирин колуңузга алып, келин жумшабайсызбы?- деп калышса, эч камырабай гана;
- Жасалбай аткан кайсы жумушум бар эле. Анча-мынчасы болсо өзүмдөн артпайт. Кудайга шүгүр, азырынча күүлү- күчтүү элемин. Аларды кыйнап, айылга алып келгенде эмне, билимдүү немелердин билимин кор кылып. Күйөөлөрүнөн кем калышпай иштеп, жакшы акча табышат. Эгер мен алдан тайып баратсам өздөрү деле билишет, эмне кылышты - деп сыймыктанып калаар эле. Ошол кемпир бүгүн минтип Назираны коноктоп отуруп, сөз баштады;
- Байкап жүрөм кызым, акыркы мезгилдерде тиги өгөй энең менен батышпай, жашооң оорлоп жүргөнүн. Эртең мененки окуяны көрүп, жаным кейиди. Ал айбанда энелик сезим, аео деген нерсе жок турбайбы. Эми, ага кейибе, бул да болсо жараткандын маңдайыңа жазган, буюрган тагдыры, сага айтаарым- кайраттуу бол кызым. "Кишинин жумшагын киши жейт, жыгачтын жумшагын курт жейт" деген макал бекеринен чыккан эмес. Сен анча-мынча кыйынчылыкка алдырып, чүнчүп, жүдөп кетпей, өзүңдү колго ал да, астыңа койгон максатыңа жетүүгө аракет кыл. Бул күндөр да өтөт. Сен да бактылуу болосуң. Азыркы баштан кечирген турмушуң бир кезде жомоктогудай болуп артта калат. Сага мен айтпасам, ким айтат, же бир жакын күйө турган бир тууган эже-сиңдиң да жок, ата болсо ата, үйдөгү майда- чүйдө ызы-чууну түшүнө деле бербейт.
Кемпирдин өзүнө айткан кеп-кеңешин жаздым кетирбей угуп, берген чайын ушунчалык ыракаттануу менен ичип отурду кыз. Чын эле эртең мененки бойдон ачка жүргөн жаны мындай таттуу тамактарды көргөндө уялууну деле унутуп салды. Баарын баамдап , ичинен кызды аяп отурган эне аны шашпай тамактанып алсын деп, өзүнүн башынан өткөргөн баянын айтууга киришти.
… Атам раматылык мени туура он беш жашымда турмушка узатты. Жаш экендигиме, каршы болуп сыздап-боздогонума карабай туруп ошентти. Болгондо да жашы бир топко барып калган кишиге. Мага чейинки аялы оорулуу экен деп айтышты, оорулуу десе сен төшөк тартып жаткан адам экен деп ойлобо, аныкы "жандуу" оору болчу. Туруп-туруп эле кармап калчу, оорусу башталганда, кудай бетин салбасын, тим эле өз чачын өзү жулмалап, оозунан көбүгү кетип чаңырып, алдынан аял чыгабы, эркек чыгабы баса калып, алы жетпегенине асылып, тытып таштамай адаты бар эле. Жашы отуз беш, отуз алтылардын тегерегинде болсо керек сыягы… Сулуу эле, чырайы келишип, бирок бир да жолу төрөбөптүр, төрөбөйт да имиш. Бай, ошол себептен экинчи аялдыкка мени алыптыр. Алардын үйүнө келип, бүлө болуп жашай баштагандан тартып ар кандай күбүң-шыбың сөздөрдү кулагым чалчу болду. Үйгө келип-кеткен аялдар, келин-кесектердин айтымында күйөөмдүн оорулуу болуп калган биринчи аялынын оорусуна да, төрөбөстүгүнө да бай өзү себепкер имиш. Азимкүлдүн сулуулугу- бечеранын бактысы эмей эле шору болгонбу, ким билет, айтор, тигинден-мындан кызгана берип, бир ирет аябай катуу сабап, сууга таңып жарым күн калтырып койгон имиш. Суудан аялдар чечип алышканда суук катуу тийип, ооруп, ысып-күйүп чебелектеп, төшөктө жатып, тун баласы боюнан түшүп калыптыр. Ошондон баштап ушундай ооруга кабылыптыр.
- Анан ошонун баарына чыдап жүрө бербей кетип калбайт беле? Сотко берсе болмок…
- Ээ кызым, сен ал учурду бүгүнкү күнгө теңебе. Азыр эмне, кыз-келиндерге өз алдынча оокат кылып кетүү оңой. Күйөөлөрү менен ажырашып кетишсе эле шаарды көздөй "чу" коюшат да, бир жумушка кирип алышат. А ал кезде болсо ажырашсаң, бараар жериң атаңдын төрү. А эринен ажырашкан кыз атанын төрүндө мурункудай кадыр-баркка, сыйга жете алчу эмес да, анүстүнө а кезде түбүң түшкөн намыс да азыркыдан бир топ күчтүү эле…
- Анан калганын айтып бериңизчи?- Назира чындап эле кызыгып сурады.
- Ошентип байкуш Азимкүл катуу коркконунан оорулуу болуп калганын угуп, курган жаным, байды көргөндө жалаңкыч көргөндөй болуп эсим чыгып, калчылдап турчу болдум. Анымды күйөөм сезчүбү же жокпу, билбейм, бирок мага Азимкүлгө кылган каарын көрсөткөн жок. Сыягы жаштыгымды аяса керек, бир чети мен Азимкүлдөй сулуу деле эмес элем, бойлуу, ак-саргыл келген кыз болчумун. Күйөөм менен түнкүсүн төшөктөн жакындыгым болбосо, башка эрди-катындардай болуп жакындыгыбыз жок болчу, жат кишилердей элек. Мен көрчү кордугумду Азимкүлдөн көрдүм. Байга айталбаган каргышын да, байдан ала албаган өчүн да бүт менден чыгарды. Өзгөчө оорусу кармаганда көзүнө ири алды болуп мен чалдыкчумун. Далай сабоо жедим. Балким арачалап, ортого түшө калган адамдар болбосо бирде өлтүрүп деле коеру бышык эле. Ойлоп көрсөм, байкуш Азимкүлдүн деле ичи күйгөнчөлүк бар экен да…
(Уландысы бар)





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
12-январь, 2010-ж.:
1-бет
Кичинекей Бегимай кикбокс менен машыгат
2-бет
Бегимай Карабаева:
"Кайненем жасаган ишимди көрүп сүйүнөт"

3-бет
"Ударный" ушактар
4-бет
мына сага!
5-бет
Керегем сага айтам…
6-бет
"Байдын кызын - бай алат"
7-бет
Алтынбек Сапаралиев:
"Аялың үйдө отурса, сен тайраңдап ойноп жүрсөң…"

8-бет
Чынжырча
9-бет
Байыш Момунов:
"Врачтар деле жаңылат экен"

10-бет
Кимге кандай дарт мүнөздүү?
11-бет
Атактуулар ааламы
12-бет
Аздек Намазбекова
Көз мончок комиссиядан өттүм

13-бет
Кызматтагы күйдүм чок
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Аваз Акимов:
"Атам мага продюсер таппай жаткан окшойт..."











??.??